Загрузка документа…
| 26-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
“Кыргыз Республикасынын жарандарын жалпы жарандык паспорттор түрүндө документтештирүү”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 6-главасы, № 50
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жарандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмдөрүнүн (мындан ары текст боюнча – ЖААККПК) кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын калкты тейлөө борборлорунун (мындан ары текст боюнча - КТБ) операторлору тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү:
(а) арызды кабыл алуу жеке кайрылганда 10-20 мүнөт, кезек күтүүнү эске албаганда;
(б) анкета-арызды толтурган датадан тартып жалпы тартипте жалпы жарандык паспортту даярдоо жана берүү - 18 жумуш күн.
(2) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун тариздөө үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- анкета-арыз, ЖААККПК бөлүмдөрүнүн жана/же КТБнын кызматкери тариздейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдөрдү тастыктаган квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт).
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет:
16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспорт тариздөөдө ата-энелердин биринин же жарандын мыйзамдуу өкүлүнүн нотариалдык макулдугу талап кылынат:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк – КБМРде маалымат болбогондо;
- 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин бири же башка мыйзамдуу өкүлү толтурган жана кол койгон арыз (арызда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби көрсөтүлөт);
Эгер арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болуп саналса, 16 жашка толо элек адам үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө анын нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет;
2) 16 жашка толгон адам кайрылганда:
- идентификациялык картасы - 2006-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту же 2017-жылдын ID-картасы (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРда маалымат болбогондо;
3) жалпы жарандык паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:
а) визалык белгилер үчүн барактары бүткөнүнө, колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу:
- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;
б) жеке маалыматтары өзгөргөнүнө же жалпы жарандык паспортто жаңылыш менен жазылган жазуулар аныкталганына байланыштуу:
- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк, никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк, жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат болбогондо;
в) жалпы жарандык паспорт бузулган учурда:
- алмаштырылууга тийиш болгон бузулган жалпы жарандык паспорт.
Арыз ээсинин ким экендигин жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (КБМРда маалыматтар жок болсо) аймактык бөлүнүштүн кызматкери тарабынан мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын негизинде бузулган жалпы жарандык паспортту берүү фактысы текшерилет;
4) арыз ээсинин каалоосу боюнча же виза барактары бүткөнүнө байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспортту алууда жана колдонуу мөөнөтү аяктаган же аяктап бара жаткан жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасы болгондо:
- жалпы жарандык паспорт;
5) жалпы жарандык паспорт жоголгондо:
- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту - КБМРда маалыматтар жок болсо.
КБМРда маалыматтар жок болгон учурда жалпы жарандык паспорттун жоголгондугу жөнүндө дело түзүлөт. Жоголгон жалпы жарандык паспорттун ордуна жаңы жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө арыз 5 жумуш күндүн ичинде каралат.
Жалпы жарандык паспорттун жоголгондугу боюнча делону түзүү жана жүргүзүү тартибин ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама (мындан ары текст боюнча – Нускама);
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы №174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары текст боюнча – Жобо”);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №196 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө” токтому (мындан ары текст боюнча - КРӨнүн 03.04.2017-ж. № 196 токтому);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы № 557 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу” токтому (мындан ары текст боюнча - КРӨнүн 27.07.2004-ж. № 557 токтому);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 787 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтому токтому (мындан ары текст боюнча - КРӨнүн 10.11.2006-ж. № 787).
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун тариздөөгө документтерди кабыл алуу жана текшерүү
| - паспортту тариздөөгө документтер ЖААККПК бөлүмдөрүнүн жана КТБнын кызматкерлери тарабынан кабыл алынат; - документтер мыйзамдарга ылайык толуктугуна, оңдоолордун жана жасалмалоонун белгилеринин болуусуна, колдонуу мөөнөтүнө карата текшерилет. Берилген документтерде жогоруда аталган негиздемелер аныкталган учурда ЖААККПК бөлүмүнүн жана КТБнын жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына дароо билдирилет, 3 нускада акт түзүлөт, анын бирөө бир жумуш күндүн ичинде ЖААККПК бөлүмүнүн жана/же КТБнын жайгашкан жери боюнча ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси - ЖААККПК бөлүмүндө жана/же КТБда калат, үчүнчүсү - арыз ээсине берилет. Оңдоолор жана/же жасалмалоонун белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсине анкета-арызды тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары тарабынан акыркы чечим чыгарылгандан кийин чечилет. - фотосүрөт арыз ээсинин тышкы келбети менен салыштырылып текшерилет, фотосүрөттүн сапатына баа берилет, тышкы өңү-түсү өзгөрсө медициналык маалымкаттын болуусу.
|
2 | Анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жөнөтүү | - анкета-арыз ЖААККПК бөлүмүнүн/КТБнын кызматкери тарабынан толтурулат; -жалпы жарандык паспортту алуу үчүн анкета-арыз электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталы боюнча берилет. Анкета-арыз корголгон электрондук байланыш каналдары аркылуу Мамлекеттик жекелештирүү борборуна электрондук түрдө жиберилет, анкета-арызга тиркелген документтер сканерленип, анкета-арыз менен бирге жөнөтүлөт. |
3 | Жалпы жарандык паспортту берүү | жалпы жарандык паспорт арыз ээсинин же анын мыйзамдуу өкүлүнүн өз колуна берилет. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||
1-жол-жобо: Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун тариздөөгө документтерди кабыл алуу жана текшерүү | ||||||||
1.1. Идентификациялык картаны жана жалпы жарандык паспортту алуу үчүн кайрылган арыз ээсин кабыл алат; 1.2. Документтердин ушул Административдик регламент менен белгиленген тизмекке шайкештигине жана оңдоолордун жана жасалмалоонун болуусуна карата текшерет;. - берилген документтер бардык талаптарга шайкеш келген учурда анкета-арызды “Паспорт” АМСте тариздейт; - эгерде арыз ээси тарабынан берилген документтер тизмекке шайкеш келбесе, документтер тизмекке ылайык берилүүсү сунушталат. - берилген документтерден оңдоолор жана/же жасалмалоонун белгилери аныкталган учурда документтерди кабыл алып жаткан кызматкер бардык иш-аракеттерди токтотот, 3 нускада акт түзөт жана укук коргоо органдарынын же жетекчиликтин акыркы чечимине чейин документтерди кабыл алууну токтотуп турат; - керектүү документтер болбогон же белгиленген талаптарга шайкеш келбеген табылган фактылар жоюлбаган учурда Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортту алууга документтерди тариздөөдөн баш тартат; - эгерде жаран баш тартуунун жазуу түрүндө таризделишин өтүнсө, жарандын арызын берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө кабыл алат, арызды кириш кат-кабарлар каттоо журналында каттайт, жетекчинин кароосуна киргизет; - жетекчинин резолюциясы алынгандан кийин суроо-талапты (арызды) жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген тартипте жана мөөнөттө карайт; - тиешелүү жооптун долбоорун жазуу түрүндө даярдайт жана жетекчиге кол коюуга киргизет; - жоопко жетекчинин колу коюлгандан кийин, аны чыгыш кат-кабарлар каттоо журналына каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почталык дарек боюнча жөнөтөт. | ЖААККПК бөлүмүнүн жана/же КТБнын кызматкери | документтер талапка шайкеш келген учурда 5-10 мүнөт;
| документтерди кабыл алуу же документтерди кабыл алууда баш тартуу жөнүндө чечим
| -Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамы; - Нускама; - Жобо; - КРӨнүн 03.04.2017-ж. № 196 токтому; - КРӨнүн 27.07.2004-ж. № 557 токтому; - КРӨнүн 10.11.2006-ж. № 787. | ||||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: арыз-анкетаны тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу | ||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: максимум 10 мүнөт | ||||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||||||
2-жол-жобо: Анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жөнөтүү | ||||||||
2.1. Анкета – арызды ЖААККПК бөлүмүнүн же КТБ кызматкери өзү толтурат; 2.2. Анкета – арызды толтурууда төмөнкүлөр жүргүзүлөт: - КБМРде жеке идентификациялык номердин негизинде жаранды идентификациялоо; - туруктуу жашаган жеринин болушун “АСБ” АМС аркылуу текшерүү; - “Паспорт” АМСке киргизүү үчүн арыз ээси берген документтердин түп нускалары сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылып берилет; - кызматкер арыз ээсинен анкета-арызга киргизилип жаткан маалыматтардын тууралыгын тактайт жана арыз ээсинин колун койдуруу менен күбөлөндүрөт. Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдардан тышкары, анкета-арызга арыз ээси өз колу менен коюлган электрондук кол тамга алуу үчүн түзүлүш аркылуу кол коёт. Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдын өз колу менен коюлуучу колунун ордуна анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу коюлат. Өз колун коё албаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын өз колу менен коюлуучу колунун ордун ЖААККПК бөлүмүнүн жана/же КТБ кызматкери чийип коёт; - биометриялык маалыматтардын базасы боюнча салыштырып текшерүү үчүн эки колунун сөөмөйлөрүнүн папиллярдык издери сканерленет. Арыз ээсинин колдорунда сөөмөй манжалары (манжасы) жок болсо колдорунда болгон манжаларынын тактарын сканерлөө Кыргыз Республикасынын жарандарын биометриялык каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдорунун манжаларынын тактарын топтоо жүргүзүлөт. Биометриялык маалыматтардын базасы боюнча салыштырып текшерүү 16 жашка толо элек адамдарга жүргүзүлбөйт; - эгерде жаран мурда биометрикалык каттоодон өтпөсө, анда биометрикалык маалыматтарды анкета-арызды тариздөө учурунда тапшырат; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун алууга арыз-анкетаны толтурууда арыз ээсин аты-жөндүн транслитерация эрежелери менен тааныштыруу; - арыз ээсинин бетин фотосүрөткө тартуу. Фотосүрөткө тартуу КТБга караштуу фотосалондо “Инфоком” МИ ыйгарым укуктуу фотосүрөтчүсү же КПКБ бөлүмүнүн кызматкери (“Инфоком” оператору болбосо) тарабынан жүргүзүлөт. 2.3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - “Инфоком” МИ) www.infokom.kg сайтында “Күбөлөндүрүүчү борбор”/”Инфоком МИ КБ регламенти” бөлүмүндө жарыялануучу Күбөлөндүрүү борборунун регламентин сактоонун зарылчылыгы жөнүндө маалымат берет; 2.4. Арыз ээсине “Инфоком” МИ Күбөлөндүрүү борборунун регламентине кошулуу жөнүндө макулдашуунун бланкын кол коюу үчүн берет, бул учурда бул макулдашууга кол коюудан баш тартуу адамды паспорт менен документтештирүү үчүн тоскоолдук жаратпайт. 2.5. Документтерди кабыл алгандыгы тууралуу тил кат берилет. 2.6. Анкета-арыз КТБ кызматкери тарабынан кабыл алынганда жана текшерилгенде анкета-арыз ЭСК аркылуу кол коюлат жана корголгон байланыш каналдары аркылуу ЖААККПК бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу кызматкерине тариздөө жана чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт. 2.7. Анкета-арыз КПКБнын кызматкери тарабынан ЭСК аркылуу таризделген учурда, сканерленген документтер менен бирге корголгон электрондук байланыш каналдары аркылуу, документтери кабыл алуу жөнүндө тил кат берилген учурдан тартып 2 жумуш күндөн кеч эмес даярдоочу-мекемеге жөнөтүлөт (“Инфоком” МИ алдындагы Мамлекеттик жекелештирүү борбору). | ЖААККПК бөлүмүнүн жана/же КТБнын кызматкери | 5 мүнөт | Толтурулган анкета-арыз |
