Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-октябры № 545
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта:
- сегизинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү фонддорунун ишине мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун типтүү методикасы 8-тиркемеге ылайык.";
2) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык 8-тиркеме менен толукталсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген экономикалык долбоорлорду тандоо критерийлеринде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
"
14. Өтүнмө ээсинин 3төн ашпаган жыл мурда алган ишкердик боюнча курстарды аяктагандыгы тууралуу сертификаты (диплому) бар | жок | 0 |
бар | 20 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 187 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 20-октябрындагы № 84 (3533) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
1-тиркеме |
"Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык иштелип чыкты жана Региондорду өнүктүрүү фондунун (мындан ары - Фонд) ишинин тартибин аныктайт.
2. Фонддун иши Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Типтүү жобонун негизинде жүзөгө ашырылат.
3. Фонд Облусту өнүктүрүү фонду же Районду өнүктүрүү фонду түрүндөгү юридикалык жактын статусуна ээ жана мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.
4. Облусту өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналат.
5. Районду өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу жергиликтүү мамлекеттик администрация болуп саналат.
6. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын акча каражаттары болуп саналат.
7. Фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн казыналык системада бюджеттик жана атайын эсептер ачылат.
8. Фонд өз ишин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, ошондой эле Фонддун каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырат.
2-глава. Ушул Типтүү жободо колдонулуучу түшүнүктөр
9. Ушул Типтүү жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
1) өтүнмө ээси - Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышууга долбоордук өтүнмө берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик орган же ишкердик субъекти;
2) долбоорду аткаруучу - долбоордук өтүнмөсү Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан жактырылган жана долбоорду каржылоого Фонд менен келишим түзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик орган жана ишкердик субъекти;
3) инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөр - социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде инфраструктуралык объектти пайдалануу менен көрсөтүлүүчү жана/же инфраструктуралык обьектти тейлөө боюнча жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр;
4) инфраструктуралык объект - мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлктүк комплекс;
5) инфраструктуралык долбоор - жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген, социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун, капиталдык чыгымдардын көлөмүн жана жүзөгө ашыруу мөөнөттөрүн негиздөө менен инфраструктуралык объектти түзүүгө же жакшыртууга багытталган милдеттердин, иш-аракеттердин жана иш-чаралардын тизмеги;
6) жергиликтүү жамаатты мобилизациялоо - жергиликтүү жамааттын, жарандардын уюшкан топторунун түздөн-түз катышуусу жана колдоосу менен жергиликтүү деңгээлде көйгөйлөрдү чечүү процесси;
7) долбоордук өтүнмө - типтүү форматтын негизинде иштелип чыккан жана Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мамлекеттик органдын жана ишкердик субъектинин атынан сунушталган долбоордун сыпаттамасы;
8) долбоорду каржылоо планы - долбоорду транштар боюнча каржылоонун этаптарын жана тартибин сыпаттоочу жана долбоорду ишке ашыруу планына шайкеш келүүчү долбоордук өтүнмөнүн бөлүгү;
9) мониторинг жүргүзүү жана баалоо планы - долбоорду ишке ашырууда, ошондой эле Фонддун ишинин натыйжалуулугун баалоодо ушул Типтүү жобонун талаптарынан четтөөлөрдү аныктоо максатында байкоо жүргүзүүнүн этаптары жана тартиби;
10) социалдык долбоор - билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, спорт, социалдык коргоо, эс алуу, жаштар менен иштөө, элдик чыгармачылык чөйрөсүндөгү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында калкка инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же мамлекеттик органдардын максатка багытталган, убактысы чектелген иши;
11) экономикалык долбоор - пайда алуу максатында ишкердик субъекттери тарабынан жаңы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүгө же болбосо иштеп жаткан өндүрүштөрдү реконструкциялоого же модернизациялоого түз инвестицияларды жүзөгө ашыруунун экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмүн жана мөөнөттөрүн толук сыпаттоо жана негиздөө менен бизнес-долбоор;
12) стартап долбоор - көйгөйлөрдү чечүүгө, пайда алууга багытталган экономикалык же социалдык жаңычылдыкка, актуалдуулукка жана практикалык маанилүүлүккө ээ, олуттуу жакшырууларга алып келген инновациялык бизнес-долбоор;
13) ишкердик субъекти - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган жана уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан пайда алуу максатында өзүн тобокелдикке салып жана өзүнө мүлктүк жоопкерчиликти алып, мыйзамдарда тыюу салынбаган ишти жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар.
3-глава. Фонддун максаты жана милдети
10. Фонддун максаты облустарды, райондорду, шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу, жергиликтүү жамааттын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын демилгелерин колдоо жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана региондордо жумуш орундарын түзүү жолу менен региондук экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган ишкердик субъекттеринин экономикалык долбоорлорун каржылоо болуп саналат.
11. Фонддун милдеттери облустарды, райондорду, шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын артыкчылыктарына ылайык Фонддун финансылык каражаттарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат.
12. Бюджеттик жана атайын эсептердеги Фонддун каражаттары социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлорду каржылоого, анын ичинде төмөнкүлөргө багытталат:
- капиталында 100% мамлекеттин үлүшү бар же капиталында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын олуттуу үлүшү бар Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын (мындан ары - Банк) бирине андан ары ишкердик субъекттерине мөөнөттүү, акы төлөө жана кайтарымдуулук негизде кредит берүү үчүн финансылык каражаттарды берүүгө;
- "Бир айыл - бир продукт" улуттук экономикалык долбоорунун катышуучуларынын экономикалык долбоорлорун ишке ашырууга;
- ишкердикти өнүктүрүү жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого;
- экономикалык долбоорлордун долбоордук-сметалык документтерин жана башка техникалык документтерин иштеп чыгууга;
- саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, маданият жана спорт чөйрөсүндөгү объекттерди куруу, оңдоо жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча долбоорлорду каржылоого;
- калкты ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу системалары менен камсыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ирригациялык тармактарды, гидротехникалык объекттерди оңдоого жана калыбына келтирүүгө;
- жол, турак жай-коммуналдык чарба долбоорлорун каржылоого;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн атайын автотранспорттук жана башка техникаларды алууга;
- "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "МИК" ААК) тиешелүү финансылык макулдашууну түзүү аркылуу мөөнөттүүлүктүн жана кайтарымдуулуктун негизинде финансылык каражаттарды берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды каржылоого;
- калктуу конуштарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн башкы пландарын, деталдуу пландоо долбоорлорун, калктуу конуштардын шаар куруу документтерин иштеп чыгууга;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды камсыз кылууга, анын ичинде энергиялык натыйжалуулук, энергия жана сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө;
- Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин 3%ынан кем эмес өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, жарандык инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жана жабыр тарткан калкты материалдык жактан колдоого (тамак-аш жана турак жай менен камсыз кылуу, күйүүчү-майлоочу материалдарды, биринчи муктаждыктагы товарларды сатып алуу);
- жагымсыз эпидемиологиялык кырдаалды алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- ушул пунктта аныкталган милдеттерди ишке ашыруу максатында Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча башка Фонддун эсебине финансылык каражаттарды которууга;
- финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча Фонддун максаттарына жана милдеттерине шайкеш келген башка максаттарга пайдаланууга.
Фонддун атайын эсебинин каражаттарынан төмөнкүлөргө багытталган иш-чаралар каржыланышы мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана коргоо, жарандык коргонуу, жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү ишине колдоо көрсөтүүгө;
- жөндөмдүү балдарды жана таланттарды иш-чараларга (билим берүү, маданий, музыкалык, спорттук) катышуусун, калктын социалдык аялуу катмарын, турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандарды колдоого.
Фонддун каражаттарын майрамдык иш-чараларды, мааракелерди жана Фонддун максаттарына жана милдеттерине шайкеш келбеген башка иш-чараларды өткөрүүгө пайдаланууга жол берилбейт.
13. "МИК" ААК менен кызматташтыкта ишке ашыруу пландалып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор инфраструктуралык долбоорлор болуп саналбайт жана тиешелүү өтүнмөнү толтурууну талап кылбайт.
Ошол эле учурда "МИК" ААК андан ары Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосу үчүн тиешелүү документтерди тиркөө менен Фонддун атына жазуу жүзүндөгү кайрылууну жөнөтөт.
Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоордун бардык уюштуруу-техникалык шарттары, анын ичинде долбоорду каржылоо тартиби, Фонддун каражаттарын кайтаруу мөөнөттөрү, долбоорду ишке ашырууга катышкан кошумча тараптар тиешелүү финансылык макулдашуу менен аныкталат.
14. Фонддун болжолдонгон жылдык бюджети бюджеттик жана атайын эсептерде төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
№ | Фонддун чыгымдарынын категорияларынын аталышы | Фонддун болжолдонгон жылдык бюджети, % |
1 | Фонддун административдик чыгымдары | n1 |
2 | Экономикалык долбоорлор (Фонддун финансылык каражаттарын Банкка берүү) | n2 |
3 | Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор | n3 |
4 | Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор (Фонддун финансылык каражаттарын "МИК" ААК берүү) | n4 |
5 | Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча долбоорлор | n5 (3%дан кем эмес) |
| Бардыгы | n1 + n2 + n2 + n4 + n5 = (100%) |
Фонддун чыгымдарынын ар бир категориясы боюнча фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин жалпы суммасынын пайызы учурдагы жылдын 30-январынан кечиктирилбестен Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен аныкталат жана бекитилет.
4-глава. Фонддун башкаруу органдары
15. Фонддун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жогорку башкаруу органы - Фонддун Байкоочу кеңеши;
2) аткаруучу орган - Фонддун дирекциясы.
§ 1. Фонддун Байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктары
16. Фонддун Байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктары:
1) Фонддун ишинин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын кароо жана бекитүү;
2) долбоорлорду тандоо жана бекитүү;
3) учурдагы жылга бюджеттик каражаттардын, атайын эсептин каражаттарынын жана кийинки жылдарга болжолдуу көрсөткүчтөрдүн эсебинен каржылоонун көлөмүн бекитүү;
4) ишкердик субъекттерди каржылоо үчүн Фонддун акча каражаттарын алуу укугуна Фонд менен Банктын ортосундагы финансылык макулдашууну түзүү же бузуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
5) отчеттук жылда Банкка финансылык каражаттарды берүү үчүн каржылоонун көлөмүн бекитүү;
6) Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн акча каражаттарын алуу укугуна Фонд менен "МИК" ААК ортосунда финансылык макулдашууну түзүү же бузуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
7) Фонддун дирекциясынын экономикалык долбоорлорду каржылоого багытталган каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчетун угуу;
8) Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына аудит жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
9) конкурстук тандоонун катышуучуларынын дооматтары боюнча чечимдерди берүүнүн, кароонун жана кабыл алуунун тартибин бекитүү;
10) конкурстук тандоонун катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо;
11) каражаттардын күтүлүүчү түшүүлөрүн эске алуу менен ар бир финансылык жылга бюджеттик каражаттар жана атайын эсептин каражаттары боюнча Фонддун чыгымдарынын сметасын бекитүү;
12) Фонддун дирекциясынын штаттык расписаниесин жана чыгымдарынын сметасын бекитүү;
13) Фонддун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо методикасын бекитүү;
14) Фонддун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн топтун курамын кароо, бекитүү жана мониторинг жүргүзүү тобунун отчетун угуу;
15) Фонддун дирекциясы тарабынан долбоордун "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылышы боюнча чечим кабыл алуу;
16) Фонддун кызматкерлерине коюлуучу квалификациялык талаптарды бекитүү жана алардын негизинде Фонддун аткаруучу директору кызмат ордуна талапкерлерди тандоону жүргүзүү;
17) Фонддун акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
18) Фонддун бюджеттик каражаттары жана атайын эсебинин каражаттары боюнча Фонддун чыгымдарынын сметасынын, ошондой эле Фонддун дирекциясынын чыгымдарынын сметасынын аткарылышы жөнүндө Фонддун дирекциясынын отчетун угуу жана бекитүү.
17. Фонддун Байкоочу кеңеши өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Фонддун дирекциясынан жана мониторинг жүргүзүү тобунан өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого;
2) Фонддун дирекциясы жана мониторинг жүргүзүү тобу берген документтерди толуктап иштеп чыгууга жөнөтүүгө;
3) Фонддун Байкоочу кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттер жана адистер, техникалык кызматтар менен консультацияларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
4) Фонддун уюштуруучусуна Фонддун аткаруучу директору өзүнүн функцияларын аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда ага карата чараларды көрүү жөнүндө сунушту жөнөтүүгө;
5) Фонддун уюштуруучусуна Фонддун аткаруучу директору кызмат ордуна дайындоо же кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштоого.
§ 2. Фонддун Байкоочу кеңешинин ишин уюштуруу
18. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталыштарда катышат.
19. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмаштыруу укугусуз катышат. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөсү жок учурда ал каралуучу маселелер боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу.
20. Органдын/уюмдун Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына киргизилген өкүлүнүн мүчөлүгү анын аты-жөнүн, кызмат ордун, ошондой эле өкүлү алмашкан учурда себептерин көрсөтүү менен тийиштүү органдын/уюмдун расмий каты менен ырасталат.
21. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 9 адамдан кем болбоого тийиш.
22. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тескемесинин негизинде анын биринчи орун басары;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
3) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
4) калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жаатындагы мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
5) айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
6) архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
7) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын 30%ына чейинки өлчөмдө Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына киргизилген коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү;
8) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы курамынын 30%ы өлчөмүндө айыл аймактарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин төрагалары.
23. Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын чечиминин негизинде анын биринчи орун басары;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
3) райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын экономика чөйрөсүндөгү түзүмдүк бөлүмүнүн өкүлү;
4) калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
5) агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
6) архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
7) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын 30%ына чейинки өлчөмдө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына киргизилген коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү;
8) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы курамынын 30%ы өлчөмүндө айыл аймактарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин төрагалары.
24. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечиминин негизинде анын биринчи орун басары болуп саналат.
25. Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын чечиминин негизинде анын биринчи орун басары болуп саналат. Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасынын орун басары бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук бөлүмүнүн жетекчиси болуп саналат.
26. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тескемеси менен 3 жылдан кем эмес мөөнөткө бекитилет.
Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын тескемеси менен 3 жылдан кем эмес мөөнөткө бекитилет.
27. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү Фонддун Байкоочу кеңеши кабыл алган, бардык формада Фонддун кызыкчылыктарына зыян келтирүүгө алып келген чечимдер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
28. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштары зарылчылыкка жараша, бирок кварталына кеминде бир жолу чакырылат.
29. Эгерде Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы ага анын курамынын жарымынан кем эмеси катышса, укуктуу болуп эсептелет.
30. Фонддун Байкоочу кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча анын чечими Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурда Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышында төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
31. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштары Фонддун дирекциясынын кызматкери болуп саналган Фонддун Байкоочу кеңешинин катчысы тарабынан протоколдоштурулат. Протоколго Фонддун Байкоочу кеңешинин төрагасы же жыйналышта төрагалык кылган адам, ошондой эле Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышка катышкан мүчөлөрү кол коёт. Протоколдун түп нускалары Фонддун дирекциясында сакталат.
32. Төрага жыйналышта жок учурда Фонддун Байкоочу кеңеши бул жыйналышка Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн арасынан төрагалык кылуучуну тандайт.
33. Фонддун Байкоочу кеңеши зарыл болгон учурда өзүнүн жыйналыштарына тийиштүү техникалык кызматтардын өкүлдөрүн, эксперттерди жана консультанттарды чакырууга укуктуу, алар жыйналышка добуш берүү укугусуз катышат.
34. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышын чакыруу жөнүндө маалымат күн тартибин, өткөрүү убактысын жана ордун көрсөтүү менен Фонддун дирекциясы тарабынан Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнө жыйналыш өтүүчү датага чейин он календардык күндөн кеч эмес маалымдалат.
35. Долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү мезгилинде Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн транспорттук чыгымдарын жана жашоо чыгымдарын Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын талаптарына жана бюджеттик мекемелер үчүн белгиленген ченемдерге ылайык Фонддун операциялык чыгымдары үчүн белгиленген лимиттин чегинде компенсациялоого жол берилет.
36. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышын видео-конференц-байланыш системасын колдонуу жолу менен өткөрүүгө жол берилет.
§ 3. Фонддун дирекциясы
37. Фонддун дирекциясы долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин ишин жана чечимдеринин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылат.
38. Фонддун дирекциясын уюштуруучунун же ал ыйгарым укук берген адамдын чечими боюнча эмгек келишимин андан ары узартуу мүмкүндүгү менен үч жылга чейинки мөөнөткө кызмат ордуна дайындалган Фонддун аткаруучу директору жетектейт.
39. Облусту өнүктүрүү фондунун аткаруучу директорун Фонддун Байкоочу кеңешинин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындайт.
40. Районду өнүктүрүү фондунун аткаруучу директорун Фонддун Байкоочу кеңешинин сунуштамасы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы дайындайт.
41. Фонддун дирекциясынын штаттык расписаниеси жана административдик чыгымдары Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилет.
Фонддордун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана алардын штаттык саны ушул Типтүү жобонун 99, 100-пункттарында аныкталган.
42. Фонддун аткаруучу директору менен иш берүүчүнүн ортосундагы келишимдик мамилелер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
43. Фонддун дирекциясы:
1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде долбоорлорду ишке ашыруу боюнча, ошондой эле Фонддун дирекциясынын операциялык жана күндөлүк чыгымдары боюнча финансылык операцияларды жүргүзөт;
2) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн, уюштуруучулардын суроо-талабы боюнча Фонддун иши жөнүндө маалыматтарды берет;
3) казыналык системасында Фонддун бюджеттик жана атайын эсептерин ачат;
4) өтүнмө ээсинен келип түшкөн долбоорлорду берилген документтердин толуктугу боюнча алдын ала тандоону жүргүзөт;
5) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча андан ары ишкердик субъекттерин каржылоо үчүн Фонддун акча каражаттарын алуу укугуна Фонддун Банк менен финансылык макулдашуусуна кол коюуну камсыз кылат;
6) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча Фонддун "МИК" ААК жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоордун башка катышуучулары менен финансылык макулдашууга кол коюуну камсыз кылат;
7) долбоордун аткаруучусу тарабынан келишимдин шарттары же долбоорду ишке ашыруу жол-жоболору бузулган учурда каржылоону токтотуп турат;
8) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча андан ары мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүү менен социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор боюнча товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды сатып алууну жүргүзөт;
9) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун аткаруучусу катары чыгат;
10) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте Фонддун акча каражаттарынын кыймылы боюнча эсепти жана отчеттуулукту жүргүзөт;
11) Фонддун дирекциясынын функцияларын жүзөгө ашыруу, долбоорлорго мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн адистерди, консультанттарды жалдайт;
12) Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин долбоорун, социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлордун тизмегин иштеп чыгат жана Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышына киргизет;
13) Фонддун дирекциясынын келерки жылга административдик чыгымдарынын тизмегин иштеп чыгат жана Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна жана бекитүүсүнө берет;
14) Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштарын уюштуруу боюнча ишти жүргүзөт;
15) аудит үчүн маалыматтарды даярдайт;
16) Фонддун Байкоочу кеңеши жактырган долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат;
17) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимдеринин негизинде Типтүү жобону ишке ашырууга багытталган башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
44. Фонддун аткаруучу директору:
1) Фонддун дирекциясынын ишин жетектейт;
2) долбоорлорду тандоо боюнча конкурстун жеңүүчүлөрү менен эки тараптуу келишимдерге Фонддун атынан кол коёт;
3) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде Банк/"МИК" ААК менен финансылык макулдашууга кол коёт;
4) долбоорлорду каржылоодо төлөм документтерине кол коёт;
5) Фонддун Дирекциясынын штаттык расписаниесин түзөт жана аны Фонддун Байкоочу кеңешине бекитүүгө берет;
6) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматкерлерди тандоону уюштурат;
7) Фонддун Дирекциясынын кызматкерлери менен эмгек келишимдерине кол коёт;
8) эмгек келишимдеринин, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын жоболорунун жана Фонддун дирекциясынын чыгымдар сметасынын мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында Фонддун дирекциясынын кызматкерлерин сыйлоо чаралары жөнүндө чечим кабыл алат;
9) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдерине ылайык кызматкердин тартиптик жосун жасагандыгы, башкача айтканда ага жүктөлгөн эмгектик милдеттерин өзүнүн күнөөсү боюнча аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тартиптик жаза жөнүндө чечим кабыл алат;
10) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимдеринин негизинде Типтүү жобону ишке ашырууга багытталган башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
45. Фонддун дирекциясы квартал сайын Фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалыматтарды расмий басылмаларга жарыялап турат, ошондой эле бул маалыматты жергиликтүү мамлекеттик администрациянын веб-сайтына (бар болсо) жана/же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын сайтына жайгаштырат.
46. Фонддун аткаруучу директору Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Фонддун акча каражаттарынын сакталышы, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
47. Квартал сайын жана ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Фонддун дирекциясы отчеттук жылда Фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчетту жана долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө отчетту даярдайт жана аны Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна, уюштуруучуга, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
48. Ар бир жылдын башында ошол жылдын 30-январынан кечиктирбестен Фонддун дирекциясы тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берген контролдук көрсөткүчтөрдүн негизинде Фондго акча каражаттарынын түшүүсүнүн болжолун даярдайт жана Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна киргизет.
5-глава. Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду берүүнүн тартиби
§ 1. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого долбоордук өтүнмө берүүнүн тартиби
49. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуу жөнүндө, ошондой эле келерки жылга долбоорлорду тандоону жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө маалымат учурдагы жылдын 1-июлунан кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-ресурстарында жарыяланат, маалыматтык такталарда жайгаштырылат.
50. Өтүнмө ээси социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор үчүн каржылоо алууга долбоордук өтүнмөнү тариздейт.
Фонддун кароосуна берилген жана муниципалдык менчик объектине тиешелүү болгон долбоордук өтүнмө жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
Мамлекеттик менчик объектине карата долбоордук өтүнмө тиешелүү мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
51. Фонддун дирекциясы өтүнмө ээлерине каттоо жөнүндө ырастоону берүү менен келип түшкөн долбоордук өтүнмөлөрдү каттайт жана келип түшкөн долбоордук өтүнмөлөрдүн толук толтурулушуна, техникалык документтердин болушуна, курулуш жана башка ченемдерге жана эрежелерге (уруксат берүүчү документтер, техникалык спецификациялар, долбоордук-сметалык документтер) ылайык келишине талдоо жүргүзөт.
Фонддун дирекциясы өтүнмө ээсинен маалыматты тактоого же кошумча документтерди суроого укуктуу.
52. Фонддун дирекциясы келип түшкөн ар бир долбоордук өтүнмөгө өзүнүн корутундусун тиркейт, анда өтүнменүн жана анын тиркемелеринин ушул Типтүү жобонун талаптарына, ошондой эле курулуш жана башка ченемдерге жана эрежелерге ылайыктуулугу көрсөтүлөт.
53. Келерки жылга долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуунун чектик мөөнөтү учурдагы жылдын 30-ноябрынан кечиктирбестен белгиленет.
54. Фонддун Байкоочу кеңеши учурдагы жылдын 30-декабрынан кечиктирбестен долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча жыйналыш өткөрөт.
55. Фонддун дирекциясы Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы башталганга чейин беш күндөн кечиктирбестен алдын ала изилдөө үчүн долбоорлор боюнча корутундуларды тиркөө менен долбоордук өтүнмөлөрдүн көчүрмөлөрүн Фонддун Байкоочу кеңешинин бардык мүчөлөрүнө жиберет.
56. Долбоорлорду тандоо Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү тарабынан социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду тандоо критерийлерине ылайык коюлган баллды эсептөөнүн негизинде жүргүзүлөт.
57. Жеке менчик жер участогунун чек араларынын чегинде мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин объекттерин курууну, реконструкциялоону каржылоого жол берилбейт.
58. Коюлган балл боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин катчысы долбоорлордун рейтингин аныктайт жана ушул Типтүү жобонун 14-пунктуна ылайык пайыздык катышта социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо үчүн каралган, келерки жылы Фонддун жылдык болжолдонгон бюджетинен ашпаган суммалык бюджети менен долбоорлордун тизмегин түзөт.
59. Долбоорлордун тизмеги Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышынын протоколу менен бекитилет жана мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле Фонддун уюштуруучусуна ушул Типтүү жобонун 81-пунктунда аныкталган мөөнөттө жиберилет.
60. Долбоорлордун бекитилген тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу чечим жыйналышка катышкан Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн 2/3 добушу менен кабыл алынат.
Долбоорлордун рейтингин жана өтүнмө берилген долбоорлордун тизмегин өзгөртүү үчүн өзгөчө негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- долбоорлорду тандоо жол-жоболорун бузуунун ырасталган фактыларынын болушу;
- бекитилген долбоорду башка булактардын эсебинен каржылоо жөнүндө ырасталган факттардын болушу;
- Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан тандоонун башка катышуучуларынын канааттандырылган дооматынын болушу;
- Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышуудан өтүнмө ээсинин баш тартуусу.
61. Тандоонун жыйынтыгы боюнча Фонддун аткаруучу директору тийиштүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын атынан долбоорду аткаруучу менен Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо жөнүндө келишимге кол коёт.
Эгерде долбоордун аткаруучусу Фонддун дирекциясы болуп саналса, тиешелүү мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрү жана аларды баланска өткөрүү жөнүндө келишим түзүлөт.
§ 2. Банк аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоого долбоордук өтүнмөлөрдү берүү тартиби
62. Фонддун дирекциясы ишкердик субъекттеринен экономикалык долбоорлорду каржылоого өтүнмөлөрдү кабыл алууну кварталдык негизде учурдагы кварталдын экинчи айынын 1инен кечиктирбестен жүзөгө ашырат.
63. Фонддун дирекциясы өтүнмө ээлерине тийиштүү билдирүү менен өтүнмөлөрдү каттайт жана 10 календардык күндүн ичинде келип түшкөн долбоордук өтүнмөлөрдүн толук толтурулушуна талдоо жүргүзөт жана Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнө таанышууга жиберет.
Зарылдыгына жараша өтүнмө ээсинен керектүү маалыматты тактайт же кошумча документтерди сурайт.
64. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы учурдагы кварталдын экинчи айынын 20сынан кечиктирбестен өткөрүлөт.
65. Долбоорлорду тандоо Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү тарабынан экономикалык долбоорлорду тандоо критерийлерине ылайык коюлган баллды эсептөөнүн негизинде жүргүзүлөт.
Коюлган балл боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин катчысы долбоорлордун рейтингин аныктайт жана Фонддун Банктагы эсебинде турган финансы каражаттарынын суммасынан ашпаган суммалык бюджети менен долбоорлордун тизмегин түзөт.
Учурдагы тизмекке Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан өткөн кварталда келип түшкөн жана жактырылган, бирок Банктагы Фонддун финансылык каражаттарынын жетишсиздигинен улам тизмекке киргизилбеген долбоорлор артыкчылыктуу тартипте киргизилет.
66. Долбоорлордун тизмеги Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйынынын протоколу менен бекитилет жана жактырылган долбоорлордун өтүнмө ээлерине Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин көчүрмөсүн Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы өткөндөн кийин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен берүү менен банкка жөнөтүлөт.
67. Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен жактырылган долбоорлордун өтүнмө ээлери Банктын талаптарына жана шарттарына ылайык зарыл документтерди андан ары берүү үчүн Банкка кайрылышат.
68. Банктын талаптарына жана шарттарына ылайык өтүнмө ээлери тарабынан Банк менен тиешелүү кредиттик келишим түзүлөт. Банктын талаптарына жана шарттарына ылайык келбеген долбоорлор Банк тарабынан четке кагылат.
§ 3. Банк аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоо тартиби
69. Банк аркылуу каржылоого пландалган экономикалык долбоорлор регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүгө тийиш.
Тамеки жана тамеки продукциясын, алкоголдук ичимдиктерди, курал-жарактарды жана ок-дарыларды, баңги жана психотроптук заттарды (медициналык маанидеги препараттардан тышкары) жана жарандык жүгүртүүдөн алынган же жарандык жүгүртүүгө чектелген башка товарларды өндүрүүгө багытталган долбоорлорду, ошондой эле мажбурлап иштетүүнү жана балдар эмгегин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган иштин башка түрлөрүн каржылоого тыюу салынат.
70. Фонддун дирекциясы:
1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде Банкка экономикалык долбоорлорду Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо укугун Банкка өткөрүп берүү жөнүндө финансылык макулдашууну түзүү ниети тууралуу жазуу жүзүндө суроо-талап жөнөтөт;
2) Банк менен финансылык макулдашуу түзөт;
3) квартал сайын ишкердик субъекттеринин өтүнмөлөрүн чогултууну жүзөгө ашырат жана Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна киргизет;
4) Банкка жана өтүнмө ээлерине жактырылган экономикалык долбоорлордун тизмеги менен Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин көчүрмөсүн берет;
5) Банктын кат жүзүндөгү билдирүүсү боюнча Банк тарабынан жактырылган ишкердик субъекттеринин долбоордук өтүнмөлөрүнүн акча каражаттарын андан ары кредиттөө үчүн Банктын банктык ички (транзиттик) эсебине которот;
6) карыздын негизги суммасын жана пайыздык кирешени төлөө боюнча Банк менен Фонддун ортосундагы төлөө графигинде каралган милдеттенмелерди аткаруу жолу менен квартал сайын Фонд менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү максатында Банк тарабынан ачылган банктык ички (транзиттик) кошумча эсепке өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырат.
Банктык ички (транзиттик) кошумча эсепке түшкөн акча каражаттары Фонддун чечими боюнча башка экономикалык долбоорлорду каржылоонун эсебине пайдаланылышы мүмкүн.
71. Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде Фонддун Банктагы бош акча каражаттары депозиттик эсепке мөөнөттүү салым жана/же Фондго тиешелүү пайыздарды чегерүү менен талап кылууга чейинки салым түрүндө жайгаштырылышы мүмкүн.
72. Банк:
1) Фонддун каражаттарынын эсебинен экономикалык долбоорлорду каржылоо укугун Банкка өткөрүп берүү жөнүндө финансылык макулдашууну түзүү ниети тууралуу Фонддун жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде Фонд менен финансылык макулдашууну түзөт;
2) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мурда жактырылган ишкердик субъекттеринен келип түшкөн кредиттик өтүнмөлөрдү квартал сайын карап чыгат жана долбоорлор Банктын ички талаптарына жана шарттарына ылайык келген учурда аларды кредиттөөнү жүзөгө ашырат;
3) ишкердик субъекттери үчүн чектелген пайыздык ставканы жана Фонддун акча каражаттарын пайдалангандыгы үчүн Банк тарабынан Фондго төлөнүүчү пайыздарды ушул Типтүү жобонун 73-пунктуна ылайык аныктайт;
4) Банк менен ишкердик субъекттин ортосундагы кредиттик келишимдин алкагында акча каражаттарын нак акчага айландыруу үчүн 0,5%дан ашпаган өлчөмдө комиссияны белгилейт (ишкердик субъект тарабынан жабылат);
5) квартал сайын карыздын негизги суммасын жана пайыздык кирешени төлөө боюнча Фонд менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн банктык ички (транзиттик) кошумча эсеп ачат;
6) Фонддун кабарлоосу боюнча Фонддун кошумча банктык ички (транзиттик) эсептериндеги бош акча каражаттарын банктык ички эсепке которулган учурдан тартып 30 күндүн ичинде жаңы экономикалык долбоорлорго кайра инвестициялайт, пайдаланылбаган акча каражаттары белгиленген тартипте республикалык бюджетке кайтарылат жана пландалган жылда тиешелүү Фонддун каражаттары катары бекитилет;
7) Банк каржылаган ар бир экономикалык долбоор боюнча карыздын негизги суммасын жана Фонддун пайыздык кирешесин Банк менен Фонддун ортосундагы төлөө графигин аткаруу мөөнөтү аяктагандан кийин Фонд менен Банктын ортосундагы салыштыруу актысы менен ырасталган, отчеттук күнгө карата кошумча банктык ички (транзиттик) эсептеги калдыкка барабар суммага Фонддун казыналык эсебине кайтарып берет;
8) зайымдык каражаттардын кайтарымдуулугу, камсыздуулугу, төлөнүшү, мөөнөттүүлүгү жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
9) каражаттарды пайдалануу боюнча квартал сайын Фондго отчет берет.
73. Фонддун финансылык шарттары:
1) ишкердик субъекттер үчүн чектелген пайыздык ставка:
5 жылга чейинки мөөнөткө инвестициялык ишти каржылоо үчүн - жылдык 6%, анын ичинде Фонддун пайыздык кирешеси - жылдык 2%;
3 жылга чейинки мөөнөткө жүгүртүү капиталын каржылоо үчүн - жылына 6%, анын ичинде Фонддун пайыздык кирешеси - жылдык 2%;
2) алыскы, жетүүгө кыйын, бийик тоолуу жана өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарда долбоорду ишке ашыруучу ишкердик субъекттери үчүн чектелген пайыздык ставка:
7 жылга чейинки мөөнөткө инвестициялык ишти каржылоо үчүн - жылдык 5,5%, анын ичинде Фонддун пайыздык кирешеси - жылдык 1,5%;
5 жылга чейинки мөөнөткө жүгүртүү капиталын каржылоо үчүн - жылдык 5,5%, анын ичинде Фонддун пайыздык кирешеси - жылдык 1,5%.
Алыскы, жетүүгө кыйын, бийик тоолуу жана өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарга кирген калктуу конуштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
74. Фонд менен Банктын ортосунда түзүлгөн финансылык макулдашуу Фонд менен Банктын ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу, ошол эле учурда ушул Типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду камтышы мүмкүн.
Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча Фонд жана Банк түзүлгөн финансылык макулдашууга кошумча макулдашууларды түзүүгө укуктуу.
75. Фонд менен Банктын ортосундагы кандай болбосун талаш-тартыштар, карама-каршылыктар жана түзүлгөн финансылык макулдашууга байланыштуу өз ара дооматтар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү же дооматтарды жөнөтүү аркылуу чечилет. Эгерде карама-каршылыктар жана өз ара дооматтар сүйлөшүүлөр аркылуу чечилбесе, анда алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш.
Форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда (ал жеткис күчтүн аракети) Банк форс-мажордун аракети учурунда түзүлгөн финансылык макулдашуу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарууну убактылуу токтотот же узартат. Форс-мажордук жагдайлардын келип чыгуу фактысы Банк менен Фонддун ортосундагы акт же башка тиешелүү документ менен таризделет. Форс-мажордун аракети токтотулган учурда Банк фонддун алдындагы милдеттенмелерин толук өлчөмдө жана минималдуу мөөнөттө аткарууга милдеттенет.
76. Банк тарабынан акча каражаттарынын бардык суммасын (бөлүгүн) кайтарып берүү боюнча милдеттенмелер аткарылбаган шартта, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын суммасына Банк тарабынан түзүлгөн финансылык макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтүн өткөрүп жиберген учурдан тартып - мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын бардык суммасын кошо алганда, иш жүзүндө төлөнгөн күнгө чейин жылдык 4% ставка боюнча пайыздар чегерилет.
Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайра уюштурулган, анын ичинде жоюлган учурда Банктын Фонддун алдындагы финансылык карызын талап кылуу укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
§ 4. Долбоорду аткаруучунун милдеттери
77. Долбоордун аткаруучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) долбоорду аткаруучу менен Фонддун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык долбоорду ишке ашырууну камсыз кылууга;
2) долбоорду ишке ашырууга катышуу үчүн жергиликтүү коомдоштукту зарылдыгына жараша мобилизациялоону камсыз кылууга;
3) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоор боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүгө;
4) зарылдыгына жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан долбоордун аткарылышы үчүн техникалык көзөмөлдү камсыз кылууга;
5) мониторингдин натыйжаларынын негизинде долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө калкты маалымдоого.
78. Квартал сайын жана долбоор боюнча иштерди аяктоонун жыйынтыгы боюнча долбоорду аткаруучу Фондго финансылык отчетту жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту белгиленген форма боюнча берет.
Эгерде долбоорду аткаруучу Фонддун дирекциясы болуп саналса, квартал сайын жана долбоор боюнча иштерди аяктоонун жыйынтыгы боюнча долбоорду аткаруучу бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга финансылык отчетту жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту белгиленген форма боюнча берет.
6-глава. Фонддун финансылык каражаттарын түзүү жана чыгымдоо тартиби
§ 1. Фонддун финансылык каражаттарын түзүү тартиби
79. Фонддордун финансылык каражаттары төмөнкүдөй түзүлөт:
1) бюджеттик эсептер боюнча:
- пайдалуу кендерди иштетүүнү (казып алууну) жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жактар тарабынан республикалык бюджетке чегерилүүчү, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык Фонддор боюнча бөлүштүрүлүүчү, аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө жана максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга арналган каражаттардын эсебинен;
- ушул Типтүү жобонун 101-105-пункттарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен;
- түзүлгөн финансылык макулдашууга ылайык Банк тарабынан Фондго негизги карызды кайтаруунун натыйжасында алынган каражаттардын эсебинен;
- түзүлгөн финансылык макулдашууга ылайык "МИК" ААК тарабынан Фондго негизги карызды кайтаруунун натыйжасында алынган каражаттардын эсебинен;
2) атайын эсептер боюнча:
- демөөрчүлүк жардамдын жана ыктыярдуу төгүмдөрдүн эсебинен;
- кайрымдуулук же гранттык жардамдын эсебинен;
- биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөрдүн эсебинен;
- түзүлгөн финансылык макулдашууга ылайык Банк тарабынан Фондго Фонддун пайыздык кирешесин кайтаруунун натыйжасында алынган каражаттардын эсебинен;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган башка каражаттар.
80. Фонддордун салыктык эмес кирешелери боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берет.
§ 2. Долбоорлорду ишке ашырууга Фонддун акча каражаттарын чыгымдоо тартиби
81. Фонддун дирекциясы учурдагы жылдын 10-февралынан кечиктирбестен бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Типтүү жобонун 14-пунктуна ылайык Фонддун Байкоочу кеңешинин учурдагы жылга Фонддун чыгымдарынын сметасын категориялар боюнча бекитүү жөнүндө чечимин киргизет.
82. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Фонддун жылдык бюджетин бекитет, Фонддун өткөн жылдагы бюджетинин өтмө калдыктарын учурдагы жылдын бюджетине киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин учурдагы жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен кабыл алууну камсыз кылат.
83. Фонд өзүнүн эсептеринде финансылык каражаттар болгон учурда учурдагы айдын 5ине чейинки мөөнөттө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каржылоону ачууга өтүнмө жиберет. Эгерде өтүнмө ушул айдын 5инен кийин берилсе, анда каржылоого өтүнмө кийинки айда каралат.
84. Фонддун кассалык чыгымдары, чыгымдар сметасы "Имараттар жана курулмалар" 3111-беренеси жана "Кредиттер, ссудалар, зайымдар" 3214-беренеси боюнча түзүлөт, калыптанат жана каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясында белгиленген тартипте жөнөкөйлөштүрүлгөн казыналык жол-жоболор боюнча жүзөгө ашырылат.
85. Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү болуп саналган Фонд тандалган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча акча-төлөм операцияларын аткаруу менен бөлүнгөн каражаттардын чегинде чыгашаларды жүзөгө ашырат.
86. Түшүүлөр тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген каражаттардын көлөмүнөн ашып кеткен учурда сметалык багыттарды тактоо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
87. Фонддун акча каражаттарынын кыймылын эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
88. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо Фонддун аткаруучу директору менен долбоорду аткаруучунун атынан Фонддун ортосунда кол коюлган эки тараптуу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
Банк аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоо Банк менен ишкердик субъекттин ортосунда кол коюлган эки тараптуу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду каржылоо Фонд, "МИК" ААК жана долбоордун башка катышуучуларынын (бар болсо) ортосунда кол коюлган финансылык макулдашуунун негизинде ишке ашырылат.
89. Долбоорлор боюнча төлөмдөргө мониторинг жүргүзүү жана контролдоо Фонд тарабынан жүзөгө ашырылат. Фонд белгиленген тартипте төмөнкүдөй отчетторду берет:
1) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сметанын аткарылышы жөнүндө;
2) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө.
90. Фонд тарабынан социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо долбоорду ишке ашыруу графиги боюнча аткарылган иштердин актысынын жана долбоорду аткаруучу тарабынан берилген долбоорду каржылоо планы боюнча аткарылган транштын актысынын негизинде жүзөгө ашырылат.
Банк аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн каралган каражаттар Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан бекитилген Банк аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоонун болжолдуу көлөмүнүн негизинде Фонд тарабынан бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген өтүнмөнүн негизинде Фонддун Банктагы эсебине которулат.
91. Учурдагы жылдын аягында өздөштүрүлбөгөн Фонддун каражаттарынын калдыктары белгиленген тартипте республикалык бюджетке кайтарылат жана пландалган жылда тиешелүү Фонддун каражаттары катары бекитилет.
Банк жана "МИК" ААК тарабынан кайтарылган Фонддун акча каражаттары фонддун учурдагы жылдагы калдыгы болуп саналат жана пландалган жылдагы тиешелүү Фонддун каражаттары катары бекитилет.
7-глава. Фонддун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо
92. Фонддун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
1) Фонддун ишинин ушул Типтүү жободо жана Фонддун Уставында аныкталган эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык келиши;
2) каражаттарды максаттуу пайдалануу жана анын бекитилген пландарга шайкештиги;
3) долбоорлорду жана кредит берүү программаларын аткаруунун натыйжалуулугун баалоо;
4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
93. Фонддун дирекциясы мониторинг жүргүзүү жана баалоо методикасын иштеп чыгат, ал Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилет.
94. Фонддун дирекциясынын сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңеши Фонддун мониторингдик тобунун курамын бекитет. Мониторингдик топтун курамына Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
95. Мониторингдик топтун мүчөлөрү Фонддун маалыматтарына жана документтерине эркин жетүү укугуна ээ.
96. Мониторингдин жыйынтыктары отчет түрүндө таризделет, анда мониторингдин жыйынтыктары жана четтөөлөрдү жоюу боюнча сунуштамалар чагылдырылат.
97. Мониторингдик топтун отчету Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштарында жылына 2 жолудан кем эмес угулат.
98. Мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктары боюнча Фонддун отчету жыл сайын бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
8-глава. Өзгөчө шарттар
§ 1. Региондорду өнүктүрүү фонддорунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана алардын штаттык саны
99. Фонддун дирекциясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн 7040 сом өлчөмүндө минималдуу базалык ставка белгиленет, ал Фонддун кызматкерлеринин кызматтык маяналарын (мындан ары - кызматтык маяналар) эсептөө үчүн негиз болуп саналат, мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
100. Кызматтык маяналар минималдуу базалык ставкадан, кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттеринен жана жалпы иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдөн, анын ичинде төмөнкүлөрдү төлөө менен түзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк;
2) эмгек өргүүгө чыгууда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
3) календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.
1-таблица. Фонддун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Фонддун болжолдуу жылдык бюджетинде эселөө коэффициенттери, млн. сом | ||
50дөн аз | 50-100 | 100дөн ашык | ||
1 | Аткаруучу директор | 4,07 | 4,48 | 4,92 |
2 | Башкы бухгалтер | 3,63 | 3,99 | 4,39 |
3 | Башкы адис | 3,26 | 3,59 | 3,94 |
4 | Жетектөөчү адис | 2,98 | 3,28 | 3,61 |
5 | Адис | 2,43 | 2,67 | 2,94 |
6 | Кызматтык жайларды тазалоочу (техничка) | 1 | 1 | 1 |
2-таблица. Фонддун кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрүнүн өлчөмдөрү
№ | Иш стажы | Пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү,% |
1 | 1ден 3 жылга чейин | 5 |
2 | 3төн 5 жылга чейин | 10 |
3 | 5тен 10 жылга чейин | 15 |
4 | 10дон 15 жылга чейин | 20 |
5 | 15тен 20 жылга чейин | 25 |
6 | 20дан 25 жылга чейин | 30 |
7 | 25 жылдан жогору | 40 |
3-таблица. Фонддун кызматкерлеринин типтүү штаттык саны
№ | Кызмат орундардын аталышы | Фонддун болжолдуу жылдык бюджетинде штаттык бирдиктердин саны, млн. сом | |||
50дөн аз | 50-100 | 100дөн ашык | 200дөн ашык | ||
1 | Аткаруучу директор | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Башкы бухгалтер | 1 | 1 | 1 | 1 |
3 | Башкы адис | 1 | 1 | 1 | 1 |
4 | Жетектөөчү адис | - | 1 | 1 | 2 |
5 | Адис | - | - | 1 | 1 |
6 | Кызматтык жайларды тазалоочу (техничка) | 1 | 1 | 1 | 1 |
(*) Эскертүү: штаттык бирдик зарылдыгына жараша Фонддун чечими менен киргизилет.
§ 2. Региондорду өнүктүрүү фонддоруна республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүштүрүү тартиби
101. Республикалык бюджеттен каражаттар эки топ боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
1) Облустарды өнүктүрүү фонддору боюнча - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген ушул топ боюнча республикалык бюджеттеги каражаттардын көлөмүнөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык кошумча бөлүштүрүлөт, буга ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө чегерүүлөр келип түшкөн облустар кирбейт;
2) Райондорду өнүктүрүү фонддору боюнча - каражаттар ар бир районго бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген ушул топ боюнча республикалык бюджеттеги каражаттардын көлөмүнөн кирешелердин көлөмүнө жараша (активдерди, милдеттенмелерди жана атайын каражаттарды эсептен чыгаруу менен), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык кошумча бөлүштүрүлөт, буга № 4 таблицага ылайык ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө 20000000 (жыйырма миллион) сомдон ашык чегерүүлөр келип түшкөн райондор кирбейт.
4-таблица. Райондук фонддорго республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын өлчөмдөр
Райондордун кирешелеринин көлөмү (ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө чегерүүлөр 20000000 (жыйырма миллион) сомдон аз болгон жерлерде | Фондго берилүүчү республикалык бюджеттин каражаттарынын суммасы | Райондук маанидеги шаарлар бар жерлерде Фондго берилүүчү республикалык бюджеттин кошумча каражаттары |
Райондор боюнча кирешелердин орточо деңгээлинен төмөн | 30000000 (отуз миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
Райондор боюнча кирешелердин орточо деңгээлинен жогорку деңгээлине чейин | 20000000 (жыйырма миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
Райондор боюнча кирешелердин жогорку деңгээлинен ашык | 20000000 (жыйырма миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
102. Фонддорго республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттардын көлөмү республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилет.
103. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Фонддордун өтүнмөлөрүнө ылайык кассалык планды ай сайын бекитет. Фонддор берилген өтүнмөлөр боюнча кассалык планды ачат жана каржылоону ишке ашырат.
104. Фонд чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен чыгымдарды өз убагында жана толук каржылоону жүргүзөт.
105. Фонддордогу республикалык бюджеттин каражаттарынын калдыктары учурдагы жыл аяктагандан кийин республикалык бюджетке кайтарылат.
Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан учурдагы жылы бекитилген, бирок каржыланбаган долбоорлор пландалган жылда Фонддун жылдык бюджетинде эске алынууга жана биринчи кезектеги тартипте каржыланууга тийиш.
9-глава. Кызыкчылыктардын кагылышы
106. Эгерде Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү, Фонддун дирекциясы Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоонун алкагында каралып жаткан кандай болбосун долбоорго жеке кызыкчылыгы бар болсо, алар тиешелүү маселени талкуулоодон жана аны кароо жана ал боюнча чечим кабыл алуу учурунда добуш берүүгө катышуудан карманууга тийиш.".
|
| 2-тиркеме |
|
| "8-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү фонддорунун ишине мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун ТИПТҮҮ МЕТОДИКАСЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү методикада колдонулуучу түшүнүктөр:
1) индикатор - кандайдыр бир натыйжага же таасирге жетишүү даражасын мүнөздөгөн көрсөткүч;
2) мониторинг - белгиленген пландарды аткаруунун жүрүшүн көзөмөлдөө жана иш жүзүндөгү аракеттердин/натыйжалардын белгиленген стандарттарга же ченемдерге ылайык келишин текшерүү үчүн маалыматтарды топтоонун жана талдоонун үзгүлтүксүз процесси;
3) баалоо - убакыттын өтүшү менен кубулуштардын же көрсөткүчтөрдүн натыйжалуулугун, таасирин жана туруктуулугун талдоонун натыйжасы.
2. Типтүү методиканын максаты Фонддордун дирекцияларына жана Фонддордун Байкоочу кеңештерине уюмдун ишине жана ишке ашырылган долбоорлорго натыйжалуу мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого жардам көрсөтүү болуп саналат. Типтүү методика ошондой эле Фонддордун Типтүү жободо көрсөтүлгөн мониторинг жүргүзүү жана баалоо (мындан ары - МБ) боюнча талаптарды аткаруусун камсыз кылат.
3. Фонддун дирекциясы ар жылдык негизде, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен, МБнын жыйынтыгы боюнча отчетторду түзөт жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
2-глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын уюштуруу
4. Фонддун дирекциясы Типтүү методиканын негизинде өзүнүн мониторинг жүргүзүү жана баалоо методикасын иштеп чыгат, ал Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилет. Фонддун дирекциясынын сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңеши Фонддун мониторинг тобунун курамын бекитет. Мониторинг тобунун сунушталган курамы:
1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мониторинг тобунун жетекчиси тарабынан дайындалуучу Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү;
2) Фонддун уюштуруучусунун өкүлү;
3) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мониторинг тобунун курамына берилген, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү;
4) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мониторинг тобунун курамына берилген, коммерциялык же коммерциялык эмес уюмдардын атынан Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү;
5) Фонддун аткаруучу директорунун буйругу менен мониторинг тобунун курамына берилген Фонддун дирекциясынын өкүлү.
5. Мониторинг тобунун мүчөлөрү Фонддун маалыматтарына жана документтерине эркин жетүүгө укуктуу.
6. Мониторинг тобунун жетекчиси мониторинг тобунун мүчөлөрүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорун чогултуу жана талдоо боюнча тапшырмаларды бөлүштүрөт.
7. Мониторинг тобу 31-декабрга чейинки мөөнөттө кийинки жылга мониторинг жүргүзүү жана баалоо планын иштеп чыгат.
8. Мониторингдин планы Фонддун аткаруучу директору тарабынан бекитилет. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо планынын формасы ушул Типтүү методиканын 1-тиркемесинде берилген.
3-глава. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун максаттары жана түрлөрү
9. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун максаты - бөлүнгөн финансы каражаттарынын чегинде Фонддун ишине жана ишке ашырылган долбоорлорго коюлган максаттарга жетүү предметине реалдуу убакыт режиминде байкоо жана баалоо.
10. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун негизги максаты - башкаруу чечимдерин кабыл алуу жөнүндө маалымат берүү. Маалымат жетиштүү, анык, өз убагында, ишенимдүү болушу керек.
11. Мониторинг "эмне болду?" жана "баштапкыларга же белгиленгендерге салыштырмалуу кандай четтөөлөр аныкталды (кырдаалды талдоосуз)?" деген суроолорго жооп берет.
Баалоо "натыйжаларга кантип жетишилди?", "эмне үчүн четтөөлөр пайда болду?" жана "каталарды кантип оңдоого болот (жагдайды талдоо менен)?" деген суроолорго жооп берет.
12. Типтүү жобонун талаптарына (Типтүү жобонун 7-главасы) ылайык МБнын төмөнкүдөй түрлөрү аныкталган:
1) Фонддун ишинин белгиленген эрежелерине жана жол-жоболорго ылайык келиши;
2) финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоо;
3) долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо;
4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
13. МБ системасын даярдоонун типтүү этаптары аныкталды (1-диаграмманы караңыз).
1-диаграмма. МБ системасын даярдоонун этаптары
14. Индикатор кандайдыр бир жетишкендиктерди өлчөө каражаты катары кызмат кылат. Ал Фонддун ишинин натыйжасында же долбоорду ишке ашырууда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү чагылдырат. Индикатор максатка канчалык жеткендигине жооп берүүгө мүмкүндүк берет, башкача айтканда реалдуу натыйжаларды пландалгандар менен салыштырат.
15. МБ системасын түзүү үчүн индикаторлордун төмөнкүдөй түрлөрүн колдонуу сунушталат:
- процесстин индикаторлору - планда убактысы боюнча жана аткарылуу факты боюнча чагылдырылган белгилүү бир иш-аракеттер кандайча аткарылып жаткандыгы жөнүндө маалыматты чагылдырат,
- натыйжалардын индикаторлору - иш-аракет аяктагандан кийин же анын аралык этабында натыйжага жетишүү жөнүндө маалыматты чагылдырат;
- таасир этүүчү индикаторлор - субъекттин ишинин же кандайдыр бир долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында белгилүү бир объектке тийгизген таасирди көрсөтөт.
16. Ушул Типтүү методиканын алкагында сандык жана сапаттык индикаторлор да колдонулат:
- сандык индикаторлор - сандык мүнөздөмөлөргө мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн колдонулуучу индикаторлор, мисалы: бөлүнгөн каражаттардын көлөмү, долбоорлордун саны, карыздардын көлөмү;
- сапаттык индикаторлор - сапаттык мүнөздөмөлөрдү чагылдырат, мисалы: канааттануу, кабыл алуу, бир нерсеге мамиле кылуу даражасы.
17. Ар бир индикатор пландалган көрсөткүчкө салыштырмалуу бааланат. Пландык көрсөткүчтүн мааниси 100%га теңдештирилет. Индикатор иш жүзүндөгүнүн пландык көрсөткүчкө катышы катары бааланат. Индикаторлордун аталышы жана алардын пландуу маанилери бардык Фонддор үчүн бирдей болуп саналат.
18. Индикаторлордун ар бир тобу боюнча орточо мааниси эсептелет. 1-таблицада индикаторлорго баалоо жүргүзүүнүн мисалы келтирилген.
1-таблица. Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык келүү индикаторлорунун тизмеги(*)
№ | Индикатордун аталышы | Пландык мааниси | Иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторду баалоо (Иш жүзүндөгү мааниси/Пландык мааниси)*100% |
1 | Ишке ашырылуучу долбоорлорго Фонд тарабынан мониторингдик сапарлардын саны | Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жалпы санынын 20%ынан кем эмеси (100%) | Долбоорлордун жалпы санынын 26%ында мониторинг жүргүзүлгөн | 26/20*100%=130% |
2 | Фонддун иши жөнүндө маалыматты туруктуу негизде жарыялоо жана жаңылоо | Жылына кеминде 4 жолу (100%) | 1 жаңылоо | 1/4*100=25% |
3 | Индикатордун орточо баасы |
|
| (130%+25%)/2=78% |
(*) Мисал.
3.1. Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык келиши
19. Индикаторлор өтүнмө ээлери тарабынан Фонддун дарегине берилүүчү долбоорлорду кабыл алуу, баалоо, бекитүү, каржылоо боюнча жол-жоболордун Типтүү жободо көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык келишин баалайт.
20. Сандык маанилерин, баалоо методдорун, маалымат булактарын, баалоонун мезгилдүүлүгүн көрсөтүү менен Фонд тарабынан жол-жоболордун сакталышын баяндаган индикаторлордун тизмеги 2-таблицада берилген.
21. Индикаторлордун ар бир тобу боюнча орточо мааниси эсептелет.
2-таблица. Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык келүү индикаторлорунун тизмеси
№ | Индикатордун аталышы | Пландык мааниси | Иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторду баалоо (Иш жүзүндөгү мааниси/Пландык мааниси)*100% |
1 | Ишке ашырылуучу долбоорлорго Фонд тарабынан мониторингдик сапарлардын саны | Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жалпы санынын 20%ынан кем эмеси (100%) | Иш жүзүндө жүргүзүлгөн мониторингдик сапарлардын пландык мааниден үлүшү (%) |
|
2 | Фонддун Байкоочу кеңешинин курамында коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн болушу | Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн санынын 30%ынан кем эмеси (100%) | Байкоочу кеңештин курамындагы коммерциялык жана коммерциялык эмес сектордун өкүлдөрүнүн иш жүзүндөгү үлүшү (%) |
|
3 | ЖӨБ органдарынын жана мамлекеттик органдардын Фонддун ишине канааттануу даражасы (МБ сапаттык индикаторлорду жүргүзүү методикасы ушул Типтүү методиканын 2-тиркемесинде келтирилген) | Сурамжылоого катышкандардын 50%ынан кем эмеси Фонддун ишин "эң жакшы", "жакшы" деп баалаган (100%) | Фонддун ишин "эң жакшы", "жакшы" деп баалаган сурамжылоого катышкандардын иш жүзүндөгү үлүшү (%) |
|
4 | Индикатордун орточо баасы |
|
|
|
3.2. Финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоо
22. Индикаторлор Фонддун жана долбоорду аткаруучулардын Каржылоо планына жана долбоордун иш планына ылайык долбоорду каржылоону камсыз кылуу жөндөмдүүлүгүн жана жоопкерчилигин баалайт.
23. Финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын баяндаган индикаторлордун тизмеги 3-таблицада келтирилген.
3-таблица. Финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоонун индикаторлорунун тизмеги
№ | Индикатордун аталышы | Пландык мааниси | Иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторду баалоо (Иш жүзүндөгү мааниси/Пландык мааниси)*100% |
1 | Каржылоонун жалпы көлөмүнө карата экономикалык долбоорлор боюнча каржылоо көлөмүнүн ортосундагы катышты сактоо (Фонд экономикалык долбоорлорду каржылоо боюнча өз чечимдерин кантип аткарып жаткандыгын көрсөтөт) | Байкоочу кеңештин чечими менен экономикалык долбоорлорго бөлүнгөн каржылоонун көлөмү (100%) | Экономикалык долбоорлор боюнча каржылоо көлөмүнүн иш жүзүндөгү мааниси (%) |
|
2 | Иш жүзүндөгү сметасы пландык сметага дал келген долбоорлордун саны (смета боюнча чыгымдардын иш жүзүндөгү статьялары смета боюнча пландык чыгымдарга ылайык келүүгө тийиш) | Макулдашылган смета менен бекитилген долбоорлордун саны (100%) | Сметадан четтөөсү бар долбоорлордун жалпы санынан иш жүзүндө ишке ашырылган долбоорлордун үлүшү (%) |
|
3 | Индикатордун орточо баасы |
|
|
|
3.3. Долбоорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо
24. Индикаторлор бекитилген бюджеттердин алкагында бүткөрүлгөн долбоорлордун максаттарына жана милдеттерине жетишүүнү баалайт.
25. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо индикаторлору 4-таблицада келтирилген.
4-таблица. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо индикаторлору
№ | Индикатордун аталышы | Пландык мааниси | Иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторду баалоо (Иш жүзүндөгү мааниси/Пландык мааниси)*100% |
1 | Аяктаган долбоорлордун саны (инфраструктуралык долбоорлор үчүн объектти пайдаланууга киргизүү актынын болушу, техника, жабдуулар үчүн муниципалдык мүлктүн реестрине киргизүү аяктоо болуп саналат) | Учурдагы жылга Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилген долбоорлордун саны (100%) | Иш жүзүндө аяктаган долбоорлордун саны |
|
2 | Бардык пландалган индикаторлорго жеткен долбоорлордун саны (мисалы: "Футбол боюнча секцияны уюштуруу" долбоорунда 2 жумушчу орун түзүлүп, 25 бала футбол менен машыгары көрсөтүлгөн. Иш жүзүндө 3 жумушчу орун түзүлүп, 30 бала иштейт. Долбоор өз максатына жетти) | Бардык ишке ашырылган долбоорлордун санын көрсөтүү (100%) | Билдирилген максаттарга жетишилген долбоорлордун санын, индикаторлорун көрсөтүү |
|
3 | Акыркы керектөөчүлөрдүн ишке ашырылган долбоорлордун натыйжаларына канааттануу даражасы. (МБ сапаттык индикаторлорду өткөрүү методикасы ушул Типтүү методиканын 2-тиркемесинде келтирилген) | 3,5 баллдан кем эмес орточо балл (100%) | Анкетанын жыйынтыгы боюнча анык баалоо |
|
4 | Индикатордун орточо баасы |
|
|
|
3.4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо
26. Индикаторлор бюджеттик мыйзамдардын ченемдерин, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун сактоого карата Фонддордун жана долбоорлордун аткаруучуларынын тартибин, жоопкерчилигин баалайт.
5-таблица. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоонун индикаторлору
№ | Индикатордун аталышы | Пландык мааниси | Иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторду баалоо (Иш жүзүндөгү мааниси/Пландык мааниси)*100% |
1 | Эсептөө палатасынын жана башка текшерүүчү органдардын өткөн жыл үчүн аудитинин жыйынтыгы боюнча финансылык бузуулар табылбаган долбоорлордун саны | Ишке ашырылган долбоорлордун жалпы санын көрсөтүү (100%) | Эсептөө палатасынын жана башка текшерүүчү органдардын сын пикирлери бар долбоорлордун санын көрсөтүү |
|
2 | Текшерүүчү органдардын өткөн жыл үчүн текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Фонд тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылган мамлекеттик сатып алуулар боюнча бузуулар табылбаган долбоорлордун саны | Фонддун өзү тарабынан сатып алынган долбоорлордун санын көрсөтүңүз (100%) | Фонд сатып алууларды жүргүзгөн долбоорлордун санына карата текшерүүчү органдар тарабынан бузуулар табылган долбоорлордун саны (%) |
|
3 | Индикатордун орточо баасы |
|
|
|
4-глава. Фонддун иши жөнүндө статистикалык маалымат
27. Фонддун дирекциясы жылына 1 жолудан кем эмес, отчеттук жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен, Фонддун иши жөнүндө статистикалык маалыматты экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
Статистикалык маалыматтардын тизмеги ушул Типтүү методиканын 3-тиркемесинде берилген.
5-глава. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыктары боюнча отчеттор
28. Мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары отчет түрүндө таризделет, мында мониторингдин натыйжалары жана четтөөлөрдү жоюу боюнча сунуштамалар чагылдырылат. Мониторингдик топтун отчету Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштарында жылына 2 жолудан кем эмес угулат.
Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары жөнүндө Фонддун отчету ар жылдык негизде, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен, экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
Отчеттун сунушталган форматы ушул Типтүү методиканын 4-тиркемесинде берилген.
Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжаларын визуализациялоо үчүн Excel программасынын негизинде "желекче" диаграммасын колдонуу сунушталат.
6-таблица. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары(*)
|
Индикаторлор тобунун аталышы
Индикаторлордун орточо баасы
Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго шайкеш келиши
76%
Финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну сактоо
85%
Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо
64%
Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо
100%
(*) Мисал
Сүрөттүн графикалык көчүрмөсүн караңыз.
|
| Типтүү методикага 1-тиркеме |
Региондорду өнүктүрүү фондунун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо ПЛАНЫ
№ | Индикатордун аталышы | Пландык көрсөткүч | Иш жүзүндөгү көрсөткүч | МБ методу | Маалымат булагы | МБ жүргүзүү мезгили | Жооптуу жак |
1. Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго шайкеш келиши | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2. Финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоо | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Типтүү методикага 2-тиркеме |
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишинин натыйжалуулугун баалоонун сапаттык индикаторлоруна мониторинг жүргүзүү жана баалоо МЕТОДИКАСЫ
1. Методика Фонддун ишин мүнөздөгөн 2 сапаттык индикаторго мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн иш-аракеттердин ырааттуулугун аныктайт:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын Фонддун ишине канааттануу даражасы;
2) ишке ашырылган долбоорлордун натыйжалары менен акыркы колдонуучулардын канааттануу даражасы.
2. Баалоо анкеталоо методу менен жүргүзүлөт. Анкеталар сурамжылоонун катышуучуларына электрондук почта боюнча, мобилдик телефон боюнча, WhatsApp боюнча электрондук билдирүү аркылуу жөнөтүлөт.
3. Баалоо үстүбүздөгү жылдан кийинки жылдын январь-февраль айларында жүргүзүлөт. Баалоо боюнча маалыматтар отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-мартына чейин даяр болушу жана жыйынтыктоочу отчетко киргизилиши керек.
4. Фонддорго баалоо жүргүзүү үчүн сурамжылоолорду жүргүзүү жана отчетторду даярдоо боюнча тажрыйбасы бар көз карандысыз компанияны жалдоо сунушталат. Компаниянын ишин каржылоо консалтингдик кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун алкагында Фонддун бюджетинен же эл аралык донордук уюмдардын колдоосунун эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын Фонддун ишине канааттануу даражасын баалоо:
1) Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоого өтүнмө берген жетекчилерди же долбоор үчүн жооптуу адамдарды көрсөтүү менен мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түрүндөгү өтүнмө ээлеринин тизмеги түзүлөт;
2) ар бир жетекчи же жооптуу адам боюнча байланыш маалыматтары белгиленет: электрондук почта, же мобилдик телефондун номери;
3) байланыш маалыматтары боюнча сурамжылоо менен анкета жөнөтүлөт. Анкеталар дарек ээлерине отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен жөнөтүлөт;
1-таблица. Сурамжылоо анкетасы
Анкетанын суроолору | Катышуучунун жооптору | Баллдын салмагы |
Сиз облусунун/районунун ____________ Региондорду өнүктүрүү фондунун өткөн ______-жылдагы ишине канчалык канааттанасыз | 5 балл. Толук канааттандым. Фонд өз ишин ийгиликтүү аткарып жатат | 100% |
4 балл. Канааттандым. Фонд өз ишин жакшы аткарып жатат | 80% | |
3 балл. Азыраак деңгээлде канааттандым. Фонддун ишинде белгилүү бир кемчиликтер бар | 40% | |
2 балл. Мен Фонддун ишине канааттанбайм. Анын ишинде көптөгөн мыйзам бузуулар бар | 0% |
4) жооптор келип түшкөнүнө жараша анкеталарга Excel таблицаларына жазылат. Жооптор отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирбестен кабыл алынат. Анкеталарга берилген жооптордун саны жиберилген анкеталардын санынын 70%ынан кем эмес болушу керек;
5) анкетага жоопторду кабыл алуу аяктагандан кийин Фонддун ишине ЖӨБ органдарынын жана мамлекеттик органдардын канааттануу даражасынын индикаторунун баасынын орточо мааниси төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
мында:
Оср - индикатордун орточо мааниси (%),
ΣOi - бардык алынган жооптордун салмагынын суммасы (%),
Na - анкетага алынган жооптордун саны.
