Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-апрели № 187
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы N 545 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы № 29 "Бир айыл - бир продукт" улуттук экономикалык долбоору жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктунун 4-абзацын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы N 545 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 4-тиркемеси 2-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 5-тиркемеси 3-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы N 545 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык иштелип чыкты жана Региондорду өнүктүрүү фондунун (мындан ары - Фонд) ишинин тартибин аныктайт.
2. Фонддун иши Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Типтүү жобонун негизинде жүзөгө ашырылат.
3. Фонд Облусту өнүктүрүү фонду же Районду өнүктүрүү фонду түрүндөгү юридикалык жак статусуна ээ жана мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.
4. Облусту өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү саналат.
5. Районду өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу болуп жергиликтүү мамлекеттик администрация саналат.
6. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын акча каражаттары болуп саналат.
7. Фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн казыналык системада бюджеттик жана атайын эсептер ачылат.
8. Фонд өз ишин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, ошондой эле Фонддун каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырат.
2-глава. Ушул Типтүү жободо колдонулуучу түшүнүктөр
9. Ушул Типтүү жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
1) өтүнмө ээси - Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышууга долбоордук өтүнмө берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик орган же ишкердик субъекти;
2) долбоордун аткаруучусу - долбоордук өтүнмөсү Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан жактырылган жана долбоорду каржылоого Фонд менен келишим түзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик орган жана ишкердик субъекти;
3) инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөр - социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде инфраструктуралык объектти пайдалануу менен берилүүчү жана/же инфраструктуралык объектти тейлөө боюнча жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр;
4) инфраструктуралык объект - мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлктүк комплекс;
5) инфраструктуралык долбоор - жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген, социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун, капиталдык чыгымдардын көлөмүн жана жүзөгө ашыруу мөөнөттөрүн негиздөө менен инфраструктуралык объектти түзүүгө же жакшыртууга багытталган милдеттердин, аракеттердин жана иш-чаралардын тизмеги;
6) жергиликтүү коомдоштукту мобилизациялоо - жергиликтүү коомдоштуктун, жарандардын уюшкан топторунун түздөн-түз катышуусу жана колдоосу менен жергиликтүү деңгээлде көйгөйлөрдү чечүү процесси;
7) долбоордук өтүнмө - типтүү форматтын негизинде иштелип чыккан жана Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мамлекеттик органдын жана ишкердик субъектинин атынан сунушталган долбоордун сыпаттамасы;
8) долбоорду каржылоо планы - долбоорду транштар боюнча каржылоонун этаптарын жана тартибин сыпаттоочу жана долбоорду ишке ашыруу планына шайкеш келүүчү долбоордук өтүнмөнүн бөлүгү;
9) мониторинг жүргүзүү жана баалоо планы - долбоорду ишке ашырууда, ошондой эле Фонддун ишинин натыйжалуулугун баалоодо ушул Типтүү жобонун талаптарынан четтөөлөрдү аныктоо максатында байкоо жүргүзүүнүн этаптары жана тартиби;
10) социалдык долбоор - билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, спорт, социалдык коргоо, эс алуу, жаштар менен иштөө, элдик чыгармачылык чөйрөсүндөгү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында калкка инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же мамлекеттик органдардын максатка багытталган, убактысы чектелген иши;
11) экономикалык долбоор - пайда алуу максатында ишкердик субъекттери тарабынан жаңы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүгө же болбосо иштеп жаткан өндүрүштөрдү реконструкциялоого же модернизациялоого түз инвестицияларды жүзөгө ашыруунун экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмүн жана мөөнөттөрүн толук сыпаттоо жана негиздөө менен бизнес-долбоор;
12) стартап долбоор - бул көйгөйлөрдү чечүүгө, пайда алууга багытталган, олуттуу жакшырууларга алып келген, экономикалык же социалдык жаңычылдыкка, актуалдуулукка жана практикалык маанилүүлүккө ээ инновациялык бизнес-долбоор;
13) ишкердик субъекти - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган жана уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан пайда алуу максатында өзүн тобокелдикке салып жана өзүнө мүлктүк жоопкерчиликти алып мыйзам менен тыюу салынбаган ишти жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар;
14) экономикалык долбоорлорго үлүштүк катышуу - облустун же райондун аймагында катталган жана өз ишин жүргүзгөн Фонддордун жана ишкердик субъекттеринин биргелешкен экономикалык долбоорлорду мындай долбоорлор боюнча финансылык макулдашуулар Фонд тарабынан берилген каражаттарды максаттуу пайдалануу, акы төлөө, мөөнөттүү жана кайтаруу боюнча ишкердик субъекттеринин милдеттенмелерин караган шартта ишке ашыруу боюнча биргелешкен иши.
3-глава. Фонддун максаты жана милдети
10. Фонддун максаты облустарды, райондорду, шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу, жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын демилгелерин колдоо жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана региондордо жумуш орундарын түзүү жолу менен региондук экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган ишкердик субъекттеринин экономикалык долбоорлорун каржылоо болуп саналат.
11. Фонддун милдеттери облустарды, райондорду, шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын артыкчылыктарына ылайык Фонддун финансылык каражаттарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат.
12. Бюджеттик жана атайын эсептердеги Фонддун каражаттары социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлорду каржылоого, анын ичинде төмөнкүлөргө багытталат:
- капиталында 100% мамлекеттин үлүшү бар же капиталында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын олуттуу үлүшү бар Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын бирине (мындан ары - Банк) андан ары ишкердик субъекттерине мөөнөттүү, акы төлөө жана кайтарымдуулук негизде кредит берүү үчүн финансылык каражаттарды берүүгө;
- үлүштүк катышуу принциптеринде ишкердик субъекттери менен биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга;
- мөөнөттүүлүктүн, акы төлөөнүн жана кайтарымдуулуктун негизинде "Бир айыл - бир продукт" улуттук экономикалык долбоорунун катышуучулары менен биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга (үлүштүк катышуу принциптеринде жана/же Банк аркылуу жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү аркылуу);
- инфраструктуралык долбоорлордун, экономикалык долбоорлордун, анын ичинде региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун техникалык документтерин иштеп чыгууга;
- саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, маданият жана спорт чөйрөсүндөгү объекттердин материалдык-техникалык базасын куруу, оңдоо жана чыңдоо боюнча долбоорлорду каржылоого;
- калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системалары боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ирригациялык тармактарды, гидротехникалык объекттерди оңдоого жана калыбына келтирүүгө;
- жол, турак жай-коммуналдык чарба долбоорлорун каржылоого;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн атайын автотранспорттук жана башка техникаларды алууга;
- "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук негизинде тийиштүү финансылык макулдашуу түзүү аркылуу финансылык каражаттарды берүү жолу менен социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды каржылоого;
- калктуу конуштарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн башкы пландарын, деталдуу пландоо долбоорлорун, калктуу конуштардын шаар куруу документтерин иштеп чыгууга;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды камсыз кылууга, анын ичинде энергиялык натыйжалуулук, энергия жана сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө;
- Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин 3%ынан кем эмес өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, жарандык инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жана жабыр тарткан калкты материалдык жактан колдоого (тамак-аш жана турак жай менен камсыз кылуу, күйүүчү-майлоочу материалдарды, биринчи зарылдыктагы товарларды сатып алуу);
- эпидемиологиялык кырдаалды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- ушул пунктта аныкталган милдеттерди ишке ашыруу максатында Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча башка Фонддун эсебине финансылык каражаттарды которууга;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча Фонддун максаттарына жана милдеттерине ылайык башка максаттарга финансылык каражаттарды пайдаланууга.
Фонддун атайын эсебинин каражаттарынан төмөнкүлөргө багытталган иш-чаралар каржыланышы мүмкүн:
- коргоонун, жарандык коргонуунун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана ишине колдоо көрсөтүүгө;
- жөндөмдүү балдарды жана таланттарды иш-чараларга (билим берүү, маданий, музыкалык, спорттук) катышуусун колдоого, калктын социалдык аялуу катмарына, турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандарга колдоо көрсөтүүгө.
Фонддун каражаттарын майрамдык иш-чараларды, мааракелерди жана Фонддун максаттарына жана милдеттерине ылайык келбеген башка иш-чараларды өткөрүүгө пайдаланууга жол берилбейт.
13. Фонддун каражаттары ишкердик субъекттери менен биргелешкен экономикалык долбоорлорго үлүштүк катышуу принциптеринде долбоорлорду каржылоого жумшалышы мүмкүн. Тараптардын экономикалык долбоордогу үлүшү, Фонддун катышуу шарттары, тараптардын жоопкерчилиги, каражаттарды кайтаруу мөөнөтү жана механизми тараптардын макулдашуусу боюнча Фонд менен ишкердик субъектинин ортосунда түзүлүүчү эки тараптуу макулдашууда аныкталат.
Фонддун каражаттарын ишкердик субъектке түз которууга жол берилбейт. Фонд товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жолу менен эки тараптуу макулдашуунун алкагында өз милдеттенмелерин аткара алат.
14. Фонддун болжолдонгон жылдык бюджети бюджеттик жана атайын эсептерде төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:_nocompare
№ | Фонддун чыгымдарынын категорияларынын аталышы | Фонддун болжолдонгон жылдык бюджети, % |
1 | Фонддун административдик чыгымдары | n1 |
2 | Экономикалык долбоорлор: | n2 (а+б, 20%дан кем эмес) |
- Банк аркылуу жеңилдетилген кредиттерди берүү | а | |
- үлүштүк катышуу принциптеринде | б | |
3 | Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор | n3 |
4 | Турак жай менен камсыздоо боюнча долбоорло | n4 |
5 | Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча долбоорлор | n5 (3%дан кем эмес) |
| Жыйынтыгы | n1 + n2 + n3 + n4 + n5 = (100%) |
Фонддун чыгымдарынын ар бир категориясы боюнча Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин жалпы суммасынын пайызы ушул Типтүү жободо белгиленген тартипте Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен аныкталат.
4-глава. Фонддун башкаруу органдары
15. Фонддун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жогорку башкаруу органы - Фонддун Байкоочу кеңеши;
2) аткаруучу орган -Фонддун дирекциясы.
§ 1. Фонддун Байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктары
16. Фонддун Байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктары:
1) Фонддун ишинин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын кароо жана бекитүү;
2) долбоорлорду тандоо жана бекитүү;
3) учурдагы жылга бюджеттик каражаттардын, атайын эсептин каражаттарынын жана кийинки жылдарга болжолдук көрсөткүчтөрдүн эсебинен каржылоонун көлөмүн бекитүү;
4) ишкердик субъекттерди каржылоо үчүн Фонддун акча каражаттарын алуу укугуна Фонд менен Банктын ортосундагы финансылык макулдашууну түзүү же бузуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
5) отчеттук жылда Банкка финансылык каражаттарды берүү үчүн каржылоонун көлөмүн бекитүү;
6) ишкердик субъекттер менен биргелешкен экономикалык долбоорлорго Фонддун үлүштүк катышуусу жөнүндө финансылык макулдашууну жактыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
7) социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн акча каражаттарын алуу укугуна Фонд менен "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун ортосундагы финансылык макулдашууну түзүү же бузуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
8) Фонддун дирекциясынын экономикалык долбоорлорду каржылоого багытталган каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчетун угуу;
9) Фонддун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн топтун курамын кароо жана бекитүү;
10) Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына аудит жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
11) конкурстук тандоонун катышуучуларынын дооматтары боюнча чечимдерди берүүнүн, кароонун жана кабыл алуунун тартибин бекитүү;
12) конкурстук тандоонун катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо;
13) каражаттардын күтүлүүчү түшүүлөрүн эске алуу менен ар бир финансылык жылга бюджеттик каражаттар жана атайын эсептин каражаттары боюнча Фонддун чыгымдарынын сметасын бекитүү;
14) Фонддун дирекциясынын штаттык расписаниесин жана чыгымдарынын сметасын бекитүү;
15) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Фонддун дирекциясы тарабынан долбоордун ишке ашырылышы боюнча чечим кабыл алуу;
16) Фонддун кызматкерлерине коюлуучу квалификациялык талаптарды бекитүү жана алардын негизинде Фонддун аткаруучу директору кызмат ордуна талапкерлерди тандоо;
17) Фонддун акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
18) Фонддун бюджеттик каражаттары жана атайын эсебинин каражаттары боюнча Фонддун чыгымдарынын сметасынын, ошондой эле Фонддун дирекциясынын чыгымдарынын сметасынын аткарылышы жөнүндө Фонддун дирекциясынын отчетун угуу жана бекитүү.
17. Фонддун Байкоочу кеңеши өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Фонддун дирекциясынан жана мониторинг жүргүзүүчү тобунан өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого;
2) Фонддун дирекциясы жана мониторинг жүргүзүүчү тобу берген документтерди толуктап иштеп чыгууга жөнөтүүгө;
3) Фонддун Байкоочу кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттер жана адистер, техникалык кызматтар менен консультацияларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
4) Фонддун уюштуруучусуна Фонддун аткаруучу директору өзүнүн функцияларын аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда ага карата чараларды көрүү жөнүндө сунушту жөнөтүүгө;
5) Фонддун уюштуруучусуна Фонддун аткаруучу директору кызмат ордуна дайындоо же бошотуу жөнүндө сунуштоого.
§ 2. Фонддун Байкоочу кенешинин ишин уюштуруу
18. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
19. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмаштыруу укугусуз катышат. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөсү жок учурда ал каралуучу маселелер боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу.
20. Органдын/уюмдун Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына киргизилген өкүлүнүн мүчөлүгү анын аты-жөнүн, кызмат ордун, ошондой эле өкүлү алмашкан учурда себептерин көрсөтүү менен тийиштүү органдын/уюмдун расмий каты менен ырасталат.
21. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 9 адамдан кем болбоого тийиш.
22. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тескемесинин негизинде анын биринчи орун басары;
2) мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
3) экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
4) экология жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси;
5) архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын 30%ына чейинки санда коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү;
7) Фонддун Байкоочу кеңеши аныктаган тартипте 1 жылга шайлануучу жана ротациялануучу Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы курамынын 30%ына чейинки санда тиешелүү облустун Райондорду өнүктүрүү фонддорунун Байкоочу кеңештеринин курамындагы жергиликтүү кеңештин төрагалары, ошондой эле облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин төрагалары.
Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын чечиминин негизинде анын биринчи орун басары;
2) мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;
3) экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
4) агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси;
5) архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси;
6) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын 30%ына чейинки санда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына киргизилген коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү;
7) Фонддун Байкоочу кеңеши аныктаган тартипте 1 жылга шайлануучу жана ротациялануучу Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы курамынын 30%ы өлчөмүндө айыл аймактарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин өкүлдөрү.
23. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечиминин негизинде анын биринчи орун басары эсептелет.
24. Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын чечиминин негизинде анын биринчи орун басары эсептелет. Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасынын орун басары болуп мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук бөлүмүнүн жетекчиси эсептелет.
25. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тескемеси менен 3 жылдан кем эмес мөөнөткө бекитилет.
Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын тескемеси менен 3 жылдан кем эмес мөөнөткө бекитилет.
26. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү Фонддун Байкоочу кеңеши кабыл алган, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык бардык формада Фонддун кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирүүгө алып келген чечимдер үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
27. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштары зарылчылыкка жараша, бирок кварталына кеминде бир жолу чакырылат.
28. Эгерде курамынын жарымынан кем эмеси катышса, Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы укуктуу болуп эсептелет.
29. Фонддун Байкоочу кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдери Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурда Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышында төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
30. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштары Фонддун дирекциясынын кызматкери болуп саналган Фонддун Байкоочу кеңешинин катчысы тарабынан протоколдоштурулат. Протоколго Фонддун Байкоочу кеңешинин төрагасы же жыйналышта төрагалык кылган адам, ошондой эле Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышка катышкан мүчөлөрү кол коёт. Протоколдун түп нускалары Фонддун дирекциясында сакталат.
31. Төрага жыйналышта жок учурда Фонддун Байкоочу кеңеши бул жыйналышка Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн арасынан төрагалык кылуучуну тандайт.
32. Фонддун Байкоочу кеңеши зарыл болгон учурда өзүнүн жыйналыштарына тийиштүү техникалык кызматтардын өкүлдөрүн, эксперттерди жана консультанттарды чакырууга укуктуу, алар жыйналышка добуш берүү укугусуз катышат.
33. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышын чакыруу жөнүндө маалымат күн тартибин, өткөрүү убактысын жана ордун көрсөтүү менен Фонддун дирекциясы тарабынан Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнө жыйналыш өтүүчү датага чейин он календардык күндөн кеч эмес маалымдалат.
34. Долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү мезгилинде Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн транспорттук чыгымдарын жана жашап турууга чыгымдарын Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын талаптарына жана бюджеттик мекемелер үчүн белгиленген ченемдерге ылайык Фонддун операциялык чыгымдары үчүн белгиленген лимиттин чегинде компенсациялоого жол берилет.
35. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышын видео-конференц-байланыш системасын колдонуу жолу менен өткөрүүгө жол берилет.
§ 3. Фонддун дирекциясы
36. Фонддун дирекциясы долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин ишин жана чечимдеринин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылат.
37. Фонддун дирекциясын уюштуруучунун же ал ыйгарым укук берген адамдын чечими боюнча эмгек келишимин андан ары узартуу мүмкүндүгү менен үч жылга чейинки мөөнөткө кызмат ордуна дайындалуучу Фонддун аткаруучу директору жетектейт.
38. Облусту өнүктүрүү фондунун аткаруучу директорун Фонддун Байкоочу кеңешинин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындайт.
39. Районду өнүктүрүү фондунун аткаруучу директорун Байкоочу кеңештин сунуштамасы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы дайындайт.
40. Фонддун дирекциясынын штаттык расписаниеси жана административдик чыгашалары Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилет.
Фонддордун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана алардын штаттык саны ушул Типтүү жобонун 95, 96-пункттарында аныкталган.
41. Фонддун аткаруучу директору менен иш берүүчүнүн ортосундагы келишимдик мамилелер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
42. Фонддун дирекциясынын функциялары жана ыйгарым укуктары:
1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Фонддун дирекциясынын операциялык жана күндөлүк чыгымдары боюнча финансылык операцияларды жүргүзөт;
2) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн, уюштуруучулардын суроо-талабы боюнча Фонддун иши жөнүндө маалыматтарды берет;
3) казыналык системада Фонддун бюджеттик жана атайын эсептерин ачат;
4) өтүнмө ээсинен келип түшкөн долбоорлорду берилген документтердин толуктугу боюнча алдын ала тандоону жүргүзөт;
5) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча андан ары ишкердик субъекттерин каржылоо үчүн Фонддун акча каражаттарын алуу укугуна Фонддун Банк менен финансылык макулдашуусуна кол коюуну камсыз кылат;
6) долбоордун аткаруучусу тарабынан келишимдин шарттары же долбоорду ишке ашыруу жол-жоболору бузулган учурда каржылоону токтотуп турат;
7) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча Фонддун дирекциясы андан ары мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүү менен социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор боюнча товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды сатып алууну жүргүзөт;
8) бюджеттик чөйрөдөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте Фонддун акча каражаттарынын кыймылы боюнча эсепти жана отчеттуулукту жүргүзөт;
9) Фонддун дирекциясынын функцияларын жүзөгө ашыруу, долбоорлорго мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн адистерди, консультанттарды жалдайт;
10) Фонддун дирекциясынын келерки жылга административдик чыгашаларынын тизмесин иштеп чыгат жана Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна жана бекитүүсүнө киргизет;
11) Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштарын уюштуруу боюнча ишти жүргүзөт;
12) аудит үчүн маалыматтарды даярдайт;
13) Фонддун Байкоочу кеңеши жактырган долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат.
43. Фонддун аткаруучу директорунун функциялары жана ыйгарым укуктары:
1) Фонддун дирекциясынын ишин жетектейт;
2) долбоорлорду тандоо боюнча конкурстун жеңүүчүлөрү менен эки тараптуу келишимдерге Фонддун атынан кол коёт;
3) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде Банк менен финансылык макулдашууга кол коёт;
4) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде биргелешкен экономикалык долбоорго Фонддун үлүштүк катышуусу жөнүндө ишкердик субъекти менен финансылык макулдашууга кол коёт;
5) долбоорлорду каржылоодо төлөм документтерине кол коёт;
6) Фонддун Дирекциясынын штаттык расписаниесин түзөт жана аны Фонддун Байкоочу кеңешине бекитүүгө берет;
7) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматкерлерди тандоону уюштурат;
8) Фонддун Дирекциясынын кызматкерлери менен эмгек келишимдерине кол коёт;
9) эмгек келишимдеринин, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын жоболорунун жана Фонддун дирекциясынын чыгымдар сметасынын мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында Фонддун дирекциясынын кызматкерлерин сыйлоо чаралары жөнүндө чечим кабыл алат;
10) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдерине ылайык кызматкердин тартип бузуусу, башкача айтканда ага жүктөлгөн эмгек милдеттерин өзүнүн күнөөсү боюнча аткарбоосу же талаптагыдай аткарбоосу үчүн тартиптик жаза жөнүндө чечим кабыл алат.
44. Фонддун Дирекциясы квартал сайын Фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалыматтарды расмий басылмаларга жарыялап турат, ошондой эле бул маалыматты жергиликтүү мамлекеттик администрациянын веб-сайтына (бар болгондо) жана/же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын сайтына жайгаштырат.
45. Фонддун аткаруучу директору Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Фонддун акча каражаттарынын сакталышы, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
46. Квартал сайын жана ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Фонддун Дирекциясы отчеттук жылда Фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчетту жана долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө отчетту даярдайт жана аны Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна, уюштуруучуга, мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономика маселелери боюнча мамлекеттик органга берет.
47. Ар бир жылдын башында Фонддун Дирекциясы тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берген контролдук көрсөткүчтөрдүн негизинде Фондго акча каражаттарынын түшүүсүнүн болжолун даярдайт жана Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна киргизет.
5-глава. Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду берүүнүн тартиби
§ 1. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого долбоордук өтүнмө берүүнүн тартиби
48. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуу жөнүндө, ошондой эле келерки жылга долбоорлорду тандоо шарттары жөнүндө маалымат учурдагы жылдын 1-июлунан кеч эмес жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-ресурстарында жарыяланат, маалыматтык такталарда жайгаштырылат.
49. Өтүнмө ээси долбоорго өтүнмөнү ушул Типтүү жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча тариздейт.
Фонддун кароосуна берилген жана муниципалдык менчик объектине тиешелүү долбоордук өтүнмө жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
Мамлекеттик менчик объектисине карата долбоордук өтүнмө тиешелүү мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
50. Фонддун дирекциясы өтүнмө ээлерине каттоо жөнүндө ырастама берүү менен келип түшкөн өтүнмөнү каттайт жана келип түшкөн долбоордук өтүнмөлөрдүн толук толтурулушуна, техникалык документтердин болушуна, курулуш жана башка ченемдерге жана эрежелерге (уруксат берүүчү документтер, техникалык адистешүүлөр, долбоордук-сметалык документтер) шайкештигине талдоо жүргүзөт.
Фонддун дирекциясы өтүнмө ээсинен маалыматты тактоого же кошумча документтерди суроого укуктуу.
51. Фонддун дирекциясы келип түшкөн ар бир арызга өзүнүн корутундусун тиркейт, анда өтүнмөнүн жана анын тиркемелеринин ушул Типтүү жобонун талаптарына, ошондой эле курулуш жана башка ченемдерине жана эрежелерине шайкештиги көрсөтүлөт.
52. Келерки жылга долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуунун чектүү мөөнөтү учурдагы жылдын 30-ноябрынан кечиктирбестен белгиленет.
53. Фонддун байкоочу кеңеши учурдагы жылдын 30-декабрынан кечиктирбестен долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча жыйналыш өткөрөт.
54. Фонддун дирекциясы Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы башталганга чейин беш күндөн кечиктирбестен алдын ала изилдөө үчүн Фонддун Байкоочу кеңешинин бардык мүчөлөрүнө долбоорлор боюнча корутундуларды тиркөө менен долбоордук өтүнмөлөрдүн көчүрмөлөрүн жиберет.
55. Долбоорлорду тандоо Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү тарабынан жыйналышта баллдарды эсептөөнүн негизинде жүргүзүлөт, алар Типтүү жобонун 4-тиркемесине ылайык критерийлер боюнча коюлат.
56. Жеке менчик жер участогунун чектеринде мамлекеттик жана муниципалдык менчик объекттерди курууну, реконструкциялоону каржылоого жол берилбейт.
57. Коюлган баллдар боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин катчысы долбоорлордун рейтингин аныктайт жана Типтүү жобонун 14-пунктуна ылайык пайыздык катышта социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо үчүн каралган, келерки жылы Фонддун жылдык болжолдонгон бюджетинен ашпаган суммалык бюджети менен долбоорлордун тизмесин түзөт.
58. Долбоорлордун тизмеси Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышынын протоколу менен бекитилет жана мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле Фонддун уюштуруучусуна Типтүү жобонун 77-пунктунда аныкталган мөөнөттө жиберилет.
59. Долбоорлордун бекитилген тизмесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу чечим жыйналышка катышкан Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн 2/3 добушу менен кабыл алынат.
