Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2015-жылдын 31-декабры № 1-нпа
Кыргыз Республикасынын аймагындагы шаарларда, калктуу конуштарда кызыл жана башка сызыктарды долбоорлоо жана белгилөө тартиби жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Архитектуралык-шаар куруу ишин жөнгө салуу аркылуу, Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо-чөйрөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын аймагындагы шаарларда, калктуу конуштарда кызыл жана башка сызыктарды долбоорлоо жана белгилөө тартиби жөнүндө Жобосу (Жобо) бекитилсин.
2. Бардык ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери бул Жобону жетекчиликке алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамкурулуш) пресс-катчысы Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институту менен биргеликте расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде төмөнкүлөр боюнча чара көрсүн:
- буйруктун "Эркин-Тоо" газетасына расмий жарыяланышы боюнча;
- Өкмөттүн расмий веб-сайтына жана Мамкурулуштун веб-сайтына буйрукту жайгаштыруу боюнча.
4. Мамкурулуштун Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институту:
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдеринде, бул ченемдик укуктук акттын жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик каттоого жөнөтсүн;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндүн ичинде күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 5-январындагы № 1 жарыяланды
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары А.А.Абдыкаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору |
Т.Мамбетов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 31-декабрындагы № 1-нпа буйругу менен бекитилди |
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын шаарларында, калктуу конуштарында кызыл сызыктарды долбоорлоо жана белгилөө тартибине негизги талаптарды аныктайт. Долбоорлоонун кызыл жана башка сызыктары шаар куруу ишинде жөнгө салуучу мааниге ээ.
1.2. Долбоорлоно турган кызыл жана башка сызыктар толук пландаштыруу долбоорунун курулма эскизинин башкы планындагы негизги чиймеде "кызыл сызыктардын планында" көрсөтүлөт.
1.3. Толук пландаштыруу долбоору (ТПД) калктуу конуштардын, шаарлардын селитебдүү жана башка функционалдык чөлкөмдөрүнүн айрым бөлүктөрүнө, ошондой эле бир катар учурларда, шаарлардын жана калктуу конуштардын бекитилген Башкы планынын жана конкреттүү инвесторлордун же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талабынын негизинде шаарлардын жана калктуу конуштардын баардык аймактарына иштелип чыгат. ТПД жакынкы мезгилде курулуш, инженердик-техникалык жабдуу жана көрктөндүрүү белгиленип жаткан аймактарга иштелип чыгат.
1.4. Белгиленген тартипте бекитилген кызыл жана башка сызыктары жок шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарында имараттарды жана курулмаларды долбоорлоону жана курууну жүзөгө ашырууга жол берилбейт.
1.5. Кызыл жана башка сызыктар натурасында координаттарга бөлүү жана жеринде аныктоо үчүн шаар курууну жөнгө салууну, анын ичинде жерди пайдалануу чектерин камсыздоо үчүн негиз болуп эсептелинет.
1.6. Кызыл сызыктар шаарлардын жана башка калктуу конуштардын аймактарын пайдалануунун жана куруунун өзгөчө шарттарын аныктоочу шаакурууну жөнгө салуунун башка сызыктары менен кошумчаланат. Шааркурууну жөнгө салуунун башка сызыктарынын негизги түрлөрү болуп кийинкилер эсептелинет:
- курулушту жөнгө салуу сызыктары;
- инженердик курулмалардын жана коммуникациялардын техникалык зоналарынын чектери;
- айрым чөлкөмдөрдү жөнгө салуучу сары, көк жана жашыл сызыктар.
1.7. Шааркурууну жөнгө салуунун кызыл жана башка сызыктары төмөнкүлөрдө милдеттүү түрдө чагылдырылат жана эсепке алынат:
- толук пландаштыруу долбоору менен айкалышкан башкы пландарда, толук пландаштыруу долбоорунда, курулуштун долбоорлорунда, магистралдардын, көчөлөрдүн жана аянттардын долбоорлорунда;
- инженердик-транспорттук коммуникациялардын долбоорлорунда;
- калктуу конуштарда жерлерди инвентаризациялоодо;
- жерди пайдалануу чектерин белгилөөдө;
- жерге жайгаштыруу долбоорлорунда;
- аймактарды чектөө долбоорлорунда;
- калктуу конуштарда аймактык зоналардын чектерин белгилөөдө;
- жер жана шааркуруу кадастрларында;
- пайдалануу укугун, ээлик кылуусун күбөлөндүргөн жер участокторунун пландарында;
- адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир этүүчү объекттердин жана санитардык-коргоо чөлкөмдөрүн (СКЧ) белгилөөдө.
1.8. Эгер бул аймакта же аймактын бөлүгүндө курулуш алардын эсебинен жүзөгө ашырылып жатса, кызыл сызыкты жана аны шааркуруу документинин бөлүгү катарында өзгөртүүнү иштеп чыгуунун тапшырыкчысы болуп юридикалык жана жеке жактар саналат,
1.9. Иштерди республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен аткарууда тапшырыкчы болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аймактардагы архитектура жана шааркуруу органдары чыгышат.
1.10. Шааркурууну жөнгө салуунун кызыл жана башка сызыктарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик белгиленет.
2. Ушул Жободо колдонулуучу негизги терминдер жана аныктамалар
2.1. Кызыл сызык - кварталдардын, кичи райондордун аймактарын бөлүп туруучу чек аралар жана пландоо түзүмүнүн калктуу конуштардагы көчөдөн, өтмөктөн жана аянттардан бөлүп туруучу башка элементтери.
2.2. Курулушту жөнгө салуу сызыгы (курулуштун сызыгы) - имараттарды жайгаштырууда кызыл сызыктан бөлүүдө белгиленүүчү курулуштун чеги, аймакты резервге коюу шарттары боюнча жана архитектуралык-композициялык мейкиндикти ачуу боюнча, ошондой эле санитардык-гигиеналык ченемдерде курулушту чектөө үчүн киргизилет.
2.3. Сары сызык - шаарларда жана калктуу конуштарда өзгөчө кырдаалдар үчүн талаптарды эске алуу менен көп кабаттуу курулушту жөнгө салуу сызыгы.
2.4. Көк сызык - көчөлөрдүн жана жолдордун туурасын аныктоочу жана көчөлөрдү жана жолдорду суу объекттеринен - дарыялардан, көлдөрдөн, каналдардан, суу сактагычтардан бөлүп туруучу сызык.
2.5. Жашыл сызык - көчөлөрдүн жана жолдордун туурасын аныктоочу жана көчөлөрдү жана жолдорду жалпы пайдалануучу бак-дарактардан - сейил бактардан, бакчалардан, скверлерден, бульварлардан, атайын дайындалыштагы суу жээктеги жашылдандыруулардан жана жашыл бак-дарактардан бөлүп туруучу чек ара болуп саналган сызык.
2.6. Санитардык-коргоо зоналары - атмосферанын жерге жакын жайгашкан катмарында булгоочу заттардын түзүмүндөгү, ишканалардын тескери таасирин төмөндөтүү үчүн, курчап турган калкка электр чубалгыларынын, физикалык факторлордун тийгизген таасирлеринин - ызы-чуунун, вибрациянын жогорку деңгээли, инфраүн, электромагниттик толкун жана статикалык электр тогунун түзүмүндөгү талап кылынуучу гигиеналык ченемдерди камсыз кылуу үчүн багытталган аймактар.
3. Кызыл жана башка сызык менен бөлүнгөн негизги зоналар
3.1. Техникалык зоналар - кызыл сызыктын актысы менен, эгер инженердик тармактарды орнотуу каралбаса же көчөлөр менен жолдордун туурасынан кеткен багытында мүмкүн эмес болгон учурда белгиленет. Негизги техникалык зоналар "ЭБЧ техзонасы" (электр берүүчү чубалгыларынын техникалык зонасы), "газ техзонасы" (газдын техникалык зонасы), "темир жолдордун бөлүү тилкеси" ж.б. кол коюлат.
3.2. Өндүрүштүк жана коммуналдык зоналардын чектери кабыл алынган шарттуу белгилөөлөрдө көрсөтүлөт. Жобого ылайык, алар курулуш кварталдарынын, жашыл көчөттөрдүн темир жолдордун бөлүү тилкесинин кызыл сызыктары менен дал келишет.
3.3. Коомдук борбордун зоналарында (турак жай райондорундай эле, өндүрүштүк зоналарда да), автотранспорттор туруучу жайлар үчүн аянтчалар, коомдук транспорттун туруп калуусуна жана бурулуусуна аянтчалар көрсөтүлөт, гараждарды жайгаштыруу зоналары көрсөтүлөт жана кызыл сызык менен байланыштырылууга тийиш.
3.4. Кызыл сызыктар ошондой эле транспорт түйүнүнүн зонасын аныктайт. Транспорт түйүнүнүн зонасында ТПДнын негизинде, транспорт түйүнүнүн магистралдарынын пландоосунун долбоорлорунда баардык жасалма курулуштар (көпүрөлөр, өткөөл жолдор, тоннельдер, эстакадалар, аларга кире бериш жерлер, төмөн түшүүчү жолдор ж.б.) көргөзүлүшү керек.
Кыргыз Республикасынын шаарларында жана калктуу конуштарында кызыл жана башка сызыктарды долбоорлоодо жана белгилөөдө, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору болот. Ошондой эле, жалпы пайдалануудагы долбоорлонуп жаткан автомобиль жолунун тилкесинин өлчөмү стандартка ылайык анын категориясына жараша белгиленет. Пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкеси төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө чектелет: 1-категория - жол огунан 32 метр; 2-категория - жол огунан 16 метр; 3-категория - жол огунан 14 метр; 4-категория - жол огунан 13 метр; 5-категория - жол огунан 12 метр.
3.5. Калктуу конуштардын, шаарлардын, жөө киши жүрүүчү зоналардын жана жөө жүрүүчү көчөлөрдүн коомдук борборлорунун зоналарын аныктоодо, кызыл сызыктын планында, кабыл алынган шарттуу белгилөөлөрүнө ылайык жана тийиштүү жазуулары менен "жөө киши жүрүүчү зоналар" "жөө киши жүрүүчү көчөлөр" көрсөтүлөт. Жер алдынан өтүүчү жайлардын долбоорлонуучу жайлары өлчөмүн көрсөтүү менен "жер алдынан өтүүчү жайлардын зонасы" деген жазуу менен белгиленет.
3.6. Шаарда, калктуу конуштарда өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыр тарткандарды эвакуациялоону жана өтүүнү камсыздоо үчүн имараттар жана курулмалар ураганда эвакуациялоо жолдору алдын ала караштырылыш керек. Магистралдык көчөлөрдүн туурасы L(Н1+Н2)/2+15м формуласы боюнча аныкталышы керек, мында Н1 - бир тарабындагы имараттын бийиктиги, Н2 - экинчи тарабындагы имараттын бийиктиги. Мындай учурлар үчүн көчөлөрдүн туурасын аныктоочу сызыктар сары сызыктар деп аталат.
3.7. Өзөндөрдүн, көлдөрдүн, суу сактагычтардын каналдарынын жана калктуу конуштардагы башка суу объекттердин суу коргоо зоналары Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-ж. 7-июлундагы № 271 токтомунун талаптарына жана шаарлардын жана калктуу конуштардын башкы пландарына ылайык аныкталат жана кызыл сызыктар менен өз ара байланыштырылат жана көк түс менен түшүрүлөт.
3.8. Жалпы пайдалануучу бак-дарактар - сейил бактар, бакчалар, скверлер, бульварлар, суу жээктеги жашылдандыруулар жана атайын дайындалыштагы жашыл бак-дарактар - питомниктер, токой коргоо тилкелери жана башкалар шаарлардын жана калктуу конуштардын башкы пландарынын негизинде аныкталат жана чектери жашыл сызыктар менен көрсөтүлөт. Суу коргоо зоналарынын чектеринде суу жээгиндеги зона бөлүп көрсөтүлөт.
3.9. Кайтаруу зоналарынын чектери:
- мамлекеттик коруктардын, заказниктердин ботаникалык бактардын, жаратылыш улуттук парктарынын, айрым "жаратылыш эстеликтери" (бак, таш, аска-зоо ж.б.), табигый жана жасалма ландшафттардын башка кайтарылуучу зоналарынын чектери;
- имараттардын, курулмалардын тарыхый жана маданий эстеликтеринин, эстелик жайларынын, археологиялык эстеликтердин (шаарчалар, дөбөлөр, эски шаарлардын урандысы, өндүрүштөр, каналдар, чептер, жолдор, байыркы сөөк коюлган жерлер, ташка түшүрүлгөн жана аска бетиндеги сүрөттөр, байыркы калктуу конуштардын тарыхый катмарынын маданий участоктору) аймактарынын чектери;
- шааркуруу жана архитектуралык эстеликтердин чектери - архитектуралык ансамблдер менен комплекстер, тарыхый борборлор, кварталдар, аянттар, көчөлөр, шаарлардын байыркы пландаштырылыштарынын жана түзүлүштөрүнүн калдыктары, жарандык, өнөр жайлык, аскердик, диний архитектуранын, элдик курулуш өнөрүнүн курулуштары, ошондой эле аларга байланышкан монументалдык, сүрөт, декоративдүү-прикладдык жана бак-шактуу парк исскусстволору.
- эгер эстеликтерди коргоо зоналары жана курулушту жөнгө салуу зоналары (буфердүү зона) кызыл сызык менен кесилишсе, чиймеде "корголуучу эстеликтер зонасынын чектери", "курулушту жөнгө салуу зонасынын чектери", "корголуучу табигый объекттердин жана тарыхый ландшафтардын зоналарынын чектери" деген түшүндүрмө жазуусу менен шарттуу белгилөөлөр сакталат.
3.10. Өзгөчө шааркуруу режиминин зоналарынын чектери тарыхый-маданий коруктар болуп жарыялана алган (тарыхый борборлор, кварталдар, көчөлөр, эстелик жайлары, табигый жана жасалма ландшафттар) тарыхый-маданий коруктук аймактарды киргизет.
4. Кызыл сызыктардын долбоорун иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби
4.1. Кызыл сызыктардын долбоору, эрежеге ылайык, 1:2000 масштабда (толук пландаштыруу долбоору менен айкалышкан калктуу конуштардын башкы планында, толук пландаштыруу долбоорунда) калктуу конуштардын, шаарлардын, жана калктуу конуштардын бөлүктөрүнүн аймагында аткарылуучу шааркуруу документтеринин түзүмүндө иштелип чыгат, макулдашылат жана бекитилет жана анын бекитилүүчү бөлүгү болуп эсептелет, ошондой эле 1:500, 1:1000 жана 1:2000 масштабда аткарылуучу кичи райондорду, аянттарды, көчөлөрдү жана башка шааркуруу объекттерин пландоо жана куруу долбоорлорунун негизинде.
4.2. Башка учурларда (түзүлгөн абалды эске алуу менен, архитектуралык органдын сунушу жана конкреттүү калктуу конуш боюнча тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын долбоорлоо тапшырмасы боюнча) кызыл сызыктар шааркуруу документтерин иштелип чыкканга чейин, курулган жана жашылдандырылган аймактардын көчө-жол тарамынын тарыхый түзүлгөн түзүмүн бекемдөө менен белгилениши мүмкүн. Бул учурда чийме жана кызыл сызыктарды белгилөө (өзгөртүү) актысы кийинки толук иштеп чыгуу зарылдыгын көрсөтүү менен коштолот.
4.3. Өз алдынча долбоор катарында кызыл сызыктардын долбоорлору шаарлардын, калктуу конуштардын Башкы пландарынын негизинде иштелип чыгат.
4.4. 4.1-, 4.2- жана 4.3-пункттарында көрсөтүлгөн кызыл сызыктардын долбоорлору тийиштүү органдар тарабынан архитектура жана шааркуруу органдарынын сунушу боюнча бир айдын ичинде бекитилет.
4.5. Аймактардагы архитектура жана шааркуруу органдары тарабынан макулдашылып жана белгиленген тартипте бекитилгенден кийин кызыл сызыктын планы бөлүктөргө бөлүнгөн чиймелердин негизинде тийиштүү шааркуруу документтеринин курамында архитектура жана шааркуруу органдары аркылуу планшетке топографиялык негизде 1:2000 масштабында түшүрүлөт, жана планшетке кызыл сызыктын жыйынды планындай бекитилет, координаттар китепке "Кызыл сызыктардын координаттары" деп түшүрүлөт.
4.6. Кызыл сызыктарды корректирлөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен, архитектура жана шааркуруу органдарынын же эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органынын сунушу боюнча түзүлгөн курулушка кайра конструкциялоо жүргүзүүнүн зарылчылыгынын натыйжасында келип чыккан шааркурулуш кырдаалынын өзгөрүшүнө, калктуу конуштардын көчөлөрүнүн жана жолдорунун категорияларынын (өткөрмө жөндөмдүүлүгүнө) өзгөрүшүнө байланыштуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
5. Кызыл сызыктардын планынын жана кызыл сызыктардын бөлүктөргө бөлүнгөн чиймелеринин мазмунуна жана таризделинишине талаптар
5.1. Кызыл сызыктарды өзгөртүүнү тариздөө А, Б жана В тиркемесине ылайык аткарылышы керек.
5.2. Кызыл сызыктардын жыйынды планы архитектура жана шааркуруу органдары тарабынан аткарылат, сакталат жана кармалып турат. Архитектура жана шааркуруу органдары ведомстволук аймактарда кызыл сызыктын сакталышына контролду жүзөгө ашырышат жана бекитилген бөлүктөргө бөлүнгөн чиймеге ылайык өз убагында толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жоопкерчилик алат.
5.3. Кызыл сызыктардын пландарынын чиймесинин, бөлүктөргө бөлүнгөн чиймелердин жана кызыл сызыктарды белгилөө (өзгөртүү) актыларынын түп нускалары, "Кызыл сызыктардын координаттары" китеби тиешелүү шааркуруу документтери менен бирге архитектура жана шааркуруу органдарында сакталат.
5.4. Кызыл сызыктын жыйынды планынын материалдарын колдонуу, кызыл сызыктарды негиз катары көчүрүү, нускалоо жана кызыктар уюмдарга, ишканаларга, уюмдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарга кызыл сызыктардын жыйынды планынан көчүрмөлөрүн берүү, калктуу конуштун курулушунда жана эрежелеринде каралган тартипте жүргүзүлөт.
5.5. Кызыл сызыктардын бөлүктөргө бөлүнгөн чиймеси топографиялык негизде 1:2000 масштабда же дециметрлик торчосу менен компьютерде аткарылат жана кийинкилер кире турган тексттик бөлүктөн турат:
- документтин мазмунун көрсөткөн аталышы (кызыл сызыктарды белгилөө, өзгөртүү жана жокко чыгаруу);
- документ бекитилгенден кийин ага ыйгарыла турган, бөлүктөргө бөлүнгөн чийменин каттоо номери;
- бөлүктөргө бөлүнгөн чийменин негизинде белгиленген, иштелип чыккан шааркуруу документине шилтемени камтыган түшүндүрмө каты, ошондой эле кызыл сызыктарды белгилөөнүн (өзгөртүүнүн, жокко чыгаруунун) кыскача негиздемеси;
- чиймени бекитүүнү тескөөчү документтердин аталышы, номери жана датасы;
- бөлүктөргө бөлүнгөн чиймени аткарууга жооптуу кызматкер тууралуу маалыматтар жана анын кол тамгасы.