| ||||
2.1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун алмаштырууда анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жөнөтүү | ||||||||
2.1.1. 2.1.1. Жалпы жарандык паспортту алмаштыруу учурунда ушул Регламенттин 3-пунктунан 2-пунктчасында каралган документтер берилет. 2.1.2. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту бузулгандыгына байланыштуу кайрылууда: - арыз ээсинин ким экендигин жана паспорттун маалымдаректерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (КБМРде маалыматтар болбогондо) кызматкер бузулган паспорттун берүү фактысын мурда берилген паспорттун №1 формасынын негизинде текшерет. - текшерүү төмөнкү тартипте жүргүзүлөт: а) белгиленген тартипте суроо-талап таризделет жана бузулган паспортту мурда берген аймактык бөлүнүштөн сканерленген № 1 форманы жана ырастама алуу үчүн корпоративдик почта аркылуу жөнөтүлөт; б) паспортту мурда берген ЖААККПКБ №1 форманы сканерлеп, белгиленген тартипте корпоративдик почта аркылуу ырастама же төгүнгө чыгаруу жөнөтөт; в) ким экендиги ырасталган жана паспорт берүү фактысы аныкталган учурда, арыз ээси белгиленген таптипте документтештирилет; г) арыз ээсинин ким экендигин жана паспорттун маалымдаректерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда, жарандар кошумча төмөнкү документтерди беришет: - бузулгандыгына байланыштуу 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана/же жалпы жарандык паспортту алууга арыз, анда кайда, качан жана кандай жагдайларда паспорт бузулгандыгы көрсөтүлөт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк, никелешүү же нике бузуу жөнүндө күбөлүк, жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, аты-жөнүн алмаштыргандыгы тууралуу күбөлүк – КБМРде маалыматтар болбогондо. д) берилген документтердин жана текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде аймактык бөлүнүштүн жетекчиси бөлүмдүн эки кызматкеринин катышуусунда адамды документтештирүү жөнүндө акт түзөт, акт белгиленген үлгүдөгү журналда катталат. е) эгер кошумча текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурда, бузулган паспортту идентификациялоо мүмкүн болбосо жана КПКБ кызматкерлери берилген документтердин жана маалыматтардын аныктыгынан күмөн болушса, чогултулган документтер коштомо кат менен адамды документтештирүү боюнча акыркы чечим кабыл алуу үчүн Департаментке жөнөтүлөт. 2.1.3. Жалпы жарандык паспорт жоголгонуна байланыштуу кайрылуу: 1) жалпы жарандык паспорт жоголгон учурда КПКБ төмөнкү тартипте Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту жоголгондугу жөнүндө дело түзөт: а) паспорттун жоголгон жагдайлары көрсөтүлгөн жоголгондугуна байланыштуу жалпы жарандык паспорт берүү жөнүндө арызды кабыл алат (арыз жоголгон паспорттун ордуна паспорт берүү арыздарын каттоо журналында катталат); - жоголгон паспорттун ордуна паспорт берүү жөнүндө жарандардын арызындагы маалыматтарды текшерүү төмөнкү жолдор менен жүргүзүлөт: б) №1 формада фотографиялык карточкадагы сүрөттү арыз ээсинин тышкы келбети, паспорттун сериясы, номери жана берүү датасы менен салыштырылат, №1 форманын көчүрмөсү алынат, №1 форманын “кызматтык белгилер” бөлүмүндө жоголгон паспортко “паспорт жоголгон” деген жазуу, паспорттун жоголгондугу жөнүндө делонун датасы жана номери киргизилет, арыз архивдик картотекага жайгаштырылат; в) башка аймактык бөлүнүштө паспортту берген учурда, архивден №1 форманын сканерленген көчүрмөсүн алуу үчүн корпоративдик почта аркылуу суроо-талап жөнөтүлөт. №1 форма болбосо, № 2 форманын негизинде адамды таануу протоколу түзүлөт; г) бардык талап кылынган документтер берилгенде адамды документтештирүү боюнча чечим жөнүндө акт бир жумуш күндүн ичинде чыгарылат. Талап кылынган документтер болбогон жана суроо-талаптарды жөнөтүү зарылчылыгы чыккан учурларда адамды документтештирүү боюнча чечим жөнүндө акт беш жумуш күндүн ичинде чыгарылат. Кошумча материалдар талап кылынган учурларда мөөнөт маалымат алуу мезгилине жараша узартылат. д) фотографиялык карточканы салыштырууда сүрөттөлгөн адамдын окшоштугу аныкталбаса же суроо-талапта көрсөтүлгөн маалыматтардын №1 формада көрсөтүлгөн паспорттун ээси жөнүндө маалыматтар менен дал келбегендиги байкалса, арыз ээсин аныктоого жана айырмачылыктардын себептерин аныктоого кошумча чараларды көрүү үчүн аймактык бөлүнүш суроо-талаптын демилгечисине бул жөнүндө билдирет. ж) аймактык бөлүнүштүн жетекчиси жана бөлүмдүн эки кызматкери тарабынан жоголгон паспортту арыз ээсине берүү тастыкталганда жана ким экендиги аныкталганда, ошондой эле жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча арыз ээсин документтештирүү чечимин кабыл алуу жөнүндө акт түзүлөт; и) жүргүзүлгөн текшерүүдөн кийин арыз ээсине жоголгон паспорттун ордуна паспорт алууга документтер таризделет. Эгерде паспортун жоголгондугу жөнүндө арыз менен кайрылган жаран, жоголгон паспортун таап алса, паспорт ээсинин жазуу түрүндөгү арызынын негизинде жоголгондугу жөнүндө иш боюнча өндүрүш токтотулат, эгер табылган паспортко №1 форма да болсо, анда ал “паспорт табылган” деген белги менен колдонуудагы картотекага жайгаштырылат. Эгерде жоголгон паспорт жаңы паспорт алынгандан кийин табылып калса, жаран табылган паспортту аймактык бөлүнүшкө жок кылуу үчүн тапшырат. Эгерде 3 айдын ичинде арыз ээси келбесе, жоголгондугу тууралуу иш токтотулат, иш архивге алынат, каттоо журналдарында тиешелүү белгилер жүргүзүлөт. Арыз ээси 3 айдан кийин кайра кайрылса, жоголгондугу тууралуу иш жалпы тартипте түзүлөт. |
|
|
|
| ||||
2.2. Жеке маалыматтар өзгөргөнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандыгынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун алуу үчүн анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жөнөтүү | ||||||||
2.2.1. Аты-жөнү өзгөргөндө ИЖН алмашпайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары. 2.2.2. Жыныстык таандыгы өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууда төмөнкүлөрдү берүү керек: - жалпы жарандык паспортту алууга арыз; - алмаштырылып жаткан паспорт; - өзгөрүлгөн гендердик маркер менен туулгандыгы тууралуу күбөлүк, КБМРде маалыматтар болбогондо. 2.2.3. Бетте жасалган пластикалык операцияга байланыштуу (калдарды, тырыктарды алдыруу ж.б.) паспорт алмаштырууда жаран төмөнкүлөрдү берүүсү керек: - жалпы жарандык паспортту алууга арыз; - алмаштырылып жаткан паспорт; - ушул жагдайларды ырастаган тийиштүү медициналык документ. |
|
|
|
| ||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Паспортту даярдоого документтерди кабыл алуу боюнча тил кат берүү | ||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөт | ||||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||||||
2.3. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун тариздөөдө арызды электрондук форматта кабыл алуу | ||||||||
2.3.1. e.gov.kg., portal.srs.kg электрондук порталдарында толтурулган электрондук анкета “Паспорт” АМСке “Электрондук табыштама” статусу менен келет; 2.3.2. ким экендигин ырастоочу сканерленген документтер жана жүктөлгөн фотосүрөт (эгерде фотосүрөт жүктөлбөсө, арыз ээсинин мурдагы фотосүрөтү колдонулат, арыз ээси ЖЖП 6 айдан мурда алган болсо) талапка шайкештикке текшерилет; 2.3.3. арызды толтуруунун тууралыгы жана ага киргизилген маалыматтар сканерленген документтер менен шайкештикке текшерилет; 2.3.4. ЖААККПКБ кызматкери текшерүүдөн кийин келген арызды сактайт, арыз ээсине ЖЖП даярдоого төлөм жүргүзүү зарылдыгы тууралуу смс-билдирүү жөнөтөт жана төлөмдүн жүргүзүлүшүн күтөт. 2.3.5. арыз ээси кызмат көрсөтүү үчүн РСК», «АйылБанк», «Финка», «KICB» банктарынын, «Кыргызпочтасы» МИ электрондук төлөм терминалдары, «Элсом», «Visa», «MasterCard» төлөм карточкалары жана «Terem Pay» төлөм терминалы аркылуу төлөм жүргүзгөндөн кийин электрондук алып жүрүүчүдө “төлөндү” жазуу деген күйүп калат. 2.3.6. электрондук табыштаманы “Ырастоо жана жөнөтүүнү” басып ырастайт. Кызматкер арызды ырастагандан кийин арыз ээсинин өздүк кабинетине паспортту даярдоого арыздын ийгиликтүү берилиши жөнүндө электрондук билдирүү жиберет. | ЖААЖКПКБнын начальниги же кызматкерлери |
| Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүү |
| ||||
3-жол-жобо: Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүү | ||||||||
3.1. Жалпы жарандык паспорт арыз ээсинин же анын мыйзамдуу өкүлүнүн өз колуна берилет. 3.2. Арыз ээсинин мыйзамдуу өкүлү кайрылганда ал ким экендигин ырастаган документин, өкүлдүн ыйгарым укугун тастыктаган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты көрсөтөт. Ким экендигин ырастаган документтин көчүрмөлөрү жана өкүлдүн ишеним катынын көчүрмөсү аймактык бөлүнүштө үч жыл бою сакталат. 3.3. Жаранга жалпы жарандык паспортту берүү учурунда аймактык бөлүнүштүн кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү: - кимдин наамына жалпы жарандык паспорт жасалса, алуучу ошол адам экендигине көзү жетүүсү; - жалпы жарандык паспортко киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү алуучуга сунуштоосу; - алмаштырылууга тийиш паспортту алып, аны мыйзамдарда белгиленген тартипте жараксыз абалга келтирүүсү керек, жалпы жарандык паспортту экинчи жолу берүү учурунан тышкары; 3.4. Арыз ээсинин жоголгондугуна байланыштуу алмаштырылууга жана алып салынууга тийиш паспортун алууга мүмкүн болбосо, жалпы жарандык паспорт арыз ээсине же анын мыйзамдуу өкүлүнө арыз ээсинин КПК бөлүмүнүн жетекчисине жалпы жарандык паспорттун берилиши жөнүндө жазуу түрүндө арыз бергенден кийин берилет, арызда паспорт качан жана кайсы жагдайларда жоголгондугу баяндалат. Паспорттун жоголгондугу тууралуу арыз кириш кат-кабарлар каттоо журналында катталат. 3.5. Жалпы жарандык паспортто өндүрүштүк жараксыздык (механикалык бузук, анын ичинде чип окулбаса) аныкталганда 3 нускада акт түзүлөт. Актынын бир нускасы жалпы жарандык паспорт менен бирге анкета-арыз менен кайра даярдоочу-ишканага кайрадан даярдоо үчүн жөнөтүлөт. Экинчи нускасы акт түзүлгөн жер боюнча аймактык бөлүнүштө калат, үчүнчү нуска арыз ээсине берилет. Жалпы жарандык паспортту кайра даярдоо 3 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт. Кайра даярдалган жалпы жарандык паспорт берилгенден кийин, аймактык бөлүнүштө калган актылар белгиленген тартипте жок кылынат. |
| 10 минут | Выдача общегражданского паспорта гражданина Кыргызской Республики образца 2006 года |
| ||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортту берүү | ||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөт | ||||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№1 жол-жобо
№2 жол-жобо
Процедура №3
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Атанаева Г.Е. – ЖААКД ЖААбдын башчысы
2. Турдубаева Г.Т. – ЖААКД ККМ башкы адиси
3. Таманбаев Р.К.- ЖААКД ЧУКБнын башкы адисинин м.а.