Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-ноябры № 604
Качкындардын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамынын 2-беренесинин экинчи абзацын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасында Качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жободо:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясында каралган жагдайлар боюнча качкын деп таанууну каалагандыгы жөнүндө билдирген, качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүчү белгиленген тартипте катталган адам.
Кыргыз Республикасында качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүч берген адамдын үй-бүлө мүчөлөрү же качкындын үй-бүлө мүчөлөрү (мындан ары - үй-бүлө мүчөлөрү) Кыргыз Республикасынын аймагында чогуу жашаган шартта жубайы, алардын жашы жете элек балдары жана анын багуусундагы башка туугандары болуп саналат.";
- 5-пунктта:
үчүнчү абзац "чечимди кабыл алуу" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алар боюнча чечимдерди кабыл алган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу орган саясий, гуманитардык же башка жагдайларга байланыштуу өтүнүч боюнча акыркы чечимди белгиленген мөөнөттөрдө кабыл алуу мүмкүн болбогон өзгөчө учурларда баш калкалоо издеген адамдарга карата чечим чыгарууну токтотуп туруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылууну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберет.";
- 20-1 - 20-3-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 47-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын качкындар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 92 (3541) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |