Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ
ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ
БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН
БУЙРУГУ
2021-жылдын 13-январы №1
«Бишкек жылуулук түйүнү» ачык акционердик коомунун 2020-жылга жылуулук энергиясына жана тарамдык сууларга ченемдик техникалык жоготууларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 5-мартындагы № 1/1 буйругу менен бекитилген имараттардын жылуулук энергиясына керектөөлөрүн эсептөө боюнча методикага, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. «Бишкек жылуулук түйүнү» ачык акционердик коомунун 2020-жылга жылуулук энергиясына жана тарамдык сууларга ченемдик техникалык жоготуулары ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин пресс-катчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйрукту жарыяласын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук колдоо бөлүмү:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- күчүнө киргенден тартып үч жумуш күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор | Т.И. Нурбашев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун- энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2021-жылдын _13_ _январы________________ №__1__ буйругуна тиркеме |
“Бишкек жылуулук түйүнү” ачык акционердик коомунун 2020-жылга жылуулук энергиясына жана тарамдык сууларга ченемдик техникалык жоготуулары
К № | Аталышы | Өлчөө бирдиги | 2020-жылга көлөм |
1. | Жылуулук энергиясынын жоготуулары | Гкал | 510 239 |
2. | Тарамдык суунун жоготуулары | тонна | 1 162 706 |