Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-сентябры № 516
Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 656, 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 214 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасындагы функциялык жана түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеги (мындан ары - Тизмек) тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тизмек Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө маселени кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри аталган Тизмек Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 310 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомунун 7-пункту.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 10-октябрындагы № 81 (3530) санына жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 656, 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 214 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент.
5. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматы.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти.
8. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат.
9. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы.
10. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат.
11. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт көзөмөлү боюнча кызмат.
12. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы.
13. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти.
14. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик.
15. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндөгү контроль жана көзөмөл башкармалыгы.
16. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 214 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 214 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
18. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги.