Загрузка документа…
КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 06-августундагы № 3-ДП буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2015-жылдын 14-сентябры № 157-п
“Кыргыз Республикасында ички аудиторлорду окутуу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу”
Ички аудит боюнча ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын “Ички аудит жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 7-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №296 “Кыргыз Республикасында ички аудиттин стандарттарын бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
Ички аудиторлорду окутуу жөнүндө сунушталган Жобо бекитилсин.
Мамлекеттик башкаруу секторунда ички аудит кызматынын кызматкерлери тарабынан квалификациялык экзамен берүү боюнча программалык камсыздоо үчүн техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлсүн.
Ички аудит жана бухгалтердик эсеп методологиясы башкармалыгы:
- Мамлекеттик башкаруу секторунда ички аудиторлор үчүн квалификациялык экзаменден өтүү үчүн тесттик суроолорду түзүп чыксын;
- бул буйрукту "Эркин-Тоо" газетасына мамлекеттик жана расмий тилде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жайгаштырууну камсыздасын.
- бул буйрукту расмий жарыяланган күндөн тартып 1 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоого жиберсин.
-министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга ушул буйрук менен кабардар кылсын.
Коомчулук менен байланышуу сектору бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына жайгаштырууну камсыздасын.
Ушул буйрук 2016 жылдын 1 январынан тартып күчүнө кирет.
Бул буйруктун аткарылышын контролдоо статс-катчы З.Э. Баямановага жүктөлсүн.
Министр | А. Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын 2009-жылы кабыл алынган “Ички аудит жөнүндө” Мыйзамы ички аудиттин стандарттарына ылайык, сапаттуу аудитти ишке ашыруу үчүн аудиторлордо зарыл болгон кесиптик билимдердин жана көндүмдөрдүн болушун болжолдогон компетенттүүлүк принциптерин сактоо менен ички аудиттин функцияларын ишке ашырууга милдеттендирет. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын “Ички аудит жөнүндө” Мыйзамына ылайык, ички аудиттин ишин координациялоо, анын ичинде ички аудит чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ички аудиторлорду окутуу жана кесиптик өнүктүрүү боюнча милдет жүктөлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №114 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ошол ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары белгиленген. Министрликтин негизги милдеттеринин арасында ички аудит чөйрөсүндө ченемдик укуктук жөнгө салууну жакшыртуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудит системасын өнүктүрүү боюнча иштерди уюштуруу эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ички аудитти жүргүзүү методологиясын иштеп чыгуу, ички аудит кызматтарынын ишин баалоо, ички аудит кызматтары тарабынан ички аудит Стандарттарын сактоого мониторинг жүргүзүү ишке ашырылат. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ички аудит кызматтарынын иши жөнүндө жыл сайын отчет даярдайт жана берет, суроо-талапка ылайык ички аудит кызматтарына консультациялык жардам көрсөтөт.
Кыргыз Республикасында ички аудит системасын түзүү жана анын иштөөсүн жөнгө салып турган колдонуудагы мыйзамдар ички аудитти түзүүгө жана анын иштөөсүн тийиштүү түрдө ишке ашырууда жөнгө салуучулук талаптардын көп бөлүгүн камтыйт, анын ичинде аларды өнүктүрүү маселелери боюнча.
Аудитордук сунуштамаларды жана ички аудиттин күтүлгөн натыйжаларына жетүүгө тоскоол болгон негизги көйгөйлөрдүн арасында, иштиктүү жана адекваттуу иштеп чыгуу жолу аркылуу уюм үчүн кошумча баалуулуктарды түзүүдө, ички аудиторлордун практикалык көндүмдөрүнүн жана билимдеринин жетишсиздиги, ошондой эле аларды окутууда мүмкүнчүлүктөрдүн чектелгендиги болууда. Так ушул көйгөйдү чечүү үчүн ички аудит кызматкерлеринин арасында тийиштүү техникага ээ болуу, ошондой эле билимдин жана компетенциялардын бийик деңгээлин туруктуу колдоп туруу үчүн методологиялык аспаптарды (талаптар жана критерийлер) түзүү талап кылынат.
Мындан тышкары, 2015-2017-жылдарга социалдык коргоо чөйрөсүндө Европалык союздун бюджеттик колдоосу программасынын шарттарынын матрицасынын 5.2. индикаторунун шарттарынын бири болуп бардык министрликтер үчүн ички аудиторлорду сертификаттоо жол-жобосун бекитүү саналат, бул мамлекеттик башкаруу секторунда ички аудиторлордун кесиптик өнүгүүсүн жана даярдык деңгээлин жогорулатууга жардам берет.
Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан “Кыргыз Республикасында ички аудиторлорду окутуу жөнүндө Жобону” бекитүүнү караган буйрук долбоору даярдалган.
“Кыргыз Республикасында ички аудиторлорду окутуу жөнүндө” Жобо “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 7-пунктуна ылайык мамлекеттик башкаруу секторунда ички аудит боюнча адистерди кайра даярдоодон өткөрүү системасына талаптарды жана принциптерди белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №296 “Кыргыз Республикасында ички аудиттин стандарттарын бекитүү тууралуу” токтомунун 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ички аудиторлорду сертификаттоону, квалификациясын жогорулатууга талаптарды, ички аудит боюнча окуу материалдарын, методикалык документтерди белгиленген тартипте буйрук менен бекитүү ыйгарым укугу берилген. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ушул буйрук менен “Кыргыз Республикасында ички аудиторлорду окутуу жөнүндө” Жобо бекитүүгө киргизилет.
Бул буйрукту ишке ашыруу социалдык, экономикалык,укук коргоочу, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларга алып келбейт.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги сунушталган буйрук долбоору жарандардын укуктарына жана кызыкчылыктарына таасир тийгизбейт жана коомдук талкуулоого тийиш эмес.
Башкармалыктын начальниги | Д. Кадырова |
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин «14» сентябры 2015ж. № 157 буйругуна 1-тиркеме |
Жалпы жоболор
“Кыргыз Республикасында ички аудиторлорду окутуу жөнүндө ушул Жобо (мындан ары -Жобо) Кыргыз Республикасынын “Ички аудит жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №296 “Кыргыз Республикасында ички аудит Стандарттарын бекитүү тууралуу” токтому менен иштелип чыккан.
Жобо министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздандыруу мамлекеттик системасынын органдарынын, алардын ведомстволук уюмдарынын, мамлекеттик ишканаларынын (мындан ары-мамлекеттик сектордун органдары) ички аудит боюнча адистерин окутуу тартибин жана кесиптик өнүктүрүүсүн жөнгө салат.
Негизги терминдер жана түшүнүктөр
Бул Жободо төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
1) кесиптик өнүктүрүү – мамлекеттик сектордун органдарынын ички аудит боюнча адистеринин квалификациясын үзгүлтүксүз өнүктүрүү жана кайта даярдоо.
2) Талапкер –квалификациялык экзаменден өтүүгө катышууга ниетин билдирген, мамлекеттик сектор органдарында иштеген ички аудит боюнча адис;
3) экзамендик комиссия – талапкерлерге квалификациялык экзамен өткөрүү үчүн ички аудит чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жетекчисинин буйругу менен түзүлүүчү комиссия;
4) апелляциялык комиссия – квалификациялык экзамендин жыйынтыктарына апелляция тууралуу арыз түшкөндө, аны кароо үчүн ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен түзүлүүчү комиссия;
5) квалификациялык экзамен – квалификациялык экзамендин программасынын бардык бөлүмдөр боюнча компьютердик тестирлөө формасында өткөрүлүүчү экзамен;
6) квалификациялык экзамендин программасы – талапкерлердин квалификациясын тастыктоо үчүн талап кылынуучу экзамендик суроолордун темаларынын бөлүмдөр боюнча чогултулган жыйындысы;
Ички аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу программасы боюнча окутууну уюштуруу
Ички аудит боюнча адистерди үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүүнү ишке ашыруу үчүн, ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик сектордун органдарынын ички аудит боюнча адистеринин квалификациясын жогорулатууну алар бекиткен программа боюнча өткөрүүнү уюштурат.
Ички аудит боюнча адистерди үзгүлтүксүз түрдө кесиптик өнүктүрүү программасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгып жана бекитилген, 100 академиялык саат көлөмүндөгү окуу курсун камтыйт. Ички аудит боюнча адистерди үзгүлтүксүз түрдө кесиптик өнүктүрүү программасы ички аудит чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөргө ылайк кайра каралып чыгарылат.
Ички аудит боюнча адистерди үзгүлтүксүз түрдө кесиптик өнүктүрүү программа төмөнкү элементтерди камтыйт:
бухгалтердик эсеп, ички аудит, мамлекеттик сатып алуулар, пландоо жана бюджетти аткаруу чөйрөсүндөгү темалардын аталышы;
теориялык жана практикалык сааттарга бөлүү менен ар бир тема боюнча окуу жүргүзүү үчүн зарыл болгон убакыт көлөмү;
темалар боюнча бөлүштүрүлгөн сунушталган адабияттын тизмеси.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген ички аудит боюнча адистерди үзгүлтүксүз түрдө кесиптик өнүктүрүү программа боюнча аудиторлорду окутуу ушул Жобонун талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу органдар тарабынан сунушталган жеке жана/же юридикалык жактар тарабынан (мындан ары-окутуучу адамдар) өткөрүлөт.
Окутула турган адамдарды тандоо максатында, ыйгарым укуктуу орган тарабынан конкурстук тандоо уюштурулат жана белгиленген тартипте конкурстук комиссия түзүлөт.
Окутуучу адамдар ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген ички аудит боюнча адистерди үзгүлтүксүз түрдө кесиптик өнүктүрүү программага ылайык ички аудиторлорго үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү курстарын уюштурууга милдеттүү.
Квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксаат алуу үчүн, кесиптик өнүктүрүү курсунан өтүүнү тастыктай турган документ талапкер тарабынан ыйгарым укуктуу органга берилет.
Окутула турган адамдарды конкурстук тандоодон өткөрүү тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксаат берүү
Квалификациялык экзаменге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сектор органдарында иштеген ички аудит боюнча адис - талапкерлер киргизилет.
Окуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген тест түрүндөгү квалификациялык экзамен берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт. Талапкерлерди тестирлөө аралыктан (дистанционное) билим берүү, электрондук окутууну жана электрондук тесттерди өткөрүү үчүн иштелип чыккан программалык камсыздоонун жардамы менен жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу орган ички аудит боюнча адистер тарабынан квалификациялык экзаменге даярдануу жана берүү үчүн ички аудит боюнча адистерди үзгүлтүксүз түрдө кесиптик өнүктүрүү программа боюнча окутууну өткөрүүнү координациялайт.
Квалификациялык экзаменден өтүү үчүн талапкерлер ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди көрсөтөт:
Квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксаат берүү жөнүндө жеке арыз (1-тиркемеге ылайык);
Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштеген жери боюнча персоналдарды башкаруу кызматтары же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
Паспорттун көчүрмөсү (түп нуска экзаменге кирерде көрсөтүлөт);
Жогорку окуу жайын бүткөндүгү тууралуу дипломдун көчүрмөсү;
Программа боюнча окутуудан өткөрүүнү тастыктоочу документтин көчүрмөсү.
Квалификациялык экзаменди өткөрүү күнүнө чейин 20 жумуш күнүнөн аз эмес убакыт калганда квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксаат берилген талапкерлердин тизмеси, ошондой эле квалификациялык экзамен өткөрүлө турган күнү, убактысы жана орду ыйгарым укуктуу органдын web-сайтына жайгаштырылат.
Квалификациялык экзамен календарлык жыл ичинде 2 жолу өткөрүлөт. Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн web-сайттына зарыл болгон документтердин тизмесин жана берүү мөөнөтүн көрсөтүү менен, ички аудиторлордун пландалып жаткан квалификациялык экзамени жөнүндө жарыяны жайгаштырат.
Квалификациялык экзаменден өтө турган талапкерлердин тизмеси ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү буйругу менен бекитилет.
Экзамендик комиссиянын ишин уюштуруу
Квалификациялык экзаменди өткөрүү үчүн, квалификациялык экзаменди өткөрүүгө чейин 30 жумушчу күн калганда ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен экзамендик комиссия түзүлөт жана үч жылдык мөөнөт менен анын жеке курамы бекитилет, ал өзүнүн ишин ушул жобого ылайык жүргүзөт.
Экзамендик комиссиянын төрагасын жана жооптуу катчысын кошкондо экзамендик комиссия жети мүчөдөн турат.
Экзамендик комиссиянын төрагасы жана жооптуу катчысы ыйгарым укуктуу органдын кызматтык адамдарынын санынан дайындалат.
Экзамендик комиссиянын жеке курамынын калган мүчөлөрү мамлекеттик сектор органдарында иштеген, программанын бөлүмдөрүнүн маселелери боюнча билимге жана кесиптик тажрыйбага ээ адамдардан ички аудит методологиясы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан калыптандырылат жана ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин кароосуна киргизилет.
Жыйында экзамендик комиссиянын 2/3 бөлүгү катышса, анда экзамендик комиссиянын жыйыны укуктуу болуп эсептелет. Чечим экзамендик комиссиянын жыйынында катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда экзамендик комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Экзамендик комиссиянын жыйыны жана анда кабыл алынган чечимдер протоколдор менен таризделет жана жыйынга катышкан мүчөлөр тарабынан кол коюлат. Экзамендик комиссиянын жыйынында талкуулануучу маселелерди жазуу үчүн техникалык каражаттарды колдонсо болот.
Экзамендик комиссииянын мүчөлөрүн ээлеген кызматынан четтеткен учурда ал мүчөлөрдүн милдетин бул кызмат орунга жаңы дайындалган адамдар аткарат.
Экзамендик комиссиянын мүчөлөрү төмөнкү функцияларды аткарышат:
квалификациялык экзаменге катышууга уруксаат алуу үчүн талапкер тарабынан берилген документтерди карайт;
квалификациялык экзаменге катышууга уруксаат алган талапкерлердин тизмесин бекитет;
квалификациялык экзамен өтө турган күндү, убакытты, канчага созуларын жана ордун белгилейт;
талапкерлерди тестирлөөнүн жыйынтыгын карайт;
квалификациялык экзамендин жыйынтыгынын протоколуна кол коет.
Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү функцияларды аткарат:
талапкерлерден квалификациялык экзаменге катышууга уруксаат берилгени жөнүндө арызды зарыл болгон документтер менен бирге кабыл алат;
квалификациялык экзаменден өтүү үчүн талапкерлердин тизмесин түзөт;
тесттерди иштеп чыгат;
квалификациялык экзамендин жыйынтыгынын протоколун түзөт;
экзамендик документтердин жана талапкерлердин жеке досьесинин эсебин жана сакталышын камсыздайт;
берилген сертификаттардын реестрин жүргүзөт;
талапкерлерге квалификациялык экзаменди өткөрүү мөөнөтү жана тартиби жөнүндө web-сайт аркылуу кабарлайт;
Программа боюнча окутууну өткөрүү сапатын баалайт жана координациялайт, ошондой эле машыктыруучу тесттерди өткөрүүнү уюштурат;
талапкерлерди окутуу процессин жүргүзүү үчүн башка иштерди жүргүзөт.
Квалификациялык экзамен өткөрүү
Квалификациялык экзамен мамлекеттик жана расмий тилде өткөрүлөт (талапкердин тандоосу боюнча)жана тесттик суроолордон турат. Суроолор ички аудит боюнча адистерди үзгүлтүксүз түрдө кесиптик өнүктүрүү программага ылайык иштелип чыгат жана ар бир талапкер үчүн автоматтык түрдө компьютердик программа менен жекече тандалат.
Тест 100 суроодон турат жана өзүнө төмөндөгү модуль/чөйрөнүн суроолорун камтыйт:
- 1-модуль: мамлекеттик ички финансылык контролду ченемдик укуктук жөнгө салуу чөйрөсүн камтыйт, анын ичинен: ички контроль жана ички аудит, ошондой эле бул чөйрөдөгү методологияны камтыйт (Кыргыз Республикасынын “Ички аудит жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №296 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы ички ички аудиттин стандарттары”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрында № 721 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин ички аудиторлорунун этикалык стандарттары”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрында №722 токтому менен бекитилген “Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө” жобо, Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин 2008-жылдын 17-мартындагы №54-п буйругу менен бекитилген “Ички аудит боюнча колдонмо”) (75 % тесттин суроолору);
- 2-модуль : бюджетти түзүүдө, кароодо, бекитүүдө, аткаруудагы эрежелерди жана жол-жоболорду камтыган суроолор (15 % тесттин суроолору);
- 3-модуль: бухгалтердик эсепти жана мамлекеттик сатып алууларды (10 % тесттин суроолору).
