Загрузка документа…
| 18-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Нике бекитүүнү салтанаттуу каттоону жүргүзүү»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, № 79
Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Бакыт өргөөсү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмдөрү (мындан ары – ЖААККПК бөлүмдөрү) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү: жеке өзү келгенде кезек күтүүнү эске албаганда - 25-35 мүнөт; никелешүүнү каттоо биргелешкен арыз берилген күндөн тартып 1 ай (30 күн) өткөндөн кийин жүргүзүлөт. Өзгөчө кырдаалдар болгондо (кош бойлуулук, баланын төрөлүшү, тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч туулса) биргелешкен арыз берилген күнү же болбосо никеге туруп жаткан адамдар тарабынан салтанаттуу никелешүү белгиленген күнү нике бекитилет.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
Никелешүүну салтанаттуу каттоо үчүн арыз ээлери ким экендигин ырастоочу төмөнкү документтердин бирин берүүлөрү зарыл:
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
- 2004 жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт (ID-карта);
- консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө белгиси менен жалпы жарандык паспорт;
- офицердин өздүк күбөлүгү.
Чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- чет өлкөлүк жарандын паспорту, мамлекеттик/расмий тилдеги котормосун нотариалдык күбөлөндүрүү менен;
- жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат.
Никелешүүнү салтанаттуу каттоо үчүн төмөнкүлөр берилет:
- никеге туруп жаткан адамдардын белгиленген үлгүдөгү биргелешкен арызы;
- никелешүүну салтанаттуу каттоого акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
Жогоруда аталган документтерге кошумча катары жарандык абалдын актысын каттоо үчүн негиз болуп саналган төмөнкүдөй документтер берилет:
- эгер никеге туруп жаткан адамдардын бири мурда катталган никеде турса, никени бузуу тууралуу күбөлүк;
- ал жараны болуп саналган мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилдештирилген чет өлкөлүк жарандын никесинин жоктугу жөнүндө маалымкаты;
- мурунку никенин токтотулгандыгын тастыктаган, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилдештирилген документтер;
- эгер никеге туруп жаткан адамдардын бири жесил/жесир болуп саналса, жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
- эгер никеге туруп жаткан адамдардын бири нике курагына (18 жаш) жете элек болсо, нике курагын азайтуу жөнүндө белгиленген формадагы документ;
- балдары болсо, биргелешкен балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү/күбөлүктөрү;
- жубайы кош бойлуу болсо, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген кош бойлуулугу жөнүндө маалымкат.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
- арыз ээсинин каалоосу боюнча республиканын райондук ЖААК бөлүмдөрүнүн имаратынан тышкары салтанаттуу никелешүүнү өткөрүү – 926 сом;
- арыз ээсинин каалоосу боюнча Бишкек ш. жана Ош ш. боюнча ЖААККПК бөлүмдөрүнүн имаратынан тышкары салтанаттуу никелешүүнү өткөрүү – 4136 сом;
- арыз ээсинин каалоосу боюнча республиканын ЖААККПК райондук бөлүмдөрүндө салтанаттуу никелешүүну өткөрүү – 447 сом;
- арыз ээсинин каалоосу боюнча Бишкек ш. Бакыт үйүндө салтанаттуу никелешүүну өткөрүү -1885 сом.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: никелешүү тууралуу күбөлүк.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө” токтому.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | документтерди кабыл алуу жана текшерүү |
|
2 | арызды кабыл алуу, анын туура толтурулганын текшерүү | арыз жазуу же электрондук түрдө кабыл алынат |
3 | Никелешүүнү салтанаттуу каттоого даярдануу | - никелешүү тууралуу актыны жазуу жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – “ЖААК” АМС) аркылуу электрондук түрдө, 2 нускада түзүлөт, мөөр жана башчынын колу менен бекитилет |
4 | Никелешүүнү салтанаттуу каттоону өткөрүү | Никелешүүнү салтанаттуу каттоо өткөрүлөт жана никелешүү тууралуу күбөлүк берилет |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
| |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| |||||||
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү |
| |||||||||||
1.1. Никеге туруп жаткан адамдарды кабыл алуу; 1.2. Ушул Административдик регламенттин 3-п. 2-пунктчасында каралган документтер боюнча арыз ээлеринин ким экендигин аныктоо; 1.3. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээлеринин ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээлеринде (арыз ээсинде) ИЖН жок болсо, ИЖНди ыйгарууга арыз толтурууну сунуштайт, эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча МКК КЖААКДга суроо-талап жиберет; 1.4. “Даректик-маалымдама бюросу” автоматташтырылган маалыматтык системасы (“ДМБ” АМС) боюнча арыз ээлеринин жашаган жерин текшерүү, никелешүүнү каттоо никеге туруп жаткан адамдардын биринин же алардын ата-энелеринин жашаган жери боюнча жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында каттоолук эсеби болбогондо, арыз ээлерин каттоолук эсепке туруу үчүн Департаменттин ведомстволук бөлүмүнө жиберет.
