Загрузка документа…
| 16-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Атасы экендигин аныктоону каттоо»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, № 77
Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин (мындан ары – Департамент) жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмдөрү (мындан ары – ЖААККПК бөлүмдөрү) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү: кезек күтүүнү эске албаганда 15-30 мүнөт;
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
Аталыкты аныктоону каттоо үчүн арыз ээлери (арыз ээси) ким экендигин ырастоочу төмөнкү документтердин бирин берүүлөрү зарыл:
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жарынын паспорту (ID-карта);
- консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө белгиси менен жалпы жарандык паспорт (туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болсо);
- офицердин өздүк күбөлүгү.
Чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- чет өлкөлүк жарандын паспорту, мамлекеттик/расмий тилдеги котормосун нотариалдык күбөлөндүрүү менен;
- жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат;
- кайрылмандын күбөлүгү.
Аталыкты аныктоону каттоо үчүн төмөнкүдөй арыздар берилет:
- бала төрөлгөн учурда баланын өз ара никеде турбаган атасы менен энесинин атасы ким экендигин аныктоо жөнүндөгү биргелешкен арызы;
- бала төрөлгөн учурда баланын энеси менен никеге турбаган атасынын арызы, эгерде энеси өлгөн болсо, ал аракетке жөндөмсүз деп табылса, энесинин жашап турган жери жөнүндө маалымат жок болсо же ал ата-энелик укуктан ажыратылса;
- аталыкты аныктоо же аталыкты таануу фактысын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде баланын энесинин же атасынын, баланын камкорчусунун (көзөмөлчүсүнүн), бала камкордугунда турган адамдын же болбосо жашы жеткен баланын өзүнүн арызы.
Жогоруда аталган документтерге кошумча катары жарандык абалдын актысын каттоо үчүн негиз болуп саналган төмөнкүдөй документтер берилет:
Баланын атасы менен энесинин биргелешкен арызы боюнча аталыкты аныктоону каттоо учурунда:
- эгер ата-эне никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк (бала төрөлгөндөн кийин);
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (жалгыз бой энеде);
- эне кош бойлуу убакта арыз берилген учурда, медициналык уюм же жекече иштеген врач тарабынан берилген эненин кош бойлуулугун тастыктоочу документ.
Баланын атасынын арызы боюнча аталыкты аныктоону каттоо учурунда:
- энесинин өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү;
- энесин аракетке жөндөмсүз деп таануу же аны ата-энелик укуктан ажыратуу же болбосо энесин дайынсыз жоголду деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
- балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталыкты аныктоого макулдугун тастыктаган өтүнүчү.
Соттун чечими боюнча аталыкты аныктоону каттоо учурунда:
- аталыкты аныктоо же аталыкты таануу фактысын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- камкорчу (көзөмөлчү) тарабынан арыз берилген учурда, камкорчулук (көзөмөлчүлүк) жөнүндө чечим жана алардын ким экендигин ырастоочу документтер.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акысыз. Күбөлүктүн бланкы үчүн акы алынат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүк.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Аталыкты аныктоого документтерди кабыл алуу жана аларды текшерүү |
|
2 | Арызды кабыл алуу | жарандардан жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдөн жазуу жүзүндө арыздар кабыл алынат |
3 | Аталыкты аныктоону каттоо | аталыкты аныктоо тууралуу актыны жазуу жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – “ЖААК” АМС) аркылуу электрондук түрдө түзүлөт |
4 | Аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүктү берүү | Аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүк электрондук түрдө толтурулат жана белгиленген үлгүдөгү бланкка басып чыгарылат, ЖААККПК бөлүмүнүн башчысы же аны алмаштырган кызматкер кол коет жана ЖААККПК бөлүмүнүн мөөрү менен бекитилет. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | ||||
1.1. Арыз ээлерин (арыз ээсин) кабыл алуу; 1.2. Ушул Административдик регламенттин 3-п. 2-пунктчасында аталган ким экендигин ырастоочу документтер боюнча арыз ээлеринин (арыз ээсинин) ким экендигин аныктоо; 1.3. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээлеринин (арыз ээсинин) ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээлеринде (арыз ээсинде) ИЖН жок болсо, ИЖНди ыйгарууга арыз толтурууну сунуштайт, эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча МКК КДАИБге суроо-талап жиберет; 1.4. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээлеринин (арыз ээсинин биринин) каттоолук эсебин текшерүү жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча каттоолук эсеби болбогондо, арыз ээлерин жашаган жери боюнча каттоо үчүн Департаменттин тийиштүү аймактык бөлүмүнө жиберет. - аталыкты аныктоону каттоо баланын өз ара никеде турбаган атасы менен энесинин жашаган жери боюнча же болбосо баланын туулгандыгы катталган жер боюнча жүргүзүлөт; - соттун чечими боюнча аталыкты аныктоону каттоо соттун чечими чыккан жер боюнча жүргүзүлөт. 1.5. Арыз ээлери тарабынан берилген документтерди ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке шайкештигине карата, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерүү. - берилген документтер ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн бардык талаптарга жооп берген учурда, кызматкер аталыкты аныктоону каттоо үчүн арызды жана документтерди кабыл алат; - зарыл документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө тийиш болгон документтер, аларды берүү мөөнөттөрү, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн арыз ээси эмне кылуу керектиги жөнүндө түшүндүрүлөт. Арыз ээсине документтерди туура эмес тариздөөнүн аныкталган фактыларын жоюу мүмкүнчүлүгүн берет жана документтерди кабыл алуудан баш тартат; - зарыл документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген аныкталган фактылар берилген мөөнөттө жоюлбаган учурда, себебин негиздөө менен документтерди кабыл алуудан баш тартат; - эгер жаран документтерди кабыл алуудан баш тартууну жазуу жүзүндө тариздөөнү суранса, берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө таризделген жарандын арызын кабыл алат, кириш кат-кабарлар журналына арызды каттайт жана аны жетекчиликтин кароосуна киргизет; - жетекчиликтин резолюциясы алынгандан кийин жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө арызды карайт; - тийиштүү кат жүзүндөгү жооптун долбоорун даярдайт жана аны жетекчиликтин кол коюусуна киргизет; - башчы же аны алмаштырган адам жоопко кол койгондон кийин аны чыгыш кат-кабарлар журналына каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почта дареги боюнча жиберет. | ЖААККПК бөлүмүнүн кызматкери | Документтер талаптарга жооп бергенде 3-5 мүнөт
- жазуу жүзүндө баш тартуу берилгенде 14 күн | -документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| Ушул Административдик регламенттин 4-п. каралган ченемдик укуктук актылар
|
1-жол-жобонун жыйынтыгы: актыны каттоого ылайык документтер. | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес. | ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо. | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
2-жол-жобо: Аталыкты аныктоо үчүн баланын атасы менен энесинин биргелешкен арызын кабыл алуу | ||||
2.1. Документтер ушул Административдик регламентте каралган талаптарга жооп берген учурда, арыз ээлерине (арыз ээсине) аталыкты аныктоого арыздын бекитилген бланкынын формасы берилет. 2.2. Аталыкты аныктоого негиз болуп кызмат кылган, берилген бардык документтер кызматкер тарабынан сканерленет. 2.3. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээси берген документтердеги маалыматтарга шайкештиги, арыз ээлеринин (арыз ээсинин) колунун болушу текшерилет. 2.4. Аталыкты аныктоо жөнүндө биргелешкен арыз баланын туулгандыгын каттоодо, ошондой эле баланын туулгандыгы катталгандан кийин берилиши мүмкүн; - эгер аталыкты аныктоо жөнүндөгү арызды бала төрөлгөндөн кийин берүү мүмкүн эмес же кыйынчылык туудурат деп ойлоого негиздер болсо, анда аталыкты аныктоо жөнүндө биргелешкен арыз баланын энесинин кош бойлуу убагында баланын келечектеги атасы жана энеси тарабынан берилиши мүмкүн. Мындай арыз болгондо аталыкты аныктоону каттоо баланын туулгандыгын каттоо менен бир эле убакта жүргүзүлөт жана эгер баланын туулгандыгы катталганга чейин баланын энеси же атасы тарабынан мурда берилген арыз чакырып алынбаса, жаңы арыз талап кылынбайт. 2.5. Аталыкты аныктоо жөнүндө биргелешкен арызда баланын энеси менен никеде турбаган адамдын аталыкты таануусу тастыкталууга тийиш жана аталыкты аныктоого эненин макулдугу керек. 2.6. Эгер аталыкты аныктоо жөнүндө арыз берилген күнгө карата жашы жеткен адам боюнча аталыкты аныктоону каттоо жүргүзүлсө (ата-эненин биргелешкен арызы боюнча жана баланын атасынын арызы боюнча), ушундай арыз менен бир эле убакта жашы жеткен адамдын жазуу жүзүндөгу макулдугу берилүүгө тийиш; 2.6. Аталыкты аныктоо жөнүндө биргелешкен арыз баланын ата-энеси тарабынан берилиши мүмкүн болбогон учурда, аталыкты аныктоону каттоо баланын атасынын же энесинин өзүнчө арыздары менен таризделиши мүмкүн. Мындай арыздагы колдун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. | ЖААК бөлүмүнүн кызматкери | 5-10 мүнөт | аталыкты аныктоону каттоо жөнүндө арыз | Ушул Административдик регламенттин 4-п. каралган ченемдик укуктук актылар
|
2.1-жол-жобо. Бала төрөлгөн учурда баланын энеси менен никеде турбаган баланын атасынан арызды кабыл алуу | ||||
