Загрузка документа…
| 15-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Фамилиясынын, атынын, атасынын атынын өзгөртүлүшүнун тезинен каттоо»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, № 76-1
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин (мындан ары – Департамент) жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмдөрү (мындан ары – ЖААККПК бөлүмдөрү) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү:
- документтерди кабыл алууга убакыт – кезек күтүүнү кошпогондо10 мүнөттөн ашык эмес;
- кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгына кеткен убакыт - 25 мүнөттөн ашык эмес;
- кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 1 күн (ФААны өзгөртүүгө байланыштуу өзгөртүү киргизүү зарыл болгон жарандык абалдын актыларын жазуу арыз ээси кайрылган жер боюнча жайгашкан учурда). 4 күн (жарандык абалдын актыларын жазуу башка аймактык ЖААККПК бөлүмдөрүндө жайгашкан учурда).
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
ФААны өзгөртүүнү каттоо үчүн арыз ээлери (арыз ээси) ким экендигин ырастоочу төмөнкү документтердин бирин берүүлөрү зарыл:
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
- консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө белгиси менен жалпы жарандык паспорт (туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болсо);
- офицердин өздүк күбөлүгү.
Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн:
- чет өлкөлүк жарандын паспорту, мамлекеттик/расмий тилдеги котормосун нотариалдык күбөлөндүрүү менен;
- жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат;
ФААны өзгөртүүнү каттоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- атын (ФААны) өзгөртүүнү каалаган адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- эгер арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк;
- эгер арыз ээси никенин бузулгандыгына байланыштуу ага никеге чейинки фамилиясын ыйгаруу жөнүндө өтүнсө, никени бузуу тууралуу күбөлүк;
- арыз ээсинин жашы жете элек ар бир баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акы төлөнөт.
ФААны өзгөртүүнү шашылыш каттоодо кошумча төмөнкүлөр берилет:
- ФААны өзгөртүүнү шашылыш каттоого акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанция;
- бланктык продукцияга акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2017-жылдын 30-декабрындагы № 264 “Убакытты чыгымдоо ченемин бекитүү жөнүндө” буйругу.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | арыз ээси тарабынан берилген документтерди кабыл алуу жана текшерүү
|
|
2 | арызды кабыл алуу, анын туура толтурулганын текшерүү | жарандардан арыз жазуу формасында кабыл алынат
|
3 | ФААны өзгөртүүнү каттоо | ФААны өзгөртүү тууралуу актыны жазуу жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – “ЖААК” АМС) аркылуу электрондук түрдө түзүлөт |
4 | ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүктү берүү | ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк электрондук түрдө толтурулат жана басып чыгарылат |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | ||||
1.1. ФААны өзгөртүүнү каалаган адамды кабыл алуу; 1.2. Ушул Административдик регламенттин 3-п. 2-пунктчасында каралган документтер боюнча арыз ээсинин ким экендигин аныктоо; 1.3. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээсинин ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээлеринде (арыз ээсинде) ИЖН жок болсо, ИЖНди ыйгарууга арыз толтурууну сунуштайт, эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча МКК КДАИБге суроо-талап жиберет; 1.4. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээсинин жашаган жерин текшерүү. - ФААны өзгөртүү арыз ээсинин жашаган жери боюнча же ЖАА мамлекеттик катталган жер боюнча жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында каттоолук эсеби болбогондо, арыз ээсин каттоолук эсепке туруу үчүн Департаменттин ведомстволук бөлүмүнө жиберет. 1.5. Арыз ээси тарабынан берилген документтерди ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке шайкештигине карата, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерүү; - берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык талаптарына жооп берген учурда, ФААны өзгөртүү үчүн арызды жана документтерди кабыл алат; - зарыл документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө тийиш болгон документтер, аларды берүү мөөнөттөрү, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн арыз ээси эмне кылуу керектиги жөнүндө түшүндүрүлөт. Арыз ээсине документтерди туура эмес тариздөөнүн аныкталган фактыларын жоюу мүмкүнчүлүгүн берет. - зарыл документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген аныкталган фактылар берилген мөөнөттө жоюлбаган учурда, себебин негиздөө менен документтерди кабыл алуудан баш тартат. - эгер жаран документтерди кабыл алуудан баш тартууну жазуу жүзүндө тариздөөнү суранса, берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө таризделген жарандын арызын кабыл алат, кириш кат-кабарлар журналына арызды каттайт жана аны жетекчиликтин кароосуна киргизет; - жетекчиликтин резолюциясы алынгандан кийин жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө суроо-талапты (арызды) карайт; - тийиштүү кат жүзүндөгү жооптун долбоорун даярдайт жана аны жетекчиликтин кол коюусуна киргизет; - жетекчи жоопко кол койгондон кийин аны чыгыш кат-кабарлар журналына каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почта дареги боюнча жиберет. | ЖААККПК органынын кызматкери | - документтер талаптарга жооп бергенде 5-10 мүнөт
| - документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| Ушул Административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: ФААны өзгөртүүнү каттоо үчүн шайкеш документтер | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөттөн ашык эмес | ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
2-жол-жобо: ФААны өзгөртүүнү каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||
2.1. Документтер ушул Административдик регламентте каралган талаптарга жооп берген учурда арыз ээсине ФААны өзгөртүүгө арыздын бланкы берилет. Аны толтуруу тартиби түшүндүрүлөт; 2.2. Кызматкер ФААны өзгөртүүгө негиз болгон, берилген бардык документтерди сканерлейт; 2.3 Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээси берген документтерге шайкештиги жана анын колунун болушу текшерилет. ФААны өзгөртүү жөнүндө кол коюлган арыз арыздарды эсепке алуу журналына катталат; 2.4. ФААны өзгөртүүгө байланыштуу өзгөртүү киргизүү зарыл болгон актылык жазуу кайрылган жер боюнча жайгашпаса, корпоративдик почта боюнча жарандык абалдын актыларын жазуунун биринчи нускасы жайгашкан жер боюнча санариптелген жарандык абалдын актыларын жазуулар суралат. 2.5. Ушул Административдик регламенттин 3-п. 1-пунктчасында аталган өзгөчө кырдаалдар болбогондо, ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүктү алуу мөөнөтү, арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтин болушу жана белгиленген күнү ФААны өзгөртүүнү каттоодо арыз ээсинин катышуу зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине түшүндүрүлөт. | ЖААККПК органынын кызматкери | 5-10 мүнөт
| ФААны өзгөртүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз же ушул кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу түрүндө баш тартуу
| Ушул Административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар |
2.1-жол-жобо: Жашы жете элек адамдардын ФААсын өзгөртүүнү каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||
2.1.1. Документтер ушул Административдик регламенттин талаптарына жооп берген учурда, ата-энеге (анын бирине) ФААны өзгөртүүгө арыздын бланкы берилет. Аны толтуруу тартиби түшүндүрүлөт; - экинчи ата-энени дайынсыз жоголду деп таануу, аны ата-энелик укуктардан ажыратуу, ишке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими берилгенде, анын ой-пикири эске алынбайт; - 10 (он) жашка чыккан баланын макулдугу зарыл. 2.1.2. Кызматкер жашы жете элек баланын ФААсын өзгөртүүгө негиз болгон, берилген бардык документтерди сканерлейт; 2.1.3 Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын ата-эне (алардын бири) берген документтерге шайкештиги жана анын колунун болушу текшерилет. ФААны өзгөртүү жөнүндө кол коюлган арыз арыздарды эсепке алуу журналына катталат; 2.1.4. ФААны өзгөртүүгө байланыштуу өзгөртүү киргизүү зарыл болгон актылык жазуу кайрылган жер боюнча жайгашпаса, кызматкер тарабынан жарандык абалдын актыларын жазуунун биринчи нускасы жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазууну санариптөө жөнүндө корпоративдик почта боюнча суроо-талап жиберилет. 2.1.5. Ушул Административдик регламенттин 3-п. 1-пунктчасында аталган өзгөчө кырдаалдар болбогондо, ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүктү алуу мөөнөтү, арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтин болушу жана белгиленген күнү ФААны өзгөртүүнү каттоодо арыз ээсинин катышуу зарылдыгы жөнүндө ата-энеге (алардын бирине) түшүндүрүлөт. | ЖААККПК органынын кызматкери | 5-10 мүнөт
