Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2022-жылдын 28-июну № 2-д
Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестринин ишинин маселелери жөнүндө
"Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 4-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 17-пунктунун 6-абзацына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жобонун 16-пунктунун 19-пунктчасын жетекчиликке алуу менен,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемеси Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестринин (мындан ары - Реестр) оператору болуп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемеси Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн элементтерин Реестрде каттоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 661 токтому менен бекитилген Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестрин жүргүзүү эрежелерин, анын ичинде инфратүзүмдүн элементтерин реестрге киргизүү жана аларды реестрден чыгаруу эрежелерин жетекчиликке алсын:
1) Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн элементтерин ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн маалыматтарды Реестрге киргизүү жолу менен каттоо жүргүзсүн;
2) Реестрдин үзгүлтүксүз иштөөсүн, техникалык колдоону жана колдонуучулардын Реестрге жайгаштырылган маалыматтарга регламенттелген жетүүсүн камсыз кылсын.
3) ай сайын, отчеттук мөөнөттөн кийинки айдын 1инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин инфратүзүмдү өнүктүрүү бөлүмүнө маалыматтарды жиберип турсун.
3. Инфратүзүмдү өнүктүрүү бөлүмү отчеттук мөөнөттөн кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнө киргизилген элементтер боюнча Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин көзөмөлдөөчү орун басарына маалыматтарды берип турсун.
4. Маалыматтык камсыздоо бөлүмү катталган күндөн кийинки үч жумуш күнүнүн ичинде ушул буйрукту "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин расмий сайттарына мамлекеттик жана расмий тилдерде расмий жарыялоо үчүн жөнөтсүн.
5. Санариптик чечимдерди өнүктүрүү башкармалыгы:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүсү үчүн жөнөтсүн;
2) күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
6. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин 2020-жылдын 12-мартындагы № 38-б "Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестринин операторун белгилөө жөнүндө" буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары И.Ж.Шаршеновага жүктөлсүн.
8. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри | Т.О. Иманов |
|
| Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын 28-июнундагы № 2-д буйругуна тиркеме |
Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестрине киргизиле турган Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн ЭЛЕМЕНТТЕРИ
№ | Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн элементин аталышы | Ээси |
1 | Электрондук арыз берүү системасы | Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги |
2 | "Гиперграф" автордук сый акыны чогултуу жана бөлүштүрүү үчүн АМС | Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги |
3 | "Иордам" электрондук китепканасы | Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги |
4 | МС маалымат издөө системасы | Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги |
5 | Интеллектуалдык менчик боюнча улуттук маалымат базасы | Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги |
6 | "Оор турмуштук жагдайда калган балдар" автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасы | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
7 | Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасы | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
8 | Эмгек рыногу маалыматтык системасы | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
9 | Социалдык жардам корпоративдик маалыматтык системасы | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
10 | Министрликтер жана ведомстволор менен маалыматтык өз ара аракеттенүү | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы |
11 | "Ардагер" автоматташтырылган маалыматтык системасы | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
12 | "Тизме" шайлоочулардын мамлекеттик порталы | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
13 | Шайлоочуларды эсепке алуу бирдиктүү системасы | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
14 | Маалыматтык шайлоо системасы | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
15 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин автоматташтырылган маалыматтык системасы | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы |
16 | Инвестициялык карта | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги |
17 | Спорттук наамдар жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоо боюнча маалымат базасы | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти |
18 | "Түндүк" ЭВӨС аркылуу мекемелер жана ведомстволор менен маалыматтык өз ара аракеттенүү" | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду |
19 | "Отун-энергетикалык комплекс жаатындагы иштин айрым түрлөрүнө лицензиялардын реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасы | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаменти |
20 | Идентификациялоо бирдиктүү системасы | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
21 | Стратегиялык пландоо системасы | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" МИ |
22 | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн чечимдеринин каталогу | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" МИ |
23 | Мониторинг жүргүзүү улуттук системасы | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" МИ |
24 | Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
25 | Саламаттыкты сактоо адистеринин улуттук маалымат базасы | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
26 | Саламаттык сактоо уюмдарынын реестри | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
27 | Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ачык маалыматтар | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
28 | Оорулардын маалымат базасы: Классификация МКБ-10, Хирургиялык операциялардын жана манипуляциялардын маалымдамасы | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
29 | Белгиленген калк | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
30 | Амбулатордук клиникалык маалымат формасы | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
31 | Электрондук дарыгердин кабыл алынышы | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
32 | Ресурстарды башкаруунун улуттук маалымат системасы | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
33 | "Пробация" автоматташтырылган маалыматтык системасы | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
34 | "Юридикалык жактарды электрондук каттоо" автоматташтырылган маалымат системасы | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
35 | Электрондук жеңилдетилген рецепт | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу милдетүү медициналык камсыздандыруу фонду |
36 | "Соттолгондор жана камакка алынган жактар" автоматташтырылган маалыматтык системасы | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы |
37 | "ЖАМК" электрондук документ жүгүртүү системасы | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы |
38 | Видео-конференц байланыш аппараттык-программалык комплекси | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы |
39 | Мектепке электрондук жазылуу | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
40 | Дипломдун аныктыгын ырастоо | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
41 | КРде берилген аттестаттын (11 кл.) жана күбөлүктүн (9 кл.) аныктыгы | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
42 | Билим берүүнү башкаруу маалыматтык системасы | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
43 | Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына электрондук кезекке туруу | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
44 | КР ЖОЖдоруна ООЖларына онлайн кабыл алуу | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
45 | Электрондук лицензиялоо жана аккредитациялоо | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
46 | Чет мамлекеттердин окуу жайларына кабыл алуу үчүн маалымат системасы | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
47 | Ресурстарды башкаруунун улуттук маалымат системасы | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
48 | "Доомат" автоматташтырылган маалыматтык системасы | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
49 | "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасы | Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги |
50 | "Е-Кызмат" автоматташтырылган маалыматтык системасы | Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги |
51 | "Камсыздандырылган адамдын электрондук эсеби" автоматташтырылган маалыматтык системасы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
52 | Электрондук сатуулар аянтчасы | Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду |