Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 597 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу ЭРЕЖЕЛЕРИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 796 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын субъекттеринин ортосунда келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандыруунун бирдиктүү системасы иштейт, мында ушул Эрежелердин 2-главасына ылайык камсыздандырылган катары аныкталган адамдар милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш.
3. Бул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) милдеттүү медициналык камсыздандыруу (мындан ары - ММК) - камсыздандыруу учуру келгенде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) чегинде ММК каражаттарынын эсебинен камсыздандырылган адамга медициналык жардам көрсөтүүнүн кепилдигин камсыз кылууга багытталган мамлекет тарабынан түзүлүүчү укуктук, экономикалык жана уюштуруу чараларынын системасы болгон социалдык коргоонун бир түрү;
2) камсыздандырылган адам - камсыздандыруучуга ММК үчүн төгүмдөр келип түшкөн адам;
3) камсыздандырылуучу (төлөөчү) - ММКга төгүм төлөөнү жүргүзүүчү жеке же юридикалык жак;
4) камсыздандыруучу - ММК жаатында камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жак. ММКда камсыздандыруучу болуп Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жана анын аймактык башкармалыктары (мындан ары - ММК фонду) эсептелет;
5) кызмат көрсөтүүчү - менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюму, фармацевттик мекеме же менчигинин түрүнө карабастан уюм же жеке медициналык практиканы же фармацевттик ишти жүргүзгөн, иштин бул түрүн жүргүзүүгө лицензиясы бар жана медициналык, профилактикалык, реабилитациялык, ден соолукту чыңдоочу, фармацевттик кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу жак;
6) милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (мындан ары - ММК полиси) - ММК системасында ишке ашырылуучу мамлекеттик программалар боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укук жана камсыздандыруу статусун берүүчү документ;
7) медициналык кызмат көрсөтүү - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана ММК чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүүчүнүн чыгымдарынын ордун толтуруу каралган бейтапка медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн формасы;
8) башка кызмат көрсөтүүлөр - профилактикалык, фармацевтикалык, реабилитациялык, ден соолукту чындоочу жана дары-дармектер менен камсыздоочу кызмат көрсөтүүлөрдү өзүнө камтыган бейтапка медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн формасы;
9) эмгекке жарамдуу куракка жеткен адамдар - ушул Эрежелердин 19-пунктунда көрсөтүлгөн жарандардын категорияларын, ошондой эле ММК же мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган адамдарды кошпогондо, он алты жашка толгон мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр;
10) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн адамдар - ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, салык кызматы органында, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, прокуратура органдарында кызмат өтөгөн, айрым укук коргоо функцияларын аткарган адамдар.
4. ММК боюнча камсыздандыруу статусун алган адамдардын укуктары жана милдеттери "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралат.
5. ММК системасына кирбеген Кыргыз Республикасынын жарандары медициналык, профилактикалык, реабилитациялык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө өз алдынча жеке каражаттарынын эсебинен төлөйт.
ММК системасына кирбеген чет элдик жарандар медициналык, профилактикалык, реабилитациялык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-июнундагы № 346 "Чет өлкөлүк граждандарды медициналык тейлөө жөнүндө" токтомуна ылайык өз алдынча жеке каражаттарынын эсебинен төлөйт.
2-глава. ММК системасынын субъекттери
6. ММК системасынын субъекттери болуп камсыздандырылган адам, камсыздандырылуучу, камсыздандыруучу жана кызмат көрсөтүүчү эсептелет.
7. ММК боюнча камсыздандырылгандар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын жарандары:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык эмгек келишиминин негизинде эмгек мамилелеринде тургандар;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу же ММК боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү болуп эсептелген эмгекке жарамдуу куракка жеткен адамдар;
- Кыргыз Республикасында өзүнүн ишин жүргүзгөн жана киреше алган дыйкан (фермер) чарбалары, жеке ишкерлер жана жеке жактар;
- калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында расмий катталган жумушсуз жарандар;
- Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери;
- пенсионерлер, анын ичинде аскер пенсионерлери;
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана социалдык жөлөкпул алган адамдар;
- он алты жашка толгонго чейинки балдар (жалпы билим берүү уюмдарынын жана медреселердин окуучулары - алар окуусун аяктаганга чейин, бирок он сегиз жаштан улуу эмес), баштапкы кесиптик окуу жайларынын, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери - алар жыйырма бир жашка толгонго чейин (сырттан же кечки бөлүмдө окугандардан тышкары);
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында жана башка органдарда кызмат өтөп жаткан адамдар;
- Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жашаган жана мыйзамдуу негизде эмгек ишин жүргүзгөн Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден келген эмгекчилердин үй-бүлө мүчөлөрү;
- Кыргыз Республикасынын ММК жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган ММК боюнча төгүмдөрдү төлөөчүлөр болуп саналган башка адамдар;
2) башка адамдар:
- Кыргыз Республикасында эмгек ишин жүзөгө ашыруу менен байланышпаган башка максаттар менен жүргөн Евразия экономикалык бирлигинин жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
- чет элдик жарандар;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан чет өлкөлүк адамдар;
- жарандыгы жок адамдар, качкындар жана Кыргыз Республикасынан баш калка издеген адамдар;
- кайрылмандар.
8. Камсыздандырылуучулар (төлөөчүлөр) ММКга төгүмдөрүн ММК жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган катышта жана өлчөмдө төлөшөт.
9. ММК фондунун атынан чыккан камсыздандыруучу Кыргыз Республикасында ММК боюнча камсыздандырылган жарандарды жана башка адамдарды акча каражаттарынын топтолгон фондунун эсебинен сапаттуу медициналык жана профилактикалык жардам менен кепилденген камсыз кылууну ишке ашырат.
10. Кызмат көрсөтүүчүлөр Кыргыз Республикасында камсыздандырылган жарандарга жана башка адамдарга Мамлекеттик кепилдиктер программасында аныкталган көлөмдө жана шарттарда ММК боюнча сапаттуу медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылат.
3-глава. Кыргыз Республикасында ММК боюнча статусту алуу жана токтото туруу тартиби
11. Адам ММК боюнча камсыздандыруу статусуна төмөнкү учурларда ээ болот:
- ал же анын пайдасына ММК төгүмдөрү төлөнгөн учурда;
- ММК полисин сатып алган учурда.
Адам тарабынан же анын пайдасына ММК төгүмдөрүн төлөө ММК жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасында камсыздандырылбаган адамдар тарабынан ММК полисин сатып алуу ММК фонду аныктаган тартипте ММК фондунун аймактык башкармалыктары аркылуу жүргүзүлөт.
12. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандар үчүн ММК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган шарттарда ММК боюнча камсыздандыруу статусуна ээ болот.
13. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилери жана үй-бүлө мүчөлөрү, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ММК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган шарттарда ММК боюнча камсыздандыруу статусуна ээ болушат.
14. Качкындар жана Кыргыз Республикасынан баш калка издегендер, кайрылмандар жана «Мекен-карт» болгон учурда чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештер Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ММК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган шарттарда милдеттүү медициналык камсыздандыруу статусуна ээ болушат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 796 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан чет өлкөлүк адамдар, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк жарандары үчүн ММК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган шарттарда ММК боюнча камсыздандыруу статусун алууга милдеттүү.
Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандарды чакыруучу тараптын эсебинен милдеттүү медициналык камсыздандырууга жол берилет.
Чет өлкөлүк адамдарды кабыл алууну жана окутууну жүзөгө ашыруучу билим берүү мекемеси (уюму) окуп жаткан чет өлкөлүк адамдардын ММК полисин сатып алуусу үчүн чара көрүүгө милдеттүү.
16. Төмөнкү учурларда ММК боюнча жактардын статусу токтотулуп турат:
1) эгерде камсыздандыруу төгүмү камсыздандыруу төгүмдөрүн акыркы төлөө келип түшкөн күндөн тартып катары менен алты календардык ай өткөндөн кийин келип түшпөсө.
Ошол эле учурда адамдар төлөнбөгөн мезгил үчүн ММК төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулбайт. ММК төгүмдөрүн төлөбөгөн жеалардын пайдасына төлөнбөгөн адамдар төлөнбөгөн мезгил үчүн, бирок акы төлөө күнүнө чейин он эки айдан ашпаган мезгилге ар бир ай үчүн Кыргыз Республикасынын ММК же мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө ММК төгүмдөрүн төлөйт.
Бул пункттун жоболору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген катышта жана өлчөмдөрдө республикалык бюджеттин каражаттарынан ММК төгүмдөрү пайдасына төлөнгөн адамдарга жайылтылбайт.
2) ММК полисинин мөөнөтү бүткөн учурда;
3) камсыздандырылган адам белгиленген тартипте калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын иш менен камсыз кылуу органдарында каттоодо турган жумушсуздардын эсебинен чыгарылган учурда;
4) окууну аяктаганга чейинки, бирок он сегиз жаштан улуу эмес жалпы билим берүү уюмдарынын жана медреселердин окуучуларынан, жыйырма бир жашка толгонго чейинки башталгыч кесиптик окуу жайларынын, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттеринен (сырттан же кечки бөлүмдө окугандар кирбейт) тышкары ММКга төгүм төлөбөгөн же Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ММК полиси болбогон учурда эмгекке жарамдуу 16 жашка толгондо;
5) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн мөөнөттүү аскердик кызмат аяктаган учурда;
6) социалдык статустун бар экендигин тастыктаган документтердин же күбөлүктөрдүн колдонуу мөөнөтү аяктаган учурда;
7) камсыздандырылган адам каза болгон учурда.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 796 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. ММК системасынын субъекттери тарабынан ММКга төгүмдөрдү төлөө тартиби
17. ММК төгүмдөрү Кыргыз Республикасынын иш берүүчүлөрү, кызматкерлери, жарандары, дыйкан (фермер) чарбалары, жеке ишкерлер жана Кыргыз Республикасында өз ишин жүргүзгөн жана киреше алган жеке жактар, юридикалык жактар, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары, өкүлчүлүктөрү аркылуу иш жүргүзгөн чет өлкөлүк юридикалык жактар тарабынан ММК жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган катышта жана өлчөмдө төлөнөт.
18. Мамлекет жарандардын төмөнкү категориялары үчүн камсыздандыруучу болуп саналат:
1) калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында расмий катталган жумушсуз жарандар;
2) пенсионерлер, анын ичинде аскер пенсионерлери;
3) бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана социалдык жөлөкпул алган адамдар;
4) он алты жашка чейинки балдар (жалпы билим берүү уюмдарынын жана медреселердин окуучулары - алар окуусун аяктаганга чейин, бирок он сегиз жаштан улуу эмес), баштапкы кесиптик окуу жайларынын, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери жыйырма бир жашка толгонго чейин (сырттан же кечки бөлүмдө окугандардан тышкары);
5) Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка органдарында кызмат өтөп жаткан адамдар;
6) Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери.
19. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде окуган чет өлкөлүк жарандар, чет өлкөлүк жактар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар үчүн төгүмдөрдү камсыздандыруучу же ММК жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар өз алдынча төлөшөт.
5-глава. Кыргыз Республикасында ММК боюнча камсыздандырылган жарандарга медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүүнүн шарттары
20. Камсыздандыруучу камсыздандырылган жарандарга медициналык кызматтарды көрсөтүү үчүн кызмат көрсөтүүчүлөр менен келишимдерди түзүү аркылуу камсыздандырылган адамдардын пайдасына аракеттенет. Камсыздандыруучу менен кызмат көрсөтүүчүнүн ортосундагы келишим жазуу жүзүндө түзүлөт. Келишимдерге Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдери колдонулат.
21. Кыргыз Республикасында ММК боюнча камсыздандырылган жана камсыздандырылбаган жарандарга медициналык, профилактикалык, реабилитациялык, ден соолукту чыңдоочу жана башка кызмат көрсөтүүлөр Мамлекеттик кепилдиктер программасында аныкталган көлөмдө жана шарттарда көрсөтүлөт.
22. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык, профилактикалык, реабилитациялык, ден соолукту чындоочу жана башка кызматтар Кыргыз Республикасында ММК боюнча камсыздандырылган жарандарга ММК фондунун маалымат базасында алар идентификациялангандан кийин көрсөтүлөт.
6-глава. Кыргыз Республикасында ММК боюнча статусту күбөлөндүрүүнүн негиздери
23. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ММК статусун күбөлөндүрүүгө негиз болгон документ:
1) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык эмгек келишиминин негизинде эмгек мамилелеринде турган адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
2) эмгекке жарамдуу куракка жеткен, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
3) калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында расмий катталган жумушсуздар - калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдары тарабынан берилген жумушсуз адамдын статусун ырастоочу документ жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
4) пенсионерлер, анын ичинде аскер пенсионерлери - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын пенсиялык күбөлүгү;
5) бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана социалдык жөлөкпул алуучу адамдар - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо жана социалдык камсыздоо органдары тарабынан берилген документ жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
6) Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же аскер кызматчысынын күбөлүгү;
7) он алты жашка чейинки балдар (жалпы билим берүүчү уюмдардын жана медреселердин окуучулары - окуусун аяктаганга чейин, бирок он сегиз жаштан улуу эмес) - 16 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк, уюмдардан жана мекемелерден - мектептерден, интернаттардан маалымкат;
8) баштапкы кесиптик окуу жайларынын, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери жыйырма бир жашка чыкканга чейин (сырттан же кечки бөлүмдө окугандардан тышкары) - Кыргыз Республикасынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта), окуган жеринен маалымкат же студенттик билет;
9) Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка органдарында кызмат өтөгөн адамдар - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка органдарында кызмат өтөгөндүгү жөнүндө күбөлүк.
24. Башка жактар үчүн ММК статусун күбөлөндүрүү жүргүзүүгө негиз болгон документ:
1) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн - белгиленген үлгүдөгү паспорт жана ММК полисинин номери;
2) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн - белгиленген үлгүдөгү паспорт, идентификациялык жеке номер же ММК полисинин номери;
3) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуган чет өлкөлүк адамдар үчүн - белгиленген үлгүдөгү паспорт, идентификациялык жеке номер жана ММК полисинин номери;
4) качкындар жана Кыргыз Республикасынан баш калка издеген адамдар үчүн - жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасында туруктуу же убактылуу жашоого укук берүүчү документ же качкын же Кыргыз Республикасынан баш калка издеген адам деп таанылган адамдын ким экендигин ырастоочу документ жана ММК полисинин номери;
5) кайрылмандар үчүн - кайрылман деп таанылган адамдын инсандыгын ырастоочу документ же кайрылмандын күбөлүгү жана ММК полисинин номери.
7-глава. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
25. ММК субъекттеринин ортосундагы талаш-тартыштарды чечүү жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.