Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 357 токтомуна ылайык) |
Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо өнүктүрүү боюнча бекитилген стратегиялык документтердин негизинде Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу максатында инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартибин аныктайт.
2. Бул Жобонун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) инвестициялык лотторду даярдоодо жана берүүдө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин уюштуруу;
2) ушул Жобого ылайык инвестициялык конкурстук тандоонун жеңүүчүсүн аныктоо үчүн инвестициялык лотторго, конкурстук комиссиянын ишине, инвестициялык лот боюнча инвестициялык долбоорлорду баалоого талаптарды белгилөө;
3) инвестициялык лотторду ишке ашырууда тараптардын милдеттенмелеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү.
3. Ушул Жобону колдонуу максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) аффилирленген жак – төмөндө саналып өткөн бир же бир нече белгилерге ылайык келген ар кандай жеке же юридикалык жак:
– конкурска катышууга арыз берген уюмдун жетекчилери же штаттык кызматкерлери менен жакын туугандык даражасынын болушу, жубайлыгы;
– өтүнмө берген уюмдун штатында конкурс өткөрүлгөн жылдын алдындагы акыркы 3 жыл ичинде болгон же болуп өткөн;
– арыз ээсине карата арыз берүүчү уюмдун уставдык капиталында үлүшү бар катышуучу (акционер), алардын башкаруу органдарынын мүчөсү, бенефициар, подрядчы, арыз ээси менен финансылык же башка милдеттенмелер менен байланышкан же болбосо конкурстун катышуучусунун бенефициардык ээси болуп эсептелсе;
2) ички кирешелүүлүк ставкасы – инвестициянын таза наркы нөлгө барабар болгон инвестициялардан келип чыккан кирешелүүлүк ченеми (тоскоолдук ставка, дисконт ставкасы) же долбоордон түшкөн дисконттолгон киреше инвестициялык чыгымдарга барабар болгон дисконт ставкасы. Кирешенин ички ставкасы максималдуу алгылыктуу дисконт ставкасын аныктайт, мында менчик ээсин эч кандай зыян тартпастан каражат инвестициялай алат;
3) кепилдик төгүм – инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктоочу акча каражаттарынын суммасы, бирок конкурстун катышуучусу тарабынан анын атайын эсебине салынуучу инвестициялык долбоордун суммасынын 1 (бир) пайызынан ашык эмес болушу.
Конкурстун катышуучусу инвестициялык конкурска катышуудан баш тарткан учурда кепилдик төгүм кайтарылбайт. Кепилдик төгүм инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебинде калат. Кепилдик төгүм конкурстун жеңүүчүсүнөн тышкары конкурстун катышуучусуна кайтарылып берилет. Кепилдик төгүмдүн каражаттары инвестициялык лоттор боюнча конкурсту даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарга гана пайдаланылат;
4) инвестициялык лот боюнча инвестициялык конкурс (мындан ары – конкурс) – инвестициялык долбоордун эң жакшы шарттарын аныктоо үчүн сунушталган инвестициялык долбоорду(лорду) баалоо методдорун колдонуу аркылуу инвестициялык лотту ыйгаруу үчүн жеңүүчүнү аныктоо процесси;
5) инвестициялык лот (мындан ары – лот) – демилгеленген инвестициялык долбоорлордун өзгөчөлүгүн эске алуу менен инвестициялык лоттун демилгечиси тарабынан инвесторго берилүүчү чечимдердин комплекси, ал өзүндө лоттун жайгашкан жери, анын перспективдүүлүгү, долбоорду ишке ашыруу үчүн колдо болгон өндүрүштүк, социалдык, туристтик, транспорттук-логистикалык, инженердик-коммуналдык тармактардын сыпаттамасы, активдер жөнүндө, сырьелук базаны жана сатып өткөрүү рынокторун талдоо үчүн маалыматтарды камтыйт.
Чечимдердин комплекси инженердик тармактарга жана коммуникацияларга туташууга укуктарды берүүнүн, лоттун демилгечилери – мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарында каралган жеңилдиктерди жана преференцияларды жана башка милдеттенмелерди берүүнүн жазуу жүзүндөгү кепилдиктерин камтышы мүмкүн.
Лот инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткенге чейин лоттун долбоору болуп саналат;
6) инвестициялык лот боюнча инвестициялык келишим – “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 111-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, лоттун демилгечиси менен лоттун жеңүүчүсүнүн ортосундагы келишим;
7) инвестициялык долбоор – долбоордун максаттарын, активге инвестициялануучу суммаларды, ишке ашыруу мөөнөттөрүн, рынокту, чыгарылуучу товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү, колдонулуучу технологияларды (технологияларды), рынокто продукцияны илгерилетүү стратегияларын, башкаруу түзүмүн, түзүлгөн жумуш орундарынын санын, күтүлүп жаткан кирешелүүлүктү жана өзүн-өзү актоо убактысын тастыктаган капиталдык салымдардын өзүн-өзү актоо жана инвестициялардын кайтарымдуулугун мөөнөтү боюнча эсептөөлөрүн, ошондой эле башка пайдалуу таасирлерди баяндоо менен лот алууга конкурста инвестор тарабынан сунушталган аныкталган убакыт мезгилинде акыркы натыйжага жетүүгө чейин инвестициялардын практикалык ишке ашырылышын караган иш-чаралардын жана документтердин комплекси. Долбоордун өзгөчөлүктөрүнө жараша сунуш айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жөнүндө маалымат менен толукталышы мүмкүн;
8) инвестициялык лоттун демилгечиси (мындан ары – лоттун демилгечиси) – ушул Жобого ылайык инвестициялык долбоорду андан ары ишке ашыруу үчүн лотту түзүүгө кызыкдар болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же муниципалдык органы;
9) инвестициялык конкурстук тандоо боюнча конкурстук комиссия (мындан ары – комиссия) – бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору менен бирдикте түзүлүүчү, ар бир лот боюнча конкурсту уюштуруу жана өткөрүү үчүн жооптуу комиссия;
10) баалоо методу – конкурстун жеңүүчүсүн – инвесторду тандоо максатында инвестициялык долбоорлорду салыштыруу үчүн мамилелердин жана ыкмалардын жыйындысы;
11) инвестициялык лоттун паспорту – тармактык таандыктыгын, болгон артыкчылыктарын, өзүн актоо мөөнөтү менен капиталдык салымдарды эсептөөлөрүн, инфратүзүмдүн болушун же жоктугун (электр тармактары, суу менен камсыздоо, канализация, тазалоо курулмалары, газ магистралдары, телефон байланышы, асфальтталган, шагыл жолдор, темир жолдор, имараттар, курулмалар), активдер, сырьелук базанын жана сатуу рынокторунун анализин, уруксат берүүчү документтердин болушун баяндоо менен долбоордун демилгечисинин сунушталган лоттун инвестициялык жагымдуулугу жөнүндө кыскача маалымат;
12) инвестициялык лоттордун реестри (мындан ары – реестр) – инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лот бекитилгенден кийин түзүлгөн, ар бир лотко идентификациялык номер ыйгаруу менен эсепке алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы;
13) конкурстук комиссиянын катчылыгы – конкурстук комиссиянын жыйналыштарын өткөрүү үчүн конкурстук документтерди даярдоого жооптуу инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери(лери);
14) өнүктүрүүнүн стратегиялык документтери – улуттук же мамлекеттик программа түрүндө кабыл алынган, Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоочу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, ошондой эле иш-чаралар планы менен аларды ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери;
15) инвестициялык лоттун тизери – долбоордун демилгечиси сунуштаган чечимдердин комплекси менен инвестициялык лоттун долбоорунун негизинде потенциалдуу инвесторлор үчүн лоттун инвестициялык жагымдуулугу жөнүндө маалыматты камтыган долбоордун кыскача презентациясы. Тизер сунушталган лоттун видеоматериалдары, сүрөттөрү жана графикалык сүрөттөрү менен электрондук маалымат каражаттарындагы презентацияны камтышы мүмкүн;
16) конкурстун катышуучусу – конкурска катышуу үчүн өтүнмө берген потенциалдуу инвестор, менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъект, конкурска катышууга макулдугун билдирген юридикалык же жеке жак;
17) таза келтирилген нарк – эсепке алынган мезгилде инвестициялык долбоорду ишке ашыруу процессинде жүргүзүлгөн дисконттолгон пайдалар (кирешелер) менен чыгымдардын ортосундагы айырма катары аныкталуучу инвестициялык долбоорду ишке ашыруу менен шартталган болжолдуу кирешенин суммасы.
4. Инвесторго лоттун алкагында мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер участокторун, мүлктүк комплекстерди, имараттарды, курулмаларды жана башка объекттерди мөөнөттүү пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, ошондой эле ушул маселени жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга каршы келбеген бөлүгүндө ушул Жобого ылайык лот боюнча конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
2. Лотторду түзүү тартиби
5. Лоттун долбоорун түзүү лоттун демилгечиси тарабынан анын тармактык, географиялык, технологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жекече жүргүзүлөт. Лоттордун окшош долбоорлорун Кыргыз Республикасынын бир нече администрациялык-аймактык бирдиктеринде түзүүгө жол берилет.
6. Лоттун долбоорун түзүү боюнча ишке тармактык жана ведомстволук таандыктыгына жараша тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле лот ишке ашырылган жердеги администрациялык-аймактык бирдиктердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу өкүлдөрү катышат.
7. Министрликтерде, администрациялык ведомстволордо, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүндө, райондук мамлекеттик администрацияларда лоттун долбоорун түзүү жоопкерчилиги инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү функциясы жүктөлгөн жетекчинин орун басарына жүктөлөт.
8. Лоттун долбоорун түзүү жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык документтеринин негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ичинен лоттун демилгечиси кабыл алат, алар лоттун долбоорунун милдеттерин, даярдоонун мөөнөттөрүн аныктоо менен жумушчу топту түзөт, ал лоттун долбоорун жана лоттун паспортун даярдоонун сапаты үчүн жоопкерчилик тартат, лотту ишке ашырууда координациялоону жана өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат. Лоттун демилгечиси жумушчу топко лоттун долбоорун даярдоо үчүн зарыл болгон мөөнөттөрдү ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн чечимдердин, документтердин жана маалыматтардын комплексинин өзгөчөлүгүнө жана даярдыгына жараша аныктайт.
9. Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн жумушчу топ лотту ишке ашыруу үчүн даяр чечимдердин комплексин камтыган лоттун долбоорун даярдайт:
1) колдо болгон кубаттуулуктарды көрсөтүү менен транспорттук жана инженердик коммуникациялардын болушу/жоктугу менен өндүрүштүк, социалдык, туристтик инфратүзүмдүн сүрөттөлүшү менен лоттун жайгашкан жери;
2) инвестор үчүн перспективдүүлүгү;
3) болгон активдер жана эскирүү абалы;
4) сырьелук базаны жана сатып өткөрүү рыногун талдоо үчүн маалымат;
5) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн инвестициялык визаларды жана иштөөгө уруксаттарды берүү боюнча милдеттенмелерди кошкондо, квалификациялуу адистердин жана жумуш орундарынын болушу;
6) адистердин жана жумушчулардын балдары үчүн мектепке чейинки жана мектептик билим алууга мүмкүнчүлүк берүү;
7) экологиялык, санитардык-гигиеналык, архитектуралык-шаар куруу жана башка талаптарга ылайык лоттун долбоору боюнча уруксат берүүчү документтердин болушу жана/же даярдалышы;
8) жер участогунун статусу, жердин категориясын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат;
9) жер участокторун которууда (трансформациялоодо) айыл чарба жана токой өндүрүшүнүн жоготууларын төлөөнүн суммасы;
10) сунушталган лоттун суммасын, ошондой эле аларды алып салуу убактысын көрсөтүү менен оордуктардын, күрөөнүн, камактын бар экендиги жөнүндө маалымат;
11) лиценциялардын, уруксаттардын бар/жок статусу жана аларды алуу үчүн наркын жана убактысын көрсөтүү менен алардын бар экендиги боюнча милдеттүү талаптар жөнүндө маалымат;
12) пайыздарды (%) же инвестордун үнөмдөлгөн суммасын көрсөтүү менен каралган салыктарды жана бажы жеңилдиктерин жана алымдарды алуу менен иштин артыкчылыктуу түрлөрүнүн тизмесине киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматты;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка жеңилдиктерди жана өзгөчө жеңилдиктерди берүү жөнүндө маалыматтары;
14) лоттун өзгөчөлүгүнө жараша кошумча маалымат.
10. Лоттун долбоорун даярдоодо чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын катышуусу каралган лоттун демилгечиси 49 жылга чейинки мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу шарттарында гана жер участогун бере алат, мында чек арага чектеш аймактарда жайгашкан жер участокторун өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
11. Лот долбоорунун демилгечиси:
1) жер участогунун максаттуу багытын жана чек араларын көрсөтөт;
2) эгерде жерлерди которуу (трансформациялоо) жол-жобосун жүргүзүү зарыл болсо, анда жол-жобо жер мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
3) өздүк финансы каражаттарынын эсебинен, ошондой эле жергиликтүү жана/же республикалык бюджеттин каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын эсебинен же болбосо инвестор тарабынан чыгымдарды көрсөтүү менен зарыл инфратүзүмдүк коммуникацияларга туташууга байланышкан чыгымдар боюнча эсептөөлөрдү даярдайт.
12. Лотто өндүрүштүк инфратүзүм жок болгон учурда лоттун наркына долбоордук-сметалык документтерде аныкталган нарк кошулат.
13. Жумушчу топ лоттун демилгечисине лоттун долбооруна бажы жана салык саясаты чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында талап кылынган иш-аракеттерди, алар боюнча инвестор же мамлекеттик орган жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан талап кылынган чыгымдардын суммасын көрсөтүү менен лоттун демилгечиси тарабынан кепилденүүчү башка милдеттенмелерди киргизүүнү сунуш кылышы мүмкүн.
14. Лоттун демилгечиси жумушчу топ даярдаган лоттун долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) лоттун даярдалган паспорту менен лоттун долбоорун кабыл алуу жөнүндө, ал чечим кабыл алынгандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет;
2) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык жеткире иштеп чыгууну талап кылган пункттарды көрсөтүү менен лоттун долбоорун жеткире иштеп чыгуу жөнүндө, мында жеткире иштеп чыгуу мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпоого тийиш;
3) кабыл алынган чечимди негиздөө менен лоттун долбоорун четке кагуу жөнүндө.
15. Инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лоттун долбоорун алгандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) лоттун паспорту жана реестрге киргизүү менен лоттун долбоорун бекитүү жөнүндө;
2) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык толуктап иштеп чыгууну талап кылган пункттарды көрсөтүү менен лоттун демилгечиси тарабынан лоттун долбоорун толуктап иштеп чыгуу жана ушул Жобонун 13-пунктун сактоо менен 45 календардык күндөн кечиктирбестен лотту кайра кароого киргизүү жөнүндө;
3) себептерин негиздөө менен киргизилген документтерди лоттун демилгечисине кайтарып берүү менен лоттун долбоорун четке кагуу жөнүндө.
3. Реестрди жүргүзүү тартиби
16. Реестрди лоттун демилгечиси берген маалыматтын негизинде инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
17. Реестрге жазуу инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызматкерлери тарабынан лот жана лоттун долбоорунун демилгечиси берген лоттун паспорту бекитилгенден кийин 7 (жети) календардык күндөн кечиктирбестен киргизилет.
18. Реестр төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) катар номери;
2) аталышы;
3) идентификациялык номер;
4) тармактык таандыктыгы;
5) географиялык жайгашуусу менен администрациялык-аймактык бирдиктин (облус, шаар, район, штп, айыл аймагы, айыл) аталышы;
6) лоттун демилгечиси;
7) катталган датасы жана убактысы;
8) паспорт;
9) тизер;
10) статусу:
– лот бекитилген дата;
– конкурстук комиссия түзүлгөн дата;
-- конкурс жөнүндө кулактандыруу жайгаштырылган дата;
– лот боюнча инвестициялык долбоорлорду кабыл алууну аяктоо датасы жана убактысы;
– катышуучулар жөнүндө маалыматтар;
– лоттун демилгечисин суралуучу каржылоонун өлчөмү (эгер бар болсо);
– конкурстук комиссия тарабынан лоттун жеңүүчүсүн аныктоонун натыйжалары;
– лоттун демилгечиси менен лоттун жеңүүчүсүнүн ортосундагы келишимге кол коюлган дата;
– лот боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун абалы жөнүндө маалымат;
– лот боюнча инвестициялык долбоор аяктаган күн;
11) лоттун демилгечисинин атынан жооптуу адам байланыш маалыматтары менен (телефон, электрондук почта).
19. Реестр кагаз жана электрондук түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт, инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына ачык жайгаштырылат жана отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен квартал сайын жаңыланып турат.
20. Реестрдеги маалымат төмөнкү учурларда алып салынууга тийиш:
1) эгерде лот боюнча инвестициялык долбоор инвестор жана лоттун демилгечиси тарабынан ал жеткис күчтүн, башкача айтканда ушул шарттарда (форс-мажор) өзгөчө жана алдын алууга мүмкүн болбогон жагдайлардын кесепетинен ишке ашырылбаса жана токтотулса;
2) эгерде лот боюнча инвестициялык долбоор ишке ашырылса.
21. Реестрге берилген маалыматтын актуалдуулугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчиликти инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызматкери тартат.
22. Инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул Жобонун 9 жана 18-пункттарына ылайык келбеген учурда кошумча маалыматты сурайт.
4. Конкурстук комиссия
23. Инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору менен бирдикте лот бекитилгенден кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен инвестициялык конкурстук тандоону өткөрүү үчүн конкурстук комиссиянын курамын түзөт. Конкурстук комиссиянын курамын өзгөртүү ушул Жобонун 41-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.
24. Комиссия өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт жана ар бир лот боюнча инвестициялык конкурстук тандоону жүргүзүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардын, ошондой эле ведомстволук, тармактык жана аймактык таандыктыгын эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүн курамга киргизүү менен түзүлөт.
25. Комиссия лоттун өзгөчөлүгүнө жараша 7ден кем эмес, бирок 13төн көп эмес адамдан түзүлөт. Комиссиянын мүчөлөрү так санда болууга тийиш. Комиссия өз ишин ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
Комиссиянын биринчи жыйналышында комиссиянын мүчөлөрү жашыруун добуш берүү менен анын курамынын көпчүлүгүнүн добушу менен комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлайт.
26. Лот боюнча инвестициялык сунуштарды баалоо жүзөгө ашырылуучу жыйналыштардан тышкары, ошондой эле конкурстун жеңүүчүсү аныкталган комиссиянын жыйналыштары анын чечими боюнча ачык өткөрүлөт.
27. Комиссиянын жыйналышы комиссиянын жалпы курамынын 2/3 (кворум) кем эмес катышуусу менен укуктуу болот.
28. Комиссия өз ишин көз карандысыз жүргүзөт. Комиссиянын ишине мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар тарабынан кийлигишүүгө жол берилбейт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга алып келет.
Комиссиянын төрагасы, комиссиянын төрагасынын орун басары, комиссиянын мүчөлөрү, ошондой эле комиссиянын катчысы инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине, ошондой эле прокуратура органдарына комиссиянын кароосунда турган маселени оң жагына чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча кызмат адамдарынын жана жеке адамдардын ар кандай кайрылуулары жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
29. Төмөнкүлөр комиссиянын мүчөлөрү боло алышпайт:
1) конкурска катышкан инвесторлор, алардын өкүлдөрү;
2) конкурска мүлктүк кызыкчылыгы бар адамдар;
3) конкурстун катышуучуларынын жакын туугандары, менчик ээлери (акыркы пайда алуучулар (бенефициарлар), конкурстун катышуучулары болуп саналган адамдар;
4) конкурстун жүрүшүндө конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн мүлктүк же башка жеке кызыкчылыктары чечим кабыл алууда объективдүүлүккө жана бир жактуулукка таасир эте ала турган жагдайлар менен туюндурулган “кызыкчылыктардын кагылышуусу” бар же келип чыккан адамдар. Каралып жаткан лотко карата “кызыкчылыктардын кагылышуусу” аныкталган учурдан тартып комиссиянын тиешелүү мүчөлөрү комиссиянын төрагасынын атына комиссиянын ишинен баш тартуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз бериши керек.
30. Комиссиянын биринчи жыйналышында комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын ишинин натыйжасында алынган жана/же белгилүү болгон маалыматтарды жайылтпоо жөнүндө милдеттенмеге кол коюшат. Конкурстун катышуучулары тарабынан комиссияга берилүүчү документтер жана маалыматтар ачыкка чыгарылбайт жана үчүнчү жактарга берилбейт.
31. Конкурс боюнча чечимдерди даярдоо жана кабыл алуу менен байланышкан маселелер боюнча комиссиянын мүчөлөрү добуш берүүдөн калыс болууга укуксуз түздөн-түз катышат жана чечим кабыл алышат.
32. Комиссиянын катчысы комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен жооптуу кызматкерлердин ичинен инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан дайындалуучу адам болуп саналат.
33. Комиссиянын катчысы комиссиянын биринчи жыйналышында комиссияда иштөөнүн натыйжасында алынган жана/же аларга белгилүү болгон маалыматтарды комиссиянын мүчөлөрүнүн ачыкка чыгарбоосу жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмени берет, ошондой эле бул милдеттенмеге жеке өзү кол коет.
34. Комиссиянын катчысы комиссиянын жыйналышын даярдоо жана уюштуруу боюнча ишти жүзөгө ашырат, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чагылдыруу менен жыйналыштын протоколун жүргүзөт.
35. Комиссиянын Төрагасы:
1) комиссиянын ишин жетектейт жана уюштурат;
2) ушул Жобого ылайык конкурсту уюштуруу жана өткөрүү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) күн тартибин, комиссиянын жыйналышын өткөрүү күнүн жана ордун аныктайт;
4) комиссия мүчөлөрүн материалдар менен камсыз кылууну контролго алат;
5) комиссиянын мүчөлөрүнүн сунуштарын жана чечимдердин долбоорлорун добушка коёт;
6) добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат жана кабыл алынган чечимдерди жарыялайт;
7) комиссиянын протоколдоруна жана чечимдерине кол коёт;
8) комиссиянын төрагасы жок болгон учурда ушул Жобонун 35-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат.
36. Комиссиянын мүчөлөрү:
1) комиссиянын ишине катышат;
2) ушул Жобонун 58 жана 65-пункттарына ылайык конкурстун катышуучуларынын чапталган конверттерин жыйналышта ачат;
3) ушул Жобого ылайык комиссияга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
4) күн тартибине ылайык маселелерди кароого катышат;
5) комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча комиссиянын ишин уюштуруу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берет;
6) комиссиянын чечимдери боюнча добуш берүүгө катышат;
7) комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда комиссиянын төрагасынын, ал эми ал жок болгон учурда комиссиянын төрагасынын орун басарынын атына жазуу жүзүндөгү пикирин берүүгө укуктуу;
8) комиссиянын жыйналыштарынын протоколдоруна кол коёт.
37. Комиссиянын катчысы:
1) инвестициялык долбоорлорду кабыл алууну жүзөгө ашырат;
2) күн тартибине ылайык комиссиянын жыйналыштарына зарыл болгон документтерди (материалдарды) даярдайт жана камсыз кылат;
3) комиссиянын мүчөлөрүнө жыйналыштын датасы жөнүндө кабарлайт жана материалдарды комиссиянын жыйналышы өткөрүлгөн күнгө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен жиберет;
4) күн тартиби боюнча чечимдерди чагылдыруу менен комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзөт;
5) комиссиянын чечими менен макул болбогон комиссия мүчөлөрүнүн жазуу жүзүндөгү пикирлерин тиркейт;
6) комиссиянын жыйналыштарынын протоколдоруна кол коёт;
7) конкурс боюнча комиссиянын ишине тиешелүү материалдарды даярдоону жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык сактоого берүүнү камсыз кылат.
38. Комиссия өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт.
39. Комиссиянын ыйгарым укуктары:
1) конкурстун катышуучусунан лотко карата инвестициялык долбоор боюнча жетишпеген документтерди жана маалыматтарды сурап алат;
2) зарылдыгына жараша инвестициялык долбоор боюнча сунуштарды түшүндүрүү үчүн конкурстун катышуучусун комиссиянын жыйналышына чакырат;
3) ушул Жобонун 26-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, тиешелүү тажрыйбасы жана квалификациясы бар көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартат.
40. Комиссиянын мүчөлөрүнө алынган документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматты үчүнчү жактарга, анын ичинде конкурстун башка катышуучуларына берүүгө же бул документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) пайдаланууга тыюу салынат.
41. Комиссиянын мүчөлөрү жүйөлүү себептерден (ооруп калуу, кызматтык иш сапар, өргүү) тышкары, жыйналыштарды өткөрүп жибербестен, комиссиянын ишине түздөн-түз катышууга милдеттүү. Жыйналышка жүйөлүү себептерсиз катары менен 3 жолу келбеген комиссиянын мүчөсү анын курамынан чыгарылат, бул жөнүндө комиссиянын төрагасы же төраганын орун басары 5 календардык күндөн кечиктирбестен инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине жана комиссиянын мүчөсү көрсөтүлгөн мамлекеттик органдын жетекчисине жазуу жүзүндө билдирет.
Комиссиянын мүчөсү тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруу мүмкүн болбогондо (кызмат ордунан бошотуу, жарандыктан чыгуу, башка мамлекеттин жарандыгын кабыл алуу, башка ишке өтүү, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгуу, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таануу, камакка алуу, соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кирүүсү, дайынсыз жок болду же каза болду деп жарыялоо, каза болуу) комиссиянын мүчөсү көрсөтүлгөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын сунушу боюнча инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан комиссиянын курамына өзгөртүү киргизилет.
42. Комиссия конкурсту даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча чечимди комиссиянын бекитилген курамынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алат.
43. Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорунун долбоорлору комиссиянын катчысы тарабынан даярдалат жана жыйналыштан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен комиссиянын мүчөлөрүнүн кароосуна жиберилет. Комиссия мүчөлөрү протокол менен таанышкандан кийин 2 календардык күндөн кечиктирбестен протоколго кол коюуга жана комиссиянын катчысына берүүгө милдеттүү.
44. Комиссия өзүнүн ишин конкурстун жеңүүчүсү менен лоттун демилгечисинин ортосунда ошол лот боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга келишим түзүлгөндөн кийин 15 календардык күндүн ичинде инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча токтотот.
45. Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жана башка камсыздоо инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кепилдик төгүмдөрүнөн түшкөн каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
46. Комиссиянын түзүлүшүнө жана ишине байланыштуу талаштар “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте чечилет.
5. Инвестициялык конкурстук тандоо
47. Инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лот бекитилгенден кийин 20 календардык күндөн кечиктирбестен өзүнүн расмий сайтына жайгаштыруу менен лот боюнча конкурстун башталышы жөнүндө жарыялайт. Болжолдонгон инвестицияларынын суммасы 100 миллион сомдон ашкан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна карата конкурска катышуу үчүн квалификацияларга суроо-талап жалпыга маалымдоо каражаттарынын эл аралык ресурстарына да жарыяланышы мүмкүн.
Зарылдыгына жараша лоттун демилгечиси, инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырат.
48. Лот боюнча конкурстук тандоо жөнүндө кулактандыруу төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) конкурстун аталышын;
2) конкурстун катышуучуларына карата квалификациялык талаптарды;
3) конкурс боюнча толук маалымат алуу үчүн булакты;
4) конкурстун катышуучулары үчүн кепилдик төгүмдүн суммасын;
5) долбоордун демилгечисинин аталышын, жайгашкан жерин, дарегин, телефон номерин;
6) конкурс боюнча инвестициялык долбоорлорду кабыл алуунун дарегин, күнүн жана аяктаган убактысын;
7) инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызматкеринин байланыш маалыматтарын.
49. Конкурс жөнүндө кулактандыруу менен лот боюнча өтүнмөлөрдү чогултууну аяктоонун ортосундагы мөөнөт 60 календардык күндөн кем болбоого тийиш. Лоттун өзгөчөлүгүнө жараша лот боюнча өтүнмөлөрдү чогултуу мөөнөтү 30 күнгө узартылышы мүмкүн.
50. Конкурстун катышуучусуна карата квалификациялык талаптар:
1) юридикалык жак же жеке ишкер;
2) инвестициялык долбоорду (долбоорлорду) ишке ашыруудагы ийгиликтүү тажрыйба;
3) салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок;
4) жоюу же кайра уюштуруу процессинде эмес;
5) банкроттук жөнүндө козголгон иши жок;
6) конкурстун катышуучусунун мүлкүнө же активдерине камак салынган эмес жана (же) анын иши токтотулган эмес.
51. Конкурстун катышуучуларына карата кошумча квалификациялык талаптар төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
1) капиталдын өлчөмүнө карата минималдуу талаптарды;
2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке бизнес менен долбоорду ишке ашыруу предметине окшош инвестициялык долбоорлорду же инфраструктуралык объекттерди ишке ашыруу, товарларды жеткирүү, кызмат көрсөтүү боюнча башка келишимдерди ишке ашыруу тажрыйбасы жөнүндө талаптарды;
3) квалификациялуу персоналдын болушуна карата талаптарды;
4) техникалык жана финансылык ресурстардын болушуна карата талаптарды;
5) долбоордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кошумча талаптарды.
52. Комиссия тандоону эки этапта жүргүзөт:
1) биринчи этап: конкурстун катышуучуларынын документтеринин квалификациялык талаптарга шайкештигин баалоо;
2) экинчи этап: лот боюнча инвестициялык долбоорлорду баалоо, анын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү тандалып алынат.
53. Конкурстун катышуучулары конкурс аяктаган күнгө чейин комиссиянын катчысы аркылуу инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чапталган эки (2) конверттеги документтерди берет.
54. № 1 белгиси бар чапталган биринчи конвертке конкурстун аталышы, конкурстун катышуучусунун аты-жөнү боюнча белгилер коюлат жана анда төмөнкү документтер камтылууга тийиш:
1) жеке ишкерлер – Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн – мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) юридикалык жактар – Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн – уюштуруу документтеринин жана мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү, юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) реестринен конкурска катышууга конкурстук сунуш берилгенге чейин 6 айдан кечиктирбестен берилген көчүрмө;
3) юридикалык жактар – Кыргыз Республикасынын резидент эместери үчүн – уюштуруу документтеринин жана мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү, мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмө же ал өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп саналарын күбөлөндүргөн, конкурска катышууга конкурстук сунуш берилгенге чейин 6 айдан кечиктирбестен берилген башка документ. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган тиешелүү эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга (легалдаштыруудан бошотулуучу) катышкан өлкөлөрдүн юридикалык жактары үчүн документтерди легалдаштыруу талап кылынбайт;
4) юридикалык жана/же жеке жактардын тобунан турган конкурстун катышуучулары үчүн ушул Жобонун 54-пунктунун 1, 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерге кошумча биргелешкен өтүнмө берүүдө жетектөөчү компанияны көрсөтүү менен, долбоорду ишке ашыруу процессинде конкурстун ар бир катышуучусунун функциялык милдеттерин, конкурстун ар бир катышуучусунун түз инвестицияларынын өлчөмдөрүн, конкурстун ар бир катышуучусунун укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин, келишимди колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуунун шарттарын баяндоо менен кызматташуу же жөнөкөй шериктештик жөнүндө келишимдин түп нускасы же ушул сыяктуу келишим тиркелет;
5) конкурстун катышуучусунун салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары жок экендиги жөнүндө салык кызматынын органдарынан конкурска арыздарды кабыл алуу бүткөнгө чейин 15 күндөн эрте эмес берилген маалымкаттын түп нускасы. Конкурстун катышуучуcу ушул Жобонун 54-пунктунун 4-пунктчасына ылайык өтүнмө берген учурда – конкурстун ар бир катышуучусунан маалымкат;
6) аткаруу органынын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимдин же башка документтин юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Конкурстун катышуучусу ушул Жобонун 54-пунктунун 4-пунктчасына ылайык өтүнмө берген учурда конкурстун катышуучусунун жетектөөчү компаниясынан кызматташуу же жөнөкөй шериктештик жөнүндө келишимдин көчүрмөсү же ушул сыяктуу келишим тиркелет;
7) эгерде конкурстун катышуучусунун кызыкчылыгы конкурстун катышуучусунун кызыкчылыгын көздөөгө укугу жок адам тарабынан берилсе, ушул Жобонун 54-пунктунун 4-пунктчасына ылайык берилген учурда конкурстун катышуучусунун жетекчиси же жетекчи компания тарабынан берилген ишеним каттын түп нускасы;
8) конкурстун катышуучусунун балансынын маалыматтары менен уставдык капиталдын өлчөмүн көрсөтүү менен инвестициялык долбоорду (долбоорлорду) ишке ашыруунун ийгиликтүү тажрыйбасы жөнүндө маалыматты. Конкурстун катышуучусу ушул Жобонун 54-пунктунун 4-пунктчасына ылайык өтүнмө берген учурда конкурстун ар бир катышуучусунан маалымат тиркелет;
9) конкурстун катышуучусу жоюу же кайра уюштуруу процессинде эместигин, банкроттук жөнүндө козголгон иши жок экендигин, ошондой эле мүлккө же активдерге камак салынбагандыгын жана (же) анын иши токтотулбагандыгын жазуу жүзүндө ырастоо. Конкурстун катышуучусу ушул Жобонун 54-пунктунун 4-пунктчасына ылайык өтүнмө берген учурда конкурстун ар бир катышуучусу тарабынан жазуу жүзүндө ырастоо берилет.
55. № 2 белгиси бар чапталган экинчи конвертке конкурстун аталышы, конкурстун катышуучусунун аты-жөнү боюнча белгилер коюлат жана сунушталган лот боюнча инвестициялык долбоор тиркелет.
Инвестициялык долбоор төмөнкү форма боюнча берилет:
1) конкурстун аталышы;
2) инвестициялык долбоордун аталышы;
3) кыскача резюме, инвестициялык бизнес-пландын жалпы мазмуну;
4) өнүктүрүүнүн жергиликтүү, аймактык, тармактык, ошондой эле улуттук стратегияларына ылайыктуулугун (релеванттуулугун) эске алуу менен сунушталган инвестициялык долбоорду сүрөттөө;
5) өндүрүлүүчү продуктунун (товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсү;
6) акыркы продуктуну илгерилетүү боюнча иштелип чыккан маркетинг саясаты менен тышкы чөйрөнү (сатып алуучулар, жеткирүүчүлөр, атаандаштар жана башка) сүрөттөө;
7) белгиленген милдеттерди аткаруу үчүн өндүрүштүн түзүлгөн планы менен өндүрүштүн, кирешенин пландалган көлөмүн аныктоо;
8) техникалык-экономикалык эсептөөлөр, сметалар, технологиялык процесстин звенолору боюнча инвестициялык долбоорду конкреттештирүү;
9) уюштуруу жана башкаруу системалары. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк кызматкерлердин санын көрсөтүү менен персонал боюнча план;
10) инвестициялардын булактарын, инвестициялардын мөөнөттөрүн, ошондой эле инвестициялардын көлөмүн көрсөтүү менен инвестициялык долбоорду каржылоо тартибин сүрөттөө;
11) минималдаштыруу методдорун иштеп чыгуу менен инвестициялык долбоорду ишке ашырууда мүмкүн болуучу тобокелдиктерди талдоо;
12) инвестициялык долбоорго тиркемелер.
56. Конкурс эки этаптан турат:
1) биринчи этап: конкурстун катышуучусунун документтеринин квалификациялык талаптарга шайкештигин баалоо;
2) экинчи этап: лот боюнча инвестициялык сунуштарды баалоо, анын жыйынтыгы боюнча конкурстун жеңүүчүсү аныкталат.
57. Комиссия конкурстун биринчи этабын өткөрүүдө 5 календардык күндөн кеч эмес конкурстун катышуучуларынын № 1 чапталган конверттерин ачат жана 20 календардык күндөн кечиктирбестен конкурстун катышуучуларынын документтеринин ушул Жобонун 50, 54-пункттарынын талаптарына ылайыктуулугуна баалоо жүргүзөт.
58. Конкурстун биринчи этабында баалоо үчүн жалпы талаптар болуп ушул Жобонун 50, 54-пункттарына ылайык конкурстун катышуучусунун берилген документтеринин болушу жана аныктыгы саналат.
59. Комиссия конкурстун биринчи этабында баалоонун жыйынтыгы боюнча конкурстун ар бир катышуучусуна карата төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) конкурстун катышуучусун конкурстун биринчи этабынын квалификациялык талаптарына ылайык деп таануу жана экинчи этапка уруксат берүү жөнүндө;
2) конкурстун катышуучусун конкурстун биринчи этабынын квалификациялык талаптарына ылайык эмес деп таануу жөнүндө.
60. Биринчи этаптагы конкурстун катышуучусунун квалификациялык талаптарына ылайык келбегендиги жөнүндө чечим комиссия тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынат:
1) конкурстун катышуучусунун документтери толук көлөмдө берилбесе;
2) документтер анык эмес маалыматтарды камтыса, ушул Жобонун 53, 57-пункттарында каралган талаптарга ылайык келбесе;
3) конкурстун катышуучусу ушул Жобонун 50, 54-пункттарында каралган квалификациялык талаптарга ылайык келбесе.
61. Комиссия конкурстун биринчи этабынын жыйынтыктарын протоколдун резолюциялык бөлүгүндө ар бир конкурстун катышуучусу боюнча кабыл алынган чечимди көрсөтүү менен тариздейт.
62. Комиссия алдын ала тандоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде комиссиянын чечими жөнүндө төраганын колу коюлган комиссиянын протоколунун резолюциялык бөлүгүнөн көчүрмө түрүндө конкурстун ар бир катышуучусуна жазуу жүзүндө билдирет.
63. Эгерде конкурска бир катышуучу катышса жана анын документтери ушул Жобонун 50, 54-пункттарына ылайык келсе, комиссия аны конкурстун экинчи этабына киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
64. Комиссия конкурстун экинчи этабын өткөрүүдө 5 календардык күндөн кечиктирбестен конкурстун катышуучуларынын № 2 чапталган конверттерин ачат жана 65 календардык күндөн кечиктирбестен инвестициялык долбоор боюнча инвестициялык сунуштардын ушул Жобонун 65-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайыктыгына баалоо жүргүзөт, анын жыйынтыгы боюнча конкурстун жеңүүчүсү аныкталат.
65. Комиссия инвестициялык долбоорлорду баалоону төмөнкү методдорду колдонуу менен жүзөгө ашырат:
1) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык инвестициялык долбоордун техникалык натыйжалуулугун 30 баллга чейин баалоо;
2) ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык 30 баллга чейин ыйгаруу менен экономикалык көрсөткүчтөр боюнча инвестициялык долбоордун натыйжалуулугун баалоо;
3) ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык инвестициялык долбоордун социалдык натыйжалуулугун 30 баллга чейин ыйгаруу менен баалоо.
66. Конкурстун катышуучулары, алардын ишенимдүү өкүлдөрү, коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү комиссиянын жыйналышына конкурстун катышуучуларынын чапталган конверттерин ачуу учурунда гана катышууга укуктуу.
67. Комиссия тарабынан лот боюнча конкурстук сунуштарды кароо жана баалоо конкурстук документтердин шайкештигин баалоонун негизинде ушул Жобонун 54-пунктуна ылайык баллдарды бөлүштүрүү системасынын сүрөттөлүшүн камтыган конкурстун катышуучуларынын инвестициялык сунуштарындагы шарттарды салыштыруу аркылуу (ар бир ыкма боюнча 30 баллга чейин) конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо максатында жүргүзүлөт.
68. Лот боюнча инвестициялык долбоорлорду баалоодо комиссия корутундуларды жана пикирлерди алуу үчүн мамлекеттик органдардын эксперттерин жана адистерин, анын ичинде тиешелүү чөйрөдөгү компетенттүү көз карандысыз эксперттерди, консультанттарды тартууга укуктуу, алар конкурсту өткөрүүдө аларга белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгарбоого милдеттүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Комиссиянын катчысы мамлекеттик органдардын ишке тартылган эксперттерине жана консультанттарына, анын ичинде көз карандысыз эксперттерге, тиешелүү чөйрөдөгү компетенттүү консультанттарга инвестициялык долбоорлор менен таанышуунун алдында комиссиянын ишинин натыйжасында алынган жана/же белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жана жайылтпоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге кол койдурат. Конкурс боюнча эксперттерге жана консультанттарга берилүүчү документтер жана маалыматтар ачыкка чыгарылбайт жана үчүнчү жактарга берилбейт.
69. Комиссиянын лот боюнча инвестициялык долбоорлорду кароосунун жыйынтыгы боюнча конкурстун жеңүүчүсү аныкталат. Комиссия конкурстун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алат, ал ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык жыйынтыктоочу протоколдо төмөнкүлөрдү чагылдыруу менен таризделет:
1) конкурстук документтер үчүн белгиленген талаптарга алардын шайкеш эместиги жөнүндө чечим кабыл алынган конкурстук сунуштарды (бар болсо);
2) конкурстун катышуучуларынын ортосунда баллды бөлүштүрүү жөнүндө маалымат менен инвестициялык долбоорлорду баалоонун натыйжаларын;
3) конкурстун жеңүүчүсүн көрсөтүү менен конкурстун катышуучусунун маалыматтары менен комиссиянын чечимин: эгерде жеңүүчү жеке ишкер болсо – фамилиясы, аты, атасынын аты, жеңүүчү юридикалык жак болсо – уюмдун аталышы.
70. Эгерде инвестициялык долбоорлорду кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан конкурстук сунуштардын бири да конкурстук комиссия тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбей тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынса, комиссия тарабынан конкурс өткөн жок деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынат, бул жөнүндө конкурстун катышуучуларына маалымдалат.
71. Комиссия жеңүүчүнү тандоо жөнүндө чечимден кийин конкурстун катышуучуларына конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун резолюциялык бөлүгүнөн көчүрмөнү 5 календардык күндөн кечиктирбестен жиберет, инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдайт, ошондой эле 5 календардык күндөн кечиктирбестен лоттун жеңүүчүсү жөнүндө маалыматты инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырат.
72. Конкурстун катышуучулары тарабынан комиссияга берилүүчү бардык документтер жана маалыматтар өткөрүлүп берилбейт жана жарыяланбайт.
Комиссия мүчөлөрүнө алынган документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматты үчүнчү жактарга, анын ичинде конкурстун башка катышуучуларына берүүгө же бул документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматты конкурсту өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган инвестициялык долбоорлорду баалоодон башка максаттарда пайдаланууга тыюу салынат.
6. Лот боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жана аткарууну аяктоо
73. Комиссия жеңүүчүнү аныктаган күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде лоттун демилгечиси конкурстун жеңүүчүсү менен лот боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишим түзөт.
74. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү баш тартса же башка себептер боюнча келишим түзбөсө, комиссия 5 календардык күндөн кечиктирбестен лот боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишим түзүү үчүн конкурстун жыйынтыгы боюнча экинчи орунду ээлеген конкурстун катышуучусун жеңүүчү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алат.
Конкурстун экинчи катышуучусу баш тартса же ага сунуш жөнөтүлгөн күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде ага жооп бербесе, анда комиссиянын чечими менен конкурс болгон жок деп таанылат жана инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайрадан конкурс жарыялайт.
75. Комиссия конкурстун жеңүүчүсүн жарыялаган учурда лоттун демилгечиси келишим түзүүдөн бир тараптуу тартипте баш тартууга укуктуу эмес.
76. Инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеңүүчү менен келишим түзүлгөндөн кийин 25 календардык күндөн кечиктирбестен:
– лоттун жеңүүчүсүнөн тышкары конкурстун катышуучуларына кепилдик төгүмдү кайтарып берет;
– лот боюнча конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө кулактандырууну өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.
77. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү ушул Жобонун 73-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык лотту ишке ашырбаса, лот боюнча инвестициялык долбоордун түзүлгөн келишимин бузуу демилгеленет жана ушул Жобонун талаптарына ылайык кайрадан инвестициялык конкурс жарыяланат.
78. Конкурстун жеңүүчүсү календардык иш планына ылайык аткарбаса же келишим түзүлгөн күндөн тартып 6 айдан ашык артта калуу менен аткарса, лоттун демилгечиси келишимдин шарттарына ылайык бир тараптуу тартипте келишимди бузуу демилгесин көтөрүүгө укуктуу.
79. Инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү календардык планды ишке ашыруунун алкагында лотту ишке ашыруу процессин келишим түзүлгөндөн кийин 3 айдан кечиктирбестен баштоого тийиш.
80. Эгерде тараптар белгиленген мөөнөттүн жана долбоорду ишке ашыруу бюджетинин чегинде келишимдин бардык шарттарын сактаса, лот ишке ашырылды деп эсептелет.
| Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ЛОТ
Лоттун демилгечиси __________________________________________________ (аталышы) |
Лотту түзүүдө демилгечи демилгеленген инвестициялык долбоорлордун өзгөчөлүгүн эске алуу менен лот боюнча инвесторго берилүүчү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан (чечилген же аларды чечүү боюнча сунуштар менен) чечимдердин комплексин камтыган маалыматты ар бир пункт боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды милдеттүү түрдө киргизүү менен берүүгө милдеттүү:
1) колдо болгон кубаттуулуктарды көрсөтүү менен транспорттук жана инженердик коммуникациялардын болушу/жоктугу менен өндүрүштүк, социалдык, туристтик инфратүзүмдүн баяндалышы менен лоттун жайгашкан жери;
2) инвестор үчүн келечектүүлүк;
3) болгон активдер жана эскирүү абалы;
4) сырье базасын жана сатып өткөрүү рыногуна талдоо жүргүзүү үчүн маалымат;
5) квалификациялуу адистердин жана жумуш орундарынын, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн инвестициялык визаларды жана иштөөгө уруксат берүү боюнча милдеттенмелердин болушу;
6) адистердин жана жумушчулардын балдары үчүн мектепке чейинки жана мектептик билим алууга мүмкүнчүлүк берүү;
7) экологиялык, санитардык-гигиеналык, архитектуралык-шаар куруу жана башка талаптарга ылайык лоттун долбоору боюнча уруксат берүүчү документтердин болушу жана/ же даярдалышы;
8) жер участогунун статусу, жердин категориясын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат;
9) “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, айыл чарба багытындагы жерлердин, токой, суу фондунун жана запастын категорияларынан айыл чарба жана токой чарба өндүрүшү менен байланышпаган жерлердин башка категорияларына же түрлөрүнө айыл чарба жерлерин которуунун (трансформациялоонун) наркын эсептөө менен чыгымдар;
10) сунушталган лоттун суммасын, ошондой эле аларды алып салуу убактысын көрсөтүү менен оордуктардын, күрөөнүн, камактын бар экендиги жөнүндө маалымат;
11) лицензиялардын, уруксаттардын бар/жок статусу жана аларды алуу үчүн наркын жана убактысын көрсөтүү менен алардын бар экендиги боюнча милдеттүү талаптар жөнүндө маалымат;
12) пайыздарды (%) же инвестордун үнөмдөлгөн суммасын көрсөтүү менен каралган салыктарды жана бажы жеңилдиктерин жана алымдарды алуу менен иштин артыкчылыктуу түрлөрүнүн тизмесине киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан башка жеңилдиктерди жана өзгөчө жеңилдиктерди берүү жөнүндө маалыматтар;
14) лоттун өзгөчөлүгүнө жараша башка маалымат.
| Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Лоттун паспорту
№ | Лоттун аталышы Лоттун кыскача аталышын берүү |
1. | Дареги/жайгашкан жери Сүрөттөө жана картадан көрсөтүү |
2. | Жакынкы калктуу конушка чейинки аралык Районду, шаарга же айылга чейинки аралыкты көрсөтүү |
3. | Сунушталган лоттун инвестициялык жагымдуулугу жөнүндө кыскача маалымат Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн лоттун демилгечиси тарабынан берилген чечимдердин комплексин сүрөттөө |
4. | Артыкчылыктары Кандай артыкчылыктар бар экендигин сүрөттөө |
5. | Ишке ашыруудагы тобокелдиктер Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга байланыштуу тобокелдиктердин мазмунун сүрөттөө |
6. | Инвестициянын болжолдуу суммасы Өзүн-өзү актоо мөөнөтү менен капиталдык салымдардын эсептерин тиркөө |
7. | Сунушталган объекттин учурдагы абалы Сүрөттөө |
8. | Колдо болгон активдер Колдо болгон активдердин бар экендигин, мүнөздөмөлөрүн, абалын (техникалык жана моралдык эскирүү), дебитордук же кредитордук карыздардын бар экендигин, анын ичинде салыктар жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча, оорчулуктардын бар экендигин (камакка алуу, күрөө, банкроттук, соттук териштирүү) сүрөттөө |
9. | Уруксат берүүчү документтердин болушу Колдонуудагы лицензияларды, уруксаттарды, анын ичинде иштөөгө уруксаттарды, жумушчу квоталарды, башка болгон документтерди көрсөтүү |
10. | Имараттын (имараттардын), курулуштун (курулуштардын) болушу Жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттерин сүрөттөө (эгер бар болсо). Инженердик коммуникациялардын бар экендиги, кабаттуулугу, жалпы жана пайдалуу аянты, аянттын категориясы (турак эмес, турак жай), пайдаланылган курулуш материалдары, сейсмикалуулуктун деңгээли, энергияны үнөмдөөнүн жана энергиялык натыйжалуулуктун категориясы жана башка өзгөчөлүктөрүн көрсөтүү. Колдонуунун же багытын өзгөртүүнүн мүмкүнчүлүктөрү. Эсептөөлөрдү тиркөө менен реабилитациялоонун зарылдыгы |
11. | Сырьелук базанын болушу Сырьенун болушун, продукциянын түрлөрүн, ошондой эле сырьенун жеткирүүчүлөрүн көрсөтүү. Сырьену кайра иштетүү зарыл болсо, сырьену кайра иштетүүнүн өндүрүштүк циклин сүрөттөө керек
|
12. | Сатуу рыногунун болушу Продукциянын, товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги өтүш рынокторун, ошондой эле продукцияны экспорттоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде жеткирүү ыкмаларын сүрөттөө |
13. | Инфратүзүмдүн болушу же жоктугу Жакынкы калктуу конуштан (шаар, ШТП, айыл) баштап аралыкты жана картаны көрсөтүү менен жайгашкан жерин сүрөттөө |
14. | Жер участогунун болушу Жер участогунун мүнөздөмөлөрүн сүрөттөө, га көрсөтүү. Жер участокторунун аралыгына чек салынганбы же салынган эмеспи |
15. | Менчиктин түрү Көрсөтүү |
16. | Уруксат берилген колдонуу. Иш жүзүндөгү колдонуу Сүрөттөө. Эгерде расмий эсептөөлөрдү тиркөө менен жоготуу жана алынбай калган пайда үчүн төлөнүүгө тийиш болгон ордун толтуруунун суммасын көрсөтүү менен жер участогун (участокторун) бир категориядан башкасына которуу (трансформациялоо) талап кылынса |
17. | Электр тармактары Мүнөздөмөлөрүн сүрөттөө – байланыштын болушу же жоктугу. Тармактарга туташууга уруксаттын болушу же жоктугу. КВт/МВт керектүү жана берилген кубаттуулукту көрсөтүү. Тармактарды керектүү аралыкта кошуу же өткөрүү талап кылынабы, энергия компаниясынын расмий эсептөөлөрүн тиркөө менен тармактарга кошулууга уруксат алуу үчүн зарыл сумманы көрсөтүү |
18. | Суу менен камсыздоо Мүнөздөмөлөрдү баяндоо менен көрсөтүү – суу менен камсыздоого туташуунун болушу же жоктугу, уруксаттын болушу же жоктугу. Ичүүчү же техникалык – суунун сапатын көрсөтүү менен саатына/суткасына зарыл болгон жана берилген литр/тонна кубаттуулукту көрсөтүү. Талап кылынган аралыкты көрсөтүү менен суу түтүк тармактарын кошуу же өткөрүү талап кылынабы, адистештирилген ишкананын расмий эсептөөлөрүнүн негизинде чыгымдарды тиркөө менен тармактарга кошууга уруксат алуу үчүн зарыл болгон сумманы көрсөтүү |
19. | Канализация Мүнөздөмөлөрдү баяндоо менен көрсөтүү – туташуунун болушу же жоктугу, суу буруучу тармактарга туташууга уруксаттын болушу же жоктугу. Канализациянын зарыл болгон жана берилген кубаттуулугу литр/тоннаны саатына/суткасына көрсөтүү. Талап кылынган аралыкты көрсөтүү менен канализация тармагын кошуу же өткөрүү талап кылынабы, уруксат алуу үчүн зарыл болгон сумманы, ошондой эле адистештирилген ишкананын расмий эсептөөлөрүнүн негизинде чыгымдарды тиркөө менен суу буруу тармактарына кошууга кеткен чыгымдарды көрсөтүү |
20. | Тазалоочу курулмалар Мүнөздөмөлөрүн көрсөтүү – тазалоочу курулмаларга карата милдеттүү талаптарды баяндоо менен туташуунун болушу же жоктугу. Адистештирилген ишкананын расмий эсептөөлөрүнүн негизинде чыгымдарды тиркөө менен тазалоочу курулмалардын болушу же жоктугу
|
21. | Газ менен камсыздоо Суюлтулган газ, жаратылыш газы, пропан же метан менен камсыз кылууну көрсөтүү менен газ менен камсыздоонун бар же жок экендигин көрсөтүү. Тармактарга туташуу үчүн уруксаттын бар же жоктугу. Зарыл болгон жана берилген газдын куб3дараметин көрсөтүү. Газ тармагын талап кылынган аралыкта туташтыруу же өткөрүү талап кылынабы, расмий эсептөөлөрдү тиркөө менен тармакка туташууга уруксат алуу үчүн керектүү сумманы көрсөтүү |
22. | Жылуулук менен камсыздоо Мазут, дизель отуну, суюлтулган газ, пропан, метан, көмүр же башка газ менен камсыз кылууну көрсөтүү менен жылуулук менен камсыздоонун бар же жок экендигин көрсөтүү. Жылуулук булагына туташууга уруксаттын бар же жоктугу. Талап кылынган жана берилген жылуулуктун кубаттуулугун көрсөтүү. Аралыкты көрсөтүү менен жылуулук тармагын туташтыруу же өткөрүү керекпи, расмий эсептөөлөрдү тиркөө менен тармакка кошулуу үчүн керектүү сумманы көрсөтүү |
23. | Асфальтталган, шагылдуу жолдор Магистралдык жолго же башка жакынкы жолго чыгууга чейинки аралыкты камтуу менен анын аяктаган жылын көрсөтүү менен, ошондой эле тиешелүү картаны тиркөө менен долбоорду ишке ашыруунун сунушталган жеринин ордунда кирүүчү жолдордун бар же жок экендигин көрсөтүү. Реабилитация же асфальтталган же шагылдуу жолду куруу боюнча расмий эсептерди тиркөө менен зарыл сумманы көрсөтүү менен талап кылынган аралыкта жолду жүргүзүү талап кылынабы |
24. | Темир жолдор Темир жол каттамынын бар же жок экендигин көрсөтүп, зарыл болгон сумманы көрсөтүү менен реабилитациялоо боюнча расмий эсептерди тиркөө менен аны реабилитациялоо зарылдыгын көрсөтүү керек |
25. | Башка шарттар Демилгеленген инвестициялык долбоордун өзгөчөлүгүнө жараша төмөнкүлөрдү көрсөтүү |
26. | Лоттун демилгечисинен байланыштар Аты-жөнүн, ээлеген кызматын, телефондорун, жооптуу адамдын (адамдардын) электрондук почтасын көрсөтүү |
27. | Инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан байланыш Аты-жөнүн, ээлеген кызматын, телефондорун, жооптуу адамдын (адамдардын) электрондук почтасын көрсөтүү |
Лоттун тизери
Долбоордун демилгечиси иштелип чыккан лоттун долбоорунда камтылган маалыматтардын негизинде инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга лоттун 10 баракка чейинки көлөмдөгү тизерин даярдоого жана берүүгө милдеттүү.
| Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Лоттун катышуучуларынын
КАТТОО ВЕДОМОСТУ
Реестрдеги идентификациялык номер ______________________________________________________ ______________________________________________________ |
Катышуучунун № | Конкурстун катышуучусу жөнүндө маалымат | Кепилдик төгүмдү төгүү жөнүндө маалымат (банктын көчүрмөсү)
| Катышуучунун документтерин каттоо датасы жана убактысы (күн, ай, жыл жана убакыт)
| Документтерди берген адамдын аты-жөнү, паспортунун маалыматы | Документтерди берген адамдын колу | |
Жеке ишкерлер үчүн: ишкердик менен алектенген жеке адамдын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) күбөлүгүнүн же патентинин реквизиттери | Юридикалык жак үчүн: мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн аталышы, номери жана датасы, каттаган органдын аталышы | |||||
1. |
|
|
|
|
|
|
2. |
|
|
|
|
|
|
3. |
|
|
|
|
|
|
4. |
|
|
|
|
|
|
| Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Инвестициялык долбоордун техникалык натыйжалуулугун баалоо
Инвестициялык долбоордун техникалык көрсөткүчтөрүн баалоо долбоордун физикалык параметрлерин аныктоо максатында ченемдик ыкма менен жүзөгө ашырылат. Техникалык көрсөткүчтөр каржылоо үчүн негиз болуп саналат жана тартылган инвестициялардан каражаттарды каржылоонун максаттарын жана багыттарын камтыйт.
Максатсыз каржылоо финансылык каражаттарды дайындоонун бурмаланышынын масштабына жараша административдик жана жазык тартибинде куугунтукталат.
Долбоордун максатка ылайыктуулугун баалоонун ушул этабында ар кандай технологиялардын, методдордун жана ченемдердин көрсөткүчтөрүн салыштыруу жолу менен бааланат. Техникалык көрсөткүчтөрдүн натыйжалуулугун баалоо инвестициялык долбоорду ишке ашырууда жетишүү зарыл болгон ченемдерди жана акыркы стандарттарды аткарууга кеткен чыгымдардын негизинде эсептик ыкма менен жүргүзүлөт.
Долбоорду ишке ашырууда бир нече ыкмалар, технологиялар жана мамилелер болгондо, техникалык көрсөткүчтөрдү баалоо варианттардын ар бири боюнча көрсөткүчтөрдү салыштыруу менен жүзөгө ашырылат.
Техникалык көрсөткүчтөр техникалык документтердин номенклатураларында аныкталган ченемдерден турат: мамлекеттик стандарттарда (мындан ары – МАМСТ), курулуш ченемдеринде жана эрежелеринде (мындан ары – КЧжЭ), санитардык эрежелерде жана ченемдерде (мындан ары – СанЭжЧ), ошондой эле долбоордун максаттарына жетүү үчүн пайдаланылуучу техникалык шарттарда (мындан ары – ТШ).
Бекитилген, сунушталган көрсөткүчтөрдүн негизинде инвестициялык долбоор боюнча конкурстун катышуучуларынын сунуштарын баалоо жүзөгө ашырылат.
Техникалык натыйжалуулукту баалоого жараша инвестициялык долбоорлор категорияларга бөлүнөт:
– региондун муктаждыктары үчүн багытталган фокустук долбоорлор;
– натыйжасы Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагынын чегинде жайылтылуучу локалдуу долбоорлор;
– Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайылтылуучу максималдуу натыйжага ээ болгон трансчек аралык мүнөздөгү глобалдык долбоорлор;
– чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү, анын ичинде коопсуздук ченемдерин камсыз кылуу максатын көздөгөн өзгөчө маанилүү долбоорлор.
Техникалык көрсөткүчтөр боюнча натыйжалуулукту баалоодо долбоорду башкаруунун натыйжалуулугуна (административдик чыгымдарга) өзүнчө баа берилет.
Курулуш тармагындагы инвестициялык долбоорлор курулуш продукциясынын наркын эсептөөдө кошумча чыгымдарды эсептөө тартиби жөнүндө методикалык көрсөтмөлөргө, Курулуштагы сметалык пайданын өлчөмүн аныктоо боюнча методикалык көрсөтмөлөргө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 18-майындагы № 4-ЧУА буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы курулуштун наркын аныктоонун методикалык көрсөтмөлөрүнө ылайык эсептөөлөргө негизделген көрсөткүчтөр менен аныкталат. Бул тартипте алынган маалыматтардын негизинде тармакта долбоорду башкаруунун натыйжалуулугуна баа берилет.
Баалоонун жыйынтыгы боюнча ар бир катышуучуга 0дөн 30га чейин балл берилет.
| Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Инвестициялык долбоордун натыйжалуулугун экономикалык көрсөткүчтөр боюнча баалоо
Инвестициялык долбоордун экономикалык көрсөткүчтөрүн баалоо эсептөө ыкмасы менен жүзөгө ашырылат. Техникалык көрсөткүчтөргө ылайык инвестициялоонун суммасын накталай туюнтмасы, прейскуранттар жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген башка документтер боюнча маалымдама маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
Нарктык көрсөткүчтөрдү калькуляциялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 “Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен аныкталган чыгымдардын курамын калькуляциялоо аналогиясы боюнча жүргүзүлөт. Калькуляциянын талаптагыдай аткарылышын баалоону макроэкономикалык саясат жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
Калькуляциянын негизинде бардык көрсөткүчтөр акчалай жана накталай туюнтмада финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын (ФОЭС) талаптарына ылайык келген болжолдуу стандарттык отчеттордо таризделет. Мында долбоор боюнча мүлктүк абалдын өзгөрүшү № 1 форма боюнча болжолдуу баланста таризделет. Болжолдуу чыгымдар, чыгашалар жана кирешелер отчет боюнча № 2 форма боюнча таризделет. № 1, № 2 формаларынын таризделген болжолдуу отчетторунун негизинде алардын акча каражаттарын каржылоо планына ылайык келиши № 3 форма боюнча таризделет.
№ 3 форма боюнча отчеттун негизинде долбоордун таза учурдагы наркынын абсолюттук көрсөткүчү катары инвестициянын наркын жыйынтыктоочу баалоо жүргүзүлөт.
Долбоордун таза учурдагы наркы – инвестициялык долбоорду ишке ашыруу менен шартталган болжолдуу кирешенин суммасы жана эсептик мезгилде инвестициялык долбоорду ишке ашыруу процессинде өндүрүлгөн дисконттолгон пайдалар (кирешелер) менен чыгымдардын ортосундагы айырма катары аныкталат.
Долбоордун таза дисконттолгон кирешеси төмөнкү формула боюнча аныкталат:
(1) |
мында:
NPV – долбоордун таза учурдагы наркы (изделген чоңдук);
Bt – t мезгилинде долбоорду ишке ашыруудан алынган пайдалар (кирешелер);
Ct – t мезгилинде долбоорду ишке ашырууга кеткен чыгымдар;
t – долбоорду ишке киргизүү жана эксплуатациялоо мезгили, мында долбоорду эксплуатациялоо мезгили долбоордо каралган иш-аракеттер жүзөгө ашырылуучу жана долбоордо каралган натыйжаларды алуу камсыз кылынган убакыт мезгили;
r – дисконттоо чени.
Инвестициялык долбоордун акча агымдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасын колдонуу менен дисконттоо жолу менен бааланат. Инфляция боюнча маалыматтар болгондо, кирешелүүлүк коэффициенти терс белги менен кошулат. Эгерде эсептөөлөр инфляциянын көрсөткүчү жок жүргүзүлсө, бул жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат.
Каржылоочу тараптан же донорлордон, ошондой эле өнүктүрүү банктарынан ченге карата талаптар жөнүндө маалыматтар болгон учурда долбоордун таза учурдагы наркын эсептөөгө көрсөтүлгөн чен алынат.
Таза учурдагы нарктын көрсөткүчтөрүнүн негизинде инвестициялык долбоор жалпысынан теңештирилген нөлгө барабар таза учурдагы наркта кирешелүүлүктүн (IRR) ички ченинин көрсөткүчүн эсептөө менен бааланат.
Кирешелүүлүктүн ички чени – инвестициядан келип чыккан кирешелүүлүк чени. Бул инвестициянын таза учурдагы наркы нөлгө барабар болгон кирешелүүлүк коэффициенти (тоскоолдук чен, эсептик чен) же долбоордун дисконттолгон кирешеси инвестициялык чыгымга барабар болгон эсептик чен. Ички кирешелүүлүк чени менчик ээси үчүн эч кандай жоготуусуз инвестициялоого мүмкүн болгон максималдуу эсептик ченди аныктайт.
IRR = r, мында NPV = f(r) = 0,
Долбоордун экономикалык рентабелдүүлүгүнүн ченеми төмөнкү формула менен аныкталат:
же |
|
(2) |
мында:
EIRR – кирешелүүлүктүн экономикалык нормасы (изделип жаткан чоңдук), % менен;
Bt – t мезгилинде долбоорду ишке ашыруудан алынган пайдалар (кирешелер);
NPV(B) – долбоордон дисконттолгон пайда (киреше);
Ct – t мезгилинде долбоорду ишке ашырууга чыгымдар;
NPV(C) – долбоор боюнча инвестициялык чыгымдар;
t – долбоорду ишке киргизүү жана эксплуатациялоо мезгили, мында долбоорду эксплуатациялоо мезгили – долбоордо каралган иш-аракеттер жүзөгө ашырылуучу жана долбоордо каралган натыйжаларды алуу камсыз кылынган убакыты.
Баалоонун жыйынтыгы боюнча ар бир катышуучуга 0дөн 30га чейин балл берилет.
| Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Инвестициялык долбоордун социалдык натыйжалуулугун баалоо
Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун калктын социалдык абалына тийгизген таасирин баалоо эмгекке кеткен чыгымдарды жана пайданы, анын өндүрүмдүүлүгүн, эмгек шарттарын, экологиялык абалын өлчөгүчтөр, ошондой эле инвестициялык долбоордо кошумча такталган көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт.
Социалдык пайданын наркы долбоорду ишке ашырууга кеткен чыгымдардын курамынан эмгек акыга багытталган суммаларды чыгарып салуу менен өлчөнөт (долбоордун катышуучулары, подрядчылар жана башка тышкы жана ички иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр).
Өндүрүштүк күчтөрдү жайгаштыруу менен өндүрүштүк мүнөздөгү инвестицияларды баалоо үчүн жумуш орундарынын санын баалоо долбоордук көрсөткүчтү 5-коэффициентке көбөйтүү менен жүргүзүлөт. Алсак, өндүрүштө 100 жумуш орунун камсыз кылуу менен өндүрүштүк объекттин курулушуна баа берүү үчүн инвестициялык долбоордун социалдык натыйжасы илим, искусство, маданият, медицина, коомдук тамактануу, укук тартибин сактоо чөйрөсүндө кошумча 500 орун менен бааланат.
Долбоор калктын жыныстык жаш курагындагы конкреттүү сегментке жөнөтүлгөндө, социалдык натыйжалуулук өз ара көз каранды көрсөткүчтөргө пропорциялуу эсептелет. Алсак, инвестициялык долбоорду үй-бүлөлүк белгиси боюнча баалоодо республиканын түндүк облустары үчүн 6, ошондой эле түштүк облустары үчүн – 9 үй-бүлөлүк коэффициент колдонулат. Ушундай эле ыкма жылуулук, ысык жана муздак суу менен жабдууда ж.б. бир абонентке эсептөөнү колдонуу менен инвестициялык долбоордун таасирин баалоодо колдонулат. Ар бир конкреттүү инвестициялык долбоордо ушул сыяктуу көрсөткүчтөр эсептөө методологиясын баяндоо менен ченемдик-техникалык документтерге шилтеме берүү менен такталат.
Социалдык бакубаттуулукту жогорулатуунун койка-орун менен камсыз кылуу, билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, калктын ден соолугу ж.б. сыяктуу көрсөткүчтөрү инвестициялык долбоорду түзүүдө аныкталат жана такталат.
Экологиялык көрсөткүчтөр тиешелүү мамлекеттик органдар бекиткен жана контролдонуучу экологиялык ченемдерди сактоого жана жогорулатууга багытталган каражаттардын нарктык көрсөткүчтөрү менен бааланат.
Баалоонун жыйынтыгы боюнча ар бир катышуучуга 0дөн 30га чейин балл берилет.
| Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого 7-тиркеме |
Инвестициялык конкурстук тандоонун жыйынтыктары жөнүндө
20___ жылдын “____” __________
№____ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ПРОТОКОЛ
___________________________________________________________________ ___________________________________________________________________ ___________________________________________________________________ (Инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы)
Инвестициялык лоттун аталышы: __________________________________________ ______________________________________________________________________ ______________________________________________________________________ ______________________________________________________________________ Жери:_________________________________________________________________ Датасы:________________________________________________________________
Комиссиянын курамы:
1. Төрага: _____________________________________________________________ 2. Комиссиянын мүчөсү: _________________________________________________ 3. Комиссиянын мүчөсү : _________________________________________________ 4. Комиссиянын мүчөсү : _________________________________________________ 5. Комиссиянын мүчөсү: _________________________________________________ 6. Комиссиянын мүчөсү: _________________________________________________ 7. Комиссиянын мүчөсү: ________________________________________________-
Талкуулоо:
Чечим:
Конкурстун жеңүүчүсү: ________________________________________________
Комиссиянын төрагасы Комиссиянын катчысы |