Долбоорлордун рейтингин жана өтүнмө берилген долбоорлордун тизмесин өзгөртүү үчүн өзгөчө негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- долбоорлорду тандоо жол-жоболорун бузуунун ырасталган фактыларынын болушу;
- бекитилген долбоорду башка булактардын эсебинен каржылоо жөнүндө ырасталган факттардын болушу;
- Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан тандоонун башка катышуучуларынын канааттандырылган дооматынын болушу;
- Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча сынакка катышуудан өтүнмө ээсинин баш тартуусу.
60. Тандоонун жыйынтыгы боюнча Фонддун аткаруучу директору тиешелүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын атынан долбоордун аткаруучусу менен Фонддун каражаттарынын эсебинен долбоорду каржылоо жөнүндө келишимге кол коёт.
Эгерде долбоордун аткаруучусу Фонддун дирекциясы болуп саналса, тиешелүү мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрү жана аларды баланска өткөрүү жөнүндө келишим түзүлөт.
§ 2. Банк аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоого долбоордук өтүнмөлөрдү берүү тартиби
61. Фонддун Дирекциясы ишкердик субъекттеринен экономикалык долбоорлорду каржылоого өтүнмөлөрдү Типтүү жобонун 3-тиркемесине ылайык квартал сайын учурдагы кварталдын экинчи айынын 1инен кечиктирбестен кабыл алат.
62. Фонддун Дирекциясы өтүнмө ээлерине тиешелүү билдирүү менен өтүнмөнү каттайт жана 10 календардык күндүн ичинде келип түшкөн долбоордук өтүнмөлөрдүн толук толтурулушуна талдоо жүргүзөт жана Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнө таанышууга жөнөтөт.
Зарыл болгон учурда өтүнмө ээсинен керектүү маалыматты тактайт же кошумча документтерди сурайт.
63. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы учурдагы кварталдын экинчи айынын 20сынан кечиктирбестен өткөрүлөт.
64. Долбоорлорду тандоо Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү тарабынан жыйналышта баллдарды эсептөөнүн негизинде жүргүзүлөт, алар ушул Типтүү жобонун 5-тиркемесине ылайык критерийлер боюнча коюлат.
Коюлган баллдар боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин катчысы долбоорлордун рейтингин аныктайт жана Фонддун Банктагы эсебинде турган финансы каражаттарынын суммасынан ашпаган суммалык бюджети менен долбоорлордун тизмесин түзөт.
Учурдагы тизмеге Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан өткөн кварталда келип түшкөн жана жактырылган, бирок Банкта Фонддун финансы каражаттарынын жетишсиздигинен улам тизмеге кирбей калган долбоорлор артыкчылыктуу тартипте киргизилет.
65. Долбоорлордун тизмеси Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышынын протоколу менен бекитилет жана Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы өткөрүлгөндөн кийин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен өтүнмө ээлерине Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин көчүрмөлөрүн, жактырылган долбоорлорду берүү менен Банкка жөнөтүлөт.
66. Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен долбоорлору жактырылган өтүнмө ээлери Банктын талаптарына ылайык зарыл документтерди андан ары берүү үчүн Банкка кайрылат.
67. Банктын талаптарына жана шарттарына ылайык өтүнмө ээлери тарабынан Банк менен тиешелүү кредиттик келишим түзүлөт. Банктын талаптарына жана шарттарына ылайык келбеген долбоорлор Банк тарабынан четке кагылат.
§ 3. Банк аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоонун тартиби
68. Банк аркылуу каржылоого пландалган экономикалык долбоорлор регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү керек.
Тамеки жана тамеки продукциясын, алкоголдук ичимдиктерди, курал-жарак жана ок-дарыларды, баңги жана психотроптук заттарды (медициналык маанидеги препараттардан тышкары) жана жарандык жүгүртүүдөн алынган же жарандык жүгүртүүгө чектелген башка товарларды өндүрүүгө багытталган долбоорлорду, ошондой эле мажбурлап жана балдар эмгегин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган иштин башка түрлөрүн каржылоого тыюу салынат.
69. Фонддун дирекциясы:
1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде Банкка экономикалык долбоорлорду Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо укугун Банкка өткөрүп берүү боюнча финансылык макулдашууну түзүү ниети жөнүндө жазуу жүзүндө суроо-талап жөнөтөт;
2) Банк менен финансылык келишим түзөт;
3) Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан бекитилген Банк аркылуу экономикалык долбоорлорду учурдагы жылы каржылоонун болжолдуу көлөмүнүн негизинде финансылык каражаттарды учурдагы жылдын ичинде Фонддун каражаттары калыптангандыгына жараша Банкка бүтүндөй же транш менен берет;
4) квартал сайын Банкка жана өтүнмө ээлерине Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимдеринин көчүрмөсүн жактырылган экономикалык долбоорлордун тизмеси менен берет;
5) ишкердик субъекттерине кредит берүүдөн алынган негизги карыздын суммасын жана пайыздык кирешени топтойт жана Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилген жана Банк тарабынан жактырылган жаңы экономикалык долбоорлорго кайра инвестициялайт.
70. Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде Банктагы Фонддун бош акча каражаттары депозиттик эсепке мөөнөттүү салым жана/же Фондго тиешелүү пайыздарды чегерүү менен талап кылууга чейинки салым түрүндө жайгаштырылышы мүмкүн.
71. Банк:
1) Фонддун каражаттарынын эсебинен экономикалык долбоорлорду каржылоо укугун Банкка өткөрүп берүү жөнүндө финансылык макулдашууну түзүү ниети тууралуу Фонддун жазуу жүзүндө келип түшкөн суроо-талабынын негизинде Фонд менен финансылык макулдашууну түзөт;
2) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мурда жактырылган ишкердик субъекттеринин келип түшкөн кредиттик өтүнмөлөрүн квартал сайын карайт жана долбоорлор Банктын ички талаптарына жана шарттарына ылайык келген учурда аларды кредиттөөнү жүзөгө ашырат;
3) ишкердик субъекттер тарабынан Фонддун каражаттарын пайдалануу үчүн негизги сумманы жана пайыздарды финансылык макулдашууга ылайык Банктагы Фонддун эсебине которот;
4) зайымдык каражаттардын кайтарымдуулугу, камсыздуулугу, төлөнүшү жана мөөнөттүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат;
5) квартал сайын каражаттарды пайдалануу боюнча Фондго отчет берет.
72. Фонддун финансылык шарттары:
1) ишкердик субъекттер үчүн чектүү пайыздык ставка:
5 жылга чейинки мөөнөткө инвестициялык ишти каржылоо үчүн - жылына 6%, анын ичинен Фонддун пайыздык кирешеси - жылына 2%;
3 жылга чейинки мөөнөткө жүгүртүү капиталын каржылоо үчүн - жылына 6%, анын ичинен Фонддун пайыздык кирешеси - жылына 2%;
2) долбоорду алыскы, жетүүгө кыйын, бийик тоолуу жана чек арадагы аймактарда ишке ашырган ишкердик субъекттер үчүн чектүү пайыздык ставка:
7 жылга чейинки мөөнөткө инвестициялык ишти каржылоо үчүн - жылына 5,5%, анын ичинен Фонддун пайыздык кирешеси -жылына 1,5%;
5 жылга чейинки мөөнөткө жүгүртүү капиталын каржылоо үчүн - жылына 5,5%, анын ичинен Фонддун пайыздык кирешеси - жылына 1,5%.
§ 4. Долбоордун аткаруучусунун милдеттери
73. Долбоордун аткаруучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) долбоорду аткаруучу менен Фонддун ортосундагы Фонддун үлүштүк катышуусу менен инфраструктуралык, социалдык долбоорлор жана экономикалык долбоорлор боюнча түзүлгөн келишимге жана аткаруучу менен Банктын ортосунда Банк аркылуу каржылануучу экономикалык долбоорлор боюнча кредиттик макулдашууга ылайык долбоорду ишке ашырууну камсыз кылууга;
2) долбоорду ишке ашырууга катышуу үчүн жергиликтүү коомдоштукту зарылдыгына жараша мобилизациялоону камсыз кылууга;
3) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоор боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүүгө;
4) зарылдыгына жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан долбоордун аткарылышы үчүн техникалык көзөмөлдү камсыз кылууга;
5) мониторингдин натыйжаларынын негизинде долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу калкты маалымдоого.
74. Квартал сайын жана долбоор боюнча иштерди аяктоонун жыйынтыгы боюнча долбоордун аткаруучусу Фондго белгиленген форма боюнча финансылык отчетту жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу отчетту берет.
Эгерде долбоордун аткаруучусу болуп Фонддун дирекциясы саналса, квартал сайын жана долбоор боюнча иштерди аяктоонун жыйынтыктары боюнча долбоордун аткаруучусу мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча мамлекеттик органга жана экономика маселелери боюнча мамлекеттик органга белгиленген форма боюнча финансылык отчетту жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту берет.
6-глава. Фонддун финансылык каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартиби
§ 1. Фонддун финансылык каражаттарын түзүүнүн тартиби
75. Фонддордун финансылык каражаттары төмөнкүдөй түзүлөт:
1) бюджеттик эсептер боюнча:
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык фонддор боюнча бөлүштүрүлүүчү аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө жана максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга арналган пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүнү (казып алууну) жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жактар тарабынан республикалык бюджетке чегерилген каражаттардын эсебинен;
- ушул Типтүү жобонун 97-101-пункттарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен;
- Банк аркылуу ишкердик субъекттерди кредиттөөнүн натыйжасында алынган каражаттардын, Фонддун каражаттарын Банктагы депозиттик эсептерге жайгаштыруунун жана Фонддун ишкердик субъекттер менен биргелешкен экономикалык долбоорлорго үлүштүк катышуусунун эсебинен;
2) атайын эсептер боюнча:
- демөөрчүлүк жардам жана ыктыярдуу төгүмдөр;
- кайрымдуулук же гранттык жардам;
- биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган башка каражаттар.
76. Фонддордун салыктык эмес кирешелери боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берет.
§ 2. Долбоорлорду ишке ашырууга Фонддун акча каражаттарын чыгымдоонун тартиби
77. Фонддун дирекциясы учурдагы жылдын 1-февралынан кечиктирбестен Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимин төмөнкү тиркемелери менен финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет:
1) учурдагы жылга каржылоонун тиешелүү болжолдуу көлөмү менен социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун бекитилген тизмеги;
2) Банк аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн арналган учурдагы жылга каржылоонун болжолдуу көлөмү;
3) Фонддун ишкердик субъекттер менен биргелешкен долбоорлорго үлүштүк катышуусу аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн арналган учурдагы жылга каржылоонун болжолдуу көлөмү.
78. Мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Фонддун жылдык бюджетин бекитет, Фонддун өткөн жылдагы бюджетинин өтмө калдыктарын учурдагы жылдын бюджетине киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин учурдагы жылдын 1-мартынан кечиктирбестен кабыл алууну камсыз кылат.
79. Өзүнүн эсептеринде финансылык каражаттар болгон учурда Фонд учурдагы айдын 5ине чейинки мөөнөттө каржылоону ачууга өтүнмөнү мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт. Эгерде өтүнмө учурдагы айдын 5инен кийин берилсе, анда каржылоого өтүнмөнү кароо кийинки айда жүргүзүлөт.
80. Фонддун кассалык чыгымдары, чыгымдардын сметасы "Имараттар жана курулмалар" 3111-беренеси боюнча түзүлөт, калыптанат жана каржыланат жана жөнөкөйлөтүлгөн казыналык жол-жоболор боюнча Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
81. Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү болуп саналган Фонд тандап алынган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча акча-төлөм операцияларын аткаруу менен чыгымдарды бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүргүзөт.
82. Тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген каражаттардын көлөмүнөн түшүүлөр ашып кеткен учурда сметалык дайындоолорду тактоо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
83. Фонддун акча каражаттарын жүгүртүү жөнүндө отчеттор жана аларды эсепке алуу Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
84. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо Фонддун атынан Фонддун аткаруучу директору менен долбоордун аткаруучусунун атынан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчисинин ортосунда кол коюлган эки тараптуу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
Банк аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоо Банк менен ишкердик субъекттин ортосунда кол коюлган эки тараптуу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
Фонддун үлүштүк катышуусу аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоо Фонд менен ишкердик субъекттин ортосунда кол коюлган эки тараптуу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
85. Долбоорлор боюнча төлөмдөргө мониторинг жүргүзүү жана контролдоо Фонд тарабынан жүзөгө ашырылат. Фонд белгиленген тартипте төмөнкүдөй отчетторду берет:
1) мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сметанын аткарылышы жөнүндө;
2) экономика маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө.
86. Фонд тарабынан социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун каржыланышы долбоорду ишке ашыруу графиги боюнча аткарылган иштердин актысынын жана долбоорду аткаруучу тарабынан сунушталган долбоорду каржылоо планы боюнча аткарылган транштын актысынын негизинде жүзөгө ашырылат.
Банк аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн каралган каражаттар Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан бекитилген экономикалык долбоорлорду учурдагы жылы Банк аркылуу каржылоонун болжолдуу көлөмүнүн негизинде Фонд тарабынан мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген өтүнмөнүн негизинде Фонддун Банктагы эсебине которулат.
87. Фонддун каражаттарынын учурдагы жылдын аягына өздөштүрүлбөгөн калдыктары белгиленген тартипте республикалык бюджетке кайтарылат жана пландалган жылы тиешелүү Фонддун каражаттары катары бекитилет.
7-глава. Фонддун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо
88. Фонддун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
1) Фонддун ишинин ушул Типтүү жободо жана Фонддун Уставында аныкталган эрежелерге жана жол-жоболорго шайкештиги;
2) каражаттарды максаттуу пайдалануу жана анын бекитилген пландарга шайкештиги;
3) долбоорлорду жана кредит берүү программаларын аткаруунун натыйжалуулугун баалоо;
4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
89. Фонддун дирекциясы мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун методикасын иштеп чыгат, ал Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилет.
90. Фонддун дирекциясынын сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңеши Фонддун мониторингдик тобунун курамын бекитет. Мониторингдик топтун курамына Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
91. Мониторингдик топтун мүчөлөрү Фонддун маалыматтарына жана документтерине эркин жетүү укугуна ээ.
92. Мониторингдин жыйынтыктары отчет түрүндө таризделет, анда мониторингдин жыйынтыктары жана четтөөлөрдү жоюу боюнча сунуштар чагылдырылат.
93. Мониторингдик топтун отчету Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштарында жылына 2 жолудан кем эмес угулат.
94. Мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктары боюнча Фонддун отчету ар жылдык негизде мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
8-глава. Өзгөчө шарттар
§ 1. Региондорду өнүктүрүү фонддорунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана алардын штаттык саны
95. Фонддун дирекциясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн 7040 сом өлчөмүндө минималдуу базалык ставка белгиленет, ал Фонддун кызматкерлеринин кызматтык маяналарын (мындан ары - кызматтык маяналар) эсептөө үчүн негиз болуп саналган, мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
96. Кызматтык маяналар минималдуу базалык ставкадан, кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттеринен жана жалпы иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдөн, анын ичинде төмөнкүлөрдү төлөө менен түзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк;
2) эмгек өргүүгө чыгууда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
3) календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.
1-таблица. Фонддун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундардын аталышы | Фонддун жылдык болжолдуу бюджетинде эселөө коэффициенттери, млн. сом | ||
50дөн аз | 50-100 | 100дөн ашык | ||
1 | Аткаруучу директор | 4,07 | 4,48 | 4,92 |
2 | Башкы бухгалтер | 3,63 | 3,99 | 4,39 |
3 | Башкы адис | 3,26 | 3,59 | 3,94 |
4 | Жетектөөчү адис | 2,98 | 3,28 | 3,61 |
5 | Адис | 2,43 | 2,67 | 2,94 |
6 | Кызматтык бөлмөлөрдү тазалоочу (техничка) | 1 | 1 | 1 |
2-таблица. Фонддун кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрүнүн өлчөмдөрү
| Кызмат орундардын аталышы | Пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү, % |
| 1 жылдан 3 жылга чейин | 5 |
| 3 жылдан 5 жылга чейин | 10 |
| 5 жылдан 10 жылга чейин | 15 |
| 10 жылдан 15 жылга чейин | 20 |
| 15 жылдан 20 жылга чейин | 25 |
| 20 жылдан 25 жылга чейин | 30 |
| 25 жылдан жогору | 40 |
3-таблица. Фонддун кызматкерлеринин типтүү штаттык саны
№ | Кызмат орундардын аталышы | Фонддун жылдык болжолдуу бюджетинде штаттык бирдиктердин саны, млн. сом | |||
50дөн аз | 50-100 | 100дөн ашык | 200дөн ашык | ||
1 | Аткаруучу директор | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Башкы бухгалтер | 1 | 1 | 1 | 1 |
3 | Башкы адис | 1 | 1 | 1 | 1 |
4 | Жетектөөчү адис | - | 1 | 1 | 2 |
5 | Адис | - | - | 1 | 1 |
6 | Кызматтык бөлмөлөрдү тазалоочу (техничка)(*) | 1 | 1 | 1 | 1 |
(*) Эскертүү: штаттык бирдик зарылдыгына жараша Фонддун чечими менен киргизилет.
§ 2. Региондорду өнүктүрүү фонддоруна республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүштүрүү тартиби
97. Республикалык бюджеттен каражаттар эки топ боюнча бөлүштүрүлөт:
1) Облустарды өнүктүрүү фонддору боюнча - мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул топ боюнча республикалык бюджетте белгиленген каражаттардын көлөмүнөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык кошумча, буга ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны тейлөөгө чегерүүлөр келип түшкөн облустар кирбейт;
2) Райондорду өнүктүрүү фонддору боюнча - ар бир районго мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул топ боюнча республикалык бюджетте белгиленген каражаттардын көлөмүнөн каражаттар кирешелердин көлөмүнө жараша (активдерди, милдеттенмелерди жана атайын каражаттарды эсепке албаганда), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык кошумча бөлүштүрүлөт, буга № 1 таблицага ылайык ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны тейлөөгө чегерүүлөр 15000000 (он беш миллион) сомдон ашык келип түшкөн райондор кирбейт.
1-таблица. Фонддорго республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын өлчөмдөрү
Райондордун кирешелеринин көлөмү (мында ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны тейлөөгө чегерүүлөр 15000000 (он беш миллион) сомдон аз | Фондго республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттардын суммасы | Райондук маанидеги шаарлар бар Фондго республикалык бюджеттен берилүүчү кошумча каражаттар |
Райондор боюнча кирешелердин орточо деңгээлинен төмөн | 30000000 (отуз миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
Райондор боюнча кирешелердин орточодон жогорку деңгээлине чейин | 20000000 (жыйырма миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
Райондор боюнча кирешелердин жогорку деңгээлинен жогору | 15000000 (он беш миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
98. Фонддорго республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттардын көлөмү республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилет.
99. Мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ай сайын, Фонддордун өтүнмөлөрүнө ылайык кассалык планды бекитет. Фонддор берилген өтүнмөлөр боюнча кассалык планды ачат жана каржылоону ишке ашырат.
100. Фонд чыгашалардын бекитилген сметасына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен чыгымдарды өз убагында жана толук каржылайт.
101. Фонддордогу республикалык бюджеттин каражаттарынын калдыктары учурдагы жыл аяктагандан кийин республикалык бюджетке кайтарылат.
Учурдагы жылы Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан бекитилген, бирок каржыланбаган долбоорлор пландалган жылда Фонддун жылдык бюджетинде эске алынууга жана биринчи кезектеги тартипте каржыланууга тийиш.
