Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-сентябры № 460
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-августундагы № 458 "Мамлекеттик токой фондуна кирген жана кирбеген токой участоктору, ошондой эле токой фондунун участоктору токой чарбасын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарга пайдаланылган учурларда токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда токой жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик токой фондуна кирген жана кирбеген токой участоктору пайдаланылган учурларда токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда токой жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарындагы коллизияларды жоюу жана боштуктарды четтетүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 100, 101-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-августундагы № 458 "Мамлекеттик токой фондуна кирген жана кирбеген токой участоктору, ошондой эле токой фондунун участоктору токой чарбасын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарга пайдаланылган учурларда токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда токой жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө";
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.";
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Токой чарбасы жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар:
- ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипке ылайык токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда мамлекеттик токой фондусунун жерлеринин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларынын токой каптаган аянттарынын наркын (ченемдик баасын) аныктасын.";
2) жогорудагы токтом менен бекитилген Мамлекеттик токой фондуна кирген жана кирбеген токой участоктору, ошондой эле токой фондунун участоктору токой чарбасын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарга пайдаланылган учурларда токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда токой жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартибинде:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартиби";
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бул Токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартиби (мындан ары - Тартип) мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын жерлерин токой чарбасын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарга пайдаланган же максаты боюнча пайдаланылбаган учурларда алынуучу акынын өлчөмүн эсептөө, участокторду алып коюуда, убактылуу ээлөөдө жана менчик ээсинин укуктарын чектөөдө келтирилген токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтуруу үчүн нарктык бааны (ченемдик бааны) аныктоо үчүн арналган.
Мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларынын токой каптаган аянттарынын жерлеринин көп функциялуу ролуна байланыштуу алардын нарктык баасы (ченемдик баасы) токой жайгаштыруу материалдарынын негизинде объекттердин бардык көп түрдүүлүгүнө кадастрдык баалоо жүргүзүү жолу менен аныкталат.
Жеке жана юридикалык жактардын ишинин натыйжасында мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын жерлеринде пайда болгон токой чарба зыяндарынын жана жоготууларынын орду толтурулууга тийиш.
Токой чарбасынын зыяндарынын жана жоготууларынын орду төмөнкүдөй учурларда толтурулат:
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын жерлерин мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын жерлерин которуу (трансформациялоо);
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын жерлерин токой чарбасын жүргүзүү менен байланышпаган максаттарда пайдалануу же максаттуу багыты боюнча пайдаланбоо;
- жеке жана юридикалык жактардын ишинин натыйжасында мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын жерлеринин сапаттык жана сандык абалы начарлаганда.
Мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын жерлерин пайдалануу, жерлерди алып коюу, которуу (трансформациялоо), максаты боюнча пайдаланбоо токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын эсептери белгиленген тартипте жүргүзүлгөндөн жана суммаларынын орду толтурулгандан кийин пайдаланууга жол берилет.";
2-пунктта:
- биринчи абзацта "токой жерлеринин" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токой жана токой эмес жерлеринин, ошондой эле жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Баалануучу объекттерге токой жерлери (токой өсүмдүктөрү каптаган жерлер жана токой өсүмдүктөрү каптабаган жерлер, анын ичинде өрттөнгөн, ачык, бак-дарактар сейрек өскөн жерлер, кыйылган, куураган бак-дарактар ээлеген жерлер) жана мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин курамына кирген токой эмес жерлер, ошондой эле жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттары кирет;";
- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- баалоо учурунда бааланып жаткан мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, ошондой эле жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттарынын участогундагы дарактар;";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Токойду пайдалануунун жыгач эмес ресурстары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 631 "Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акыны алуунун жана пайдалануунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген колдонуудагы ставкалар боюнча бааланат.";
- 6-пунктта "Токой фондунун жер участокторунун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токой жана токой эмес жерлеринин жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацта "Токой жерлеринин участокторунун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токой жана токой эмес жерлеринин, ошондой эле жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"Жер фондунун жерлеринин башка категорияларындагы токой каптаган аянттары - табигый жана жасалма токой отургузуулары ээлеген жерлер.
Токой чарба өндүрүшүнүн жоготуулары - экологиялык функциялардан жана иш жүзүндөгү жыгачтын наркынан капиталдаштырылган дүң кирешенин суммасы.";
- сегизинчи абзац "басылып чыккан иштеринин" деген сөздөрдөн кийин "же корутундуларынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Токой чарба өндүрүшүнүн зыяндары - бул жыгач жана жыгач эмес ресурстардан капиталдаштырылган дүң кирешенин суммасы.";
- 7-пунктта "Токой жерлерин" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттарын баалоо анын потенциалдуу өндүрүмдүүлүгү боюнча, ушул Тартиптин 3-пунктуна ылайык жыгачтарга белгиленген таксалардын ставкалары боюнча жүргүзүлөт. Потенциалдуу өнүмдүүлүктүн мааниси жергиликтүү, ошондой эле интродуцирленген токой породаларындагы токойлордун же токой өсүмдүктөрүнүн ар кандай түрлөрүнүн өнүмдүүлүгү жөнүндө маалыматтарга жараша кабыл алынат. Жыгач боюнча да, мөмө боюнча да өнүмдүүлүгү жөнүндө маалыматтар жок учурда, токой жайгаштыруу материалдары боюнча акыркы ревизиялык мезгил ичиндеги орточо маалыматтар колдонулат (токой өстүрүү району боюнча жыгач үчүн орточо маанилер).";
13-пунктта:
- биринчи абзацтын үчүнчү сүйлөмү "жүргүзүлөт жана" деген сөздөрдөн кийин "1-разряддагы" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бадалдар үчүн породалар жумшак жана катуу жалбырактуу породалардын орточо мааниси боюнча жыгач отундун таксалары колдонулат.";
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Жыгач эмес ресурстардан түшкөн капиталдаштырылган дүң киреше төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат (9-формула):
Онд = rнд / Е
rнд = Пнд х (20Сп)
мында:
rнд - токой төлөмдөрүнүн жылдык өлчөмү;
Е - капиталдаштыруу коэффициенти - 0,01;
Пнд - жыгач эмес ресурстардын өнүмдүүлүгү;
20Сп - Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларынын жыйырма эселенген көрсөткүчү.";
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Сейрек дарактуу жерлер, бош жерлер, куурап калган бак-дарактар, ошондой эле токой өсүмдүктөрү жыш эмес өскөн жерлер ушул токой өсүү шартында башка породанын минималдуу өнүмдүүлүгү боюнча бааланат. Эгерде породанын минималдуу өнүмдүүлүгү жок болсо, анда токой жайгаштыруунун акыркы ревизиялык мезгилиндеги орточо маани кабыл алынат.";
- IV бөлүм күчүн жоготту деп таанылсын;
22-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Токой эмес жерлерди баалоодо мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин курамындагы айыл чарба багытындагы жерлердин (айдоо жерлери, чабындылар, жайыттар, бакчалар жана башка жерлер) кадастрдык наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-февралындагы № 47 "Айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык тиешелүү сапаттагы жана жайгашкан жердеги айыл чарба багытындагы жерлер үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында кабыл алынган кадастрдык наркка теңештирилет.";
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул участоктор потенциалдуу токой өстүрүү фонду болуп саналгандыгын эске алып, эсептөөлөр токой чарбасы үчүн 0,01 капиталдаштыруу коэффициентин колдонуу менен жүзөгө ашырылат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Жолдор, суу объекттери, саздар, аскалар, майда таштар, таш катмары, токой сыяктуу такыр жерлерди ээлеген жерлер, эгерде мыйзамдарда башка каралбаса, башка жер катары бааланат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы элүү бешинчи-жетимиш сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"Ноокат токой чарбасынын арча токойлорунун мисалындагы эксперименттик эсептөөлөр.
Токой фондунун токой тибиндеги баалануучу участогунда - жапыз чөптүү кургак арча токойлору - 7.3 (Кыргыз Республикасынын токойлорунун типологиясы, 2008).
1 га наркын эсептейбиз: негизги порода - арча, жетилүү курагы - 170 жыл. Стратада (стратанын орточо запасы коюлат) орточо запасы 150 м3/га түзөт, орточо жашы 86 жыл. Өнүмдүүлүгүн токойдун же өсүмдүктөрдүн түрү жөнүндө маалыматтар боюнча алабыз. Бул типтеги токойдун өнүмдүүлүгү - 180 м3/га чейин, мында орточо запасы 150 м3/га. Потенциалдуу өнүмдүүлүгүн (Зпп) - 180 м3/га деп кабыл алабыз. Мындай учурда ОΣ - 1 га токой жерлеринин капиталдаштырылган дүң кирешесинин суммасы, жыгач ресурстарынан (Одр) түшкөн капиталдаштырылган кирешенин жана токойлордун экологиялык функцияларынан (Оэф) түшкөн капиталдаштырылган кирешенин суммасы катары кабыл алабыз.
Жыгач ресурстарынан (Одр) түшкөн капиталдаштырылган кирешени эсептейбиз.
r - потенциалдуу өнүмдүүлүк боюнча жыгач запасынын наркын табабыз.
Бул үчүн потенциалдуу өнүмдүүлүктү (Зпп) арча үчүн орточо ишке жарактуу жыгачтын таксасына көбөйтөбүз:
180 м3/га х (1608,3 * 3) сом/м3 = 868482 сом/га.
Потенциалдуу өнүмдүүлүк боюнча жыгач запасынын наркы жыйынтыгы - 868482 сом/га.
Потенциалдуу өнүмдүүлүк боюнча жыгач запасынын наркын жыгачты берүүдө алынуучу капиталдаштырылган дүң кирешени аныктоо үчүн коэффициентке көбөйтөбүз:
868482 сом/га х 0,23 = 199750,86 сом/га.
Жыгач ресурстарынан түшкөн капиталдаштырылган дүң кирешенин жыйынтыгы (Одр) - 199750,86 сом/га.
Токойлордун экологиялык функцияларынан түшкөн капиталдаштырылган дүң кирешени аныктайбыз, ал үчүн жыгач ресурстарынан (Одр) түшкөн капиталдаштырылган дүң кирешени корголуунун тиешелүү категориясындагы токой фондунун жерлерин кадастрдык баалоонун экологиялык курамын эсептөө үчүн коэффициентке көбөйтөбүз (биздин шарттар өзгөчө баалуу токой массивдери - 15):
199750,86 сом/га х 15 = 2996262,9 сом/га.
Токойлордун экологиялык функцияларынан түшкөн капиталдаштырылган дүң кирешенин жыйынтыгы (Оэф) - 998754,3 сом/га түзөт.
1 га токойду калыбына келтирүү боюнча токой чарбасынын капиталдаштырылган чыгымдарын табабыз. Бул үчүн токойду калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдардын ченемдерин (тиркемеде) токойду калыбына келтирүү боюнча токой чарбасынын капиталдаштырылган чыгымдарын аныктоо үчүн коэффициентке көбөйтөбүз.
16319,81 сом/га х 1,23 = 20073,37 сом/га.
Токойду калыбына келтирүү боюнча токой чарбасынын капиталдаштырылган чыгымдарынын жыйынтыгы (Злв) - 20073,37 сом/га түзөт.
1 га токой жерлеринин кадастрдык наркын аныктайбыз (Олз):
(868482 сом/га + 2996262,9 сом/га) - 20073,37 сом/га = 3844671,53 сом/га.
Бул стратадагы 1 га токой жерлеринин кадастрдык наркынын жыйынтыгы (Олз) - 3844671,53 сом/га түзөт.
Жыгачтын иш жүзүндөгү наркын стратадагы иш жүзүндөгү запасты орточо ишке жарактуу жыгачтын таксасына көбөйтүү менен табабыз:
150 м3/га х (1608,3 * 3) сом/м3 = 723735,0 сом/га.
Баалоо учурунда 3-стратада жайгашкан 1 га участоктун наркынын жыйынтыгы 3844671,53 сом/га + 723735,0 сом/га = 4568406,53 сом/га.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 76 (3525) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |