Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2022-жылдын 20-майы № 3
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 11-февралындагы № 1 буйрукка өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 320-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 33-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобонун 15-пунктун жетекчиликке алуу менен,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 11-февралындагы № 1 "Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды жана импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктардын салык отчеттуулугун толтуруу тартибин жана формасын бекитүү тууралуу" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйруктун 1-тиркемесинде:
- "Акциз салыгы" (FORM STI-123-005) 5-тиркемеси жана "Акцизди төлөөдөн бошотулган акциздик товарлар" (FORM STI-123-009) 9-тиркемеси ушул буйрукка карата 1 жана 2-тиркемелерге ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасын толтуруу жана берүү тартибинде:
- төмөнкү мазмундагы 103-1-пункту менен толукталсын:
"103-1. 414-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык сергитүүчү (алкоголсуз) энергетикалык суусундуктарга акциз салыгын эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында бул маалыматтарды чагылдырууда сергитүүчү (алкоголсуз) энергетикалык суусундуктардын саны литр менен көрсөтүлөт;
- 104-пунктундагы "413" цифралар "414" цифралары менен алмаштырылсын;
- 143-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- сергитүүчү (алкоголсуз) энергетикалык суусундуктар үчүн литр менен".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кыйыр салыктар башкармалыгы:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтында ушул буйруктун расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
2) ушул буйрукту күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат үчүн жиберсин;
3) расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин.
3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Ж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык салык органдарына жеткирсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж.Умтуловго жана А.С.Дубанаевге жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.К. Абдувапов |