Excel таблицасын колдонуунун мисалы:
Анкетанын номери | Алынган жооптор | Баллдын салмагы (%) |
1 | 4 | 80 |
2 | 4 | 80 |
3 | 5 | 100 |
4 | 3 | 40 |
5 | 4 | 80 |
6 | 3 | 40 |
7 | 2 | 0 |
Индикатордун орточо мааниси | 60 | |
6. Ишке ашырылган долбоорлордун натыйжалары менен акыркы колдонуучулардын канааттануу даражасын баалоо:
1) отчеттук жылы ишке ашырылган долбоорлордун тизмегинен долбоорлордун 30%ы тандалып алынат, тандалып алынган долбоорлордун арасында экономикалык долбоорлор 20%дан кем эмес болушу керек (долбоорлор кокус тандоо принциби боюнча тандалат, чүчүкулак колдонууга жол берилет);
2) ар бир долбоор боюнча бул долбоордон пайда алган, байланыш маалыматтары менен 3-5 адам аныкталат, жогоруда аталган адамдар баалоо жүргүзгөн компания тарабынан кокус тандоо жолу менен тандалат (келечектеги анкеталануучулардын тизмеги долбоордун жетекчилиги кызыкдар адам катары көрсөтүүсүнө жол берилбейт);
3) байланыш маалыматтары боюнча сурамжылоо менен анкета жөнөтүлөт (анкеталар отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен дарек ээлерине жөнөтүлөт);
2-таблица. Сурамжылоо анкетасы
Анкетанын суроолору | Катышуучунун жооптору | Баллдын салмагы |
Сиз _____________ облусунун/районунун Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланган _____-жылдагы ____________ долбоорунун натыйжаларына канчалык канааттанасыз | 5 балл. Толук канааттандым, долбоор мага олуттуу жардам берди | 100% |
4 балл. Канааттандым. Долбоор жалпысынан коюлган милдеттерди аткарды | 80% | |
3 балл. Азыраак деңгээлде канааттандым. Долбоордун ишинде белгилүү бир кемчиликтер бар | 40% | |
2 балл. Долбоордун ишине канааттанбадым. Долбоор коюлган максаттарына жеткен жок | 0% |
4) жооптор келип түшкөнүнө жараша анкеталарга Excel таблицаларына жазылат (жооптор отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирилбестен кабыл алынат);
5) анкетага жоопторду кабыл алуу аяктагандан кийин акыркы керектөөчүлөрдүн канааттануу даражасынын индикаторунун баасынын орточо мааниси төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
,
мында:
Оср - индикатордун орточо мааниси (%),
ΣOi - бардык алынган жооптордун салмагынын суммасы (%),
Na - анкетага алынган жооптордун саны.
Excel таблицасын колдонуунун мисалы:
Анкетанын номери | Алынган жооптор | Баллдын салмагы (%) |
1 | 3 | 40 |
2 | 3 | 40 |
3 | 5 | 100 |
4 | 4 | 80 |
5 | 3 | 40 |
6 | 4 | 80 |
7 | 2 | 0 |
Индикатордун орточо мааниси | 54 | |
|
| Типтүү методикага 3-тиркеме |
Региондорду өнүктүрүү фондунун иши жөнүндө СТАТИСТИКАЛЫК МААЛЫМАТ
1-таблица. Региондорду өнүктүрүү фонддорунун иши жөнүндө жыйынтыкталган маалымат
№ | Долбоорлордун түрлөрү | Үстүбүздөгү жылы бекитилген долбоорлордун саны | Каржылоонун бекитилген көлөмү (млн. сом) | Үстүбүздөгү жылы ишке ашырылган долбоорлордун саны | Өздөштүрүлгөн каражаттардын көлөмү (млн. сом) | Кийинки жылга өтүүчү долбоорлордун саны | Өтүүчү каражаттардын көлөмү (млн. сом) | Үстүбүздөгү жылы түзүлгөн жумуш орундардын саны |
Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор | ||||||||
1 | Билим берүү |
|
|
|
|
|
|
|
| Мектептер |
|
|
|
|
|
|
|
| Бала бакчалар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
2 | Саламаттык сактоо |
|
|
|
|
|
|
|
| ФАПтар |
|
|
|
|
|
|
|
| КТБ |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
3 | Маданият |
|
|
|
|
|
|
|
| Маданият үйлөрү/кинотеатрлар |
|
|
|
|
|
|
|
| Инвентарь |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
4 | Спорт |
|
|
|
|
|
|
|
| Спорт комплекстери/аянтчалары |
|
|
|
|
|
|
|
| Инвентарь |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
5 | Социалдык коргоо |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулуштар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
6 | Мамлекеттик-муниципалдык башкаруу |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулуштар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
7 | Турак жай-коммуналдык чарба |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулуштар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
8 | Өзгөчө кырдаалдар |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулуштар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
9 | Ишкердик |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулуштар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
10 | Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
| ... |
|
|
|
|
|
|
|
| ... |
|
|
|
|
|
|
|
Экономикалык долбоорлор | ||||||||
1 | Кредит алган долбоорлор |
|
|
|
|
|
|
|
| Айыл чарбасы |
|
|
|
|
|
|
|
| Өнөр жай |
|
|
|
|
|
|
|
| Кызмат көрсөтүүлөр |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
2-таблица. Регионду өнүктүрүү фонду ишке ашырган долбоорлордун баяндамасы
№ | Долбоордун билдирүүчүсүнүн аталышы | Долбоордун кыскача баяндамасы | Фонддун каражаттарынын эсебинен пландалган каржылоо | Фонддун каражаттарынын эсебинен иш жүзүндө каржылоо | Түзүлгөн жумуш орундардын саны | Долбоордун статусу (аяктаган - аяктаган эмес, башталган эмес) |
1. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор | ||||||
Билим берүү | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Саламаттык сактоо | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Маданият | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Спорт | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Социалдык коргоо | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Турак жай-коммуналдык чарба | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Өзгөчө кырдаалдар | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ишкердик үчүн шарттарды түзүү | ||||||
| | |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Башкалар | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2. Экономикалык долбоорлор | ||||||
Кредит алган долбоорлор | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Типтүү методикага 4-тиркеме |
Регионду өнүктүрүү фондунун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча ОТЧЕТТУН ФОРМАСЫ
1. Жалпы маалымат (1 беттен көп эмес)
- Фонд тууралуу маалымат;
- бюджет боюнча пландык көрсөткүчтөр;
- Фондду каржылоо булактары: ишканалар (жер казынасын пайдалануучулар), республикалык бюджеттин каражаттары, атайын каражаттар;
- келип түшкөн өтүнмөлөрдүн жалпы саны жана алардын иштин түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшү.
2. Фонддун ишинин оң натыйжаларын талдоо (2 беттен көп эмес)
Фонд тарабынан үстүбүздөгү жылы кандай ийгиликтерге жетишилгендигин көрсөтүү. Ийгиликтүү долбоорлордун мисалдарын келтирүү. Инновацияларды, жаңы технологияларды колдонуу менен, ошондой эле бүткүл регионго таасирин тийгизген долбоорлорго басым жасоо.
3. Көйгөйлүү маселелерди талдоо
Фонддор өз ишинин процессинде кандай проблемаларга туш болгонун көрсөтүү. Кайсы маселелерди өз алдынча чечүүгө мүмкүн болгонун көрсөтүү.
Фонддордун ишин жакшыртуу жана келип чыккан проблемалуу маселелерди алып салуу бөлүгүндө экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштамалардын жана суроо-талаптардын тизмесин берүү.
4. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары
Индикаторлордун типтери боюнча МБнын жыйынтыктары берилет:
1) Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык келиши;
2) финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоо;
3) долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо;
4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
Индикаторлордун ар бир тобу боюнча Типтүү методикада толтурулган көрсөткүчтөрү менен берилген таблицалар көрсөтүлөт.
Индикаторлордун ар бир тобу боюнча алынган маалыматтарга анализ берилет. Ийгиликтердин жана терс учурлардын себептери көрсөтүлөт.
МБ жыйынтыктарын "желекче" диаграммасы түрүндө берүү.
5. МБнын жыйынтыктары боюнча тыянактар жана сунуштамалар
МБнын жыйынтыгы боюнча Фонд өзүнүн ишине өз алдынча объективдүү баа берет. Талдоонун натыйжалары боюнча Фонддун ишин жакшыртуу боюнча пландалган оңдоо иш-аракеттеринин тизмегин берет.".