Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУГУ
2022-жылдын 19-августу № 1
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 242 “Нотариалдык иш чөйрөсүндө лицензиялоого байланышкан маселелер жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Нотариат маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, ошондой эле, "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 12-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 6-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 242 “нотариалдык иш чөйрөсүндө лицензиялоого байланышкан маселелер жөнүндө буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогорудагы буйрук менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобого:
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “9. Квалификациялык комиссиянын чечими компьтердеги тесттин жана практикалык тапшырманын жыйынтыгынын негизинде кабыл алынат.”;
биринчи абзацтагы "сүйлөшүү" деген сөз алып салынсын;
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) компьютердик тест 100 суроодон турат. Тест суроонун өзүнөн жана бир нече варианттуу жооптон турат.”.
2-пунктчасынын 4-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Компьютердик тестирлөөгө 100 мүнөт бөлүнөт, убакыт тест башталган учурдан тартып компьютерде белгиленет».
4 пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4) Эгерде адам тесттик суроолордун жалпы санынан 65 жана андан ашык суроого туура жооп берсе, бул пайыздык эсеп менен алганда 65 жана андан көп пайызды түзөт, ал компьютердик тестирлөөдөн өттү деп эсептелет.”;
5-пунктчадагы "50" деген сан "65" деген санга алмаштырылсын.
- 21-пункта:
экинчи абзацтагы “20” деген сан “40” деген санга алмаштырылсын;
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Практикалык тапшырмадан 50 пайыздан кем эмес балл алган адам өттү деп эсептелет.”;
- 22-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“23. Квалификациялык экзаменди өткөрүүдө комиссия экзамендин бардык этаптарынын үнү менен онлайн трансляция жана видео жазууну жүргүзүүгө тийиш.”;
- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- “Үч күндүн ичинде кат түрүндөгү арызы боюнча конкурстун катышуучусуна ага тийиштүү видео жазуунун бөлүгүнүн көчүрмөсү берилет.”;
- “Видео жазуу нотариат жаатындагы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин структуралык бөлүгүндө 6 (алты) айдын ичинде сакталат.”.
- 25-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
- 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“ 26. Компьютерлик тестирлөөнүн, практикалык тапшырмалардын, жалпы жыйынтыгы боюнча 85 жана андан жогору баллга ээ болгон талапкер квалификациялык экзамен ийгиликтүү тапшырды деп саналат.”.
2) Жогорудагы буйрук менен бекитилген Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү Тартибине:
- 6-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Бул учурда такшалуунун мөөнөтү такшалуунун жетекчи тарабынан узартылышы мүмкүн, мында такшалуунун жетекчиси Юстиция министрлигине жазуу жүзүндө билдирүүсү керек. ”.
- 8-пунктту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8. Нотариустар Юстиция министрлигине такшалуудан өтүп жаткан адам жөнүндө "Электрондук нотариус" маалыматтык системасы аркылуу такшалуу башталган учурдан тартып ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматтарды берүүгө милдеттүү.”;
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“ Такшалуу программасы, жеке планы жана такшалуу графиги ушул Тартиптин 1, 2- тиркемелерине ылайык формада түзүлүүгө тийиш.”;
- 11-пункттун биринчи абзацындагы "Юстиция министрлиги бекиткен" деген сөздөр "ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын”.
2. Нотариат жана апостилдештирүү башкармалыгы:
1) бул буйрукту ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүүнү жана расмий жарыялоону камсыз кылсын.
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтсүн.
3) ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Юстиция министринин нотариат маселесин тейлеген орун басарына жүктөлсүн.
4) ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Министр | А.Б.Баетов |