9-глава. Кызыкчылыктардын кагылышы
102. Эгерде Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү, Фонддун дирекциясы Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоонун алкагында каралып жаткан кандай болбосун долбоорго жеке кызыкчылыгы бар болсо, алар тиешелүү маселени талкуулоого жана каралып жаткан учурда жана ал боюнча чечим кабыл алууда добуш берүүгө катышпашы керек.
|
| 2-тиркеме |
|
|
Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду тандоо КРИТЕРИЙЛЕРИ
Долбоордун аталышы: | ||
Мамлекеттик мекеменин/айыл аймагынын/шаардын аталышы: | ||
Район: | ||
Облус: | ||
Критерийдин аталышы | Индикатордун сыпаттамасы | Баалоо баллы |
1. Облусту/районду/шаарды/айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы | программада долбоорду ишке ашыруу каралган эмес | 0 |
программада долбоорду ишке ашыруу каралган | 20 | |
2. Аймактык деңгээлдеги мааниси (социалдык натыйжа) | айыл аймагынын деңгээлиндеги мааниси | 5 |
райондук деңгээлдеги мааниси | 10 | |
облустук деңгээлдеги мааниси | 15 | |
республикалык деңгээлдеги мааниси | 20 | |
3. Долбоорду ишке ашыруунун зарылдыгын аныктоого жергиликтүү калктын катышуусу | социалдык мобилизация жүргүзүлгөн эмес | 0 |
социалдык мобилизация жарандардын айрым топторунун катышуусу менен жүргүзүлгөн | 10 | |
социалдык мобилизация калкты кеңири камтуу менен жүргүзүлгөн | 20 | |
4. Долбоорду ишке ашыруу үчүн техникалык документтердин болушу | жок | 0 |
документтердин толук эмес тизмеги | 10 | |
техникалык документтердин талаптарга толук шайкештиги | 20 | |
5. Долбоорду республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан, жергиликтүү калктын же бизнестин, эл аралык уюмдардын каражаттарынан жана башка булактардан ырасталган кошо каржылоо | кошо каржылоонун жоктугу | 0 |
долбоордун жалпы наркынын 50%ынан кем эмес өлчөмдө кошо каржылоо | 15 | |
долбоордун жалпы наркынын 50%ынан ашык өлчөмдө кошо каржылоо | 20 | |
6. Долбоордун демилгечисинин материалдык активдерди (мисалы, жер участогун, имаратты жана курулманы, жабдууларды ж.б.) берүү жана/же долбоорду ишке ашырууга көмөктөшүүчү кызматтарды көрсөтүү түрүндө катышуусу | катышуу жок | 0 |
катышуу жалпы салымдын 50%ынан кемин түзөт | 10 | |
катышуу жалпы салымдын 50%ынан ашык | 20 | |
7. Долбоорду ишке ашыруу пландалган айыл аймагы же шаар | республикалык бюджеттен теңдөөчү грант албайт | 0 |
республикалык бюджеттен теңдөөчү грант алат | 20 | |
8. Долбоорду ишке ашыруу региондогу экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келет | ооба | 0 |
жок | 20 | |
Баллдын суммасы: |
|
|
_______________________________________________________________ (Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөсүнүн аты-жөнү) |
_____________________ (колу) | |
".
|
| 3-тиркеме |
|
|
Экономикалык долбоорлорду тандоо КРИТЕРИЙЛЕРИ
Долбоордун аталышы: | ||
Район: | ||
Облус: | ||
Критерийдин аталышы | Индикатордун сыпаттамасы | Баалоо баллы |
1. Облусту/районду/шаарды/айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы | программада долбоорду ишке ашыруу каралган эмес | 0 |
программада долбоорду ишке ашыруу каралган | 20 | |
2. Артыкчылыктуу багыттарга ылайык келүү: - өнөр жай ишинин бардык түрлөрү, анын ичинде жеңил, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы; - энергетика; - туризм; - азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү долбоорлор; - креативдүү экономика чөйрөсүндөгү долбоорлор, анын ичинде маалыматтык технологиялар; - жашыл экономика чөйрөсүндөгү долбоорлор; - билим берүү жана саламаттык сактоо жана социалдык жардам чөйрөлөрүндөгү долбоорлор | ылайык келбейт | 0 |
ылайык келет | 20 | |
3. Өтүнмө ээси "Бир айыл - бир продукт" долбоорунун катышуучусу болуп саналат | жок | 0 |
ооба | 20 | |
4. Аймактык деңгээлдеги мааниси | айыл аймагынын деңгээлиндеги мааниси | 5 |
райондук деңгээлдеги мааниси | 10 | |
облустук деңгээлдеги мааниси | 15 | |
республикалык деңгээлдеги мааниси | 20 | |
5. Ишкердик субъектинин экономикалык ишинин мезгили | 5 жыл жана андан жогору | 5 |
3 жылдан 5 жылга чейин | 10 | |
1 жылдан 3 жылга чейин | 15 | |
1 жылдан аз, анын ичинде "стартап" долбоору | 20 | |
6. Күтүлгөн жумуш орундарынын саны | 5 жумуш ордуна чейин | 5 |
5тен 10 жумуш ордуна чейин | 10 | |
10 жумуш ордунан ашык | 20 | |
7. Долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү чийки затты пайдалануу (жергиликтүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу) | каралган эмес | 0 |
каралган | 10 | |
8. Инновациялык технологияларды киргизүү | инновациялардын жоктугу | 0 |
инновация конкреттүү уюмдун ишин жакшыртууга таасирин тийгизет | 5 | |
инновациялар региондун аймагында бул сектордун өнүгүшүнө таасирин тийгизет | 10 | |
9. Чет өлкө валютасынын келиши | долбоор чет өлкө валютасынын келишине мүмкүндүк түзбөйт | 0 |
долбоор чет өлкө валютасынын келишине мүмкүндүк түзөт | 10 | |
10. Долбоорду ишке ашырууда коомдук инфраструктураны өнүктүрүү | каралган эмес | 0 |
каралган | 10 | |
11. Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде ишке ашыруу | колдонулган жок | 0 |
колдонулат | 10 | |
12. Уюм тиешелүү райондун тургунуна катталган | жок | 0 |
ооба | 10 | |
13. Долбоорду ишке ашыруу региондогу экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келет | ооба | 0 |
жок | 20 | |
Баллдын суммасы: |
|
|
_______________________________________________________________ (Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөсүнүн аты-жөнү) |
_____________________ (колу) | |