1.5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык арыз ээлери тарабынан тийиштүү тариздөөгө берилген документтерди, алардын жарактуулук мөөнөтүн текшерүү, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерүү, ошондой эле ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке шайкештигине карата текшерүү жүргүзүлөт, - берилген документтерде оңдоолор жана/же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, кызматкер Бакыт өргөөсүнүн/ ЖААККПК бөлүмүнүн жетекчилигине тез арада билдирет, үч нускада акт түзүлөт, анын бир нускасы документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен ЖААККПК бөлүмү жайгашкан жер боюнча КР ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси - арыз ээсине берилет, үчүнчүсү - Бакыт өргөөсүндө/ЖААККПК бөлүмүндө калат. Ошону менен бирге эле ошол эле убакта КЖААКДга көрүлгөн чаралар жөнүндө кат жиберилет. - КР жаранынын паспортундагы фотосүрөттү арыз ээсинин кебетеси менен сыртынан карап салыштырып текшерет, фотосүрөттөгү адамдын окшоштугун, арыз ээсинин ким экендигин текшерет; - талап кылынган документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө тийиш болгон документтер, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн арыз ээси эмне кылуу керектиги жөнүндө түшүндүрүлөт жана документтерди кабыл алуудан баш тартат; - эгер жаран документтерди кабыл алуудан баш тартууну жазуу жүзүндө тариздөөнү суранса, берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө таризделген жарандын арызын кабыл алат, кириш кат-кабарлар журналына арызды каттайт жана аны жетекчиликтин кароосуна киргизет; - жетекчиликтин резолюциясы алынгандан кийин мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө арызды карайт, тийиштүү кат жүзүндөгү жооптун долбоорун даярдайт жана аны жетекчиликтин кол коюусуна киргизет; - жетекчи жоопко кол койгондон кийин аны чыгыш кат-кабарлар журналына каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почта дареги боюнча жиберет; - берилген документтер ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн бардык талаптарга жооп берген учурда, кызматкер никени салтанаттуу каттоо үчүн арызды жана документтерди кабыл алат. | Бакыт өргөөсүнүн же ЖААККПК органынын кызматкери | - документтер талаптарга жооп бергенде 3-5 мүнөт; -кат жүзүндө баш тартуу берилгенде 14 күн
| - документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| - КР Үй-бүлө кодекси; - “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” КР Мыйзамы; - КРӨнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 токтому; - КРӨнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому
|
| |||||||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: актыны каттоого ылайык документтер |
| |||||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес |
| |||||||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо |
| |||||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 |
| |||||||||||
2-жол-жобо: Адам жеке өзү кайрылганда никелешүүнү каттоо үчүн арызды кабыл алуу |
| |||||||||||
