Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 218 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ

БУЙРУК

2017-жылдын 8-ноябры № 242

Нотариалдык иш чөйрөсүндө лицензиялоого байланышкан маселелер жөнүндө

 

 (КР Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 628, 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 1 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндө" Мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тизмесинин 6-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-декабрындагы № 764 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" жобонун 11-пунктуна таянуу менен

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобо (1-тиркеме);

2) Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартиби (2-тиркеме).

2. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нотариат жана адвокатура башкармалыгы (А.У.Искендеров) зарыл болгон учурда ушул буйруктан келип чыккан тиешелүү буйруктун долбоорлорун даярдап бекитүү үчүн кароого киргизсин.

4. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Нотариат маселесин көзөмөлгө алган Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басарына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин м.а.

М.Сарымсаков