Загрузка документа…
КР Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 218 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 242 буйругуна 2-тиркеме |
Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү ТАРТИБИ
(КР Юстиция министрлигинин 2021-жылдын 09-апрелиндеги № 1, 2022-жылдын 19-августундагы № 1 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндө" Мыйзамынын 4-беренесине ылайык жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин жана шарттарын жөнгө салат.
2. Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшыруу үчүн нотариалдык аракеттерди жасоо жана нотариалдык иш жүргүзүүнү уюштуруу жөнүндө практикалык көндүмдөрүн алуу, ошондой эле кесиптик билимин жогорулатуу такшалуудан өтүүнүн максаты болуп саналат.
(КР Юстиция министрлигинин 2021-жылдын 09-апрелиндеги № 1 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Такшалуудан өткөрүү тартиби
3. Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер болгон Кыргыз Республикасынын жараны (мындан ары - такшалуучу) такшалуудан өтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине (мындан ары - Юстиция министрлиги) кайрылууга тийиш. Такшалуудан өтүү үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
1) арыз;
2) акыркы иштеген жери же нотариат тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
3) нотариат тарабынан күбөлөндүрүлгөн жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү;
4) талаптагыдай толтурулган жана кол коюлган кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
5) өмүр баян;
6) паспортунун көчүрмөсү;
7) жеке нотариуста такшалуудан өткөн учурда нотариус менен такшалуучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
8) арыз ээсинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу. Арыз ээсинин макулдук бланкы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жайгаштырылган.
Документтер кабыл алынгандан кийин нотариат маселеси боюнча Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине (талапкердин соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн) жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна (иштөө мезгилдери жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн) суроо-талап жиберет, анын ичинде «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу кайрылууга укуктуу. Суроо-талаптардын натыйжалары талапкердин өздүк ишине тиркелет.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия (мындан ары - Квалификациялык комиссия) жогорку юридикалык билимди, юридикалык адистик боюнча эмгек стажын талап кылган кызматтардагы ишти (кызматты) тактоо зарыл болсо, талапкерлер тарабынан берилген документтер менен маалыматтардын аныктыгын текшерүүгө, ушул себептен тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка уюмдарга сунушталган документтер менен маалыматтардын аныктыгын текшерүү же тастыктоо жөнүндө суроо-талап менен кайрылууга укуктуу, анын ичинде «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу кайрылууга укуктуу.
Документтерди текшерип аяктагандан кийин, Квалификациялык комиссия адамдын такшалуудан өтүүсү үчүн жөнөтүү же аны өткөрүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
31. Квалификациялык экзамен тапшырууга «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде коюлган талаптарына жооп бербеген адамдарга такшалуудан өтүшүнө жол берилбейт.
(КР Юстиция министрлигинин 2021-жылдын 09-апрелиндеги № 1 буйругунун редакциясына ылайык)
4. Такшалууга уруксат берилген адамдарга мамлекеттик же жеке нотариустан өтүү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
Такшалуучунун ишин мамлекеттик же жеке нотариустун түздөн-түз жетекчилик жүргүзүүсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен ушул милдет жүктөлгөн нотариус тарабынан ишке ашырылат.
Жеке нотариуста такшалуудан өтүүнү каалаган адам аны менен нотариустун ортосунда түзүлгөн келишимди берет.
Такшалуучуну нотариус катары беш жылдык тажрыйбасы бар жеке нотариуска такшалууну өтүүгө жиберсе болот.
Такшалуучу такшалууну дайындоо жөнүндө Юстиция министрлигинин буйругу чыккандан кийин эки айдан кечиктирбестен, түздөн-түз такшалууга киришиши керек.
(КР Юстиция министрлигинин 2021-жылдын 09-апрелиндеги № 1 буйругунун редакциясына ылайык)
5. (КР Юстиция министрлигинин 2021-жылдын 09-апрелиндеги № 1 буйругунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
6. Такшалуудан өтүү түздөн-түз квалификациялык экзамен тапшыруунун алдында жүргүзүлөт, бул учурда такшалуу аяктаган учурдан тартып квалификациялык экзамен тапшырганга чейинки убакыт алты айдан ашпоого тийиш.
Такшалуудан өтүү мөөнөтү алты айдан кем эмес убакытты түзөт жана кыскартылбоого тийиш.
Такшалуунун жетекчиси графикке ылайык, такшалуучунун иш жүзүндө иштеген убактысын эсепке алат. Такшалуучунун олуттуу себептер менен жок болгон убактысы, ооруп жаткан учурда же такшалуучунун толук эмес жумуш убактысы учурунда, иштелбеген убакыт такшалуу мезгили болуп саналбайт.
Бул учурда, такшалуунун мөөнөтү такшалуунун жетекчиси тарабынан узартылышы мүмкүн, мында такшалуунун жетекчиси Юстиция министрлигине жазуу жүзүндө билдирүүсү керек.
(КР Юстиция министрлигинин 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 1, 2022-жылдын 19-августундагы № 1 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
7. Мамлекеттик нотариуста такшалуудан өтүү мезгилинде такшалуучуга мамлекеттик нотариустун эмгек шарттары, ички эмгек тартибинин эрежелери жайылтылат. Такшалуучунун эмгегине акы төлөнбөйт.
Жеке нотариуста такшалуудан өтүүчү такшалуучунун укуктары жана милдеттери келишим менен аныкталат.
Такшалуучу ишке ашырылып жаткан нотариалдык иш-аракеттердин сырын сактоого тийиш.
8. Нотариустар Юстиция министрлигине такшалуудан өтүп жаткан адам жөнүндө «Электрондук нотариус» маалыматтык системасы аркылуу такшалуу башталган учурдан тартып ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2022-жылдын 19-августундагы № 1 буйругунун редакциясына ылайык)
9. Такшалуудан өтүү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилген такшалуу программасына ылайык жүргүзүлөт. Такшалуу программасы такшалуудан өткөрүү жетекчилери жана такшалуучулар үчүн милдеттүү болуп саналат.
Программа нотариалдык иш-аракеттерди өркүндөтүү жана нотариустун ишин уюштуруу боюнча практикалык көндүмдөрдү такшалуучунун алуусуна багытталган иш-чаралардын тизмесин камтууга тийиш.
Такшалуу программасы, жеке планы жана такшалуу графиги ушул Тартиптин 1, 2-тиркемелерине ылайык формада түзүлүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2022-жылдын 19-августундагы № 1 буйругунун редакциясына ылайык)
10. Такшалуу программасынын негизинде такшалуудан өткөрүүнүн жетекчиси үч күндүн ичинде такшалуудан өткөрүүнүн жеке планын жана графигин бекитет. Жетекчи тарабынан бекитилген такшалуудан өткөрүүнүн жеке планы жана графиги нотариус тарабынан үч күндүн ичинде такшалуучунун өздүк ишине тиркөө үчүн Юстиция министрлигине жөнөтүлөт. Такшалуудан өткөрүүнүн графиги өзгөргөн учурда, жетекчи аны Юстиция министрлигине жөнөтүшү керек.
3. Такшалуудан өтүүнү аяктоо
11. Такшалуудан өтүү аяктаганда такшалуучунун жетекчиси анын жыйынтыгы жөнүндө корутунду түзөт, анда ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча такшалуунун жүрүшүндө такшалуучу ээ болгон жалпы даярдыктын деңгээли чагылдырылат.
Корутундунун бир нускасы такшалуучунун жетекчисинде, экинчиси - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде же анын аймактык органдарында сакталат, ал эми үчүнчүсү такшалуучуга берилет.
(КР Юстиция министрлигинин 2021-жылдын 09-апрелиндеги № 1, 2022-жылдын 19-августундагы № 1 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
12. Мамлекеттик нотариус же жеке нотариус катары үч жылдан ашык иштеген адамдарга нотариалдык иш токтотулган учурдан тартып үч жылдан ашпаса иштин көрсөтүлгөн мөөнөтү такшалуудан өтүү мөөнөтү катары эсептелет.
(КР Юстиция министрлигинин 2021-жылдын 09-апрелиндеги № 1 буйругунун редакциясына ылайык)