Загрузка документа…
| 22-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен
|
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Жарандык абалдын актыларын жазууга оңдоолорду, толуктоолорду тезинен киргизүү»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 6-главасы, № 56-1
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмдөрү (мындан ары – ЖААККПК бөлүмдөрү) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү: КРӨ МККнын 2017-жылдын 30-декабрындагы № 264 буйругуна ылайык кезек күтүүнү кошпогондо 30 мүнөттөн ашык эмес; жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү шашылыш киргизүү арыз берилген күнү жүргүзүлөт, жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүк ошол эле күнү берилет.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
Жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн арыз ээлери (арыз ээси) ким экендигин ырастоочу төмөнкү документтердин бирин берүүлөрү зарыл:
- 2004 жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт (ID-карта);
- консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө белгиси менен жалпы жарандык паспорт (туулгандыгы тууралуу күбөлүк болсо);
- жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту, мамлекеттик/расмий тилдеги котормосун нотариалдык күбөлөндүрүү менен.
Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- белгиленген формадагы электрондук арыз;
- жарандык абалдын актысын жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу алмаштырыла турган жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк;
- жарандык абалдын актысын жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө негиздин болушун тастыктаган документтер;
- арыз ээси болбогон учурда, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат. Ишеним берилген адамдын арыз берүүгө жана жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү алууга ыйгарым укугу ишеним катта атайын каралууга каралууга тийиш;
- актылык жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү шашылыш киргизүү үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанция;
- бланктык продукцияга акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: Акы төлөнөт. Мамлекеттик алым жана күбөлүктүн бланкы үчүн акы алынат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө” токтому;
- КРӨгө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2018-жылдын 13-февралындагы № 87 “КРӨ МККнын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактык органдары тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (баалардын) прейскурантын бекитүү жөнүндө” буйругу.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Документтерди кабыл алуу жана текшерүү |
|
2 | Арызды кабыл алуу, анын туура толтурулганын текшерүү | Жарандардан жана ыйгарым укуктуу адамдардан арыздар жазуу түрдө кабыл алынат |
3 | Актылык жазууга зарыл оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү | Актылык жазууга оңдоолор жана өзгөртүүлөр “Жарандык абалдын актыларын каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – “ЖААК” АМС) аркылуу электрондук түрдө киргизилет |
4 | Киргизилген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү берүү | Киргизилген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк электрондук түрдө толтурулат жана басып чыгарылат |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | ||||||||
1.1. Жарандык абалдын актыларын жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалаган адамды кабыл алуу; 1.2. Ушул Административдик регламенттин 3-п. 2-пунктчасында каралган документтер боюнча арыз ээсинин ким экендигин аныктоо; 1.3. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээсинин ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээсинде ИЖН жок болсо, ИЖНди ыйгарууга арыз толтурууну сунуштайт, эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча МКК КДАИБге суроо-талап жиберет; 1.4. Арыз ээси тарабынан берилген документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү таризделгенине карата, алардын жарактуулук мөөнөтүн, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата, ошондой эле ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке шайкештигине карата текшерүү жүргүзүлөт, - берилген документтерде оңдоолор жана/же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, кызматкер ЖААККПК бөлүмүнүн жетекчилигине тез арада билдирет, үч нускада акт түзүлөт, анын бир нускасы документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен ЖААККПК бөлүмү жайгашкан жер боюнча КР ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси - арыз ээсине берилет, үчүнчүсү - ЖААККПК бөлүмүндө калат. Ошону менен бирге эле ошол эле убакта КЖААКДга көрүлгөн чаралар жөнүндө кат жиберилет; - КР жаранынын паспортундагы фотосүрөт арыз ээсинин кебетеси менен сыртынан карап салыштырып текшерилет, фотосүрөттөгү адамдын окшоштугу, арыз ээсинин ким экендиги текшерилет; - зарыл документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген аныкталган фактылар берилген мөөнөттө жоюлбаган учурда, себебин негиздөө менен документтерди кабыл алуудан баш тартат; - эгер жаран документтерди кабыл алуудан баш тартууну жазуу жүзүндө тариздөөнү суранса, берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө таризделген жарандын арызын кабыл алат, кириш кат-кабарлар журналына арызды каттайт жана аны жетекчиликтин кароосуна киргизет; - жетекчиликтин резолюциясы алынгандан кийин жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө арызды карайт; - тийиштүү кат жүзүндөгү жооптун долбоорун даярдайт жана аны жетекчиликтин кол коюусуна киргизет; - жетекчи жоопко кол койгондон кийин аны чыгыш кат-кабарлар журналына каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почта дареги боюнча жиберет. | ЖААККПК органынын кызматкери | 10-15 мүнөт
- жазуу жүзүндө баш тартуу берилгенде 14 күн
| -документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| - КР Үй-бүлө кодекси; - “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” КР Мыйзамы; - КРӨнүн 11.12.2018-ж. № 579 токтому; - КРӨнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому; - КРӨнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 токтому; - КРӨ МККнын 2018-жылдын 13-февралындагы № 87 буйругу
| ||||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: актыны каттоого ылайык документтер | ||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: максимум 10-15 мүнөт | ||||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик, административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||||||
2-жол-жобо: Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2.1. Ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн документтерди кабыл алуу боюнча талаптарга ылайык актылык жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү шашылыш киргизүүгө арыз ээсине арыздын бланкынын формасы берилет. Аны толтуруу тартиби түшүндүрүлөт же болбосо кызматкердин өзү тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу электрондук түрдө толтурулат, ушул арыз басып чыгарылат жана арыз ээси кол коет; 2.2. Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө негиз болгон, бардык берилген документтер кызматкер тарабынан сканерленет; 2.3. Кызматкер тарабынан арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээси берген документтерге шайкештиги жана анын колунун болушу текшерилет. Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кол коюлган арыз арыздарды эсепке алуу журналына катталат.
