Редакцияот 29.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 29-июлу № 66

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4, 7, 8, 15, 16-бөлүгүнө, 22-беренесинин 2-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө" Жобого ылайык, ошондой эле 2011-жылдын 22 жана 23-июлда өткөрүлгөн чучукулактын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "Ата-Журт" саясий партиясынан Атамкулова Гүлмайрам Токтоналиевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлү Чолпонкулова Бурулбүбү Абатовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Ушул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шаимкуловага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов