Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345, 2022-жылдын 10-майындагы № 250, 2022-жылдын 31-майындагы № 293, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 515, 2023-жылдын 31-июлундагы № 376, 2023-жылдын 31-июлундагы № 377, 2023-жылдын 28-августундагы № 434, 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566, 2023-жылдын 31-октябрындагы № 583 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги (мындан ары - Министрлик) санариптештирүү, электрондук башкаруу жаатында, электрондук кол тамганы пайдалануу, мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөр, идентификациялоо системасы, санариптик технологиялардын, электр жана почта байланышынын, анын ичинде радио жана телеберүүлөрдүн (мындан ары - байланыш) бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо, архив иши, киберкоопсуздук (Министрликтин компетенциясынын чегинде) чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрлик өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
4. Министрлик эл аралык келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын почта администрациясы, Кыргыз Республикасынын байланыш администрациясы катары чыгат.
41. Министрлик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекетке таандык болгон акциялар (үлүштөр) бар чарбалык коомдордо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Министрлик юридикалык жактын статусуна ээ, анын мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле Казыналык системасында эсептери бар.
6. Министрликтин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги";
- расмий тилде: "Министерство цифрового развития Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "СӨМ";
- расмий тилде: "МЦР".
7. Министрликтин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көч. 119.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 515 токтомунун редакциясына ылайк)
2. Министрликтин максаты
8. Министрликтин ишинин максаты болуп санариптештирүү, электрондук башкарууну өнүктүрүүнү камсыз кылуу, электрондук кол тамганы пайдалануу, мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөр, жогорку технологиялуу маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүмдү, идентификациялоо системасын өнүктүрүү жана камсыз кылуу, Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында санариптик технологиялардын бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоо, ошондой эле Кыргыз Республикасын жалпы дүйнөлүк маалымат мейкиндигине интеграциялоо, электр жана почта байланышы, анын ичинде радио жана телеберүүлөр чөйрөсүндө, калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо, архив иши, киберкоопсуздук (Министрликтин компетенциясынын чегинде) чойрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Министрликтин милдеттери
9. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) төмөнкүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү:
- маалыматтык технологияларды, электрондук башкарууну, архив ишин, байланыш тармактарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн киргизүү жана өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалыматтык мейкиндигин түзүү;
- юридикалык маанилүү мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү бирдейлештирилген түрдө берүү жана ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыздоо үчүн электрондук кол тамганын бирдиктүү инфратүзүмүн куруу;
2) төмөнкүлөрдү камсыздоо:
- мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоону, электрондук башкаруунун бирдиктүү архитектурасын, Кыргыз Республикасынын жарандары жана бизнес үчүн мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөргө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын байланыш инфратүзүмүн эл аралык байланыш тармактарына интеграциялоого шарт түзгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ишке киргизүүнү;
- заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен бирдиктүү мамлекеттик каттоо-эсепке алуу системасын өнүктүрүүнү жана түзүүнү;
- Министрликтин компетенциясына кирген мамлекеттик маалыматтык-каттоо ресурстарынын, маалыматтык системалардын жана тармактардын коопсуздугун жана корголушун;
- Министрликтин компетенциясына кирген жеке мүнөздөгү маалыматты коргоону;
- калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин иштетүүнү жана өнүктүрүүнү;
3) киберкоопсуздук коркунучтарын алдын алуу жана табуу, компьютердик инциденттерге таасир этүү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрликке жүктөлгөн башка милдеттерди аткаруу.
4. Министрликтин функциялары
10. Министрлик төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты иштеп чыгуу функциялары:
- санариптештирүү, электрондук башкаруу, электрондук кол тамга, электрондук документ жүгүртүү, мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөр, электрондук лицензиялоо, маалыматтарды сактоо жана иштеп чыгуу борборлору жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- архив иши, калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- электр жана почта байланышы жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын жана чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгат, ошондой эле Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча аталган актыларды даярдоого катышат;
- тейлеген тармагынын чөйрөсүндө укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды аткарат;
- байланыш жана электрондук башкаруу, мамлекеттик маалыматтык-каттоо ресурстары жана технологиялар чөйрөсүндө, мамлекеттик маалыматтык ресурстардын маалыматтык коопсуздугу жаатында техникалык регламенттерди иштеп чыгууга катышат;
- электрондук башкаруу жана мамлекеттик каттоо жаатында мамлекеттик маалыматтык системалардын жана ресурстардын, илимий-техникалык жана инвестициялык программалардын жана долбоорлордун мамлекеттик заказчысынын функцияларын аткарат;
- байланышты, санариптештирүүнү жана электрондук башкарууну өнүктүрүүгө республикалык бюджеттин жана башка булактардын каражаттарынын башкы тескөөчүсүнүн жана алуучусунун функцияларын аткарат;
2) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
а) эл аралык кызматташуу чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык уюмдар жана башка финансылык институттар менен байланыш, санариптештирүү, электрондук кол тамга, электрондук башкаруу, каттоо жана архив иши чөйрөсүндө кызматташууну ишке ашырат;
- компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгат, жүктөлгөн ыйгарым укуктарына ылайык аларга кол коёт жана ишке ашырылышын камсыздайт;
- башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргойт;
- санариптештирүү, электрондук башкаруу жана байланыш жаатында, ошондой эле берилген ыйгарым укуктарынын чегинде каттоо маселелери боюнча инвестициялык саясатты түзүүгө катышат;
б) маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана электрондук кол тамга чөйрөсүндөгү функциялар:
- программалык-техникалык комплекстерди, маалыматтык системаларды жана тармактарды, электрондук кол тамганы иштеп чыгуу жана киргизүү жаатында, анын ичинде зарыл болгон стандарттарды жана техникалык регламенттерди иштеп чыгуу жолу менен бирдиктүү талаптарды түзөт;
- Министрликтин карамагында турган мамлекеттик маалыматтык системалардын жана ресурстардын менчик ээси катары чыгат;
- интеграцияланган мамлекеттик маалыматтык системаларды жана тармактарды, маалыматты иштеп чыгуунун бирдиктүү мамлекеттик борборлорун, электрондук документ жүгүртүүнүн бирдиктүү системасын, кадрларды эсепке алуу боюнча бирдиктүү мамлекеттик системаны, финансылык башкаруунун бирдиктүү системасын, идентификациялоонун бирдиктүү системасын, электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын, электрондук лицензиялоо порталын жана башка мамлекеттик маалыматтык жана маалыматтык-каттоо системаларын жана ресурстарын түзүү, иштетүү, өнүктүрүү жана башкаруу үчүн механизмдерди түзөт жана ишке ашырат;
- заманбап маалыматтык жана маалыматтык-каттоо технологияларын, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүгө катышат;
- программалык-техникалык комплекстерди, мамлекеттик маалыматтык жана маалыматтык-каттоо системаларын жана ресурстарын, анын ичинде электрондук кол тамганы иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү камсыздайт;
- Министрликтин карамагында турган мамлекеттик маалыматтык жана маалыматтык-каттоо системаларын жана ресурстарын түзүү, сактоо, пайдалануу, өнүктүрүү жана коопсуздугун камсыздайт;
- мамлекеттик каттоонун обочолонгон маалыматтык системаларын технологиялык бириктирүүнү жана бирдиктүү маалыматтык-каттоо ресурсун түзүүнү камсыздайт;
- мамлекеттик бийлик органдарынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо кызыкчылыгында, анын ичинде мамлекеттик каттоо жана мамлекеттик маалыматтык-каттоо системаларынын жеткиликтүүлүгүң камсыздоо чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында бирдиктүү маалыматтык-технологиялык мейкиндикти камсыздайт;
- күбөлөндүрүүчү борборлордун кол тамга ачкычтарынын сертификаттарынын бирдиктүү мамлекеттик жалпыга жеткиликтүү реестрин жүргүзөт;
- убактысын, бүтүндүгүн, аныктыгын, автордугун жана купуялуулугун юридикалык күчкө ээ болгон камсыздоо менен электрондук билдирүүлөрдү алуучуга жеткирүүнү камсыз кылуучу Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасын ишке ашыруу боюнча саясатты аныктайт;
в) электр жана почта байланыш чөйрөсүндөгү функциялар:
- мамлекеттик органдар менен биргеликте жарандык коргонуу боюнча иш-чараларга байланыш системаларын мобилизациялык даярдоо пландарын иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасында байланыш тармактарын улуттук номерлештирүү планын түзөт, номерлештирүү ресурсун бөлүштүрүү жана колдонуу тартибин аныктайт жана аткарылышын контролдойт;
- жыштыкты камсыздоо планын иштеп чыгат;
- жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн колдонуу шарттарына жана көлөмүнө байкоо жүргүзүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарына эл аралык трафикти өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн шарттарды түзөт;
- почта төлөмдөрүнүн белгилерин, почта конверттеринин жана ачык каттардын үлгүлөрүн, номиналын жана тиражын аныктайт, аларды басып чыгарууну, таркатууну, ошондой эле почта төлөмдөрүнүн белгилерин басып чыгаруунун тематикалык планын бекитүүнү уюштурат;
- почта байланыш бөлүмдөрүнө почта индекстерин жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы почта жөнөтмөлөрүнүн идентификациялык штрих-коддорунун диапазонун ыйгарат;
- операторлордун, электр байланыш кызматтарынын, почта байланыш ишканаларынын жана байланыш кызматын пайдалануучулардын ортосунда келип чыккан чыр-чатактарды жөнгө салуу, калыс териштирүү жана чечүү боюнча маселелерди жөнгө салуу тартибин аныктайт;
г) мамлекеттик каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү функциялар:
- Министрликтин компетенциясына кирген мамлекеттик маанидеги жекелештирилген документтерди, ошондой эле адамдын ким экендигин ырастоочу документтерди даярдоо, каттоо, эсепке алуу, берүү, коргоо, сактоо жана жок кылуу системасын уюштурууну камсыздайт;
- калкты жана жарандык абалдын актыларын, каттоо системасын уюштурууну камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын ар бир жаранына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга идентификациялык жеке номерди (ИЖН) ыйгарат;
- калктын бирдиктүү реестрин жүргүзүүнү жана актуалдаштырууну ишке ашырат;
- архивдик документтер чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын архив ишин башкарат;
д) маалыматтык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү функциялар:
- жиберилүүчү маалыматты санкцияланбаган пайдалануудан бурмалоодон же өзгөртүүдөн коргоону камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдардын кооптуу маалыматтык инфратүзүмүнүн маалыматтык коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүүгө катышат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларынын жана ресурстарынын киберкоопсуздугуна коркунучтарды аныктоо, баалоо, локалдаштыруу жана алдын алуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
е) жөнгө салуу функциялары:
- аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлорго карата башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын ишке ашырат;
- күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөөнү жүзөгө ашырат, анын ичинде аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлор тарабынан ушул күбөлөндүрүүчү борборлор аккредиттелген шайкештик талаптарынын сакталышын текшерет жана алардын сакталбагандыгы табылган учурларда бузууларды четтетүү боюнча көрсөтмөлөрдү берет;
- электрондук башкаруунун инфратүзүмүнүн реестрин жана базалык маалыматтык ресурстардын реестрин жүргүзүүнү камсыздайт;
- күбөлөндүрүүчү борборлордун кол тамгаларынын ачкыч сертификаттарынын реестрин жүргүзүүнү камсыздайт;
- аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлордун реестрин жүргүзөт;
- электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн сапаттуу берүүнүн жана билдирүүлөрдүн купуялуулугун сактоонун, ошондой эле колдонуучулар жөнүндө жеке маалыматты жашыруун сактоонун негизинде бардык колдонуучулардын жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарына жана жалпы пайдалануудагы электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондун түзүүнү уюштурат, анын ичинде аны Кыргыз Республикасынан тышкары жерлердеги тарыхый-маданий мурастардын документтери менен толуктоону уюштурат;
ж) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- кураторлук кылган тармакта мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткаруу боюнча ведомстволук бөлүмдөрдүн жана ишканалардын ишин контролдойт жана мониторинг, баалоо жүргүзөт;
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, ведомстволук түзүмдөрдүн, ишканалардын финансылык-чарбалык ишине талдоо жүргүзөт;
- ички контролдоо системасынын натыйжалуулугуна жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгына баа берет, баалоонун жыйынтыгы боюнча Министрликтин компетенциясынын чегинде сунуштарды иштеп чыгат;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт;
- мамлекеттик жана мамлекеттер аралык телекоммуникациялык, почта жана маалыматтык системаларды жана байланыш тармактарын, ошондой эле электрондук башкарууну координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын электрондук кол тамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык текшерүүлөрдү жүргүзөт;
- Министрликтин компетенциясынын чегинде илимий-изилдөө, методологиялык, методикалык иштерди координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санариптештирүү чөйрөсүндөгү калкка кызмат көрсөтүүчү субъекттердин ишин координациялоону жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик маалыматтык системалардын, ресурстардын өз ара аракеттенүүсү жана жалпы пайдалануудагы маалыматтык базаны түзүү, Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык инфратүзүмүнө интеграциялануучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү үчүн локалдык жана глобалдык маалымат сактагычты түзүү боюнча иштерди уюштурат;
- байланыш жана электрондук башкаруу объекттерин иштетүү, куруу, оңдоо, реконструкциялоо жана күтүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен оз ара аракеттенет;
- мамлекеттик маалыматтык системаларды иштеп чыгууга карата техникалык тапшырмалардын талаптарын бекитет жана техникалык-экономикалык негиздемелерди, техникалык өзгөчөлүктөрдү жана техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу, маалыматтык системаларга жана технологияларга, ошондой эле алардын программалык жана аппараттык каражаттарына изилдөөлөрдү, сыноолорду, экспертизаларды, талдоону жана баалоону уюштуруу жана аткаруу боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында маалыматтык ресурстар жана технологиялар жаатында илимий-изилдөө жана инновациялык ишти жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин ишине катышат;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен тышкары, программалык-аппараттык чечимдерди, жалпы мамлекеттик маалыматтык-коммуникациялык регистрлерди жана реестрлерди, ар кандай маалыматтык ресурстарды жана маалыматтык стандартташтыруу системаларын ишке киргизүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мониторинг жүргүзөт;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды колдонуу менен квалификацияланган сертификаттар жөнүндө, аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлор жөнүндө маалыматтарды сактоону жана сутка бою тоскоолдуксуз пайдаланууну камсыздайт;
- электрондук өз ара аракеттенүү субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө башка мамлекеттин аткаруу бийлигинин органына берүүгө арналган электрондук документтерди авторлоштурууну жана ырастоону камсыздайт;
- улуттук коопсуздук, коргоо, укук тартибин сактоо кызыкчылыгында жана өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал шарттарында электр байланыш операторлоруна жана жалпы пайдалануудагы электр байланыш кызматтарына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыздайт;
- калкты, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону, архив ишине координациялоону жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана башка кызыкдар органдар менен компьютердик инциденттер жана коркунучтар жөнүндө маалыматтарды топтоону, талдоону, сактоону жана алмашууну жүзөгө ашырат;
- ачык маалыматтар чөйрөсүндөгү иштерди координациялоону жүзөгө ашырат.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен аныкталган мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды, мекемелерди мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоонун жалпы процессин ишке ашыруу боюнча ишти координациялайт;
з) кызмат көрсөтүү функциялары:
- күбөлөндүрүүчү борборлорго электрондук санариптик кол тамганын ачык ачкычына сертификаттарды берет;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоону жана эсепке алууну жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздейт, жашап турууга уруксат алуу документтерин жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары убактылуу жана туруктуу жашоого чыгуу документтерин тариздейт;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору менен документтештирет;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке жана биометрикалык маалыматтарын чогултууну, иштеп чыгууну жана сактоону жүргүзөт;
- шайлоочуларды эсепке алуу системасын колдонуу менен шайлоочулардын маалыматтарынын, алардын биометрикалык жана жеке маалыматтарынын негизинде шайлоочулардын тизмесин түзөт, шайлоочулардын электрондук тизмесиндеги жарандарды идентификациялайт;
- биометрикалык маалыматтары менен бирге шайлоочулардын тизмесин жүктөп, шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын сервердик комплекттерин даярдоо боюнча ишти уюштурат, андан кийин жабдуулардын комплекттерин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өткөрүп берет;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Министрликтин компетенциясына кирген мамлекеттик маанидеги башка документтерди берет;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат;
и) колдоо функциялары:
- Министрликтин кызматкерлерин даярдоону жана кайра даярдоону, ошондой эле кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча финансылык болжолдоону жана пландоону жүзөгө ашырат;
- маалыматтык-коммуникациялык программалык каражаттарды интеграциялоонун ведомстволор аралык системасын ишке киргизет;
- санариптештирүү жана электрондук башкаруу объекттеринин иштөө маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;
- жеке жана юридикалык жактардын Министрликтин маалыматтык ресурстарын пайдалануу укуктарынын ишке ашуусун камсыздайт;
- аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлорду каттоо жана эсепке алуу боюнча ишти уюштурат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде ведомстволук байланышты жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык-коммуникациялык тармактарын уюштурат;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345, 2022-жылдын 31-майындагы № 293, 2023-жылдын 28-августундагы № 434, 2023-жылдын 31-октябрындагы № 583 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Министрлик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды ишке ашырат.
5. Министрликтин укуктары
12. Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жөнгө салынуучу чөйрөлөрдө жаңы технологияларды киргизүү боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке адамдардын суроо-талабы боюнча электрондук башкаруу жаатында эксперттик жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде окутууга;
2) санариптештирүү, электрондук башкаруу жана байланыш чөйрөсүндөгү субъекттер үчүн сунуштамаларды иштеп чыгууга;
2-1) мамлекеттин атынан акционер (катышуучу) катары чыккан чарбалык коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана/же жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
4) зарыл болгон адистерди жана эксперттерди, мамлекеттик органдардын кызматкерлерин тартуу менен Министрликтин компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте кеңештерди, комиссияларды, техникалык комитеттерди жана жумушчу топторду түзүүгө;
5) белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды, документтерди, маалыматтарды сурап алууга;
6) белгиленген тартипте кеңешмелерди, семинарларды, тренингдерди жана Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча окутуунун жана талкуулоонун башка түрлөрүн уюштурууга жана өткөрүүгө;
7) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик маалыматтык системалардын жана ресурстардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга;
8) электрондук башкаруу инфратүзүмүн куруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга жана киргизүүгө;
9) маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана ресурстар жаатында илимий-изилдөө жана инновациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды, нускамаларды, методикаларды жана колдонмолорду иштеп чыгууга жана чыгарууга;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген ыйгарым укуктардын чегинде протоколдорду түзүүгө жана бузуулар жөнүндө иштерди кароого;
12) башка мамлекеттик органдардын карамагында турган маалыматтык ресурстарга экспертиза жана техникалык жөнгө салуу жүргүзүүгө;
13) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча электр байланышы, калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүүгө;
14) ведомстволук уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн макулдашууга;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде байланыш, санариптештирүү, киберкоопсуздук жана киберинциденттерге чара көрүү, электрондук кол тамга, башка өлкөлөрдүн электрондук башкаруу жана каттоо системасы жаатында эл аралык уюмдар жана жөнгө салуучу органдар менен өз ара аракеттенүүгө. Компьютердик инциденттерге чара көрүү боюнча эл аралык өз ара аракеттенүүдө "cert.ict.kg" аббревиатурасын колдонууга;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзүүгө, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө же Министрликтин функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн илимий-изилдөө жана башка иштерге катышууга;
17) Министрликтин маалыматтык системаларын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле Министрликтин ишин автоматташтыруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн маалыматтык системаларды, техникалык чечимдерди киргизүүгө жана колдоого;
18) менчигинин түрүнө карабастан, байланыш тармагындагы уюмдардын документтерине өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жеткиликтүүлүктү камсыздоого;
19) Министрликтин иши, анын ичинде укуктук маселелер боюнча маалыматтарды чагылдырууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
20) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жеке маалыматтарды иштетүүгө жана аларды Кыргыз Республикасынын жеке маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык үчүнчү жактарга берүүгө;
21) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345, 2022-жылдын 10-майындагы № 250 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Министрликтин ишин уюштуруу
13. Министрликти Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри (мындан ары - министр) башкарат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
14. Министрликте министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, министрге түздөн-түз баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушусуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Министр:
1) Министрликтин ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт жана Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар менен болгон мамилелерде Министрликтин атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, белгиленген тартипте Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол коёт;
3) өзүнүн компетенциясынын же берилген ыйгарым укуктарынын чегинде чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрликтин атынан эл аралык келишимдерге кол коёт;
5) министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
6) борбордук аппараттын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет. Ошол эле учурда министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
7) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка тартип каралбаса, белгиленген ченемдердин алкагында Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашат;
8) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, ведомстволук бөлүмдөрдүн, ишканалардын киреше жана чыгаша сметаларын макулдашат;
9) киреше жана чыгаша сметаларын бекитет, Министрликти каржылоо бөлүгүндө республикалык бюджеттин аткарылышын уюштурат;
10) Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
11) Министрликтин коллегиясы жөнүндө жобону бекитет;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте борбордук аппараттын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына министрдин биринчи орун басарын, министрдин орун басарларын жана Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу үчүн сунуштарды киргизет;
14) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Министрликтин кызмат түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарларын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу боюнча сунуштарын киргизет;
15) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16) КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен Министрликтин ведомстволук ишканасынын жетекчиси кызмат ордуна дайындоо же Министрликтин ведомстволук ишканасынын жетекчиси кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет;
18) Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот, өз каалоосуна ылайык Министрликтин ведомстволук ишканаларынын кызматкерлерин сыйлоого укуктуу;
19) Министрликтин системасынын кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
20) Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө, тартиптик жазаларды колдонууга ыйгарым укуктар берилген кызмат адамдарынын тизмесин аныктайт;
21) Министрликтин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого, мамлекеттик сыйлыктарын тапшырууга жана ардактуу наамдарды ыйгарууга белгиленген тартипте көрсөтөт;
22) Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнө, ишканаларына тапшырмаларды берет, алардын аткарылышын контролдойт;
23) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби белгиленбесе, Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана ишканаларынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
24) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Министрликке караштуу мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу же жоюу тууралуу сунуш киргизет;
25) ведомстволук ишканалардын бюджетин жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде ведомстволук ишканалардын өткөн жылдагы бюджетин аткаруу тууралуу отчетторду макулдашат;
26) үч жылдык мезгилге иштелип чыгуучу ведомстволук ишканаларды өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарын бекитет;
27) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 376 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
28) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
29) Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн айырмалоочу белгилерин, башка расмий символдорун уюштуруу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет, ошондой эле ушул айырмалоочу белгилер жана башка расмий символдор жөнүндө жобону жана алардын сыпаттамасын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293, 2023-жылдын 31-июлундагы № 376, 2023-жылдын 31-июлундагы № 377, 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
17. Министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары министр тарабынан алардын карамагына киргизилген маселелер боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алышат, иштин тейлеген багыттары боюнча ишти уюштурушат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293, 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
18. Министрликте 11 адамдан турган курамда коллегия түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрү болуп кызмат орду боюнча министр, министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары, Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери саналат. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан бир өкүл кирет.
Министрликтин коллегиясынын мүчөлөрүнүн жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет.
Коллегиянын төрагасы болуп кызмат орду боюнча министр, өзгөчө учурларда министрдин биринчи орун басары же министрдин орун басарларынын бири саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293, 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
19. Министрликтин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында коомдук негизде иштеген, консультативдик-байкоочу орган болуп саналган Министрликтин Коомдук кеңеши белгиленген тартипте түзүлөт жана иштейт.
20. Ведомстволук уюмдар өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген жоболорго жана уставдарга ылайык өз алдынча жүргүзүшөт жана түздөн-түз Министрликке баш ийишет.
21. Министрликтин борбордук аппаратын, ведомстволук уюмдарын күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
7. Корутунду жоболор
22. Министрликтин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
23. Иши токтотулган учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.