Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 621 токтомуна) |
Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана анын аймактык органдары (мындан ары - каттоочу орган) жүзөгө ашырат.
3. Бул Жобо каттоочу органдын ыйгарым укуктуу салык органы, аймактык статистика органы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар) менен "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары - "Түндүк" ЭВӨС) аркылуу юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) процессинде өз ара аракеттенүү тартибин регламенттейт.
4. Бул Жобо каттоочу орган менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда ишти координациялоо, өз ара аракеттенүү жана өз ара маалымат алмашуу үчүн укуктук негиз болуп саналат.
5. 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана ишин токтоткон юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө маалыматты аймактык статистика органдары берет.
2-глава. Жобонун максаттары жана милдеттери
6. Бул Жобонун негизги максаттары жана милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) "Түндүк" ЭВӨС аркылуу "бирдиктүү терезе" принциби боюнча юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) каттоочу органдын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен тиешелүү коддорду жана номерлерди ыйгаруу боюнча өз ара аракеттенүү системасын түзүү;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган (кайра катталган) юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) толук жана анык эсебин жүргүзүү;
3) юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестри менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлеринин өз ара аракеттенүү системасын түзүү, ошондой эле ведомстволук реестрлердин маалыматтык шайкештигин камсыздоо;
4) "Түндүк" ЭВӨС аркылуу "бирдиктүү терезе" принциби боюнча юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодо тиешелүү коддорду жана номерлерди ыйгаруу процессин тездетүү.
3-глава. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартиби
7. Каттоочу орган белгиленген тартипте документтерди кабыл алуу менен:
1) тийиштүү чечимди (буйрукту) чыгарат;
2) мамлекеттик каттоо жөнүндө буйрук чыккан учурда "Юридикалык жактардын электрондук маалыматтар базасы" маалыматтык системасы аркылуу ушул Жобонун тиркемесине ылайык кабарлоону толтурат;
3) катталган (кайра катталган) юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалыматты юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) тиешелүү мамлекеттик реестрине киргизет;
4) катталган юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө кабарлоону "Түндүк" ЭВӨС аркылуу электрондук форматта статистика органы тарабынан ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун (мындан ары - ИУЖК) кодун жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан идентификациялык салык номерин (мындан ары - ИСН) ыйгаруу үчүн статистика органына жиберет;
5) кабарлоонун графалары катышуучунун уюштуруу-укуктук формасына жана курамына, чет өлкөлүк катышуунун болушуна жараша милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш.
8. Статистика органы:
1) каттоочу органдан кабарлоону алгандан кийин "Түндүк" ЭВӨС аркылуу ИУЖК кодун автоматтык түрдө ыйгарат жана кабарлоону ыйгарылган ИУЖК коду менен кайра жиберет;
2) ведомстволук реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизет;
3) ИУЖК кодунун өз убагында жана туура ыйгаруу үчүн жоопкерчилик тартат.
