Загрузка документа…
КР Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 218 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 242 буйругуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО
(КР Юстиция министрлигинин 2018-жылдын 6-сентябрындагы № 176, 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 628, 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 1, 2022-жылдын 19-августундагы № 1 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиянын ишин уюштуруу тартибин аныктайт (мындан ары - Квалификациялык комиссия).
2. Квалификациялык комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндө" Мыйзамына, башка ченемдик укуктук актыларга жана ушул Жобого таянуу менен иш алып барат.
3. Квалификациялык комиссия Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары - Юстиция министрлиги) алдында төмөнкү курамдан турган жети адамдан түзүлөт: нотариат маселесин көзөмөлгө алган Юстиция министринин орун басары (Квалификациялык комиссиянын төрагасы), нотариат маселеси боюнча Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, "нотариалдык палатанын өкүлү" коомдук бирикмесинин төрагасы, бир мамлекеттик нотариус, нотариат маселеси боюнча Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери (Квалификациялык комиссиянын катчысы), жарандык коомдун эки өкүлү.
(КР Юстиция министрлигинин 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 1 буйругунун редакциясына ылайык)
4. Квалификациялык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.
2. Квалификациялык комиссиянын функциялары
5. Квалификациялык комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
1) квалификациялык экзамен тапшыруусуз жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардын арыздарын карайт;
2) жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардын мамлекеттик же жеке нотариустан такшалуудан өтүүгө жөнөтүү жөнүндө арыздарын карайт (мындан ары - талапкерлер);
3) квалификациялык экзамен өткөрүүнүн күнүн жана убактысын белгилейт (анын которулган күнүн);
4) Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилүүчү квалификациялык экзамендин суроолорун макулдашат;
5) квалификациялык экзаменге уруксат берүү арыздарды карайт;
6) талапкерлерден квалификациялык экзаменди кабыл алат;
7) доо арыздарды аппеляциялык тартипте карайт.
3. Квалификациялык комиссиянын ишин уюштуруу
6. Квалификациялык комиссиянын отуруму зарылдыгына жараша төрага тарабынан чакыртылат жана ага анын мүчөлөрүнүн теңинен кем эмеси катышса, отурум мыйзамдуу болуп саналат. Отурум алты айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт
Квалификациялык комиссиянын бардык маселелер боюнча чечимдери анын отурумга катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7. Квалификациялык экзамен жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан келип түшкөн арыздардын Юстиция министрлигинде топтолгонуна жараша, бирок алты айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Квалификациялык экзамен өткөрүү күнүн жана ордун Квалификациялык комиссия аныктайт. Эгерде талапкерлерден арыздар келип түшпөсө, квалификациялык экзамен өткөрүлбөйт.
Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар, экзамен өткөрүлгөнгө чейин 7 (жети) календардык күн мурда, квалификациялык экзамен өткөрүү күнүн, ордун жана убактысы тууралуу маалымдар болушат.
8. Экзамендин суроолору Квалификациялык комиссия менен макулдашылат, Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет жана жалпы жеткиликтүү болуу үчүн Юстиция министрлигинин расмий сайтында жайгаштырылат.
9. Квалификациялык комиссиянын чечими компьютердеги тесттин жана практикалык тапшырманын жыйынтыгынын негизинде кабыл алынат.
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2022-жылдын 19-августундагы № 1 буйругунун редакциясына ылайык)
10. Квалификациялык комиссиянын катчысы Квалификациялык комиссиянын отурумун даярдайт жана иш кагаздарын жүргүзөт.
11. Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алуунун тартиби Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан түшүндүрүлөт.
4. Квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүү тартиби
12. Квалификациялык экзамен тапшырууга "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 4-беренесинде коюлган талаптарга ылайык келген адамдар киргизилет.
13. Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адам (мындан ары - талапкер) квалификациялык экзамен тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин атына арыз менен кайрылат (арыздын формасын Юстиция министрлиги бекитет жана министрликтин расмий сайтына жайгаштырылат.
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1) талаптагыдай толтурулган жана кол коюлган кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
2) өмүр баян;
3) эмгек китепчесинин көчүрмөсү (акыркы иштеген жери же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
4) жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
5) паспортунун көчүрмөсү;
6) (КР Юстиция министрлигинин 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 1 буйругунун редакциясына ылайык күчүн жоготту);
7) такшалуудан өткөндүгүнүн жыйынтыгы жөнүндө корутунду;
8) көктөмө.
9) арыз ээсинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу. Арыз ээсинин макулдук бланкы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жайгаштырылат.
Талапкердин документтери Квалификациялык комиссиясынын катчысы тарабынан өздүк иш катары таризделет.
(КР Юстиция министрлигинин 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 1 буйругунун редакциясына ылайык)
14. Документтер кабыл алынгандан кийин нотариат маселеси боюнча Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине (талапкердин соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн) жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна (иштөө мезгилдери жөнүндөгү маалыматтарды алуу үчүн) суроо-талап жиберет, анын ичинде «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу кайрылууга укуктуу. Суроо-талаптардын натыйжалары талапкердин өздүк ишине тиркелет.
(КР Юстиция министрлигинин 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 1 буйругунун редакциясына ылайык)
15. Квалификациялык комиссия талапкерлер тарабынан берилген документтер менен маалыматтардын аныктыгын текшерүүгө, ушул себептен тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка уюмдарга сунушталган документтер менен маалыматтардын аныктыгын текшерүү же тастыктоо жөнүндө суроо-талап менен кайрылууга укуктуу.
(КР Юстиция министрлигинин 2018-жылдын 6-сентябрындагы № 176 буйругунун редакциясына ылайык)
16. Документтерди текшерүү аяктагандан кийин Квалификациялык комиссия квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүү же уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат. Квалификациялык экзаменге киргизүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечим административдик иш жөнүндө мыйзамдар менен аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.
(КР Юстиция министрлигинин 2018-жылдын 6-сентябрындагы № 176 буйругунун редакциясына ылайык)
17. Төмөнкү адамдарга квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берилбейт:
1) такшалуу аяктаган күндөн тартып бир айдын ичинде такшалуудан өтүүнүн жыйынтыктары боюнча корутундуну сунуштабагандар;
2) такшалуудан белгиленген тартипте өтпөгөндөр жана «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде белгиленген учурларда.
Ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн мөөнөттү олуттуу себептер менен өткөрүп жиберген учурда, талапкер өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү үчүн Квалификациялык комиссияга арызы менен кайрыла алат.
Квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат албаган жакка мурда берилген документтер кайтарылып берилет. Квалификациялык экзаменге кирүүдөн баш тартуу үчүн негиз болгон документтердин көчүрмөлөрү өздүк ишине тиркелет.
(КР Юстиция министрлигинин 2018-жылдын 6-сентябрындагы № 176, 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 1 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
5. Квалификациялык сынакты өткөрүүнүн тартиби
(Глава КР Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 628 буйругунун 2021-жылдын, 9-апрелиндеги № 1 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
18. Квалификациялык экзамен компьютердик тестирлөө, практикалык тапшырма түрүндө жүргүзүлөт.
1) Компьютердик тест 100 суроодон турат. Тест суроонун өзүнөн жана бир нече варианттуу жооптон турат.
2) Компьютердик тестирлөө төмөндөгүдөй тартипте өткөрүлөт:
- Квалификациялык комиссиянын катчысы талапкерлерди паспорту боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керт башын күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документ боюнча өздүгүн аныктайт;
- Квалификациялык сынактын мөөнөтү 60 мүнөт, убакыт тест башталгандан тарта компьютерде белгиленет;
- Компьютердик тестирлөөгө 100 мүнөт бөлүнөт, убакыт тест башталган учурдан тартып компьютерде белгиленет.
- Квалификациялык комиссиянын катчысы талапкерлерди Юстиция министрлиги тарабынан аныкталган тестирлөө эрежелери менен тааныштырат;
3) Компьютердик тестирлөө балл коюу системасы боюнча бааланат. Ар бир туура жооп үчүн талапкер бир баллга ээ болот.
4) Эгерде адам тесттик суроолордун жалпы санынан 65 жана андан ашык суроого туура жооп берсе, бул пайыздык эсеп менен алганда 65 жана андан көп пайызды түзөт, ал компьютердик тестирлөөдөн өттү деп эсептелет.
5) Компьютердик тестирлөөдө 65 пайыздан аз эмес көрсөткүчкө ээ болгон талапкерлер практикалык тапшырмага өтөт, ал тестирлөө этабынан кийин Квалификациялык комиссия тарабынан өткөрүлөт.
(КР Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 628, 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 1, 2022-жылдын 19-августундагы № 1 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
19. Кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу маселелер боюнча атайын билимдерди жана жөндөмдөрдү аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан практикалык тапшырмалар иштелип чыгат. Практикалык тапшырмалар практикалык маселени чечүүдөн жана кагаз жүзүндө түзүлгөн нотариалдык документтердин долбоорлорун же үлгүлөрүн түзүүдөн же алар менен иштөөдөн турат. Практикалык тапшырмалар Квалификациялык комиссия тарабынан ар бир экзамендин алдында бекитилет. Практикалык тапшырмалар компьютерде жүргүзүлүп, ал эми, нотариалдык документтердин долбоорлору же үлгүлөрү менен иштөөдө жооп түздөн-түз көрсөтүлгөн документтерде аткарылат.
(КР Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 628 буйругунун редакциясына ылайык)
20. Тапшырмалардын форматы, алардын оордугу, тапшырманы аткарууга бөлүнгөн жалпы убакыт, туура жоопторду баалоо критерийлери Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Квалификациялык комиссиясы тарабынан аныкталат.
(КР Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 628 буйругунун редакциясына ылайык)
21. Конкурсанттардын практикалык иши Юстиция министрлигинин Квалификациялык комиссиясы тарабынан бааланат.
Практикалык тапшырмалар 40 баллдык көрсөткүчтүн негизинде бааланат.
Практикалык тапшырмадан 50 пайыздан кем эмес балл алган адам өттү деп эсептелет.
(КР Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 628, 2022-жылдын 19-августундагы № 1 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
22. (Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин 2022-жылдын 19-августундагы № 1 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
23. Квалификациялык экзаменди өткөрүүдө комиссия экзамендин бардык этаптарынын үнү менен онлайн трансляция жана видео жазууну жүргүзүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2022-жылдын 19-августундагы № 1 буйругунун редакциясына ылайык)
24. Үч күндүн ичинде кат түрүндөгү арызы боюнча конкурстун катышуучусуна ага тийиштүү видео жазуунун бөлүгүнүн көчүрмөсү берилет.
Видео жазуу нотариат жаатындагы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин структуралык бөлүгүндө 6 (алты) айдын ичинде сакталат.
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2022-жылдын 19-августундагы № 1 буйругунун редакциясына ылайык)
25. (Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин 2022-жылдын 19-августундагы № 1 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
26. Компьютердик тестирлөөнүн, практикалык тапшырмалардын, жалпы жыйынтыгы боюнча 85 жана андан жогору баллга ээ болгон талапкер квалификациялык экзамен ийгиликтүү тапшырды деп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2022-жылдын 19-августундагы № 1 буйругунун редакциясына ылайык)
27. Квалификациялык экзамен аяктагандан кийин отурумдун протоколу түзүлөт, ага Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү кол коет.
Квалификациялык комиссиянын отуруму мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан учурда толук укуктуу болуп эсептелет.
Квалификациялык комиссиянын протоколуна экзамендин жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Квалификациялык комиссиянын протоколунун негизинде Юстиция министрлиги тарабынан бир айдын ичинде квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамдарга жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө буйрук чыгарылат.
Квалификациялык комиссиянын чечимине карата нааразычылыкты билдирүү административдик ишмердүүлүк тууралуу мыйзам тарабынан аныкталган тартипте ишке ашырылат.
(КР Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 628, 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 1 буйруктарынын редакцияларына ылайык).
28. Квалификациялык сынакты ийгиликтүү тапшырган тарапка бир айдын ичинде Квалификациялык комиссия чечим чыгарган күндөн тартып, Юстиция министрлиги тарабынан нотариалдык ишин жүргүзүүгө укук берген лицензия тапшырылат.
(КР Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 628 буйругунун редакциясына ылайык)
29. Квалификациялык сынактан өтпөй калган тарап Квалификациялык комиссия чечим чыгарган күндөн тарта толук бир жыл өткөндөн кийин сынактан кайра өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
“Бул учурда, мурун берилген документтер арыз ээсине кайтарылып берилет”
(КР Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 628 буйругунун редакциясына ылайык)
30. Лицензия алуу үчүн квалификациялык сынактын өткөрүлгөн күнү тууралуу маалымат алган, бирок сынакты тапшырууга келбей койгон тарапка документтер дароо, кайрадан карап чыгуу жүргүзүлбөстөн кайтарылып берилет.
Олуттуу себептер пайда болгон учурда талапкер квалификациялык сынактын күнүн кечирээк мөөнөткө жылдыруу тууралуу арызы менен кайрылууга укуктуу.
(КР Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 628 буйругунун редакциясына ылайык)
31. Квалификациялык комиссиянын протоколунан алынган көчүрмө жеке нотариустун жеке ишине тиркелет.
Жеке нотариустардын жеке иштери, аныкталган тартипте Юстиция министрлигинин архивинде сакталат.
(КР Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 628 буйругунун редакциясына ылайык)