2.1.1. Арыз ээсине арыздын бекитилген бланкынын формасы берилет, аны толтуруу тартиби түшүндүрүлөт. 2.1.2. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээси берген документтердеги маалыматтарга шайкештиги, арыз ээсинин колунун болушу жана арыздын түзүлгөн датасы текшерилет. 2.1.3. Бала төрөлгөн учурда баланын энеси менен никеге турбаган атасынын арызы боюнча аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо, эгерде энеси өлгөн болсо, ал аракетке жөндөмсүз деп табылса, энесинин жашап турган жери жөнүндө маалымат жок болсо же ал ата-энелик укуктан ажыратылса, балдарды коргоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органынын макулдугу менен, ал эми мындай макулдук жок учурда - соттун чечими боюнча жүргүзүлөт. | ЖААККПК бөлүмүнүн кызматкери | 5-10 мүнөт | аталыкты аныктоону каттоо жөнүндө арыз | Ушул Административдик регламенттин 4-п. каралган ченемдик укуктук актылар
|
2.2-жол-жобо. Соттун чечиминин негизинде аталыкты аныктоону каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||
2.2.1. Арыз ээсине арыздын бекитилген бланкынын формасы берилет, аны толтуруу тартиби түшүндүрүлөт. 2.2.2. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээси берген документтердеги маалыматтарга шайкештиги, арыз ээсинин колунун болушу жана арыздын түзүлгөн датасы текшерилет. 2.2.3. Атасы ким экендиги аныкталып жаткан баланын туулгандыгын каттоо соттун аталыкты аныктоо жөнүндө же аталыкты таануу фактысын аныктоо жөнүндө чечими чыкканга чейин жүргүзүлүүгө тийиш. 2.2.4. Баланын атасы же энеси, камкорчу (көзөмөлчү) же жашы жеткен адам башка адамдарга аталыкты аныктоону каттоо жөнүндө арыз берүүгө ыйгарым укук бере алышат. Ишеним берилген адамдын ыйгарым укугу ишеним катта атайын каралууга тийиш. 2.2.5. Баланын атасы жөнүндө маалыматтар соттун аталыкты аныктоо жөнүндө же аталыкты таануу фактысын аныктоо жөнүндө чечимине ылайык аталыкты аныктоо жөнүндө актылык жазууга киргизилет. | ЖААККПК бөлүмүнүн кызматкери | 5-10 мүнөт | аталыкты аныктоону каттоо жөнүндө арыз | Ушул Административдик регламенттин 4-п. каралган ченемдик укуктук актылар
|
2-жол-жобонун жыйынтыгы: аталыкты аныктоону каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөттөн ашык эмес | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
3-жол-жобо: Аталыкты аныктоону каттоо | ||||
3.1. Арыздын негизинде кызматкер тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу аталыкты аныктоо жөнүндө актылык жазуу түзүлөт. 3.2. Аталыкты аныктоо жөнүндө актылык жазуу “ЖААК” АМС аркылуу эки нускада басып чыгарылат. 3.3. Арыз ээси аталыкты аныктоо жөнүндө толтурулган актылык жазуу менен таанышууга жана кол коюуга тийиш; - арыз ээси кол койгондон аталыкты аныктоо жөнүндө актылык жазууга бөлүмдүн башчысы же аны алмаштырган кызматкер кол коет жана ЖААК бөлүмүнүн мөөрү менен бекитилет. 3.4. Аталыкты аныктоо жөнүндө актылык жазуунун биринчи нускасы жарандык абалдын актыларын жазуу китебине тиркелет, экинчи нускасы жарандык абалдын актыларын жазуулардын экинчи нускаларын сактоо боюнча Департаменттин архив менен иштөө бөлүмүнө жиберилет. | ЖААККПК бөлүмүнүн кызматкери | 3-5 мүнөт | аталыкты аныктоо тууралуу актыны жазуу | Ушул Административдик регламенттин 4-п. каралган ченемдик укуктук актылар
|
3-жол-жобонун жыйынтыгы: аталыкты аныктоо жөнүндө актылык жазууну каттоо | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | ||||
3-жол-жобонун тиби:административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||
4-жол-жобо: Аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүктү берүү | ||||
4.1. Аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүк аталыкты аныктоо жөнүндө актылык жазууга ылайык таризделет жана белгиленген үлгүдөгү бланкка басып чыгарылат. 4.2. Аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүк бөлүмдүн башчысынын же аны алмаштырган кызматкердин колу менен күбөлөндүрүлөт жана ЖААК бөлүмүнүн мөөрү менен бекитилет. 4.3. Аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүк күбөлүктөрдүн бланктарын эсепке алуу журналына катталат, арыз ээси аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүктү алгандыгы жөнүндө журналга кол коет. | ЖААККПК бөлүмүнүн кызматкери | 5-10 мүнөт | - аталыгын аныктоону каттоо тууралуу күбөлүк берүү | Ушул Административдик регламенттин 4-п. каралган ченемдик укуктук актылар
|
4-жол-жобонун жыйынтыгы: аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүк | ||||
4 жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөттөн ашык эмес | ||||
4-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№ 1 жол-жобо
№ 2 жол-жобо
№ 3 жол-жобо
№ 4 жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Атанаева Г.Е.- КРӨ МКК КЖААКД ЖААБдын башчысы
2. Жакеев Т.У. – КЖААКД ЧУКБнын башкы адиси
3. Абдраимова Н.Э. – КЖААКД ЖААБдын жетектөөчү адиси