Загрузка документа…
| 20-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу кайталап күбөлүк берүү, жарандык абалдын актыларынын маалымкатын, билдирүүлөрүн, көчүрмөлөрүн берүү»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, № 83
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмдөрү (мындан ары – ЖААККПК бөлүмдөрү) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин архив менен иштөө боюнча бөлүмү (мындан ары – АИБ) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү: кезек күтүүнү кошпогондо 10-20 мүнөт; кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү жана кабарламаларды берүү кайрылган күнү жүргүзүлөт.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү жана кабарламаларды берүү үчүн арыз ээси ким экендигин ырастоочу төмөнкү документтердин бирин берүүсү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
- консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө белгиси менен жалпы жарандык паспорт;
- офицердин өздүк күбөлүгү;
- жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат;
- эркинен ажыратылган жерлерден бошогондугу жөнүндө маалымкат;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту, мамлекеттик/расмий тилдеги котормосун нотариалдык күбөлөндүрүү менен.
Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөр, маалымкаттар, көчүрмөлөр жана кабарламалар төмөнкүлөрдүн негизинде берилет:
- жарандык абалдын актысын жазуу түзүлгөн адамдын арызы;
- эгер мурда жарандык абалдын актысын жазуу түзүлгөн адам өлсө, өлгөн адамдын тууганынын же башка кызыкдар адамдын арызы;
- эгер жарандык абалдын актысын жазуу түзүлгөн адам кайталанма күбөлүк берилген күнгө карата жашы жетпесе, ата-эненин (аларды алмаштырган адамдардын) же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлүнүн арызы;
- мыйзамдарга ылайык жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү жана кабарламаларды алууга укугу бар адамдан нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилген учурда, башка адамдын арызы. Ишеним берилген адамдын жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү жана кабарламаларды алууга ыйгарым укугу ишеним катта атайын каралууга тийиш.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акысыз.
Кайталанма күбөлүктү берүүдө мамлекеттик алым үчүн жана күбөлүктүн бланкы үчүн квитанция берилет. Маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү жана кабарламаларды берүүдө бланкка акы алынбайт.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөр, маалымкаттар, көчүрмөлөр жана кабарламалар.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 “Мамлекеттик алымдын ченин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
- 1993-жылдын 22-январында Минск шаарында кол коюлган Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенция.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | документтерди кабыл алуу жана текшерүү |
|
2 | арызды кабыл алуу, анын туура толтурулганын текшерүү | жарандардан жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдөн арыз жазуу формада кабыл алынат
|
3 | Жарандык абалдын актыларын жазууларды сканерлөө жана санариптөө | жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – “ЖААК” АМС) аркылуу |
4 | жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, кабарламаларды жана жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөрдү берүү; жазуунун жайгашкан жери боюнча ЖААККПК бөлүмдөрүнөн мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү жана кабарламаларды талап кылуу жөнүндө суроо-талапты түзүү | жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөргө, маалымкаттарга, көчүрмөлөргө жана кабарламаларга башчы же аны алмаштырган адам кол коет жана мөөр менен бекитилет; - жарандык абалдын актыларын жазуулар арыз ээси кайрылган жер боюнча болбогон учурда, жазуунун жайгашкан жери боюнча ЖААККПК бөлүмдөрүнөн мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү жана кабарламаларды талап кылуу жөнүндө суроо-талап түзүлөт. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | |||||
1.1. Арыз ээсин кабыл алуу; 1.2. Ушул Административдик регламенттин 3-п. 2-пунктчасында каралган документтер боюнча арыз ээсинин ким экендигин аныктоо; 1.3. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээсинин ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээсинде ИЖН жок болсо, ИЖНди ыйгарууга арыз толтурууну сунуштайт, эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча МКК КДАИБге суроо-талап жиберет; 1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык арыз ээлери тарабынан тийиштүү тариздөөгө берилген документтерди, алардын жарактуулук мөөнөтүн текшерүү, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерүү, ошондой эле ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке шайкештигине карата текшерүү жүргүзүлөт; - талап кылынган документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө тийиш болгон документтер, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн арыз ээси эмне кылуу керектиги жөнүндө түшүндүрүлөт жана документтерди кабыл алуудан баш тартат; - эгер жаран документтерди кабыл алуудан баш тартууну жазуу жүзүндө тариздөөнү суранса, берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө таризделген жарандын арызын кабыл алат, кириш кат-кабарлар журналына арызды каттайт жана аны жетекчиликтин кароосуна киргизет; - жетекчиликтин резолюциясы алынгандан кийин мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө арызды карайт, тийиштүү кат жүзүндөгү жооптун долбоорун даярдайт жана аны жетекчиликтин кол коюусуна киргизет; - жетекчи жоопко кол койгондон кийин аны чыгыш кат-кабарлар журналына каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почта дареги боюнча жиберет; - берилген документтер ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн бардык талаптарга жооп берген учурда, кызматкер жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, кабарламаларды жана жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөрдү берүү үчүн арызды жана документтерди кабыл алат. | ЖААККПК органынын жана АИБдин кызматкери | документтер талаптарга жооп бергенде 3-5 мүнөт
-жазуу жүзүндө баш тартуу берилгенде 14 иш күндүн ичинде | - документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| Ушул Административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, кабарламаларды жана жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөрдү берүү үчүн тийиштүү документтерди кабыл алуу | |||||
1-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | |||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | |||||
2-жол-жобо: Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, кабарламаларды жана жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөрдү берүү үчүн арызды кабыл алуу | |||||
2.1. Арыз ээсине арыздын бланкынын формасы берилет, аны толтуруу тартиби түшүндүрүлөт же болбосо кызматкердин өзү тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу электрондук түрдө толтурулат; 2.2. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээлери берген документтерге шайкештиги текшерилет. 2.3. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, кабарламаларды жана жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөрдү берүүгө арыз арыздарды кабыл алуу журналына катталат. 2.4. Жарандык абалдын актысын жазуунун биринчи нускасы сакталган жер боюнча ЖААККПК органдарынан жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, кабарламаларды жана жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөрдү берүүгө суроо-талап түшкөн учурда, суроо-талап кириш кат-кабарлар журналына катталат. | ЖААККПК органынын жана АИБдин кызматкери | 2-5 мүнөт | Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, кабарламаларды жана жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөрдү берүүгө арыз | Ушул Административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктү берүүгө арызды кабыл алуу | |||||
2-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | |||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | |||||
3-жол-жобо: Жарандык абалдын актыларын жазууларды “ЖААК” АМС системасында сканерлөө жана санариптөө | |||||
3.1. Кабыл алынгандан кийин актылык жазууну сканерлөө жана санариптөө жүргүзүлөт. Арыз ээсинде ИЖН жок болгон учурда, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖН ыйгарылат | ЖААККПК органынын жана АИБдин кызматкери | 3-5 мүнөт | Жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө актылык жазуу |
| |
3-жол-жобонун жыйынтыгы: жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу сканерленген жана санариптелген актылык жазуулар, маалымкаттар, кабарламалар жана жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөр | |||||
3-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | |||||
3-жол-жобонун тиби:административдик-башкаруу жол-жобосу | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | |||||
4-жол-жобо: Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, жарандык абалдын актыларынан маалымкаттарды, кабарламаларды жана көчүрмөлөрдү берүү | |||||
4.1. Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр, маалымкаттар, кабарламалар жана көчүрмөлөр актылык жазууга ылайык басып чыгарылат; 4.2. Күбөлүктөр, маалымкаттар, кабарламалар жана көчүрмөлөр башчынын же аны алмаштырган адамдын колу менен күбөлөндүрүлөт жана мөөр менен бекитилет; 4.3. Күбөлүк күбөлүктөрдүн бланктарын эсепке алуу боюнча журналга катталат жана арыз ээсине берилет. Арыз ээси күбөлүктү алгандыгы жөнүндө кол коет. - жарандык абалдын актыларынан маалымкаттар, кабарламалар жана көчүрмөлөр чыгыш кат-кабарлар журналына катталат жана ага арыз ээси кол коет. 4.4 Кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, кабарламаларды жана көчүрмөлөрдү берүүгө ЖААККПК органдарынан суроо-талап түшкөн учурда, күбөлүк күбөлүктөрдүн, маалымкаттардын, кабарламалардын жана көчүрмөлөрдүн бланктарын эсепке алуу боюнча кириштөө-чыгымдоо китебине катталат. Башчынын же аны алмаштырган адамдын колу менен күбөлөндүрүлөт жана мөөр менен бекитилет, суроо-талапта көрсөтүлгөн почта дареги боюнча ЖААККПК бөлүмүнө жиберилет. Ошол эле учурда арыз ээсинин атына күбөлүк жиберилгендиги жөнүндө кабарлама жиберилет. | ЖААККПК органынын жана АИБдин кызматкери | 2-5 мүнөт | - жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү, жарандык абалдын актыларынан маалымкаттарды, кабарламаларды жана көчүрмөлөрдү берүү;
- жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү, жарандык абалдын актыларынан маалымкаттарды, кабарламаларды жана көчүрмөлөрдү жиберүү
| Ушул Административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | |
4-жол-жобонун жыйынтыгы: жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, кабарламаларды жана көчүрмөлөрдү берүү | |||||
4-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | |||||
4-жол-жобонун тиби:административдик-башкаруу жол-жобосу | |||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№ 1 жол-жобо
№ 2 жол-жобо
№ 3 жол-жобо
№ 4 жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1.Атанаева Г.Е.- КРӨ МКК КЖААКД ЖААБдын башчысы
2. Жакеев Т.У.- КРӨ МКК КЖААКД ЧУКБнын башчысы
3. Абдраимова Н.Э. – КРӨ МКК КЖААКД ЖААБдын жетектөөчү адиси