ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 597 «Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция15.11.2023 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 15-ноябры № 597

 

Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 9-статьяларын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр үчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын граждандарын медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 18-октябрындагы Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-июлундагы "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун Бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу тууралуу" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-сентябрындагы № 437 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 17-ноябрындагы № 91 (3540) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров