Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 655 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 3-тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 364 токтомуна) |
Активдер жөнүндө атайын декларациянын реестрин жүргүзүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө", "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Атайын декларацияны күбөлөндүргөн ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан Активдер жөнүндө атайын декларациянын реестрин жүргүзүүнүн тартибин жана активдер жөнүндө атайын декларацияларды сактоонун, пайдалануунун жана пайдаланылбагандарды, бузулгандарды жок кылуунун эрежелерин аныктайт.
2. Ушул Тартипте колдонулган түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы мааниде колдонулат:
1) ыйгарым укуктуу кызмат адамы - нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укуктуу, "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жеке жактын активдери жөнүндө атайын декларацияны күбөлөндүрүүчү Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын мамлекеттик нотариустары, Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин жана башка мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдары;
2) Активдер жөнүндө атайын декларациянын реестри - ыйгарым укуктуу кызмат адамы түзүүчү жана жүргүзүүчү жана өзүнө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган реестр: кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын жеке катар номерин, декларациялоо датасын, декларанттын жеке маалыматтарын, ошондой эле кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын бузулганы же жоголгону жөнүндө маалыматты;
3) жеке маалыматтар - декларанттын фамилиясы, аты, атасынын аты, ИСН (ИЖН), жашаган/катталган жери, декларанттын инсандыгын күбөлөндүргөн документтеги маалыматтар: документтин сериясы, номери, ким тарабынан берилген, берилген датасы.
3. Атайын декларацияда камтылган активдер жөнүндө маалыматтар Активдер жөнүндө атайын декларациянын реестрине киргизилбейт. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы, башка мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан атайын декларациядан көчүрмөлөрдү алууга тыюу салынат.
4. Күбөлөндүрүлгөн атайын декларация жоголгон же бузулган учурда декларант "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 5-бөлүгүндө белгиленген тартипте декларациялоо мөөнөтү аяктаганга чейин жаңы атайын декларацияны толтурууга жана ыйгарым укуктуу кызмат адамга берүүгө укуктуу. Бузулган атайын декларация ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан декларанттын катышуусунда Активдер жөнүндө атайын декларациянын реестринде чагылдыруу менен жок кылынат.
5. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан жасалган нотариалдык иш-аракеттер Активдер жөнүндө атайын декларациянын реестринде гана катталат.
2-глава. Реестрди толтуруу тартиби
6. 1-графада атайын декларациянын жеке катар номери көрсөтүлөт.
7. 2-графада атайын декларациянын декларацияланган күнү көрсөтүлөт.
8. 3-графада атайын декларацияны берген адамдын жеке маалыматтары көрсөтүлөт:
- декларанттын фамилиясы, аты, атасынын аты толук көрсөтүлөт;
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылган идентификациялык салык номери же декларанттын жеке идентификациялык номери (декларанттын ИСН (ИЖН);
- декларанттын инсандыгын ырастоочу документ боюнча эсептик каттоонун дареги;
- декларанттын инсандыгын ырастоочу документтин сериясы, номери, берилген датасы жана берген мамлекеттик органдын аталышы.
9. 4-графада атайын декларациянын бузулушу же жоголушу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
10. Ыйгарым укуктуу кызмат адамдары декларанттын катышуусунда Активдер жөнүндө атайын декларациянын реестрине атайын декларациянын жекече катар номерин, атайын декларация толтурулган датаны жана декларанттын жеке маалыматтарын киргизет.
3-глава. Пайдаланылбаган, бузулган активдер жөнүндө атайын декларацияларды сактоонун, жок кылуунун, ошондой эле Активдер жөнүндө атайын декларациянын реестрин сактоонун тартиби
11. Атайын декларация катуу отчеттуулуктагы документ болуп саналат.
12. Ыйгарым укуктуу кызмат адамына атайын декларацияларды берүүнүн жана жок кылынууга тийиш болгон атайын декларацияларды кайтарып берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Юстиция министрлиги) тарабынан аныкталат.
13. Атайын декларациялар жана Атайын декларациялардын реестри күйбөгөн темир ящиктерде (сейфтерде) сакталат, аларга атайын декларацияны күбөлөндүргөн ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан мөөр коюлат же пломба басылат.
14. Атайын декларациялар ушул Тартипте белгиленген тартипте жок кылынганга чейин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын жайларында сакталат.
15. Пайдаланылбаган, ошондой эле сактоодо, толтурууда, даярдоодо бузулгандыктан пайдаланууга жатпаган атайын декларациялар Юстиция министрлигинин буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан жок кылынууга тийиш.
16. Атайын декларацияларды жок кылуу боюнча комиссия Комиссиянын төрагасынан жана анын мүчөлөрү кеминде 5 адамдан турат.
17. Ыйгарым укуктуу кызмат адамдары акт түзүүдө ар бир атайын декларациянын бузулган, жараксыз, пайдаланылбаган, жеке катар номеринен турган, жок кылууга берилген атайын декларациялардын жалпы санын көрсөтөт.
18. Атайын декларацияларды жок кылуу боюнча комиссия атайын декларацияларды жок кылуунун убактысын, ордун жана ыкмаларын өрттөө, майдалоо же башка алгылыктуу жок кылуу каражаттары менен жок кылуунун ыкмаларын аныктайт.
19. Жок кылуунун алдында атайын декларацияларды жок кылуу боюнча комиссия жок кылынуучу атайын декларациялардын санын эсептейт жана атайын декларациялардын катар номерлерин салыштырат, ушул Тартиптин тиркемесине ылайык атайын декларацияларды жок кылуу жөнүндө эки нускада акт түзөт, ага атайын декларацияларды жок кылуу боюнча комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
20. Катуу отчеттуулуктагы бланктарды жок кылуу атайын декларацияларды жок кылуу боюнча комиссиянын катышуусунда жүзөгө ашырылат.
21. Декларацияны каттоонун мөөнөтү аяктагандан кийин пайдаланылбаган атайын декларациялар жана Атайын декларациялардын реестри ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан Юстиция министрлигине белгиленген тартипте кайтарып берилүүгө тийиш.
22. Юстиция министрлигине караштуу Катуу отчеттуулуктагы бланктарды жок кылуу боюнча комиссия декларациянын колдонулбаган бланктарын белгиленген тартипте жок кылууга милдеттүү.
23. Активдер жөнүндө атайын декларациянын реестрлери мамлекеттик архивге берилгенге чейин Юстиция министрлигинин архивинде 10 жыл сакталат.
24. Активдер жөнүндө атайын декларациянын реестри номерленүүгө, бооланууга жана мөөр басылууга тийиш.
|
| Активдер жөнүндө атайын декларациянын реестрин жүргүзүү тартибине карата тиркеме |
Активдер жөнүндө атайын декларацияны жок кылуу жөнүндө АКТ Дата ________________________________________________________________________________ Жок кылынган жери ___________________________________________________________________ Жок кылынууга тийиш болгон атайын декларациялар _______________________________________ _____________________________________________________________________________________ Номерлери менен жок кылышууга тийиш болгон атайын декларациялардын жалпы саны ________ _____________________________________________________________________________________ (бланктардын жалпы саны көрсөтүлөт) Жок кылуу ыкмасы ____________________________________________________________________ Жок кылынган атайын декларациялардын саны _________ номерлери менен ___________________
Комиссиянын төрагасы: Комиссиянын мүчөлөрү:
|