| ФААны өзгөртүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз же ушул кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу түрүндө баш тартуу
| Ушул Административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: ФААны шашылыш өзгөртүү үчүн арызды кабыл алуу | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөттөн ашык эмес | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
3-жол-жобо: ФААны шашылыш өзгөртүүнү каттоо | ||||
3.1. Белгиленген күнү ФААны өзгөртүүнү каалаган адамды кабыл алуу; 3.2. Арыздын жана санариптелген жарандык абалдын актыларын жазуунун негизинде кызматкер тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу ФААны өзгөртүү жөнүндө актылык жазуу түзүлөт, эки нускада басып чыгарылат, арыз ээси ФААны өзгөртүү жөнүндө актылык жазууга кол коет; 3.3. ФААны өзгөртүү жөнүндө актылык жазуу башчынын же аны алмаштырган адамдын колу жана ЖААККПК бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. 3.4. ФААны өзгөртүү жөнүндө актылык жазуунун биринчи нускасы жарандык абалдын актыларын жазуулар китебине тиркелет жана экинчи нускасы сакталган жер боюнча Департаменттин архив менен иштөө боюнча бөлүмүнө экинчи нускасы жиберилет. 3.5 ФААны өзгөртүү катталгандан кийин кызматкер тарабынан жарандык абалдын актыларын жазуунун биринчи нускасы жайгашкан жер боюнча ЖААККПК бөлүмүнө ФААны өзгөртүүгө байланыштуу тийиштүү жарандык абалдын актыларын жазууга өзгөртүү киргизүү жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктү берүү (жиберүү) жөнүндө корпоративдик почта боюнча билдирүү жиберилет; 3.6 ФААны өзгөртүү жөнүндө жарандык абалдын актыларын жазуу түзүлгөндөн кийин кызматкер тарабынан арыз ээсинин жашаган жери боюнча ички иштер органына жана аскер комиссариатына ФААны өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо жөнүндө билдирүү жиберилет. | ЖААККПК органынын кызматкери | 1 күн (ФААны өзгөртүүгө байланыштуу өзгөртүү киргизүү зарыл болгон жарандык абалдын актыларын жазуу арыз ээси кайрылган жер боюнча жайгашкан учурда). 4 күн (жарандык абалдын актыларын жазуу башка аймактык ЖААККПК бөлүмдөрүндө жайгашкан учурда). | ФААны өзгөртүү жөнүндө актылык жазуу
| Ушул Административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар |
3-жол-жобонун жыйынтыгы: ФААны өзгөртүү жөнүндө актылык жазууну каттоо; | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | ||||
3-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||
4-жол-жобо: ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүктү берүү | ||||
4.1. ФААны өзгөртүү тууралуу актылык жазууга ылайык ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк түзүлөт жана басып чыгарылат; 4.2. ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк бөлүмдүн башчысынын же аны алмаштырган адамдын колу жана бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 4.3. ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк күбөлүктөрдүн бланктарын эсепке алуу боюнча журналына катталат. 4.4 ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк ФААны өзгөрткөн адамга берилет; 4.5 ФААны өзгөрткөн адам ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүктү алгандыгы жөнүндө журналга кол коет. | ЖААККПК органынын кызматкери | 5-10 мүнөт
| ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк
| Ушул Административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар |
4-жол-жобонун жыйынтыгы: ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк | ||||
4-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөттөн ашык эмес | ||||
4-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№ 1 жол-жобо
2 жол-жобо
№ 3 жол-жобо
№ 4 жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Атанаева Г.Е.- КРӨ МКК КЖААКД ЖААБдын башчысы
2. Жакеев Т.- КЖААКД ЧУКБнын башкы адиси
3. Таманбаев Р.К.- КЖААКД ЧУКБнын башкы адисинин м.а.
4. Абдраимова Н.Э. – КЖААКД ЖААБдын жетектөөчү адиси