Загрузка документа…
| 23-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январдын № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
“Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашоо үчүн туруктуу жана убактылуу уруксатты узартууну тариздөө”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 6-главасы, № 47
Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрү (мындан ары – ЖААЖКПК бөлүмдөрү, жарандык маселелер боюнча бөлүмү) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү:
а) жеке кайрылганда арыздарды жана документтерди кабыл алуу, кезек күтүүнү эске албаганда документтерди кабыл алуу жана каттоо – 20 мүнөт;
б) жашап турууга убактылуу уруксат берүү – 1 ай;
в) жашап турууга туруктуу уруксат берүү – 1 жыл.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) Кыргыз Республикасында убактылуу жашап турууга уруксат алуу үчүн төмөнкү документтер зарыл:
- арыз;
- арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу паспортунун же аны алмаштыруучу документтин көчүрмөсү;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же ага теңдештирилген документтин көчүрмөсү;
- үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө жашаган жеринен маалымкат;
- никелешүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (эгер никеде турса);
- арыз ээсине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жашоо-тиричилик минимумун камсыздоочу, туруктуу легалдуу киреше булагынын болуусун ырастаган маалымкат (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, иш жүргүзүүгө уруксаты, активдер, банктагы эсеп же Кыргыз Республикасынын жаранынын камкордугу жөнүндө маалымат, эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат ж.б.);
- ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттар ("СПИД" борборунун, наркологиялык жана психоневрологиялык диспансерлердин маалымкаттары);
- арыз ээсинде жарандыкты токтотууну күбөлөндүрүүчү документ (аны жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө аймактык паспорттук бөлүмдүн корутундусу); - чет өлкөлүк жаран жараны болуп саналган мамлекеттик аймагында анын соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкат,
- ал Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин жашаган мамлекеттин аймагында анын соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкат; жарандыгы жок адамдар үчүн:
- ата-энелердин биринин улутун ырастоочу маалымкат (документ) (туулгандыгы жөнүндө акты жазуусу);
- тууганы - Кыргыз Республикасынын жараны же Кыргыз Республикасында иммигрант статусун алган адам тарабынан жөнөтүлгөн чакыруу;
- туугандык байланышты күбөлөндүрүүчү документ (Кыргыз Республикасынын жараны менен никеде турган - нике жөнүндө күбөлүк жана жубайынын паспортунун көчүрмөсү, арыз ээси менен чогуу чет өлкөлүк жаран болуп саналган балдар жашаганда - туугандыгын же асырап алуу фактысын, ошондой эле чогуу жашоону ырастоочу документтер;
- Арыз ээсинин жана анын туугандарынын аты-жөнү ар кандай болгондо туугандык мамилелер тийиштүү кошумча берилген документтер менен далилденет;
- камкордук же көзөмөлдүк фактысын ырастоочу документтер; - адистигинин (кесибинин) бар экени жөнүндө күбөлөндүргөн документтер жана сунуштар.
- аларда болжолдуу жашаган жери боюнча турак жайдын болушун же жашы жеткен жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча катталган, Кыргыз Республикасынын жаранынын аларга убактылуу жашап турууга турак жай берүүгө макулдугун ырастаган документтер.
Эгерде арыз ээси менен жубайы алардын 14 жаштан баштан 18 жаш куракка чейинки жашы жетпеген балдары менен келсе, балдардын Кыргыз Республикасына иммиграциясына жазуу түрүндөгү макулдугу талап кылынат. Документтеги баланын колу нотариалдык күбөлөндүрүлүшү керек.
Эгерде Кыргыз Республикасына ата-энелердин бири гана келсе, аны 18 жаш куракка чейинки балдары коштоп келсе, ал башка жубайынын ал балдардын ата-эне иммигрант менен чогуу жашоосуна каршы эместиги жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арызын бериши керек. Мындай макулдук болбогон учурда ата-эне иммигрант балдарды бул жубайга ыйгаруу жөнүндө тийиштүү мамлекеттин соттук чечимин бериши керек.
б) Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксат алуу үчүн төмөнкү документтер зарыл:
- арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу паспортунун же аны алмаштыруучу документтин көчүрмөсү;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же ага теңдештирилген документтин көчүрмөсү;
- үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө жашаган жеринен маалымкат;
- никелешүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (эгер никеде турса);
- арыз ээсине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жашоо-тиричилик минимумун камсыздоочу, туруктуу легалдуу киреше булагынын болуусун ырастаган маалымкат (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, иш жүргүзүүгө уруксаты, активдер, банктагы эсеп же Кыргыз Республикасынын жаранынын камкордугу жөнүндө маалымат, эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат ж.б.);
- ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттар ("СПИД" борборунун, наркологиялык жана психоневрологиялык диспансерлердин маалымкаттары);
- арыз ээсинде жарандыкты токтотууну күбөлөндүрүүчү документ (аны жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө аймактык паспорттук жана визалык контролдоо бөлүмүнүн корутундусу - Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин жарандыгы жок адамдары үчүн);
- чет өлкөлүк жаран жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында анын соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкат;
- ал эми жарандыгы жок адамдар үчүн - ал Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин жашаган мамлекеттин аймагында анын соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкат;
- аларда болжолдуу жашаган жери боюнча турак жайдын болушун же жашы жеткен жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча катталган, Кыргыз Республикасынын жаранынын аларга убактылуу жашап турууга турак жай берүүгө макулдугун ырастаган документтер;
- арыз ээси ишкананы каттоо жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн берет; окуу жайларында билим алгандар окуу жайы менен контракттын көчүрмөсүн жана окуган жеринен маалымкатты беришет; инвестицияны ишке ашыргандар инвестиция тарткан уюмдун жетекчисинин бул чет өлкөлүк жарандык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө инвестицияларды ишке ашыруусу жөнүндө катын беришет.
Жарандыгы жок адамдар үчүн:
- эркин формада жазылган арыз;
- жашап турууга уруксат;
- 33х43 мм өлчөмүндөгү, кара-ак түстөгү 2 фотосүрөт.
Жашап турууга уруксатты же жарандыгы жок адамдардын күбөлүктөрүн алмаштырууга, колдонуу мөөнөттөрүн узартууга төмөнкү документтердин тизмеги берилет:
- эркин формада жазылган арыз;
- жашап турууга уруксат жана анын көчүрмөсү; - жарандыгы жок адамдын күбөлүгү - жарандыгы жок адамдар үчүн; - чет мамлекеттин жарактуу паспорту - чет өлкөлүк жаран үчүн; - жашап туруу укугун жоготуу жөнүндө ички иштер бөлүмүнүн маалымкаты же жарандыгы жок адамдын күбөлүгү - жашап туруу укугун жоготкон адамдар үчүн же жарандыгы жок адамдын күбөлүгү;
- иштеген жеринен маалымкат; - жашаган жеринен маалымкат; - 33х43 мм өлчөмүндөгү, кара-ак түстөгү 2 фотосүрөт;
- мамлекеттик алымды төлөө жөнүндө квитанция.
Аты-жөнүн, туулган жылын өзгөртүү менен байланышкан жашап туруу укугун алмаштыруу учурунда бул жагдайларды ырастаган документтер берилет.
(3) Мамлекеттик кызматты көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик алым алынат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашоо үчүн туруктуу жана убактылуу уруксатты тариздөө.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- 2016-жылдын 24-октябрындагы №171 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга убактылуу жана туруктуу жашап туруу укуктарын тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобо.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Арызды жана документтерди тизмекке ылайык кабыл алуу
| ЖААЖКПКБ кызматкери берилген бардык тиешелүү документтердин болушун, алардын таризделишинин тууралыгын жана жашап турууга уруксат алуунун конкреттүү негиздемелерине шайкештикке текшерет. Арыз даана толтурулбаган, пункттарда айрым жазуулар болбогон жана оңдоолор болгон учурларда арыз ээси билдирген маалыматтардын анык экендигин текшерүү үчүн кошумча маалымат талап кылууга укуктуу. Текшерүү фактысы, ошондой эле арыз ээсинин кол тамгасынын аныктыгы документтерди кароого кабыл алган жооптуу кызматкердин колу менен арыз бланкында күбөлөндүрүлөт. |
2 | Жашап турууга уруксат боюнча документтерди КР улуттук коопсуздук органдарына макулдашууга жөнөтүү
| Жашап турууга убактылуу уруксат берүү же бербөө жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн документтер КР УКМК жөнөтүлөт. Жашап турууга убактылуу уруксат боюнча макулдашуу жол-жоболору 10 күндүк мөөнөттө каралат. Жашап турууга туруктуу уруксат боюнча макулдашуу жол-жоболору эки айлык мөөнөттө каралат. Жашап турууга убактылуу уруксат берүү же бербөө жөнүндө чечим арызды кароонун жыйынтыктары (текшерүүнүн жана макулдашуунун) боюнча кабыл алынат. |
3. | КРӨ караштуу Мамлекеттик миграция кызматына документтерди кароого жөнөтүү
| Иммигрант статусун алуу үчүн
|
4. | Жашап турууга уруксат жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү жөнүндө чечим кабыл алуу
|
|
5 | Жашап турууга уруксатты жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү
| Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү анын ээсинин чет өлкөдө ким экендигин ырастоочу документ болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамга берилет. Жашап турууга туруктуу уруксат 5 жылдык мөөнөткө , 45 жашка жеткенде – мөөнөтсүз берилет. Жашап турууга убактылуу уруксат 1 жылдык мөөнөткө берилет. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү 2 жылдык мөөнөткө берилет. Жашап турууга уруксат жана жашап турууга күбөлүктөр жарандык маселелер боюнча бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. |
6 | Жашап турууга уруксатты алмаштыруу, жоготуу жана жокко чыгаруу
| Жашап турууга уруксаттын жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн документтери кабыл алуу жарандык маселелер боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Жашап турууга уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө чечим коопсуздук, сот, салык жана башка кызыкдар органдардан түшкөн жашап турууга туруктуу уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө материалдардын негизинде кабыл алынат, жалпыланат жана КРӨ караштуу ММК жөнөтүлөт. |
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо: Арызды жана документтерди мыйзамдарда белгиленген тизмекке ылайык кабыл алуу | ||||
1.1. Арызды кабыл алуу
1.2. Документтерди кабыл алуу
| ЖААЖКПКБ кызматкери | 30 мүнөт
| Паспорт бөлүмүнүн кызматкери берилген бардык тиешелүү документтердин болушун, алардын таризделишинин тууралыгын жана жашап турууга уруксат алуунун конкреттүү негиздемелерине шайкештикке текшерет. Арыз даана толтурулбаган, пункттарда айрым жазуулар болбогон жана оңдоолор болгон учурларда арыз ээси билдирген маалыматтардын анык экендигин текшерүү үчүн кошумча маалымат талап кылууга укуктуу. Текшерүү фактысы, ошондой эле арыз ээсинин кол тамгасынын аныктыгы документтерди кароого кабыл алган жооптуу кызматкердин колу менен арыз бланкында күбөлөндүрүлөт. | - 2016-жылдын 24-октябрындагы №171 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга убактылуу жана туруктуу жашап туруу укуктарын тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобо.
|
1-жол-жобонун жыйынтыгы: документтерди кабыл алуу жана тариздөө | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт | ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
2. Жашап турууга уруксат боюнча документтерди КР УКМК макулдашууга жөнөтүү | ||||
2.1. Документтерди макулдашууга даярдоо жана жөнөтүү
2.2. КР УКМК тарабынан жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксат жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү жөнүндө чечим кабыл алуу
| Жарандык маселелер боюнча бөлүмдүн кызматкери
| 3 күн
Жашап турууга убактылуу уруксат -10 күн
Жашап турууга туруктуу уруксат -2 ай
| 2.1. Коштомо каттарды даярдоо. Материалдарды почта аркылуу жөнөтүү.
Жашап турууга уруксат берүү же бербөө жөнүндө чечим кабыл алынат. - Жашап турууга убактылуу уруксат боюнча документтер 10 күндүк мөөнөттө каралат. - - Жашап турууга туруктуу уруксат боюнча документтер эки айлык мөөнөттө каралат. | - 2016-жылдын 24-октябрындагы №171 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга убактылуу жана туруктуу жашап туруу укуктарын тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобо |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксат жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү жөнүндө чечим кабыл алуу
| ||||
2-жол-жобонун узактыгы: кароо мөөнөтү 10 күн, 2 ай | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
3. КРӨ караштуу ММК документтерди жөнөтүү | ||||
3.1 Макулдашуудан келген документтерди КРӨ караштуу ММК жөнөтүүгө даярдоо
3.2 КРӨ караштуу Мамлекеттик миграция кызматына документтерди кароого жөнөтүү
| ЖААЖКПКБ кызматкери | 20 мүнөт
3 күндүн ичинде | Коштомо каттарды даярдоо. Материалдарды почта аркылуу жөнөтүү. | - 2016-жылдын 24-октябрындагы №171 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга убактылуу жана туруктуу жашап туруу укуктарын тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобо |
3-жол-жобонун жыйынтыгы: КРӨ караштуу ММК документтерди жөнөтүү | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөт, 3 күндүн ичинде | ||||
3-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||
|
|
|
|
|
4. Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алуу | ||||
4.1 КРӨ караштуу ММКда документтерди кароо
4.2 Жашап турууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алуу
4.3. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү жөнүндө чечим кабыл алуу. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү 2 жылдык мөөнөткө берилет.