| ЖААККПК органынын кызматкери | 5-10 мүнөт
| Жарандык абалдын актыларын жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз |
| ||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: максимум 5-10 мүнөт | ||||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||||||
3-жол-жобо: Жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү | ||||||||
3.1. Кызматкер тарабынан оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон жарандык абалдын актыларын жазууларды “ЖААК” АМСте санариптөө жүргүзүлөт; 3.4. Төмөнкү учурларда оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө корутунду түзүлөт, ЖААККПК бөлүмүнүн жетекчисинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, эгер жарандык абалдын актыларын жазууда туура эмес же толук эмес маалыматтар көрсөтүлсө, ошондой эле орфографиялык каталарга жол берилсе; эгер жарандык абалдын актыларын жазуу КР мыйзамдарында белгиленген эрежелерди эсепке албастан жүргүзүлсө, эгер медициналык уюм тарабынан берилген жынысын өзгөртүү жөнүндө белгиленген формадагы документ берилсе; 3.5 Зарыл жарандык абалдын актыларын жазууга оңдоолор жана өзгөртүүлөр киргизилет; 3.6. Кызматкер тарабынан жарандык абалдын актысын жазуунун биринчи нускасына оңдоолор жана өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин жарандык абалдын актысын жазуунун экинчи нускасы сакталган жер боюнча (КЖААКДнын архив менен иштөө боюнча бөлүмү) оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө билдирүү жиберилет. Билдирүү чыгыш кат-кабарлар журналына катталат. | ЖААККПК органынын кызматкерлери | 15-20 мүнөт
|
- киргизилген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жарандык абалдын актысын жазуу
|
| ||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү | ||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: максимум 20 мүнөт | ||||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||||||
4-жол-жобо: Киргизилген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү берүү | ||||||||
4.1. Киргизилген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк “ЖААК” АМСте түзүлөт жана басып чыгарылат; 4.2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк ЖААККПК бөлүмүнүн башчысынын колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт; 4.3. Күбөлүк күбөлүктөрдүн бланктарын эсепке алуу боюнча кириштөө-чыгымдоо китебине катталат; 4.4. Күбөлүк арыз ээсине берилет; 4.5. Арыз ээси жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү алгандыгы жөнүндө журналга кол коет; 4.6. Эгер оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү корутунду түзүлгөндөн кийин өзгөртүү киргизүү зарыл болгон актылык жазуулар арыз берилген жерде болсо, анда ушул жарандык абалдын актыларына өзгөртүүлөр киргизилет жана мамлекеттик каттоо тууралуу тийиштүү күбөлүктөр берилет (жашы жете элек балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, никелешүү тууралуу күбөлүк, никени бузуу тууралуу күбөлүк ж.б.). | ЖААККПК органынын кызматкери | 5-10 мүнөт
| жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк |
| ||||
4-жол-жобонун жыйынтыгы: жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк | ||||||||
4-жол-жобонун узактыгы: максимум 10 мүнөт | ||||||||
4-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№ 1 жол-жобо
№ 2 жол-жобо
№ 3 жол-жобо
№ 4 жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1.Атанаева Г.Е.- КЖААКД ЖААБдын башчысы
2. Абдраимова Н.Э. – КЖААКД ЖААБдын жетектөөчү адиси
3. Таманбаев Р.К.- КЖААКД ЧУКБнын башкы адисинин м.а.