2.1. Арыз ээлерине арыздын бланкынын формасы берилет, аны толтуруу тартиби түшүндүрүлөт же болбосо кызматкердин өзү тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу электрондук түрдө толтурулат; - никеге туруп жаткан адамдардын бири болбогон учурда, никеге туруу жөнүндө арыз келбеген адамдын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн колу коюлган өзүнчө арыз менен таризделиши мүмкүн; 2.2. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээлери берген документтерге шайкештиги текшерилет; 2.3. Ушул Административдик регламенттин 3-п. 1-пунктчасында аталган өзгөчө кырдаалдар болбогондо, арыз ээлерине никелешүүнү каттоо мөөнөтү, арыз ээлеринин ким экендигин ырастоочу документтердин болушу, белгиленген күнү никелешүүнү каттоодо никеге туруп жаткан адамдардын экөөнүн тең катышуу зарылдыгы түшүндүрүлөт; - никеге туруу жөнүндө актылык жазуу түзүлгөнгө чейин никелешүүнү каттоо үчүн тоскоолдуктардын болушу жөнүндө арыз келип түшкөн учурда, арыз ээлери аныкталган тоскоолдуктарды жокко чыгарган тийиштүү документтерди берүүлөрү үчүн каттоо 1 айга (30 күнгө) чейин токтотулат; - нике бекитүүгө тоскоол болгон кырдаалдар аныкталган учурда (никелешүүгө жол берилбейт: адамдардын бири башка катталган никеде турса; жакын туугандар (ата теги жана урпактары боюнча туугандары (ата-энелер менен балдары, чоң ата, чоң эне менен неберелери), ата-энеси бир жана ата-энеси башка (атасы же энеси бир) эркек жана кыз бир туугандар; асырап алуучулар, асырап алынгандар ортосунда; экөөнүн бири психикалык оорунун натыйжасында сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылса), арыз ээсине никени каттоодон жазуу жүзүндө баш тартылат; - жазуу жүзүндө баш тартууга ЖААККПК бөлүмүнүн жетекчиси кол коет, чыгыш кат-кабарлар журналына катталат жана арыз ээсинин колуна берилет же арызда көрсөтүлгөн почта дареги боюнча жиберилет.
| Бакыт өргөөсүнүн же ЖААККПК органынын кызматкери | 2-5 мүнөт | Никелешүү тууралуу биргелешкен жазуу/электрондук арыз же ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу жүзүндө баш тартуу | - КР Үй-бүлө кодекси; - “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” КР Мыйзамы; - КРӨнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 токтому; - КРӨнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому
|
| |||||||
2.1-жол-жобо. Никелешүүнү каттоо үчүн электрондук түрдөгү арызды кабыл алуу |
| |||||||||||
2.1.1.Электрондук портал аркылуу түшкөн арызды текшерүү жүргүзүлөт; 2.1.2. Арыз ээлеринин ким экендигин күбөлөндүрүүчү сканерленген документтер текшерилет; 2.3. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын сканерленген документтерге шайкештиги текшерилет; - документтер белгиленген талаптарга жооп берген учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык никелешүүнү каттоо үчүн арызды кабыл алуу жөнүндө арыз ээсине жооп жиберилет жана никелешүүнү каттоо күнү белгиленет; - никеге туруу жөнүндө актылык жазуу түзүлгөнгө чейин никелешүүнү каттоо үчүн тоскоолдуктардын болушу жөнүндө арыз келип түшкөн учурда, арыз ээлери аныкталган тоскоолдуктарды жокко чыгарган тийиштүү документтерди берүүлөрү үчүн каттоо 1 айга (30 күнгө) чейин токтотулат; - нике бекитүүгө тоскоол болгон кырдаалдар аныкталган учурда (никелешүүгө жол берилбейт: адамдардын бири башка катталган никеде турса; жакын туугандар (ата теги жана урпактары боюнча туугандары (ата-энелер менен балдары, чоң ата, чоң эне менен неберелери), ата-энеси бир жана ата-энеси башка (атасы же энеси бир) эркек жана кыз бир туугандар; асырап алуучулар, асырап алынгандар ортосунда; экөөнүн бири психикалык оорунун натыйжасында сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылса), арыз ээсине никени каттоодон жазуу жүзүндө баш тартылат.
| Бакыт өргөөсүнүн же ЖААККПК органынын кызматкери | 2-5 мүнөт | - никелешүү жөнүндөгү электрондук арыз же ушул кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу түрүндө баш тартуу | - КР Үй-бүлө кодекси; - “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” КР Мыйзамы; - КРӨнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 токтому; - КРӨнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому
|
| |||||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: никелешүүнү салтанаттуу каттоо үчүн арызды кабыл алуу |
| |||||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 2-5 мүнөт |
| |||||||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо |
| |||||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 |
| |||||||||||
3-жол-жобо: Никелешүүнү салтанаттуу каттоого даярдануу | ||||||||||||
3.1. Никеге туруп жаткан адамдардын ким экендигин ырастоочу документтерди текшерүү жүргүзүлөт (белгиленген убакыттан 20 мүнөт мурун); 3.2. Никени каттоонун алдында Бакыт өргөөсүнүн/ ЖААККПК органынын кызматкери катышкан конокторго жана никеге туруп жаткан адамдарга никелешүүнү салтанаттуу каттоо тартибин түшүндүрөт; 3.3. “ЖААК” АМС аркылуу никелешүү жөнүндө актылык жазуу түзүлөт жана эки нускада басып чыгарылат; 3.4. Никелешүү жөнүндө актылык жазуу бөлүмдүн башчысынын (же аны алмаштырган адамдын) колу жана ЖААККПК бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 3.5. Никелешүү жөнүндө актылык жазуунун биринчи нускасы никелешүү жөнүндө актылык жазуулар китебине тиркелет, экинчи нускасы КР УСКга жиберилет, андан кийин экинчи нускасы сакталган жер боюнча Департаменттин тийиштүү бөлүмүнө жиберилет; 3.6. Никелешүү тууралуу күбөлүк никелешүү жөнүндө актылык жазууга ылайык басып чыгарылат; 3.7. Никелешүү тууралуу күбөлүк бөлүмдүн башчысынын (же аны алмаштырган адамдын) колу жана Бакыт өргөөсүнүн/ЖААККПК бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 3.8. Никелешүү тууралуу күбөлүк күбөлүктөрдүн бланктарын эсепке алуу боюнча кириштөө-чыгымдоо китебине катталат; 3.9. Никелешүү жөнүндө актылык жазуунун биринчи нускасы жарандык абалдын актыларын жазуу китебине тиркелет, экинчи нускасы КР Улуттук статистикалык комитеттин райондук бөлүмүнө, андан ары экинчи нускасы сакталган жер боюнча Департаменттин тийиштүү бөлүмүнө жиберилет. | Бакыт өргөөсүнүн же ЖААККПК органынын кызматкери | 5 мүнөт | - никелешүү жөнүндөгү актылык жазуу – никелешүүнү каттоо тууралуу күбөлүк
| - КР Үй-бүлө кодекси; - “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” КР Мыйзамы; - КРӨнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 токтому; - КРӨнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому
| ||||||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: никелешүүнү салтанаттуу каттоо | ||||||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: 15-20 мүнөт | ||||||||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||||||||||
4-жол-жобо: Никелешүүнү салтанаттуу каттоо | ||||||||||||
4.1. Никелешүүнү салтанаттуу каттоо каадасы никелешүүнү салтанаттуу каттоого арналган атайын имараттарда, ошондой эле жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн жана никеге туруп жаткан адамдардын макулдашуусу боюнча башка жерлерде жүргүзүлөт. 4.2. Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу кызматкери: - салтанаттуу сөзүн сүйлөйт; - никеге туруп жаткан адамдарга келечектеги жубайлардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт; - никеге турууга макулдук жөнүндө аныктайт. 4.3. Никеге туруп жаткан адамдар никелешүү жөнүндө актылык жазууга кол коюшат; 4.4. Никелешүү тууралуу күбөлүк никеге туруп жаткан адамдарга берилет; 4.5. Жубайлардын бири күбөлүктөрдүн бланктарын эсепке алуу боюнча кириштөө-чыгымдоо китебине никелешүү тууралуу күбөлүктү алгандыгы жөнүндө кол коет.
| Бакыт өргөөсүнүн же ЖААККПК органынын кызматкери | 15-20 мүнөт | Никелешүү тууралуу күбөлүктү салтанаттуу тапшыруу же ушул кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу түрүндө баш тартуу | - КР Үй-бүлө кодекси; - “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” КР Мыйзамы; - КРӨнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 токтому; - КРӨнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому
| ||||||||
| ||||||||||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№ 1 жол-жобо
№ 2 жол-жобо
№ 3 жол-жобо
№ 4 жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1.Атанаева Г.Е.- КЖААКД ЖААБдын башчысы
2. Абдраимова Н.Э. – КЖААКД ЖААБдын жетектөөчү адиси
3. Таманбаев Р.К.- КЖААКД ЧУКБнын башкы адисинин м.а.