Ар бир суроонун 4 (төрт) вариант жообу болот, алардын ичинен бир гана варианты туура болуп эсептелет.
Экзамендин жүрүшүнүн узактыгы – 3 саат.
Квалификациялык экзамен өтө турган жайга талапкерлердин бардыгы катталып киргенден кийин, экзамендик комиссиянын катчысы:
- квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксаат алган талапкерлердин тизмеде көрсөтүлгөн маалыматтары менен жеке документтеги маалыматтарды (паспорт) текшерет;
- талапкерлерди жайгаштырат жана программага кирүү үчүн талапкерлерге жеке паролдорду берет, андан кийин тестти баштоону жарыялайт;
- экзамендин анонимдүүлүгүн буза турган иш-аракеттерди же шпаргалка колдонууга аракет жасаган талапкерлердин тесттин жараксыз деп жарыялайт;
- талапкерлерден тесттин жыйынтыгы жазылган баракчаны алат жана экзамендин өз убагында аякташын камсыздайт.
Тестирлөөнүн убагында атайын адабиятты колдонууга, мобилдик телефон жана башка байланыш каражаттары менен кирүүгө, буюмдарды алмаштырууга, ордунан турууга, орун алмаштырууга, чыгууга тыюу салынат.
Тест аяктагандан кийин программа өзү токтойт, андан кийин программа автоматтык түрдө монитордун экранына жооптордун жыйынтыгын чыгарат жана тесттин жыйынтыктары көрсөтүлгөн барак басылып чыгат, анда талапкердин аты-жөнү көрсөтүлөт.
Квалификациялык экзаменди өткөрүүгө берилген убакыт аяктаган соң, экзамендик комиссиянын катчысы тесттин жыйынтыгы менен басылып чыккан барактарды жыйнап, экзамендик комиссиянын төрагасына берет. Андан кийин квалификациялык экзамен өткөрүлгөнү жөнүндө протокол түзүлөт.
Жыйынтыктарды баалоо жана чечим кабыл алуу
Тест боюнча суроолордун жалпы санынын 70% туура жооп берсе, квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырды деп эсептелет.
Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган талапкерге тастыктоочу документ (сертификат) берилет.
Квалификациялык экзамендин жыйынтыгы экзамендик комиссиянын жыйынынын экзаменди ийгиликтүү тапшырган, экзаменди тапшыра албай калган жана экзаменге келбей калган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды камтыган протоколу менен таризделет.
Квалификациялык экзамен өткөрүлгөн күндөн 5 жумуш күндөн кечиктирбестен экзамендик комиссиянын жооптуу катчысы өткөрүлгөн квалификациялык экзамендин жыйынтыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине отчет берет, ал ыйгарым укуктуу органдын web-сайтына жайгаштырылат.
Жыйынтык жарыялангандан кийин 3 жумуш күнү ичинде талапкер квалификациялык экзамендин жыйынтыктарын апелляциялоо тууралуу арызды апелляциялык комиссиянын кароосуна берет. Аппеляция тууралуу арыз аргументтелген жана негизделген болууга тийиш.
Аппеляция тууралуу арыз түшкөн учурда ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен аппеляциялык комиссия түзүлөт жана анын курамы бекитилет. Апелляциялык комиссия ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынан жана башка мүчөлөрдөн дайындалуучу төраганы жана жооптуу катчыны кошкондо, беш мүчөдөн кем болбоого тийиш, алар ички аудит боюнча адистерди үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү Программасынын белгилүү бир бөлүмдөрүнүн маселелери боюнча адистерди киргизүү зарылдыгын эске алуу менен аныкталат.
Аппеляциялык комиссия аппеляция тууралуу арызды бир айдын ичинде карап чыгууга милдеттүү. Аппеляцияны карап чыгуунун натыйжасы үч жумуш күнүнүн ичинде талапкерге билдирилет. Карап чыгууга экинчи жолу жиберилген апелляция кабыл алынбайт.
Аппеляциялык комиссиянын жыйыны анын мүчөлөрүнүн 2/3 кем эмес катышканда өтөт. Аппеляциялык комиссиянын чечими катышкан мүчөлөрдүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурда, төраганын добушу чечүүчү добушка ээ болот.
Талапкер экзаменди берүүгө 2 жолу аракет кылууга укуктуу. Эки жолу тең экзаменди ийгиликсиз тапшырган учурда талапкер квалификациялык экзаменди кайра тапшырууга, квалификациялык экзаменди акыркы жолу тапшырган күндөн баштап бир календарлык жыл өткөндөн кийин уруксаат берилет.
Квалификациялык экзаменди тапшырганды тастыктоочу документти берүү, жарактуулук мөөнөтү жана аны токтотуу
Квалификациялык экзамендин жыйынтыгы ыйгарым укуктуу органдын web-сайтына жайгаштырылгандан жана жазуулар берилген документтердин журналына киргизилгенден кийин 5 күндүн ичинде Экзаменациялык комиссиянын чечиминин (протоколунун) негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.
Үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү программасы боюнча 40 академиялык саат окуу курсун жыл сайын өтүп туруу шартында квалификациялык экзаменди тапшырганды тастыктоочу документтин жарактуулук мөөнөтү чектелбейт.
Ички аудиторлор тарабынан аттестацияга кирүү үчүн зарыл болгон жалган маалыматтарды пайдалануу менен квалификациялык экзаменди тапшырганды тастыктоочу документти (сертификатты) алуу фактысын белгилөө документти колдонууну токтотуунун негизи болуп саналат.
Сертификаттын ишин токтотуу жөнүндө чечим ал кабыл алынган күндөн баштап 5 күндүн ичинде, ички аудитор иштеген мамлекеттик сектордун органына ыйгарым укуктуу орган тарабынан билдирилет.
Квалификациялык экзаменди тапшырганды тастыктоочу документинин (сертификатын) иши токтотулган ички аудит бөлүмүнүн кызматкери/ички аудитор, кайра тастыктоо үчүн жыл сайын 40 академиялык саат көлөмүндө үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү программасы боюнча окутуудан өткөндүгү жөнүндө далилдерди экзамендик комиссияга берүүгө же квалификациялык экзамен тапшырууга укуктуу.
Ички аудитор жеке маалыматтарды (аты-жөнүн) өзгөрткөн учурда, сертификатын жоготуп жибергенде, сертификаты жарактан чыгып калганда ички аудитордун негизделген суроо-талабы жана экзамендик комиссиянын чечими менен ыйгарым укуктуу орган сертификаттын дубликатын берет.
Квалификациялык экзаменди уюштурууга, өткөрүүгө байланыштуу документтер жана өткөрүлгөн ар бир квалификациялык экзамендин жыйынтыгы жөнүндө документтер, ыйгарым укуктуу органдын ички регламентине ылайык сакталат.
Берилген документтерди эсепке алуу жана каттоо
Ыйгарым укуктуу орган берилген квалификациялык экзаменди тапшырганды тастыктоочу документтерди эсепке алуу үчүн 2-тиркемеге ылайык форма боюнча жүргүзөт.
Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн web-сайттында берилген квалификациялык экзаменди тапшырганды тастыктоочу документтердин (сертификаттардын) маалыматтын жарыялоону жана жаңылап турууну мезгилдүү түрдө ишке ашырып турат.
1-тиркеме
Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси
______________________________
____________________
(талапкердин аты-жөнү, иштеген жери, ээлеген кызмат орду)
Мага, квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксаат берүүңүздү өтүнөм.
Бул арызга тиркелет:
- эмгек китепчеси (көчүрмө);
- паспорт (көчүрмө);
- жогорку окуу жайын бүткөндүгү жөнүндө диплом (көчүрмө);
- ички аудит боюнча адистерди үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү программасы боюнча окутуудан өткөндүгү жөнүндө документ (көчүрмө).
Колу:
Күнү:
2-тиркеме
Каттоо №
| алган адамдын аты-жөнү | Экзамендик комиссиянын жыйыны өткөн күн жана протоколдун номери | Берилген документтин сериясынын аталышы жана типографиялык номери | Токтотуу жөнүндө маалыматтар | Документ алган адамдын колу | Документ алган адам иштеген мамлекеттик органдын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|