Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 426 токтомуна) |
Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоону уюштурууну жана анын тартибин аныктайт.
2. Жобо "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобого жана мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
3. Жобо төмөнкү мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыздоонун алкагында мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоонун тартибин регламенттейт:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагаларын материалдык-техникалык жактан камсыздоо алардын ишин регламенттеген ченемдик укуктук актыларга ылайык ишке ашырылат.
5. Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо мамлекеттик күзөт органын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын (мындан ары - Иш башкармасы) каржылоого республикалык бюджеттен каралган каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
6. Мамлекеттик административдик имараттарды камсыздоо жана тейлөө мамлекеттик күзөт объекттери туруктуу жайгашкан имараттарда гана ишке ашырылат.
2. Материалдык-техникалык жактан камсыздоонун түрлөрү
7. Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо мамлекеттик күзөт органын каржылоо, анын ичинен автомашина жана жабдууларды, тамак-аш азыктарын, товарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, материалдарды жана буюмдарды, башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу, транспорттук жана байланыш кызматтарынын чыгымдарын төлөө республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен ишке ашырылат.
8. Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун уюштурууга мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоону Иш башкармасы төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырат:
1) мамлекеттик күзөт объекттеринин жүрүшүндө коштоону уюштурууга жана күжүрмөн калкалоого транспорттук каражат берүү;
2) мамлекеттик күзөт объекттеринин туруктуу жана убактылуу жүргөн имараттарда жана курулмаларда коргонууну уюштуруу үчүн мамлекеттик административдик имараттарда жана Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденцияларында видеобайкоо жабдууларын камсыздоо жана тейлөө;
3) мамлекеттик административдик имараттарда жана Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденцияларында контролдук-өткөрүү пункттарын уюштуруу үчүн атайын жабдуу жана жай менен камсыздоо;
4) мамлекеттик административдик имараттарда жана Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденцияларында мамлекеттик күзөт объекттери колдонгон байланыш коопсуздугун уюштурууга атайын жабдуу менен камсыздоо;
5) мамлекеттик административдик имараттарда жана Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденцияларында учкучсуз учуучу аппараттардан коргонууну уюштурууга атайын жабдуу менен камсыздоо;
6) мамлекеттик компьютердик тармактарда программалык жана техникалык камсыздоо, ошондой эле мамлекеттик күзөт объекттери колдонгон жабдууларда жана каражатта маалыматтык коопсуздукту камсыздоо;
7) мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун жана радиотехникалык контролду уюштурууга (ошондой эле байланыш сигналын басууга) каражат жана атайын жабдуу менен камсыздоо:
8) санитардык-гигиеналык, химиялык, эпидемияга каршы жана дозиметрикалык контролду уюштурууга атайын каражат жана реактивдер менен камсыздоо;
9) радиациялык контролду уюштурууга атайын жабдуу менен камсыздоо;
10) мамлекеттик күзөт объекттеринин туруктуу жана убактылуу жүргөн жерлеринде тез, квалификациялуу медициналык камсыздоону уюштурууга атайын транспорттук каражат жана жабдуу менен камсыздоо;
11) мамлекеттик күзөт объекттерине квалификациялуу медициналык камсыздоону уюштурууга медициналык каражат жана жабдуу менен камсыздоо;
12) мамлекеттик күзөт органына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздоо.
3. Мамлекеттик күзөт органынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен өз ара аракеттенүүсү
9. Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн материалдык-техникалык жактан камсыздоо иш-чараларын уюштурууда Иш башкармасы мамлекеттик күзөт органы менен түздөн-түз өз ара аракеттенет.
10. Ушул Жобонун 8-пунктунда каралган мамлекет күзөт органынын материалдык-техникалык жактан камсыздоого болгон керектөөсү жабдууну эксплуатациялоо ченемдерине, каражаттарды чыгымдоо ченемдерине, техникалык жаңыланууларга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жараша аныкталат.
11. Материалдык-техникалык камсыздоо мамлекеттик күзөттү сапаттуу уюштурууга зарыл мүлктүн мүнөздөмөсүн, санын жана колдонуу мөөнөтүн белгилөө менен Иш башкармасынын дарегине жазылган мамлекеттик күзөт органынын негизделген жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча ишке ашырылат.
12. Иш башкармасы тарабынан мамлекеттик күзөт органынын суроо-талабы төмөнкү мөөнөттөрдө каралат:
- ушул Жобонун 3-пунктунда белгиленген адамдардын ишин камсыздоого зарыл болгон мүлктү берүү - мамлекеттик күзөт органынын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык;
- Иш башкармасынын карамагында турган мүлктү берүү - суроо-талап катталган учурдан тартып 14 жумуш күндүн ичинде;
- Иш башкармасынын карамагында болбогон мүлктү берүү - иш-чаралардын мөөнөтүн эске алуу менен мүлктү алуу мамлекеттик күзөт органы менен макулдашылат.
4. Корутунду жоболор
13. Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн материалдык-техникалык жактан камсыздоо Иш башкармасы тарабынан республикалык бюджеттен каралган каражаттын чегинде ишке ашырылат.