Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлундагы N 431 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-августу № 456
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чет өлкөлүк жарандарга көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына негизделген тарифтерди белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жободо:
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Чет элдик студенттер үчүн билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин прейскуранты өзүнчө иштелип чыгат жана ушул Жобонун 5-пунктуна ылайык бекитилет.
ЖОЖдордо медициналык адистиктер боюнча окуган алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандар үчүн билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин минималдуу өлчөмү ушул Жобонун тиркемесинде белгиленген тартипте аныкталат.";
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.
2. Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик эмес билим берүү мекемелерине медициналык адистиктер боюнча окуган алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандар үчүн билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин прейскурантын белгилөөдө ушул токтомду жетекчиликке алуу сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобого тиркеме |
ЖОЖдордо медициналык адистиктер боюнча окуган алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандарга билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин минималдуу өлчөмүн аныктоонун ТАРТИБИ
ЖОЖдордо медициналык адистиктер боюнча окуган алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандарга билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин минималдуу өлчөмү бир студентке төмөнкүдөй аныкталат:
ПМӨ = Эк 2111 * МБС + Эк 2121* МБС + Эк 2211* МБС + Эк 2212 * МБС + Эк 2213 * МБС + Эк 2214* МБС + Эк 2215* МБС + Эк 2217 * МБС + Эк 2218 * МБС + Эк 2221 * МБС + Эк 2222 * МБС + Эк 2231 * МБС + Эк 3111* МБС + Эк 3112 * МБС,
мында:
ПМӨ - бир студентке тарифтердин прейскурантынын минималдуу өлчөмү;
Эк - төмөнкүлөр боюнча (үчүн) бир студентке орточо чыгымды аныктоодо эселөө коэффициенти:
Эк 2111 - эмгек акы (21,143);
Эк 2121 - Соцфондго төгүмдөр (3,644);
Эк 2211 - иш сапарларга чыгымдар (0,361);
Эк 2212 - байланыш кызмат көрсөтүүлөрү (0,361);
Эк 2213 - ижара акысы (0,83);
Эк 2214 - транспорттук кызмат көрсөтүүлөр (0,108);
Эк 2215 - башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу (0,902);
Эк 2217 - дары-дармектерди сатып алуу (0,108);
Эк 2218 - тамак-аш продуктуларын сатып алуу (0,036);
Эк 2221 - учурдагы оңдоого чыгымдар (0,469);
Эк 2222 - предметтерди жана материалдарды сатып алуу (0,253);
Эк 2231 - коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр (0,361);
Эк 3111 - имараттар жана курулмалар (0,361);
Эк 3112 - машиналар жана жабдуулар (7,144);
МБС - минималдуу базалык ставка 2022-жылдын 1-июнуна карата абал боюнча 7040 сомду түзөт.".