Загрузка документа…
| 12-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Никеден ажырашууну каттоо»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, № 74
Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмдөрү (мындан ары – ЖААККПК бөлүмдөрү) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү:
- жубайлардын биргелешкен арызы боюнча жана жубайлардын биринин арызы боюнча нике бузууну каттоо арыз берилген күндөн тартып 1 ай (30 күн) өткөндөн кийин жүргүзүлөт;
- соттун никени бузуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде никени бузууда нике бузууну каттоо арыз берилген күнү жүргүзүлөт;
- нике бузууну каттоо жол-жобосу кезек күтүүнү эске албаганда 10-20 мүнөт.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- никени бузуп жаткан адамдардын белгиленген үлгүдөгү биргелешкен арызы, эгерде жубайлардын бири арызды берүү үчүн ЖААККПКБга келүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, нике бузууну каалаган жубайлардын биринин колун нотариалдык күбөлөндүрүү менен никени бузуу жөнүндө өзүнчө арыз берилет.
Нике бузууну каттоо үчүн арыз ээлери ким экендигин ырастоочу төмөнкү документтердин бирин берүүлөрү зарыл:
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
- 2004 жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт (ID-карта);
- консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө белгиси менен жалпы жарандык паспорт.
Чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- чет өлкөлүк жарандын паспорту, мамлекеттик/расмий тилдеги котормосун нотариалдык күбөлөндүрүү менен;
- жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат.
Нике бузууну каттоо үчүн ага негиз болуп саналган төмөнкүдөй документтер берилет:
- жашы жете элек жалпы балдары жана мүлктүк талаш-тартышы жок жубайлардын
никени бузуу жөнүндө биргелешкен арызы;
- жубайлардын бири тарабынан берилген никени бузуу жөнүндө арыз жана эгерде ал сот тарабынан дайынсыз жок деп табылса, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса же жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо, жубайдын бирине карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими (өкүмү);
- эгерде жашы жете элек жалпы балдары жана мүлктүк талаш-тартышы болсо, соттун никени бузуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
- жубайлар биргелешкен арыз бергенде, никелешүү тууралуу күбөлүк;
- бланктык продукцияга төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акысыз. Күбөлүктүн бланкы үчүн акы алынат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: никелешүү тууралуу күбөлүк.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө” токтому.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | документтерди кабыл алуу жана текшерүү |
|
2 | арызды кабыл алуу, анын туура толтурулганын текшерүү | жарандардан жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдөн арыз жазуу жүзүндө кабыл алынат |
3 | нике бузууну каттоо
| никени бузуу тууралуу актыны жазуу жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – “ЖААК” АМС) аркылуу электрондук түрдө түзүлөт |
4 | никени бузуу тууралуу күбөлүк | никени бузуу тууралуу күбөлүк электрондук түрдө толтурулат жана басып чыгарылат |
Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | ||||||||
1.1. Нике бузуп жаткан адамдарды (адамды) кабыл алуу; 1.2. Ушул Административдик регламенттин 3-п. 2-пунктчасында каралган документтер боюнча арыз ээсинин ким экендигин аныктоо; 1.3. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээлеринин (арыз ээсинин) ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээсинде ИЖН жок болсо, ИЖНди ыйгарууга арыз толтурууну сунуштайт, эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча МКК КДАИБге суроо-талап жиберет; 1.4. “Даректик-маалымдама бюросу” автоматташтырылган маалыматтык системасы (“ДМБ” АМС) боюнча арыз ээлеринин жашаган жерин текшерүү, нике бузууну каттоо жубайлардын (жубайлардын бининин) жашаган жери боюнча же никелешүү мамлекеттик катталган жер боюнча жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында каттоолук эсеби болбогондо, арыз ээлерин каттоолук эсепке туруу үчүн Департаменттин ведомстволук бөлүмүнө жиберет. 1.5. Арыз ээлери тарабынан берилген документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү таризделгенине карата, ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке ылайык алардын жарактуулук мөөнөтүнө, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерүү; - берилген документтерде оңдоолор жана/же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, кызматкер ЖААККПК бөлүмүнүн жетекчилигине тез арада билдирет, үч нускада акт түзүлөт, анын бир нускасы документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен ЖААККПК бөлүмү жайгашкан жер боюнча КР ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси - арыз ээсине берилет, үчүнчүсү - ЖААККПК бөлүмүндө калат. Ошону менен бирге эле ошол эле убакта КЖААКДга көрүлгөн чаралар жөнүндө кат жиберилет; - КР жаранынын паспортундагы фотосүрөттү арыз ээсинин кебетеси менен сыртынан карап салыштырып текшерет, фотосүрөттөгү адамдын окшоштугун, арыз ээсинин ким экендигин текшерет; - талап кылынган документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө тийиш болгон документтер, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн арыз ээси эмне кылуу керектиги жөнүндө түшүндүрүлөт жана документтерди кабыл алуудан баш тартат; - эгер жаран документтерди кабыл алуудан баш тартууну жазуу жүзүндө тариздөөнү суранса, берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө таризделген жарандын арызын кабыл алат, кириш кат-кабарлар журналына арызды каттайт жана аны жетекчиликтин кароосуна киргизет; - жетекчиликтин резолюциясы алынгандан кийин мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө арызды карайт, тийиштүү кат жүзүндөгү жооптун долбоорун даярдайт жана аны жетекчиликтин кол коюусуна киргизет; - жетекчи жоопко кол койгондон кийин аны чыгыш кат-кабарлар журналына каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почта дареги боюнча жиберет; - берилген документтер ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн бардык талаптарга жооп берген учурда, кызматкер нике бузууну каттоо үчүн арызды жана документтерди кабыл алат. | ЖААККПК органынын кызматкери | - документтер талаптарга жооп бергенде 3-5 мүнөт; -кат жүзүндө баш тартуу берилгенде 14 күн
| - документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| - КР Үй-бүлө кодекси; - “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” КР Мыйзамы; - КРӨнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 токтому; - КРӨнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому
| ||||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: никени бузуу жөнүндө актыны каттоо үчүн тийиштүү документтер | ||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес, жазуу жүзүндө баш тартуу берилгенде 14 иш күн | ||||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||||||
2-жол-жобо: Биргелешкен арыз боюнча нике бузууну каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2.1. Арыз ээлерине арыздын бланкынын формасы берилет, аны толтуруу тартиби түшүндүрүлөт же болбосо кызматкердин өзү тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу электрондук түрдө толтурулат; 2.2. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээлери берген документтерге шайкештиги текшерилет; 2.3. Жубайлардын өз ара макулдугу боюнча нике бузууну каттоодо кызматкер жубайлардын жашы жете элек жалпы балдарынын жана жубайлардын ортосунда мүлктүк талаш-тартыштын жоктугу жөнүндө күбөлөнүүгө тийиш. - никени бузууга тоскоол болгон кырдаалдар жок болгон учурда, арыз ээлерине никени бузуу тууралуу күбөлүктү алуу мөөнөтү, арыз ээлеринин ким экендигин ырастоочу документтердин болушу, белгиленген күнү нике бузууну каттоодо никени бузуп жаткан адамдардын экөөнүн тең же алардын биринин катышуу зарылдыгы түшүндүрүлөт; - биргелешкен арыздын негизинде никени бузууга тоскоол болгон кырдаалдар аныкталган учурда, арыз ээлерине нике бузууну каттоодон баш тартылат; 2.4. Никени бузуу жөнүндө биргелешкен арыз никени бузуу жөнүндө арыздарды эсепке алуу журналына катталат. | ЖААККПК органынын кызматкери | 2-5 мүнөт | Никени бузуу тууралуу биргелешкен жазуу жүзүндө арыз же ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу жүзүндө баш тартуу |
| ||||
2.1-жол-жобо. Жубайлардын биринин арызы боюнча нике бузууну каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2.1.1. Арыз ээсине арыздын бланкынын формасы берилет, аны толтуруу тартиби түшүндүрүлөт же болбосо кызматкердин өзү тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу электрондук түрдө толтурулат; 2.1.2. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээси берген документтерге шайкештиги текшерилет; 2.1.3. Эгер экинчи жубай дайынсыз же аракетке жөндөмсүз деп таанылса же үч жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими боюнча никени бузууда, үч күндүк мөөнөттө жаза өтөп жаткан жубайына же аракетке жөндөмсүз жубайынын камкорчусуна же дайынсыз жубайынын мүлкүн башкаруучуга, ал эми алар болбогон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө түшкөн арыз жөнүндө жана нике бузууну мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген дата жөнүндө билдирет. - эгер аракетке жөндөмсүз же үч жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон жубай тарабынан нике бузулуп жатса, кабарламада нике бузууну мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген датага чейин нике бузулганда ал тандаган фамилияны билдирүү зарылдыгы көрсөтүлөт; - мыйзамда белгиленген тартипте дайынсыз жоголду деп таануунун негизинде нике бузулган, дайынсыз жоголду деп таанылган жубайы келген учурда, соттун чечиминде (соттун дайынсыз жоголду деп таануу жөнүндө чечимин жокко чыгаруу тууралуу) никени кайра калыбына келтирүү жөнүндө же бузулган никени жараксыз деп таануу жөнүндө жазуу болсо, жубайлардын биргелешкен арызы боюнча ЖААККПК бөлүмү тарабынан нике калыбына келтирилиши мүмкүн. 2.1.4. Никени бузуу жөнүндө арыз жубайлардын биринин арызы боюнча никени бузуу жөнүндө арыздарды эсепке алуу журналына катталат. |
|
|
|
| ||||
2.2-жол-жобо. Соттун чечими боюнча нике бузууну каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2.2.1. Арыз ээсине арыздын бланкынын формасы берилет, аны толтуруу тартиби түшүндүрүлөт же болбосо кызматкердин өзү тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу электрондук түрдө толтурулат; 2.2.2. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээлери берген документтерге шайкештиги текшерилет; 2.2.3. Соттун никени бузуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде нике бузууну каттоо мурдагы жубайлардын (алардын биринин) жашаган жери боюнча же никелешүү катталган жер боюнча жүргүзүлөт; - эгер мурдагы жубайлардын бири ЖААККПК аймактык бөлүмдөрүнүн биринде нике бузууну каттаса, мурдагы экинчи жубай ошол эле аймактык бөлүмгө кайрылууга тийиш, ошол мурдагы жубай жөнүндө маалыматтар мурда жүргүзүлгөн никени бузуу жөнүндө актылык жазууга киргизилет; 2.2.4. Соттун чечими боюнча никени бузуу жөнүндө арыз никени бузуу жөнүндө арыздарды эсепке алуу журналына катталат. |
|
|
|
| ||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: нике бузууну каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | ||||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||||||
3-жол-жобо: Нике бузууну каттоо | ||||||||
3.1. Ушул Регламенттин 3-п. 1-пунктчасында каралган мөөнөткө белгиленген учурда, нике бузуп жаткан адамдарды (адамды) кабыл алуу; 3.2. Нике бузуп жаткан адамдардын ким экендигин ырастоочу документтерди текшерүү жүргүзүлөт; 3.3 “ЖААК” АМС аркылуу никени бузуу жөнүндө актылык жазуу түзүлөт жана эки нускада басып чыгарылат; 3.4. Никени бузуу жөнүндө актылык жазуу бөлүмдүн башчысынын (же аны алмаштырган адамдын) колу жана ЖААККПК бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 3.3 Никени бузуу жөнүндө актылык жазуунун биринчи нускасы никени бузуу жөнүндө актылык жазуулар китебине тиркелет, экинчи нускасы КР Улуттук статистикалык комитетинин райондук бөлүмүнө жиберилет, андан кийин экинчи нускасы сакталган жер боюнча Департаменттин бөлүмүнө жиберилет. | ЖААККПК органынын кызматкери | 3-5 мүнөт | - нике бузуу жөнүндөгү актылык жазуу же ушул кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу түрүндө баш тартуу
|
| ||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: никени бузуу жөнүндө актылык жазууну каттоо | ||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | ||||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||||||
4-жол-жобо: Никени бузуу тууралуу күбөлүктү берүү | ||||||||
4.1. Никени бузуу жөнүндө актылык жазууга ылайык никени бузуу тууралуу күбөлүк басып чыгарылат; 4.2. Никени бузуу тууралуу күбөлүк бөлүмдүн башчысынын (же аны алмаштырган адамдын) колу жана ЖААККПК бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 4.3. Никени бузуу тууралуу күбөлүк күбөлүктөрдүн бланктарын эсепке алуу боюнча кириштөө-чыгымдоо китебине катталат; 4.4. Никени бузуу тууралуу күбөлүк нике бузуп жаткан адамдардын ар бирине берилет; 4.5. Жубайлар (ар бири өзүнчө) никени бузуу тууралуу күбөлүктү алгандыгы жөнүндө журналга кол коюшат. | ЖААККПК органынын кызматкери | 2-5 мүнөт | - нике бузууну каттоо тууралуу күбөлүк берүү |
| ||||
4-жол-жобонун жыйынтыгы: никени бузуу тууралуу күбөлүк | ||||||||
4-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | ||||||||
4-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№ 1 жол-жобо
№ 2 жол-жобо
№ 3 жол-жобо
№ 4 жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1.Атанаева Г.Е.- КЖААКД ЖААБдын башчысы
2. Абдраимова Н.Э. – КЖААКД ЖААБдын жетектөөчү адиси
3. Таманбаев Р.К.- КЖААКД ЧУКБнын башкы адисинин м.а.