Загрузка документа…
| 13-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
“Өлүмдү каттоо»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, № 75
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмдөрү (мындан ары – ЖААККПК бөлүмдөрү) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү: 10 мүнөт.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) өлгөндүктү каттоо жөнүндө белгиленген формадагы арыз;
б) саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын медициналык мекемеси тарабынан берилген өлгөндүк тууралуу белгиленген формадагы документ, же болбосо;
в) өлгөндүк фактысын аныктоо жөнүндө же адамды өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими, же болбосо;
г) негизсиз репрессияланган жана социалдык, улуттук жана башка белгилер боюнча саясий, диний ынанымдары үчүн репрессиялардын натыйжасында жабыр тарткан, кийин реабилитацияланган жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамдын негизинде реаблитацияланган адамдын өлгөндүк фактысы тууралу компетенттүү орган тарабынан берилген документ;
д) арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документ;
е) өлгөн адамдын ким экендигин ырастоочу документ. Өлгөн адамдын ким экендигин ырастоочу документ болбогон учурда, өлгөндүк жөнүндө актылык жазууга документтин жоктугу жөнүндө белги коюлат.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акысыз. Күбөлүктүн бланкы үчүн акы алынат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: өлгөндүгү тууралуу күбөлүк.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
|
1 |
арызды кабыл алуу жана ага тиркелген документтерди текшерүү | - документтер мыйзамдарга ылайык толук болушуна карата, алардын жарактуулук мөөнөтү, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерилет. Берилген документтерде жогоруда аталган негиздер аныкталган учурда, КЖААКДнын жетекчилигине тез арада билдирилет, эки нускада акт түзүлөт, анын бири ЖААККПК бөлүмү жайгашкан жер боюнча КР ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси - ЖААККПК бөлүмүндө калат; - фотосүрөт арыз ээсинин кебетеси менен сыртынан карап салыштырып текшерилет, фотосүрөттөгү адамдын окшоштугу, арыз ээсинин ким экендиги текшерилет, фотосүрөттүн сапаты бааланат
| |
2 | арызды жана өлгөндүк жөнүндө актылык жазууну түзүү, өлгөндүк жөнүндө актыны каттоо
| Арыз жана өлгөндүк тууралуу актыны жазуу жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – “ЖААК” АМС) аркылуу электрондук түрдө түзүлөт | |
3 | өлгөндүгү тууралуу күбөлүк | Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк электрондук түрдө толтурулат жана басып чыгарылат | |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
2-таблица
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо: Арызды кабыл алуу жана өлгөндүк жөнүндө арызга тиркелген документтерди текшерүү | ||||
1.1.Арыз ээсинин ким экендигин аныктайт; 1.2. Документтердин ушул Административдик регламентте белгиленген тизмекке шайкештигине карата жана оңдоолордун жана жасалмалоонун болушуна карата текшерет; - берилген документтер бардык талаптарга жооп берген учурда, берилген документтерди сканерлөө жүргүзүлөт; - эгер арыз ээси тарабынан берилген документтер тизмекке шайкеш келбесе, тизмекке ылайык документтерди берүү сунушталат; - берилген документтерде оңдоолор жана/же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, документтерди кабыл алып жаткан кызматкер бардык иш-аракеттерди токтотот жана арыз ээсине билдирет; - зарыл документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген аныкталган фактылар берилген мөөнөттө жоюлбаган учурда, себебин негиздөө менен өлгөндүктү каттоодон баш тартат. - эгер жаран документтерди кабыл алуудан баш тартууну жазуу жүзүндө тариздөөнү суранса, берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө таризделген жарандын арызын кабыл алат, кириш кат-кабарлар журналына арызды каттайт жана аны жетекчиликтин кароосуна киргизет; - жетекчиликтин резолюциясы алынгандан кийин жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө суроо-талапты (арызды) карайт; - тийиштүү кат жүзүндөгү жооптун долбоорун даярдайт жана аны жетекчиликтин кол коюусуна киргизет; - жетекчи жоопко кол койгондон кийин аны чыгыш кат-кабарлар журналына каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почта дареги боюнча жиберет. | ЖААК бөлүмүнүн кызматкери | 3 мүнөт | - документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине өлгөндүктү каттоодон баш тартуу жөнүндө оозеки/жазуу жүзүндөгү чечим | Ушул Административдик регламенттин 4-п. каралган ченемдик укуктук актылар |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: арызды кабыл алуу | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: максимум 3 мүнөт | ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
2-жол-жобо: Өлгөндүк тууралуу арызды жана актылык жазууну түзүү жана каттоо | ||||
2.1. “ЖААК” АМСте өлгөндүк тууралуу арызды жана актылык жазууну электрондук вариантта түзөт; 2.2. Арыз басып чыгарылат жана арыз ээси кол коет; 2.3. Өлгөндүк жөнүндө актылык жазууга бөлүмдүн башчысы кол коет жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 2.4. Өлгөндүк жөнүндө актылык жазуунун биринчи нускасы жарандык абалдын актыларын жазуу китебине тиркелет, экинчи нускасы КР Улуттук статситикалык комитеттин райондук бөлүмүнө жиберилет, андан кийин экинчи нускаларын сактоо боюнча Департаменттин бөлүмүнө жиберилет. | ЖААК бөлүмүнүн кызматкери | 3 мүнөт | - өлгөндүк жөнүндө актыны жазуу | Ушул Административдик регламенттин 4-п. каралган ченемдик укуктук актылар |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: өлгөндүк жөнүндө актыны жазуу | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 3 мүнөт | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
3-жол-жобо: Өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү берүү | ||||
3.1. Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк өлгөндүк жөнүндө актылык жазуунун негизинде басып чыгарылат; 3.2. Өлгөндүгү тууралуу күбөлүккө бөлүмдүн башчысы кол коет жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 3.3. Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк күбөлүктөрдүн бланктарын эсепке алуу журналына катталат; 3.4. Өлгөн адамдын паспорту Департаменттин калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмдөрүнө жок кылууга өткөрүп берүү үчүн алып коюлат; 3.5. Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк арыз ээсине кол койдуруу менен берилет. | ЖААК бөлүмүнүн кызматкери | 4 мүнөт | - өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү берүү
| Ушул Административдик регламенттин 4-п. каралган ченемдик укуктук актылар |
3-жол-жобонун жыйынтыгы: өлгөндүгү тууралуу күбөлүк | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 4 мүнөт | ||||
3-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№ 1 жол-жобо
№ 2 жол-жобо
№ 3 жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Атанаева Г.Е.- КРӨ МКК КЖААКД ЖААБдын башчысы
2.Таманбаев Р. – КЖААКД ЧУКБнын башкы адисинин м.а.
3. Абдраимова Н.Э. – КЖААКД ЖААБдын жетектөөчү адиси