| КРӨ караштуу ММК
|
| Иммигрант статусун берүү
Жашап турууга туруктуу уруксат 18 жашка толгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында 5 жылдан ашык мыйзамдуу жүргөн төмөнкү чет өлкөлүк жаранга берилет: - белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап турууга уруксат алган адамдарга; - Кыргыз Республикасына кайра келип жаткан, Кыргыз Республикасынын жарандыгы мыйзамда белгиленген тартипте токтотулган адамдарга; - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, бирок Кыргыз Республикасынын жарандыгын албаган, же Кыргыз Республикасынын жарандыгы мыйзамда белгиленген тартипте токтотулган адамдарга; - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, бирок Кыргыз Республикасынын жарандыгын албаган. Иммигрант статусун алууга артыкчылык укуктар менен пайдалануучу чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жоктор Кыргыз Республикасынын аймагында 6 ай тургандан кийин туруктуу жашаганга уруксат алууга арыз берүүгө укуктуу. Жашап турууга убактылуу уруксат 16-жашка толгон чет өлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок адамга төмөнкү учурларда берилет: - Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишмердигин жүргүзүү үчүн; - окуу жайдын жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин суранычы боюнча окуу жайда окуш үчүн; - Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык иш жүргүзүү үчүн. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү чет өлкөдө анын ээсинин ким экендигин билдирүүчү документ болот жана Кыргыз Республикасында жарандыгы жок туруктуу жашаган адамга берилет. | - 2016-жылдын 24-октябрындагы №171 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга убактылуу жана туруктуу жашап туруу укуктарын тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобо |
4-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Респбуликасынын аймагында жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксат жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү жөнүндө чечим кабыл алуу | ||||
4-жол-жобонун узактыгы: | ||||
4-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 5 | ||||
5. Жашап турууга уруксат жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү | ||||
5.1. Жашап турууга уруксатты жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн даярдоо
5.2. Жашап турууга уруксат жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү
| Жарандык маселелер боюнча бөлүмдүн кызматкери | 1-2 күн
10-15 мүнөт | 5.1. Жашап турууга уруксат мамлекеттик жана расмий тилдерде толтурулат. Жашап турууга туруктуу уруксат 5 жылдык мөөнөткө , 45 жашка жеткенде – мөөнөтсүз берилет. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү англис жана мамлекеттик тилдерде толтурулат.
5.2. Жашап турууга уруксат жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү жарандык маселелер боюнча бөлүмдүн кызматкери тарабынан жүргүзүлөт.
| - 2016-жылдын 24-октябрындагы №171 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга убактылуу жана туруктуу жашап туруу укуктарын тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобо |
5-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турууга уруксат жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү
| ||||
5-жол-жобонун узактыгы: | ||||
5-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 6 | ||||
6. Жашап турууга уруксатты алмаштыруу, жоготуу жана жокко чыгаруу | ||||
6.1 Жашап турууга уруксаттын жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтүн узартууга жана алмаштырууга арыз кабыл алуу
6.2. Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын жаңы жашап турууга уруксатын же жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү
6.3. Жашап турууга уруксаттын жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн күчүн жоготуу
6.4. Жашап турууга уруксатты жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн жокко чыгаруу | Жарандык маселелер бөлүмүнүн кызматкерлери | 1 ай
10-15 мүнөт
6.4. 5 күндүн ичинде | Жашап турууга уруксатты жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн узартуу жана алмаштыруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт: -фамилияны өзгөртүлгөндө; -туулган датасы өзгөртүлгөндө; - жазууларда так эместиктер аныкталганда; - жарактуулук мөөнөтү бүткөндө; - пайдаланууга жараксыз болгондо; - жоголгондо.
Жашап турууга уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө чечим коопсуздук, сот, салык жана башка кызыкдар органдардан келген жашап турууга туруктуу уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө материалдардын негизинде кабыл алынат, жалпыланат жана КРӨ караштуу ММК жөнөтүлөт. ММК кароонун жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга тийиштүү чараларды көрүү үчүн Департаментке кабарлама жиберет. Жашап турууга убактылуу уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө материалдар Департаментте каралат. Кароонун жыйынтыгы боюнча жүйөлүү корутунду чыгарылып, аны Департаменттин директору бекитет. Кабыл алынган чечим жөнүндө чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга үч күндүк мөөнөттүн ичинде өзүнүн колун койдуруу менен билдирилет жана чечим кабыл алынгандан кийин 15 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү зарылдыгы жөнүндө кабарлама тапшырылат. Жашап турууга уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө корутунду жана андай чечим кабыл алууга негиз болгон башка материалдар, ошондой эле жашап турууга уруксат өздүк ишке тиркелет. | - 2016-жылдын 24-октябрындагы №171 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга убактылуу жана туруктуу жашап туруу укуктарын тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобо |
6-жол-жобонун жыйынтыгы: Жашап турууга уруксатты алмаштыруу, жоготуу жана жокко чыгаруу | ||||
6-жол-жобонун узактыгы: | ||||
6-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
Жол-жобо №1
Жол-жобо №2
Жол-жобо №3
Процедура №4
Жол-жобо №5
Жол-жобо №6
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
Тиленова А.Э. – КРӨ МКК ЖААКД ЖИЧЖКМБ адиси
Таманбаев Р.К. – КРӨ МКК ЖААКД ЧУКБнын башкы адисинин м.а.