Загрузка документа…
| 10-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Туулгандыгын каттоо»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, № 72
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмдөрү (мындан ары – ЖААККПК бөлүмдөрү) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү: кезек күтүүнү эске албаганда 10-20 мүнөт, туулгандыгын каттоо арыз берилген күнү жүргүзүлөт.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
Баланын туулгандыгын каттоо үчүн арыз ээлери (арыз ээси) ким экендигин ырастоочу төмөнкү документтердин бирин берүүлөрү зарыл:
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
- 2004 жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт (ID-карта);
- консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө белгиси менен жалпы жарандык паспорт.
Чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- чет өлкөлүк жарандын паспорту, мамлекеттик/расмий тилдеги котормосун нотариалдык күбөлөндүрүү менен;
- жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат;
- кайрылмандын күбөлүгү.
Баланын туулгандыгын каттоо үчүн төмөнкүлөр берилет:
- туулгандыкты каттоого ата-эненин (алардын биринин) арызы. Эгерде баланын ата-энесинин өздөрүнүн баланын туулгандыгы тууралуу билдирүүгө мүмкүнчүлүктөрү болбосо баланын туулгандыгы тууралу ата-энесинин биринин жакын туугандары же ата-энеси (ата-энесинин бири) ыйгарым укук берген адам, болбосо төрөт учурунда энеси төрөгөнү жаткан же бала төрөлгөн медициналык уюмдардын же башка уюмдардын кызмат адамы тарабынан берилет;
- табылган (ташталган) баланы каттоо учурунда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн туулгандыкты каттоо жөнүндө арызы;
- жашы жеткен баланын туулгандыгын каттоо учурунда, жашы жеткен баланын өзүнүн туулгандыгын каттоо жөнүндө арызы;
- өлүү туулган же жашоосунун алгачкы жумасында өлгөн баланын туулгандыгын каттоо учурунда, төрөттү кабыл алган же бала өлгөн же болбосо баланын өлүү туулгандыгынын фактысын же туулгандын алгачкы жумасында чарчап калган баланын өлүмү тууралу фактыны аныктаган медициналык уюмдун жетекчисинин же врачтын арызы;
- бланктык продукцияга акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
Жогоруда аталган документтерге кошумча катары жарандык абалдын актысын каттоо үчүн негиз болуп саналган төмөнкүдөй документтер берилет:
- төрөткөн медициналык мекеме тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкат, же болбосо медициналык мекемеден сырткары төрөгөн учурда тийиштүү саламаттык сактоо органы тарабынан ыйгарым укук берилген врач же башка медицина кызматкери тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкат;
- ата-энеси Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган, чет мамлекетте туулган балдардын туулгандыгынын фактысын ырастоочу, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер.
Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын документтери, эгер Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, легалдаштырылууга же апостилдештирилүүгө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерине которулууга тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерди которууну жүзөгө ашырган котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
- туулгандыгы тууралуу медициналык маалымкат жок болгон учурда, ошол аял баланы төрөгөн фактысын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
- бала табылган убактысы, орду жана жагдайы көрсөтүлүү менен ички иштер органы тарабынан берилген баланын табылгандыгы жөнүндө акт (эгерде табылган бала жөнүндө арыз ички иштер органына келип түшсө);
- табылган (ташталган) баланын жашын жана жынысын ырастаган медициналык уюм тарабынан берилген документ;
- баланын туулгандыгы тууралуу актылык жазууга ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн ата-эненин никелешүү/никени бузуу тууралуу күбөлүгү.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акысыз. Күбөлүктүн бланкы үчүн акы алынат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: туулгандыгы тууралуу күбөлүк.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- “Балдар жөнүндө” кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө” токтому.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | документтерди кабыл алуу жана текшерүү |
|
2 | арызды кабыл алуу, анын туура толтурулганын текшерүү | жарандардан жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдөн арыз түрдө кабыл алынат |
3 | туулгандыкты каттоо
| туулгандыгы тууралуу актыны жазуу жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – “ЖААК” АМС) аркылуу электрондук түрдө түзүлөт |
4 | туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берүү | туулгандыгы тууралуу күбөлүк электрондук түрдө толтурулат жана басып чыгарылат |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | ||||
1.1. Арыз ээлерин (арыз ээсин) кабыл алуу; 1.2. 3-п. 2-пунктчасында аталган ким экендигин ырастоочу документтер боюнча арыз ээлеринин (арыз ээсинин) ким экендигин аныктоо; 1.3. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээлеринин ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээлеринде (арыз ээсинде) ИЖН жок болсо, ИЖНди ыйгарууга арыз толтурууну сунуштайт, эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча МКК КЖААКДга суроо-талап жиберет; 1.4. Ата-энеси (ата-эненин бири же ата-эненин ыйгарым укуктуу адамы) кайрылган учурда, “Даректик-маалымдама бюросу” автоматташтырылган маалыматтык системасы (“ДМБ” АМС) боюнча ата-энесинин (ата-эненин биринин) жашаган жерин текшерүү жүргүзүлөт; Кыргыз Республикасынын аймагында каттоолук эсеби болбогондо, арыз ээлерин каттоолук эсепке туруу үчүн Департаменттин ыйгарым укуктуу бөлүмүнө жиберет; - арыз ээси баланын туулган жери боюнча кайрылган учурда, ата-эненин (ата-эненин биринин) каттоолук эсебин текшерүү жүргүзүлбөйт; - табылган (ташталган) баланы каттоодо туулгандыкты каттоо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү жайгашкан жер боюнча жүргүзүлөт, каттоолук эсебин текшерүү жүргүзүлбөйт;
1.5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык арыз ээлери тарабынан тийиштүү тариздөөгө берилген документтерди, алардын жарактуулук мөөнөтүн текшерүү, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерүү, ошондой эле ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке шайкештигине карата текшерүү жүргүзүлөт, - берилген документтерде оңдоолор жана/же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, кызматкер ЖААККПК бөлүмүнүн жетекчилигине тез арада билдирет, үч нускада акт түзүлөт, анын бир нускасы документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен ЖААККПК бөлүмү жайгашкан жер боюнча КР ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси - арыз ээсине берилет, үчүнчүсү - ЖААККПК бөлүмүндө калат. Ошону менен бирге эле ошол эле убакта КЖААКДга көрүлгөн чаралар жөнүндө кат жиберилет; - КР жаранынын паспортундагы фотосүрөттү арыз ээсинин кебетеси менен сыртынан карап салыштырып текшерет, фотосүрөттөгү адамдын окшоштугун, арыз ээсинин ким экендигин текшерет;
- талап кылынган документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө тийиш болгон документтер, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн арыз ээси эмне кылуу керектиги жөнүндө түшүндүрүлөт жана документтерди кабыл алуудан баш тартат;
- эгер жаран документтерди кабыл алуудан баш тартууну жазуу жүзүндө тариздөөнү суранса, берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө таризделген жарандын арызын кабыл алат, кириш кат-кабарлар журналына арызды каттайт жана аны жетекчиликтин кароосуна киргизет;
- жетекчиликтин резолюциясы алынгандан кийин мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө арызды карайт, тийиштүү кат жүзүндөгү жооптун долбоорун даярдайт жана аны жетекчиликтин кол коюусуна киргизет;
- жетекчи жоопко кол койгондон кийин аны чыгыш кат-кабарлар журналына каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почта дареги боюнча жиберет;
- берилген документтер ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн бардык талаптарга жооп берген учурда, кызматкер туулгандыкты каттоо үчүн арызды жана документтерди кабыл алат.
| ЖААККПК органынын кызматкери | - документтер талаптарга жооп бергенде 3-5 мүнөт;
-кат жүзүндө баш тартуу берилгенде 14 күн. | - документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим.
|
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” КР Мыйзамы; - КРӨнүн 2017-жылдын 17-майындагы № 294 токтому; - КРӨнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому.
|
1-жол-жобонун жыйынтыгы: актыны каттоого ылайык документтер | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
2-жол-жобо: Туулгандыкты каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||
2.1. Арыз ээлерине (арыз ээсине) арыздын бланкынын формасы берилет, аны толтуруу тартиби түшүндүрүлөт же болбосо кызматкердин өзү тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу электрондук түрдө толтурулат (электрондук түрдө гана толтурулат); 2.2. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээлери берген документтерге шайкештиги текшерилет.
| ЖААККПК органынын кызматкери | 2-5 мүнөт | Баланын туулгандыгы жөнүндө арыз |
|
2-жол-жобонун жыйынтыгы: туулгандыкты каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
3-жол-жобо: Туулгандыкты каттоо | ||||
3.1. Арыз кабыл алынгандан кийин электрондук түрдө баланын туулгандыгы тууралуу актыны жазуу түзүлөт жана “ЖААК” АМС аркылуу автоматтык түрдө балага ИЖН ыйгарылат; Ата-энеси Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлөрдүн жарандары же жарандыгы жок адамдар болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагында туулган баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ата-эненин Кыргыз Республикасында барган жери боюнча каттоосу же жашап турууга уруксаты болгондо, ата-энесине (ата-эненин бирине) жана балага идентификациялык жеке номер ыйгаруу менен жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
3.2. Туулгандыгы тууралуу актыны жазууга бири-бири менен никеде турган ата менен эне жөнүндө маалыматтар ата-эненин биринин арызы боюнча жазылат, баланын энеси жөнүндө маалыматтар баланын туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктүн негизинде киргизилет, атасы жөнүндө маалыматтар – никелешүү тууралуу күбөлүктүн негизинде. - эгерде баланын ата-энесинин ортосундагы нике бузулса, сот тарабынан жараксыз деп табылса же эгерде жубайлардын бири өлсө, бирок никесин бузган, аны жараксыз деп тааныган күндөн же жубайлардын биринин өлгөн күнүнөн баланын туулган күнүнө үч жүз күнгө чейин өтсө, баланын энеси жөнүндө маалымат баланын туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктүн негизинде киргизилет, баланын атасы тууралуу маалымат ата-энесинин никелешүү тууралуу күбөлүгүнүн же никени мамлекеттик каттоону тастыктаган башка документтин, ошондой эле никенин токтотулгандыгынын убактысын жана фактысын тастыктаган документтин негизинде киргизилет; - эгерде баланын ата-энеси өз ара никеде турбаса, баланын энеси жөнүндө маалымат баланын туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктүн негизинде киргизилет, баланын атасы тууралуу маалымат: баланын атасы менен энесинин биргелешкен арызы боюнча же баланын энесин ата-энелик укугунан ажыратууда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн макулдугу менен баланын атасынын арызы боюнча, ал эми мындай макулдашуу болбосо - соттун чечими боюнча; эгерде аталыгы баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо менен бир мезгилде аныкталса жана катталса аталыкты аныктоо тууралуу актылык жазуу негизинде; эгерде аталыгы аныкталбаса баланын энесинин арызы боюнча киргизилет. Баланын атасынын фамилиясы энесинин фамилиясы боюнча, баланын аты жана атасынын аты энесинин көрсөтүүсү боюнча жазылат. 3.3. Баланын фамилиясы, аты жана атасынын аты туулгандыгы тууралуу актылык жазууга анын ата-энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Ата-энесинин фамилиялары эки башка болсо, баланын фамилиясы ата-энесинин макулдашуусу боюнча жазылат, баланын аты дагы ата-энесинин макулдашуусу боюнча жазылат, пикир келишпестиктер пайда болгондо, маселе сот тартибинде чечилет. Баланын атасынын аты атасынын аты боюнча же улуттук каада-салт боюнча жазылат. - эгерде энеси баланын атасы менен никеде турбаса жана балага карата аталыгы аныкталбаса, баланын аты энесинин каалоосу боюнча, атасынын аты - туулгандыгы тууралуу актылык жазууда баланын атасы катары көрсөтүлгөн адамдын аты боюнча, баланын атасы жөнүндө маалыматтар болбосо, атасынын аты энесинин көрсөтмөсү боюнча, баланын фамилиясы - энесинин фамилиясы боюнча жазылат; - эгерде баланын ата-энесинин экөө тең белгисиз болсо, баланын фамилиясы, аты, атасынын аты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан ыйгарылат; 3.4. Туулгандыгы тууралуу актылык жазуу “ЖААК” АМС аркылуу эки нускада басып чыгарылат жана ЖААККПК бөлүмүнүн башчысынын (же аны алмаштырган адамдын) колу жана бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 3.4. Туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун биринчи нускасы жарандык абалдын актыларын жазуу китебине тиркелет, экинчи нускасы КР Улуттук статистикалык комитеттин райондук бөлүмүнө, андан ары экинчи нускасы сакталган жер боюнча Департаменттин тийиштүү бөлүмүнө жиберилет. | ЖААККПК органынын кызматкерлери | 3-5 мүнөт | туулгандыгы тууралуу актыны жазуу |
|
3-жол-жобонун жыйынтыгы: туулгандыгы тууралуу актылык жазууну каттоо; | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | ||||
3-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||
4-жол-жобо: Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берүү | ||||
4.1. Туулгандыгы тууралуу актылык жазууга ылайык туулгандыгы тууралуу күбөлүк басып чыгарылат; 4.2. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк ЖААККПК бөлүмүнүн башчысынын (же аны алмаштырган адамдын) колу жана бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 4.3. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк күбөлүктөрдүн бланктарын эсепке алуу боюнча кириштөө-чыгымдоо китебине катталат жана арыз ээсине берилет; 4.4. Арыз ээси туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алгандыгы жөнүндө кириштөө-чыгымдоо китебине кол коет. | ЖААККПК органынын кызматкери | 2-5 мүнөт | - туулгандыгын каттоо тууралуу күбөлүктү берүү
|
|
4-жол-жобонун жыйынтыгы: туулгандыгы тууралуу күбөлүк | ||||
4-жол-жобонун узактыгы: максимум 5 мүнөт | ||||
4-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№ 1 жол-жобо
№ 2 жол-жобо
№ 3 жол-жобо
№ 4 жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1.Атанаева Г.Е.- КЖААКД ЖААБдын башчысы
2. Абдраимова Н.Э. – КЖААКД ЖААБдын жетектөөчү адиси
3. Таманбаев Р.К.- КЖААКД ЧУКБнын башкы адисинин м.а.