9. Ыйгарым укуктуу салык органы:
1) "Түндүк" ЭВӨС аркылуу электрондук форматтагы ИУЖК кодун көрсөтүү менен кабарлоону алгандан кийин салык органынын маалыматтык системасы автоматтык режимде кабарлоонун төмөндө көрсөтүлгөн пункттарынын шайкештигин контролдойт:
- 1-пункт (расмий тилдеги толук фирмалык аталыштын болушуна жана салык органынын маалыматтык системасында камтылган окшош толук фирмалык аталышына);
- 5-пункт (уюштуруу-укуктук формасынын шайкештигине);
- 6-пункт (чет өлкөлүк катышуучунун болушуна. Чет өлкөлүк катышуучунун болушуна жараша контролдоо функциясы өзгөртүлөт);
- 7-пункт (каттоо номеринин болушуна);
- 8-пункт (ИУЖК кодунун болушуна);
- 11-14-пункттар (СОАТЕ кодуна шайкештигине);
- 22-пункт (мамлекеттик ишкананы жана муниципалдык ишкананы кошпогондо, коммерциялык уюмдардын уставдык капиталынын болушуна, ошондой эле уставдык капиталдын өлчөмүнүн уюштуруучулардын (катышуучулардын) үлүштөрүнүн өлчөмдөрүнө шайкештигине);
- 23-пункт (статусунун шайкештигине);
- 24-пункт (мамлекеттик каттоо жөнүндө буйруктун датасына, ал учурдагы датадан беш жумушчу күнгө кеч болбоого тийиш, башкача айтканда ушул пунктту ИСН ыйгаруу үчүн буйрук чыккан учурдан тартып беш жумушчу күндүн ичинде жөнөтүүгө);
- 33-пункт (саясий партиянын, диний уюмдун, кесиптик жана коомдук бирикменин катышуучуларын кошпогондо, эгерде катышуучу Кыргыз Республикасынын жараны болсо, ИЖН жана пайыздык катыштагы жана акчалай түрдөгү үлүштүн өлчөмүнүн шайкештигине);
- 34-пункт (эгерде катышуучу Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы болсо, ИСН жана пайыздык катыштагы жана акчалай түрдөгү үлүштүн өлчөмүнүн шайкештигине);
- 50-пункт (ГКЭД кодунун шайкештигине);
2) текшерүү учурунда каталар табылбаса, салык органынын маалыматтык системасы автоматтык түрдө ИСН ыйгарат жана ыйгарылган ИСН менен кабарлоону тиешелүү каттоочу органга, аймактык статистика органына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна кайра жиберет;
3) ведомстволук реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизет;
4) ИСН өз убагында жана туура ыйгаруу үчүн жоопкерчилик тартат;
5) тийиштүү маалыматты катталган юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жайгашкан жердеги райондук деңгээлге билдирет.
10. Статистика органы тарабынан ИУЖК коду жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан ИСН ыйгарылгандан кийин арыз ээсине белгиленген мөөнөттө юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык каттоо номерин, ИУЖК кодун, ИСНди жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен мамлекеттик каттоо жөнүндө маалымкатты (күбөлүктү) берет.
11. Жиберилген кабарлоонун негизинде ИУЖК коду жана/же ИСН ыйгарылбаган учурда, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар так эместиктерди четтетүү жана кабарлоону кайталап жиберүү үчүн "Түндүк" ЭВӨС аркылуу ИУЖК кодун жана/же ИСНди ыйгаруудан баш тартуунун себебин (билдирүүдөгү каталарды) жиберет.
Кыскартылган фирмалык аталыштын жоктугу аныкталган учурда аны редакциялоо салык органы тарабынан, ал эми калган учурларда алып салуу каттоочу орган тарабынан жүргүзүлөт.
Салык органынын маалыматтык системасында камтылган окшош фирмалык аталышка, ИУЖРК кодго жана ИСНге ээ юридикалык жактарга, филиалдарга (өкүлчүлүктөргө) ИСН ыйгарылбайт.
ИУЖК кодун жана ИСН ыйгаруу үчүн жиберилген кабарлоо алар ыйгарылбаган учурда 20 мүнөт сайын кайра жиберилип турат.
Кабарлоону тийиштүү мамлекеттик органга "Түндүк" ЭВӨС аркылуу жиберүү мүмкүн болбогон учурда кабарлоодо камтылган маалыматтар каттоочу орган тарабынан тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга он күн ичинде кагаз жүзүндө жиберилет.
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
1) ыйгарым укуктуу салык органынан ыйгарылган ИУЖК коду жана ИСН менен каттоо маалыматтарын алгандан кийин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү катары эсепке алат;
2) ведомстволук реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизет.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар маалыматтык эскерткичтерди даярдоого жана каттоочу органга зарыл болгон санда берүүгө милдеттүү.
Юстиция органдары тарабынан "бирдиктүү терезе" принциби боюнча катталган юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттөрдө тийиштүү статистикалык жана башка отчетторду берүүдөн, салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү жана чегерүүлөрдү төлөөдөн бошотулбайт.
Юстиция органы тарабынан берилген мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө маалымкат (күбөлүк) болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аталган органдарда катталбастан экономикалык ишти жүргүзүү үчүн айыптарды салууга укугу жок.
14. Каттоочу орган жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өздөрүнүн маалыматтык системаларынын, ошондой эле "Түндүк" ЭВӨС аркылуу маалымат алмашуучу адаптерлердин ишке жөндөмдүүлүгүн камсыздайт.
Өз ара аракеттенүүдө колдонулуучу тиешелүү адаптерлердин жана маалымдамалардын маалыматтык системаларына өзгөртүүлөр киргизилген учурда отуз жумуш күндөн кечиктирбестен башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасын толуктап иштеп чыгууга алып келиши мүмкүн болгон алдыдагы өзгөрүүлөр жөнүндө кабарлайт.
"Түндүк" ЭВӨС аркылуу өз ара аракеттенүү тартиби бузулган учурда өз ара аракеттенүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга аталган укук бузуу аныкталган учурдан тартып дароо маалымдайт жана аларды четтетүү боюнча чараларды көрөт.
4-глава. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) каттоочу орган менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү схемасы
15. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) каттоочу орган менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн төмөнкү схемасы белгиленсин:
№ | Каттоочу орган | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы | ||
1 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, башкы эсептөө борбору | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
2 | Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы | Бишкек шаарынын статистика башкармалыгы | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
3 | Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгы | Ысык-Көл облусунун статистика башкармалыгы | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
4 | Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгы | Жалал-Абад облусунун статистика башкармалыгы | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
5 | Нарын облусунун юстиция башкармалыгы | Нарын облусунун статистика башкармалыгы | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
6 | Ош юстиция башкармалыгы | Ош облусунун статистика башкармалыгы | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
7 | Талас облусунун юстиция башкармалыгы | Талас облусунун статистика башкармалыгы | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
8 | Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы | Чүй облусунун статистика башкармалыгы | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
9 | Баткен облусунун юстиция башкармалыгы | Баткен облусунун статистика башкармалыгы | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
10 | Ош юстиция башкармалыгы | Ош шаарынын статистика башкармалыгы | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
|
| Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
КАБАРЛОО
___________________________________________________________________ (каттоочу органдын аталышы)
I. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) фирмалык аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы жөнүндө маалыматтар | ||
1 | Толук фирмалык аталышы (мамлекеттик тилде) |
|
2 | Толук фирмалык аталышы (расмий тилде) |
