Загрузка документа…
|
| 33-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
“Транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды тастыктоо”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4-главасы, 89-пункт
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жергиликтүү каттоо бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү:
Кезек күтүүнү эске алганда документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 5 мүнөт.
Акыркы жыйынтыкты даярдоого чектелген убакыт - 30 мүнөт.
Кезек күтүүнү эске алганда жыйынтыкты берүүгө чектелген убакыт – 5 мүнөт.
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү: 40 мүнөттөн ашык эмес.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
2.1. Транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды тастыктоо үчүн жарандар төмөнкүлөрдү беришет:
Жеке жактар үчүн:
- белгиленген үлгүдөгү арыз;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта), чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап турууга уруксаты;
- чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын паспорту же ким экендигин ырастоочу башка документи, эгер Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, ошондой эле тийиштүү жарактуу визасы менен анын көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган Транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды тастыктоо үчүн төлөмдүн квитанциясы.
Юридикалык жактар үчүн:
- белгиленген үлгүдөгү арыз;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган Транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды тастыктоо үчүн төлөмдүн квитанциясы;
Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан анын жетекчисинин же уюштуруу документтери менен ыйгарым укук берилген башка адамдын колу жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен ырасталат.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акы төлөнөт, монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы:
- транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды тастыктоочу маалымкатты берүү.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
Кызмат көрсөтүүлөрдүн өндүрүшү төмөнкүдөй жол-жоболордун топтомун камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Жеке жана юридикалык жактардан документтерди кабыл алуу |
|
2. | “Транспорт каражаттарынын регистри”, “Айдоочулук курамдын регистри” автоматташтырылган маалыматтык системаларында транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтардын болушун же жоктугун текшерүү, маалымкатты даярдоо. |
|
3. | Транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды тастыктоочу маалымкатты берүү |
|
3. Транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды берүү жол-жоболорунун өз ара байланышынын блок-схемасы
2-таблица
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||
1-жол-жобо. Документтерди текшерүү | ||||||
1.1. Арыз берген адамдын берилген паспортко шайкештигин текшерүү жана берилген документтердин белгиленген талаптарга шайкештигин текшерүү.
1.2. Юридикалык жактын өкүлүнүн арыз берүүгө ыйгарым укугунун мыйзамдуулугун текшерүү. | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 5 мүнөт
| 1.1. Документтердин шайкештигин аныктоо
1.2. Өкүлдүн ыйгарым укугунун мыйзамдуулугун аныктоо | 1) КР Жарандык кодекси; 2) “Жол кыймылы жөнүндө” КР Мыйзамы; 3) КР Өкмөтүнүн 23.07.2017-ж. №407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” 4) КР Өкмөтүнүн 18.12.2017-ж. № 819 “айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери жөнүндө” токтому | ||
1.3. Зарыл документтер болбогон же алардын мыйзамдардын талаптарына жооп бербегендиги, ошондой эле алардын берилген транспорт каражатына шайкеш эместиги боюнча фактылар аныкталган учурда, жеке же юридикалык жакка жүйөлүү себеп менен транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды берүүдөн баш тартылат. | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 5 мүнөт | Баш тартуу
|
| ||
Жол-жобонун жыйынтыгы: 1) документтерди кабыл алуу, 2) документтерди кабыл алуудан баш тартуу, зарылдыгына карата жазуу формасында 3) арызды кабыл алуу |
|
|
|
| ||
Жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес |
|
|
|
| ||
Жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо. |
|
|
|
| ||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 |
|
|
|
| ||
2-жол-жобо. “Транспорт каражаттарынын регистри”, “Айдоочулук курамдын регистри” автоматташтырылган маалыматтык системаларында транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтардын болушун же жоктугун текшерүү, маалымкатты даярдоо | ||||||
2.1. “Транспорт каражаттарынын регистри”, “Айдоочулук курамдын регистри” автоматташтырылган маалыматтык системаларында транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтардын болушун же жоктугун текшерүү, маалымкатты даярдоо.
| Автотранспорт же айдоочулук күбөлүктөр боюнча адис | 30 мүнөт | 1.1 транспорт каражатынын же айдоочулук күбөлүктүн болушу же жоктугу | 1) КР Жарандык кодекси; 2) “Жол кыймылы жөнүндө” КР Мыйзамы; 3) КР Өкмөтүнүн 23.07.2017-ж. № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” 4) КР Өкмөтүнүн 18.12.2017-ж. № 819 “айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери жөнүндө” токтому | ||
Жол-жобонун жыйынтыгы: “Транспорт каражаттарынын регистри”, “Айдоочулук курамдын регистри” автоматташтырылган маалыматтык системаларында транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтардын болушун же жоктугун текшерүү, маалымкатты даярдоо. |
|
|
|
| ||
Жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөттөн ашык эмес |
|
|
|
| ||
Жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо. |
|
|
|
| ||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 |
|
|
|
| ||
3-жол-жобо. Транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтар маалымкатын берүү
| ||||||
3.1 Транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтар маалымкатын берүү
| Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 5 мүнөт |
|
| ||
Жол-жобонун жыйынтыгы: 1) Транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды берүү
|
|
|
|
| ||
Жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес |
|
|
|
| ||
Жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо. |
|
|
|
| ||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Исираилова Бурул Дуйшонбековна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин финансы-экономикалык иштер, сатып алуулар жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
2. Шералиев Бакытбек Кемелевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аналитикалык иштер, контролдоо, мониторинг, маалымат жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты бөлүмүнүн башкы адиси.