5.6. Кызыл сызыктардын бөлүктөргө бөлүнгөн чиймелеринде кийинки графикалык маалыматтар чагылдырылат:
5.6.1. Планшеттердин номенклатурасы көрсөтүлгөн кресттердин дециметрлик торчосу координаттардын кабыл алынган тутумунда кара түстө көрсөтүлөт.
5.6.2. Таяныч имараттары жана курулмалары, шааркуруунун же топографиялык кырдаалдын башка элементтери аларга белгиленген кызыл сызыкты ыңгайлаштыруу учурунда күрөң түстө көрсөтүлөт.
5.6.3. Колдонулуп жаткан кызыл сызыктар кызыл түстө көрсөтүлөт. Жокко чыгарыла турган, колдонулуп жаткан сызыктар, ушул сызык менен кара түстөгү крест менен сызып салынат.
5.6.4. Белгиленген кызыл сызыктар аларды коштоочу баардык жазуулары жана өлчөмдөрү менен бөлүктөргө бөлүнгөн чиймеде кара түстө кийинкилерди кошуу менен көрсөтүлөт:
- көчөлөрдүн, өтмөктөрдүн, техникалык зоналардын туурасынан кеткен капталдарынын энин, кызыл сызыктар менен курулуш сызыктарынын (м) ортосундагы тилкелерди ж.б.;
- белгиленген сызыктардын түзүлүшүн колдонуудагы сызыктары, имараттардын жана курулмалардын фасаддары жана башка байланыш шарттары менен аныктоочу кошумча өлчөмдөр;
- "Эсептешүү чеги" жазуусу - долбоорлонуучу аймакта колдонуудагы сызыктардын болбогонунда же белгиленген кызыл сызыктарды байланыштырууга мүмкүн болбогондо.
5.7. Кызыл сызыктардын бөлүктөргө бөлүнгөн чиймеси графикалык маалыматтар менен бирге эле түшүндүрмө жазууларды камтууга тийиш, анын ичинде:
- кыштактарда аймактардын жайын аныктоочу көчөлөрдүн, дарыялардын, темир жол платформаларынын, табигый объекттердин жана башка элементтердин аттарын;
- чиймени окууну жеңилдетүүчү түшүндүрүүчү жазуулар: "жашыл бак дарактар, "курулуш чеги" (жазуу курулуучу аймак тарабынан жасалат), "техникалык зона", "дарыя порту" ж.б.).
5.8. Транспорт түйүндөрүнүн зоналарында тийиштүү жазуулар менен коштолуучу транспорт курулмалары (көпүрөлөр, жол өткөөлдөрү, тоннелдер ж.б.) көрсөтүлөт.
Инженердик тармактар менен курулмаларынын ар кандай деңгээлинде кесилишүүдө үстүңкү деңгээлдеги сызыктар аларга берилген белги менен көрүнөт, ал эми ылдыйкы деңгээлдеги - үзүк чийиндер менен көрүнөт. Бөлүктөргө бөлүнгөн чиймеде шааркуруу жөнгө салуусундагы кызыл жана башка сызыктарды белгилөөдө шарттуу картографиялык белгилер колдонулушу керек.
5.9. Кызыл сызыктардын бөлүктөргө бөлүнгөн чиймесине координаттын кийинки эсептөөсү үчүн баштапкы маалыматтар түшүрүлөт: сызыктын түз участокторунун аралыгы, кыйшык ийилме участокторундагы жумуру радиустар, бурулуш жерлер, ошондой эле кыйшыктардын башталышы.
5.10. Шаар көчөлөрүнүн (өтмөктөрдүн, жолдордун, суу жээктери) туурасынан кеткен капталдары 1:200 масштабда аткарылат. Кызыл сызыктарда жана туурасынан кеткен капталдардын функционалдык элементтеринде көчөлөрдүн жазылыгы 0,01 м ге чейинки тактыкта келтирилет. Шаар көчөлөрүнүн этаптуу курулушунун зарылчылыгында, туурасынан кеткен капталдан жүрүүчү бөлүктөрдүн жана 1-кезекте тротуарлардын жазылыгы бөлүнүп чыгат же атайын туурасынан кеткен капталдар аткарылат. Ассиметриялык туурасынан кеткен капталдар, планга карата тармагына багыт алуу үчүн түшүндүрмө жазуулары менен коштолот, ал эми кызыл сызыктардын координаттык чекиттерин эсептөө үчүн А тиркемесинде келтирилген графикалык же айкалыштырылган ыкма колдонулат.
5.11. Белгиленген кызыл сызыктарды топографиялык планга жана башка картографиялык материалдарга киргизүү, ошондой эле кызыл сызыктардын накталай (жеринде) чыгуусуна Б тиркемесинде келтирилгендей кызыл сызыктардын координаттар боюнча аналитикалык эсебинин ыкмасы колдонулат.
5.12. Кызыл сызыктардын геодезиялык координаттарынын эсеби бөлүүчү чийме боюнча 1:2000 масштабда ±0,01м тактыкта эсептеп чыгаруу менен аткарылат. Эсептөөдө таяныч курулушту жана жер алдындагы коммуникацияларды, имараттардын окторун бөлүүчү материалдарды, жер бөлүүнү эске алуу зарыл.
5.13. Октордун кесилиш чекиттеринин координаттары, октордун жана кызыл сызыктардын сынык жерлеринин чекиттери чиймеде же чиймеге тиркеле турган ведомосттун формасында түздөн-түз келтирилет. Координаттардын эсептөө каталогдору жана эсептердин схемалары кызыл сызыктардын акттарынын түпнускалары менен мөөнөтсүз жана колдонууга чектелүү укугу менен сакталат.
5.14. Кызыл сызыктардын аяккы жана бурулуш чекиттери жерлерге туруктуу тибиндеги геодезиялык белги менен бекитилет жана таяныч геодезиялык тармактын жакынкы чекитине карата 0,05 м тактыкта координацияланат.
5.15. Кызыл сызыктарды натуралай (жеринде) белгилөө, бул иштерди жүргүзүүгө лицензиясы бар уюмдар аркылуу жүзөгө ашырылат, жана кызыл сызыктарды натуралай (жеринде) алып чыгуу актысы менен жол-жоболоштурулат.
6. Кызыл сызыктардын сакталышын контролдоо
Кызыл сызыктардын сакталышын контролдоону архитектура жана шааркуруу жергиликтүү органдары жүзөгө ашырышат.
А тиркемеси
А.1 Координаттарды аныктоонун графикалык ыкмасы
Координаттарды аныктоонун графикалык ыкмасы, кызыл сызыктардын планда жайгашкан жери X жана Y координаттарынын окторуна карата графикалык түрдө циркульдун жана масштабдык сызгычтын жардамы менен графикалык түрдө аныкталуусунан турат.
Чекиттердин жана сызыктардын координаттарын аныктоонун графикалык ыкмасы кызыл сызыктардын жана курулушка даярдоочу иштердин алдын ала эсептөөсүндө колдонулат.
Кичи жана орто калктуу конуштарда кызыл сызыктарды аныктоодо ыкмасын колдонуу менен кызыл сызыктарды аныктоонун графикалык ыкмасын пайдалануу сунушталат. Бул ыкмада жерлерге чекиттердин аныктоо натыйжасы, эгер сызыктын узундугу 20 м ден ашпаса жана алардын ортосундагы бурч 400дөн кем эмес жана 1400дөн көп эмести түзсө. Эки белгилеп коюлган жерден алынган чекитти үчүнчү белги менен контролдоосу сунуш кылынат.
Баардык керектүү чоңдуктар топографиялык пландан чийүүчү инструменттердин жардамы менен графикалык түрдө алынат. Тактыгы пландын масштабынан жана пландын деформациясынын жоктугунан көз каранды.
Пландын 1:2000 масштабында планда чекиттин жайгашуусунун катасын аныктоо ±0,28 мди түзөт, пландын 1:500 масштабында ±0,07 мге ылайык.
А.2 Айкалыштырылган ыкмасы
Координаттарды аныктоонун айкалыштырылган ыкмасы аналитикалык жана графикалык ыкмалардын айкалышуусунан колдонулат. Долбоордук-пландоо иштеринде, ошондой эле айрым инженердик курулмаларды долбоорлоодо колдонулат.
Сыныктын чекиттеринин жана кызыл сызыктардын кесилишүүсүнүн аналитикалык аныкталган координаттары болушу керек, ошондой эле мурдатан турган таяныч имараттарга жана курулмаларга байланышышы керек.
Толук пландаштыруунун жана курулуштун долбоорлорун иштеп чыгууда, кызыл сызыктардын аналитикалык эсептөөсүндө татаал эсептеп чыгарууларды аткарууда, 1:500 масштабда планын колдонууга сунушталат. Долбоордун планында сызык кызыл түстөгү пунктир сызыкча түрүндө көрсөтүлөт.
Бул белгилер көрүнүп турушу керек жана имаратка үчтөн кем эмес ченөөлөр менен же келечекте курулушта сактала турган имараттарга створлордун бекитилиши керек.
Долбоорлорду жерлерге которуу иштери эки негизги бөлүктөн турат:
биринчиси - кызыл сызыктардын чекиттеринин координаттарын эсептөө боюнча, толук пландаштыруу долбоорунун бөлүү чиймесин түзүү боюнча жана имараттар менен курулмалардын негизги окторун аныктоо боюнча иштер;
экинчиси - долбоорду жерлерге алып чыгууга жана чекиттерди тиешелүү белгилер менен натуралай бекитүүгө байланышкан иштер.
Б тиркемеси
Координаттарды аныктоонун аналитикалык ыкмасы
Кызыл сызыктардын координаттары толук топографиялык сүрөткө тартуунун материалдары (1:500 - 1:2000) боюнча, же бул үчүн атайын тиркелген теодолиттик жүрүштөрдүн негизинде эсептеп чыгарылат. Кызыл сызыктардын координаттарын жана узундугун аналитикалык аныктоо керектүү тактыкты камсыздайт, иштеп чыгууда талап кылынган баштапкы аналитикалык таяныч пункттарынын чоң сандарын аткаруу зарыл, жана долбоордун түшүндүрмө катында чагылдырылат.
В тиркемеси
Шаарларда жана калктуу конуштарда кызыл сызыктардын оңдоону (өзгөртүүнү) тариздөө тартиби
Тапшырыкчылар шаардын, калктуу конуштун тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кызыл сызыктарды өзгөртүүнү талап кылган объекттерди жайгаштыруу боюнча кайрылганда, аймактагы архитектура жана шааркуруу органы кызыл сызыктарды шаардын чегинде анын бүткүл узундугун келечекте магистралдарды өнүктүрүүнү, анын Башкы план жана ТПД боюнча категориясын эске алуу менен оңдоо мүмкүн экендиги жөнүндө маселени иштеп чыгат жана Башкы пландын авторлору менен макулдашышат.
Кызыл сызыктарды өзгөртүү жөнүндө чечим тиешелүү аймактагы архитектура жана шааркуруу органынын Шааркуруу кеңешинде сунуш каралгандан кийин кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын борбор шаары Бишкек шаары боюнча кызыл сызыктарды оңдоо Шааркуруу кеңешинин оң чечим чыгарганда жүргүзүлөт жана кызыл сызыктардын актысы тийиштүү кызмат адамдар тарабынан кол коюлгандан кийин чыгат.
БЕКИТЕМИН:
________________________________ | шаарынын Башкы архитектору | ___________________________________ |
(шаардын аталышы) |
| (аты-жөнү, колу, мөөр) |
МАКУЛДАШЫЛДЫ:
Шааркурууну пландоо өнөрканасынын башчысы _________________________________________________
Геокызматынын башчысы ____________________________________________________________________
Архитектуралык эстеликтер боюнча Маминспекциянын башчысы __________________________________
Колдору аймактык архитектура жана шааркуруу органын мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.