|
3 | Кыскартылган фирмалык аталышы (мамлекеттик тилде) |
|
4 | Кыскартылган фирмалык аталышы (расмий тилде) |
|
5 | Уюштуруу-укуктук формасы |
|
II. Чет өлкөлүк катышуучу жөнүндө маалымат | ||
6 | Чет өлкөлүк катышуучу барбы | Ооба/жок |
III. Каттоо номери, ИУЖК коду, ААББТ жана ИСН жөнүндө маалыматтар | ||
7 | Каттоо номери |
|
8 | ИУЖК коду (аймактык статистика органдары тарабынан ыйгарылат) |
|
9 | ААББТ коду (аймактык статистика органдары тарабынан ыйгарылат) |
|
10 | ИСН (салык органдары тарабынан ыйгарылат) |
|
IV. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) дареги (жайгашкан жери) жөнүндө маалыматтар | ||
11 | Облус |
|
12 | Шаар |
|
13 | Район |
|
14 | Айыл (поселок ж.б.у.с.) |
|
15 | Кичи район |
|
16 | Көчө (проспект, бульвар, чакан көчө ж.б.у.с.) |
|
17 | Үй № |
|
18 | Квартира № (кеңсе, бөлмөлөр ж.б.у.с.) |
|
V. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) байланыш маалыматтары | ||
19 | Телефон |
|
20 | Факс |
|
21 | Электрондук дарек (e-mail) |
|
VI. Юридикалык жактын уставдык капиталы (үлүштүк фонду) жөнүндө маалымат | ||
22 | Өлчөмү | _______________ сом |
VII. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө маалыматтар | ||
23 | Мамлекеттик каттоо же кайра каттоо |
|
24 | Буйруктун датасы |
|
25 | Буйруктун номери |
|
26 | Алгачкы каттоо датасы (мамлекеттик кайра каттоо учурунда) |
|
VIII. Юридикалык жакты түзүү ыкмасы жөнүндө маалымат | ||
27 | Түзүү |
|
28 | Кайра түзүү |
|
IX. Менчигинин формасы жөнүндө маалымат | ||
29 | Менчигинин формасы (мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка) |
|
X. Юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары) жөнүндө маалыматтар(*) | ||
30 | Уюштуруучулардын (катышуучулардын) - жеке жактардын саны |
|
31 | Уюштуруучулардын (катышуучулардын) - юридикалык жактардын саны |
|
32 | Уюштуруучулардын (катышуучулардын) жалпы саны |
|
33 | Уюштуруучу (катышуучу) - жеке адам жөнүндө маалымат |
|
| Аты-жөнү Уставдык капиталдагы үлүшү (% жана сом менен) Жарандыгы Жеке идентификациялык номери Өлкө Облус Шаар |
|
| Район Айыл (поселок ж.б.у.с.) Кичи район Көчө (проспект, бульвар, чакан көчө ж.б.у.с.) Үй № Квартиранын (бөлмөнүн ж.б.у.с.) № |
|
34 | Юридикалык жактын уюштуруучусу (катышуучусу) жөнүндө маалыматтар |
|
| Толук фирмалык аталышы |
|
| Уставдык капиталдагы үлүшү (% жана сом менен) |
|
| Катталган жери |
|
| Каттоо номери |
|
| ИУЖК коду |
|
| ИСН |
|
| Өлкө |
|
| Облус |
|
| Шаар |
|
| Район |
|
| Айыл (поселок ж.б.у.с.) |
|
| Кичи район |
|
| Көчө (проспект. бульвар, чакан көчө ж.б.у.с.) |
|
| Үй № |
|
| Квартиранын (кеңсенин, бөлмөнүн ж.б.у.с.) № |
|
XI. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) уюштуруучусу жөнүндө маалыматтар | ||
35 | Толук фирмалык аталышы |
|
36 | Катталган жери |
|
37 | Каттоо номери |
|
38 | ИУЖК коду |
|
39 | ИСН |
|
40 | Өлкө |
|
41 | Облус |
|
42 | Шаар |
|
43 | Район |
|
44 | Айыл (поселок ж.б.у.с.) |
|
45 | Кичи район |
|
46 | Көчө (проспект, бульвар, чакан көчө ж.б.у.с.) |
|
47 | Үй № |
|
48 | Квартиранын (кеңсенин, бөлмөнүн ж.б.у.с.) № |
|
XII. Жетекчи жөнүндө (коллегиялуу болгон учурда - биринчи жетекчинин) маалымат | ||
49 | Аты-жөнү (толук) |
|
XIII. Юридикалык жактын ишинин негизги түрү жөнүндө маалыматтар | ||
50 | Иштин негизги түрү (каттоо жөнүндө арызга ылайык) |
|
Эскертүү:
(*) - каттоодо коммерциялык уюмдар, мекемелер, коомдук фонддор үчүн толтурулат;
- кайра каттоодо жоопкерчилиги чектелген коомдор, кошумча жоопкерчилиги бар коомдор, толук шериктештиктер, коммандиттик шериктештиктер үчүн толтурулат.