Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ, СУУ ЧАРБА ЖАНА АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2021-жылдын 5-августу № 256
Табигый тоют жерлерине геоботаникалык изилдөө жүргүзүү, ири масштабдуу карталарды түзүү жана геоботаникалык изилдөө материалдарын тууралоо методикасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 13-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 токтому менен бекитилген Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жөнүндөгү Жобонун 22-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1.Табигый тоют жерлерине геоботаникалык изилдөө жүргүзүү, ири масштабдуу карталарды түзүү жана геоботаникалык изилдөөнүн материалдарын тууралоо Методикасы, тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жер, суу ресурстары жана инспекциянын башкармалыгынын башчысы:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жана “Эркин-Тоо” газетасынын расмий сайтында буйруктун жайгаштырылышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин, үч иш күндүн ичинде буйрукту ченемдик укуктук актынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде эки нускадагы копияларын кагаз жана электрондук сактагычта, аталган ченемдик укуктук акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымат үчүн жөнөтсүн.
3.Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4.Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин Жер, суу ресурстары жана инспекция боюнча орун басарына жүктөлсүн.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 27-августундагы N 91 жарыяланды
Министр | А.С. Джаныбеков |