ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 29-июлундагы № 66 «Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция29.07.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 29-июлу № 66

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4, 7, 8, 15, 16-бөлүгүнө, 22-беренесинин 2-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө" Жобого ылайык, ошондой эле 2011-жылдын 22 жана 23-июлда өткөрүлгөн чучукулактын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "Ата-Журт" саясий партиясынан Атамкулова Гүлмайрам Токтоналиевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлү Чолпонкулова Бурулбүбү Абатовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Ушул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шаимкуловага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов