Загрузка документа…
| 17-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Бала (кыз) багып алууну каттоо»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, № 78
Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин (мындан ары – Департамент) жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмдөрү (мындан ары – ЖААККПК бөлүмдөрү) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү: кезек күтүүнү эске албаганда 15-30 мүнөт;
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
Бала (кыз) асырап алууну (мындан ары – бала асырап алуу) каттоо үчүн арыз ээлери (арыз ээси) ким экендигин ырастоочу төмөнкү документтердин бирин берүүлөрү зарыл:
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жарынын паспорту (ID-карта);
- консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө белгиси менен жалпы жарандык паспорт (туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болсо);
- офицердин өздүк күбөлүгү.
Чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- чет өлкөлүк жарандын паспорту, мамлекеттик/расмий тилдеги котормосун нотариалдык күбөлөндүрүү менен.
Бала асырап алууну каттоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- бала асырап алуу жөнүндө белгиленген формадагы арыз;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген асырап алуу жөнүндө чечими;
- асырап алынып жаткан баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- бала асырап алуучулар никеде турса, алардын никелешүү тууралуу күбөлүгү;
- ишеним берилген адам кайрылган учурда, бала (кыз) асырап алууну каттоого ыйгарым укуктары нотариалдык күбөлөндүргөн ишеним кат.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акысыз. Күбөлүктүн бланкы үчүн акы алынат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: бала асырап алуу тууралуу күбөлүк.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Арыз ээлери берген документтерди кабыл алуу жана аларды текшерүү |
|
2 | Арызды кабыл алуу, анын туура толтурулганын текшерүү | бала асырап алуучулардан (асырап алуучудан) же ыйгарым укуктуу өкүлдөрдөн арыздар жазуу формасында кабыл алынат |
3 | Бала асырап алууну каттоо
| Бала асырап алуу тууралуу актыны жазуу жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – “ЖААК” АМС) аркылуу электрондук түрдө түзүлөт |
4 | Бала асырап алуу тууралуу күбөлүктү берүү
| Бала асырап алуу тууралуу күбөлүк “ЖААК” АМС аркылуу толтурулат жана белгиленген үлгүдөгү бланкка басып чыгарылат
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | ||||
1.1. Арыз ээлерин (арыз ээсин) кабыл алуу; 1.2. 3-п. 2-пунктчасында аталган ким экендигин ырастоочу документтер боюнча арыз ээлеринин (арыз ээсинин) ким экендигин аныктоо; 1.3. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээлеринин (арыз ээсинин) ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээлеринде (арыз ээсинде) ИЖН жок болсо, ИЖНди ыйгарууга арыз толтурууну сунуштайт, эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча МКК КДАИБге суроо-талап жиберет; 1.4. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээлеринин (арыз ээсинин биринин) каттоолук эсебин текшерүү жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча каттоолук эсеби болбогондо, арыз ээлерин жашаган жери боюнча каттоо үчүн Департаменттин тийиштүү аймактык бөлүмүнө жиберет. Чет өлкөлүк жарандардын жашаган жери бала асырап алуучулардын (алуучунун) айтуусу менен колго толтурулат. Бала асырап алууну каттоо бала асырап алуучулардын (алуучунун) жашаган жери боюнча же соттун чечими чыккан жер боюнча жүргүзүлөт; 1.5. Арыз ээлери тарабынан берилген документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү таризделгенине карата, алардын жарактуулук мөөнөтүн, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерүү. Берилген документтер ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн бардык талаптарга жооп берген учурда, кызматкер бала асырап алууну каттоо үчүн арызды жана документтерди кабыл алат. - зарыл документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө тийиш болгон документтер, аларды берүү мөөнөттөрү, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн арыз ээси эмне кылуу керектиги жөнүндө түшүндүрүлөт. Арыз ээсине документтерди туура эмес тариздөөнүн аныкталган фактыларын жоюу мүмкүнчүлүгүн берет жана документтерди кабыл алуудан баш тартат; - зарыл документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген аныкталган фактылар берилген мөөнөттө жоюлбаган учурда, себебин негиздөө менен документтерди кабыл алуудан баш тартат; - эгер жаран документтерди кабыл алуудан баш тартууну жазуу жүзүндө тариздөөнү суранса, берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө таризделген жарандын арызын кабыл алат, кириш кат-кабарлар журналына арызды каттайт жана аны жетекчиликтин кароосуна киргизет; - жетекчиликтин резолюциясы алынгандан кийин жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө арызды карайт; - тийиштүү кат жүзүндөгү жооптун долбоорун даярдайт жана аны жетекчиликтин кол коюусуна киргизет; - башчы же аны алмаштырган адам жоопко кол койгондон кийин аны чыгыш кат-кабарлар журналына каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почта дареги боюнча жиберет. | ЖААККПК бөлүмүнүн кызматкери | Документтер талаптарга жооп бергенде 3-5 мүнөт
- жазуу жүзүндө баш тартуу берилгенде 14 күн | Документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| Ушул Административдик регламенттин 4-п. каралган ченемдик укуктук актылар
|
1-жол-жобонун жыйынтыгы: актыны каттоого ылайык документтер | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
2-жол-жобо: Бала асырап алууну каттоо үчүн бала асырап алуучулардан (алуучудан) арызды кабыл алуу | ||||
2.1. Документтер ушул Административдик регламентте каралган талаптарга жооп берген учурда, арыз ээлерине (арыз ээсине) бала асырап алууга арыздын бекитилген бланкынын формасы берилет. 2.2. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээси берген документтердеги маалыматтарга шайкештиги, арыз ээлеринин (арыз ээсинин) колунун болушу текшерилет; 2.3 Кызматкер тарабынан бала асырап алууга негиз болгон, бардык берилген документтерди сканерлөө жүргүзүлөт.
| ЖААККПК бөлүмүнүн кызматкери | 5-10 мүнөт | Бала асырап алууну каттоо жөнүндө арыз | Ушул Административдик регламенттин 4-п. каралган ченемдик укуктук актылар
|
2-жол-жобонун жыйынтыгы: бала (кыз) асырап алууну каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөттөн ашык эмес | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
3-жол-жобо: Бала асырап алууну каттоо | ||||
3.1. Арыздын негизинде кызматкер тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу бала асырап алуу жөнүндө актылык жазуу түзүлөт жана эки нускада басып чыгарылат жана арыз ээси бала асырап алуу жөнүндө актылык жазууга кол коет; 3.2. Бала асырап алуу жөнүндө актылык жазуу бөлүмдүн башчысынын же аны алмаштырган кызматкердин колу менен жана ЖААК бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 3.3 Бала асырап алуу жөнүндө актылык жазуунун биринчи нускасы жарандык абалдын актыларын жазуу китебине тиркелет, экинчи нускасы Департаменттин архив менен иштөө бөлүмүнө жиберилет. 3.4. Бала асырап алуу жөнүндө актылык жазууну каттаган ЖААК бөлүмү тийиштүү белги коюу үчүн актылык жазуунун экинчи нускасы жайгашкан жерге корпоративдик почта боюнча билдирүү жиберет; - бала асырап алуу катталган жер боюнча жазуу болбогон учурда, бала асырап алууга байланыштуу жарандык абалдын актыларын тийиштүү жазууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрду берүү (жиберүү) жөнүндө корпоративдик почта боюнча билдирүү жиберилет. | ЖААККПК бөлүмүнүн кызматкери | 3-5 мүнөт | Бала асырап алуу тууралуу актыны жазуу | Ушул Административдик регламенттин 4-п. каралган ченемдик укуктук актылар
|
3-жол-жобонун жыйынтыгы: бала асырап алуу жөнүндө актылык жазууну каттоо | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | ||||
3-жол-жобонун тиби:административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||
4-жол-жобо: Бала асырап алуу тууралуу күбөлүктү берүү | ||||
4.1. Бала асырап алуу тууралуу күбөлүк бала асырап алуу жөнүндө актылык жазууга ылайык таризделет жана “ЖААК” АМС аркылуу белгиленген үлгүдөгү бланкка басып чыгарылат; 4.2. Бала асырап алуу тууралуу күбөлүк бөлүмдүн башчысынын же аны алмаштырган кызматкердин колу менен күбөлөндүрүлөт жана ЖААК бөлүмүнүн мөөрү менен бекитилет; 4.3. Бала асырап алуу тууралуу күбөлүк күбөлүктөрдүн бланктарын эсепке алуу журналына катталат, арыз ээси бала асырап алуу тууралуу күбөлүктү алгандыгы жөнүндө журналга кол коет.
| ЖААККПК бөлүмүнүн кызматкери | 2-5 мүнөт | - бала асырап алууну каттоо тууралуу күбөлүк берүү | Ушул Административдик регламенттин 4-п. каралган ченемдик укуктук актылар
|
4-жол-жобонун жыйынтыгы: бала асырап алуу тууралуу күбөлүк | ||||
4 жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөттөн ашык эмес | ||||
4-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№ 1 жол-жобо
№ 2 жол-жобо
№ 3-жол-жобо
№ 4 жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Атанаева Г.Е.- КРӨ МКК КЖААКД ЖААБдын башчысы
2.Жакеев Т.У. – КЖААКД ЧУКБнын башкы адиси
2.Таманбаев Р.К.- КЖААКД ЧУКБнын башкы адисинин м.а.
4. Абдраимова Н.Э. – КЖААКД ЖААБдын жетектөөчү адиси