Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 5-октябры № 90
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № ПЖ 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № ПЖ 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына жана “Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө” убактылуу жобого ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйынын даярдоо жана өткөрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдик Курултайдын (мындан ары –Курултай) делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны 2023-жылдын 18-ноябрында саат 10.00дө, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 251 (Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы) дарегинде чакырылсын.
2. 1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
2-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү боюнча график;
3-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүүгө жооптуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын тизмеси.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жумушчу топтун катышуучуларынын жалпы саны – 500 делегат;
бөлүштүрүү ченеми: Ленин району – 125 делегат; Октябрь району – 140 делегат; Биринчи май району – 101 делегат; Свердлов району - 134 делегат.
5. Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштуктугунун өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ:
2013-жылдын 26-октябрына чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрсүн;
алдыда боло турган Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө Бишкек шаарынын калкын маалымдоо боюнча тийиштүү ишти жүргүзсүн;
уюштуруу маселелер боюнча башка тийиштүү чараларды көрсүн;
жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары боюнча Бишкек шаарынын 60 (алтымыш) делегатка документтердин тийиштүү топтомун Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетине жөнөтсүн.
6. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан уюштуруу жана финансылык маселелерди чечсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы К. К. Конгантиевге, Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. К. Абдиевге жана Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү, Бишкек шаарынын мэри Э. М. Абдыкадыровго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
К. Конгантиев |
Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5- октябрындагы № 90 токтомуна 1-тиркеме |
Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү
жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун
КУРАМЫ
Жумушчу топтун төрагасы:
Конгантиев К. К. - Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы.
Жумушчу топтун төрагасынын орун басарлары:
Султанов Т. С. - Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;
Абдиев Б. К. - Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Байгончоков М. К. – Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Аденов И. Б. - Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси;
Мозгачева В. А. - Бишкек шаарынын мэринин орун басары;
Садырбеков А. С. Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси;
Шакиев Ж. Т. – Ленин административдик район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы;
Орозалиев Ж. А. - Октябрь административдик район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы;
Жолдошов Р. Ы. – Биринчи май административдик район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу;
Саргазаков М. Т. - Свердлов административдик район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы;
Токтоналиев А. Ш. – Бишкек шаарынын ИИББсынын начальниги;
Сарылбек уулу Улан –Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн башчысы;
Кутанов М. А. – “Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому” коомдук бирикмесинин төрагасы.
Жумушчу топтун катчысы:
Байдалиева К.Э. - Бишкек шаардык кеңешинин уюштуруу иши жана сыйлыктар боюнча бөлүмдүн башчысы.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Аденов |
Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5- октябрындагы № 90 токтомуна 2-тиркеме |
Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын
өкүлчүлүктүү жыйынын
ГРАФИГИ
Ленин району – 2023-жылдын 16-октябрынан тартып 25-октябрын кошуп алганга чейин; Октябрь району - 2023-жылдын 16-октябрынан тартып 25-октябрын кошуп алганга чейин; Биринчи май району - 2023-жылдын 16-октябрынан тартып 25-октябрын кошуп алганга чейин; Свердлов району - 2023-жылдын 16-октябрынан тартып 25-октябрын кошуп алганга чейин. |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Аденов |
Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5- октябрындагы № 90 токтомуна 3-тиркеме |
Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү
жыйынын өткөрүүгө жооптуу Бишкек шаардык
кеңешинин депутаттарынын
ТИЗМЕСИ
«Эмгек» Фракциясы | |
1. | Салымбеков Жумабек Мамытбаевич |
2. | Иманалиев Бактиярбек Бейшенбекович |
3. | Алымбаева Элизавета Бердиевна |
4. | Ашимов Айбек Майрамбекович |
5. | Абдиев Бактыбек Кемелович |
6. | Акунова Лира |
7. | Султанов Токтосун Султанович |
8. | Шаршенбай уулу Руслан |
9. | Кенжебаева Светлана Козубаевна |
10. | Досалиев Эльмир Акуналыевич |
11. | Чалов Ильяз Алмазович |
«Ата – Журт Кыргызстан» Фракциясы | |
1. | Бактыбеков Алымбек Бактыбекович |
2. | Токтогулов Максат Сарылбекович |
3. | Сурапбаев Таалайбек Каримжанович |
4. | Жакыпов Таалайбек Маматович |
5. | Досиев Эдик Шарипович |
6. | Ашырова Айканыш Жоомартовна |
7. | Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич |
8. | Нусубалиева Мээрим Макулбековна |
9. | Ашанбаева Омуркан Бактыбековна |
«Ишеним» Фракциясы | |
1. | Исмаилов Сайдахмат Аблезович |
2. | Аматов Рысбай Аматович |
3. | Идырова Рамина Рамазановна |
4. | Тиллебаев Арнас Маматкадырович |
5. | Дайырбеков Таалайбек Эсенбекови |
6. | Акылбеков Асылбек Акылбекович |
7. | Усеналиев Бекжан Бактыбекович |
8. | Сатыбалдиева Гульнара Терекбаевна |
«Ынтымак» Фракциясы | |
1. | Эргешов Казыбек Кочкорович |
2. | Алымбеков Максат Джумакадырович |
3. | Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна |
4. | Калыков Мийзамидин Абдырахманович |
5. | Сариев Таалайбек Жолдошбаевич |
6. | Халилова Гульназ Мажитовна |
7. | Сариев Улан Алмасбекович |
«Өнүгүү – Прогресс» Фракциясы | |
1. | Абдыллабек уулу Манас |
2. | Жолдошалиева Дамира Жолдошалиевна |
3. | Абдраимов Жылдызбек Асанкулович |
4. | Асанбеков Жаныбек Асанбекович |
5. | Давыдов Эрмырза Давыдович |
«Социал – Демократы» Фракциясы | |
1. | Атамбаев Кадырбек Алмазбекович |
2. | Абдуллажанов Султанбек Мухтарович |
3. | Темиркулов Таалай Орунбекович |
4. | Дуйшекеева Элнура Качкыновна |
5. | Усубалиев Таалайбек Болотбекович |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Аденов |