Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2022-жылдын 11-февралы № 1
Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды жана импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктардын салык отчеттуулугун толтуруу тартибин жана формасын бекитүү тууралуу
(КР Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 20-майындагы № 3 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 320-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 33-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобонун 15-пунктун жетекчиликке алуу менен,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасы (FORM STI-123), аны толтуруу жана берүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын (FORM STI-136), товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө мурда берилген арызды кайра алуу тууралуу кабарлоонун формалары (FORM STI-137), аларды толтуруу жана берүү тартиптери 2-тиркемеге ылайык.
2. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү ушул буйрукту берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды каттоо журналына белгиленген тартипте каттасын.
3. Кыйыр салыктар башкармалыгы:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтында ушул буйруктун расмий жарыяланышын камсыз кылышсын;
2) ушул буйрукту күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн аралыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат үчүн жиберишсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж.Умтуловго жана А.С.Дубанаевге жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы төрагасы | А.К. Абдувапов |
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 11-февралындагы № 1 буйругуна № 1 тиркеме |
FORM STI-123
Кыйыр салыктар боюнча ОТЧЕТ
(КР Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 20-майындагы № 3 буйругунун редакциясына ылайык)
Тиркелген файлды караңыз.
Кыйыр салык боюнча отчеттун формасын толтуруу жана берүү ТАРТИБИ
(КР Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 20-майындагы № 3 буйругунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси) ылайык иштелип чыккан жана Салык кодексинин IX бөлүмүнө ылайык кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасын толтуруу тартибин аныктайт.
2. Кыйыр салыктары боюнча отчет ''Кыйыр салыктар боюнча отчеттун" формасынан (FORM STI-123) (мындан ары - Отчет) жана кошумча нарк салыгы (мындан ары - КНС) жана акциздер боюнча салык милдеттенмесин эсептөө жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү үчүн арналган анын төмөнкү тиркемелеринен турат:
- "Импортко КНС" 1-тиркемеден (FORM STI-123-001);
- "Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын реестри" 2-тиркемеден (FORM STI-123-002);
- "Контролдук баалардын минималдуу деңгээли колдонулуучу товардык позициялардын реестри " 3-тиркемеден (FORM STI-123-003);
- "Кошумча нарк салыгынан бошотулган импорт " 4-тиркемеден (FORM STI-123-004);
- "Акциз салыгы" 5-тиркемеден (FORM STI-123-005);
- "Спирт, алкоголдук жана спирт камтыган продукциялар боюнча операциялар" 6-тиркемеден (FORM STI-123-006);
- "Тамеки продукциясы боюнча операциялар" 7-тиркемеден (FORM STI-123-007);
- "Атайын эсеп (депозит)" 8-тиркемеден (FORM STI-123-008);
- ''Акцизди төлөөдөн бошотулган акциздик товарлар" 9-тиркемеден (FORM STI-123-009);
- Товарлардын импортуна КНС шарттуу эсептөө режими колдонулган товарлардын реестри" (FORM STI-123-010) отчетуна карата 10-тиркемеден.
3. Эгерде, субъект Кыргыз Республикасынын аймагына материалдык ресурстарды импорттобосо Отчет берилбейт.
Эгерде, салык салынуучу субъекттин кайсы бир тиркемени толтуруу үчүн көрсөткүчтөрү жок болсо, мындай тиркеме толтурулбайт жана салык органына берилбейт. Отчетко көрсөткүчтөрү бар тиркемелер гана тиркелет.
Отчетту толтуруу толтурулган тиркемелерден көрсөткүчтөрдү көчүрүү менен башталат жана Отчеттогу көрсөткүчтөрдү эсептөө менен аяктайт.
4. Импорттолгон товарларды толук же жарым-жартылай кайра кайтарууда салык төлөөчү бул тууралуу салыктык катталган орду боюнча салык органына жана Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын аймактык бөлүгүнө (мындан ары - СӨП) товарларды кайра кайтарган датага чейин 15 календарлык күндөн кем эмес мөөнөттө билдирет.
5. Товарлардын жарым-жартылай же толук кайра кайтарылуусу төмөндөгүлөр менен ырасталышы керек:
1) кайра кайтарылуучу товарлар жөнүндө акт (СӨП жана салык органынын өкүлдөрү менен бирге түзүлгөн);
2) келишимдин (контракттын) катышуучулары менен макулдашылган, кайра кайтарылуучу товарларды кайтаруунун себебин, аталышын, санын жана наркын ырастаган документтер;
3) товарларды өткөрүү-кабыл алуу актысы, коштомо кагазы сыяктуу товарларды өткөрүп берүү жөнүндө документтер;
4) товарларды ташуу учурундагы товарды коштоочу документтер.
6. Товарларды эсепке алган айда толук же жарым-жартылай кайра кайтарууда Кыйыр салыктар боюнча отчетто (FORM STI-123) жана Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда (FORM STI-136) кайра кайтарылган товарлардын импорту чагылдырылбайт.
7. Импорттолгон товарларды эсепке алгандан бир ай өткөндөн кийин жарым-жартылай кайра кайтарууда салык төлөөчү такталган Кыйыр салыктар боюнча отчетту (FORM STI-123) жана Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды (FORM STI-136) ушул Тартиптин 5-пунктунда аталган документтердин көчүрмөсүн тиркөө менен салык органына берет.
8. Импорттолгон товарларды эсепке алгандан бир ай өткөндөн кийин толук кайра кайтарууда салык төлөөчү мурда берилген алгачкы Кыйыр салыктар жөнүндө отчетко (FORM STI-123) кошумча такталган Кыйыр салыктар жөнүндө отчетту (FORM STI-123), ошондой эле толук кайра кайтарылган товарлар жөнүндө маалымат чагылдырылган Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө мурда берилген арыздын (FORM STI-136) реквизиттерин көрсөтүү менен Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө мурда берилген арызды кайра сурап алуу жөнүндө билдирүүнү (FORM STI-137) салык органына берет.
9. Отчеттун тиркемелеринин беттериндеги болгон уячалардагы көрсөткүчтөрдүн санынан ашып кеткен учурда, тиркеменин ушундай бети кошумча толтурулат.
10. Отчет салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен салыктык катталган жери боюнча салык органына берилет.
11. Отчеттогу жана анын тиркемелериндеги көрсөткүчтөр математикалык эрежелер боюнча тегеректелип сом менен көрсөтүлөт (50 тыйындан аз көрсөткүчтөрдүн мааниси азыраак жагына тегеректелет, 50 тыйын жана андан ашык көрсөткүчтөр сомго чейин тегеректелет).
12. 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр ушул уячаларда жана тиркемелерде көрсөтүлгөн маалыматтарга окшош болуусу тийиш.
13. Отчеттун жана анын тиркемелеринин датаны камтыган уячаларында дата "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күнү, айы, жылы) форматында көрсөтүлөт. Мисалы "01.01.2022".
14. Электрондук документ түрүндөгү отчет Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берилет.
Отчетту электрондук документ түрүндө берүү салык төлөөчү тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы же электрондук документ жүгүртүү оператору аркылуу жүзөгө ашырылат.
15. Салык салынуучу субъект тарабынан салык органына берилген электрондук документ түрүндөгү Кыйыр салыктар боюнча отчет жана анын тиркемелери ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форматка шайкеш келбеген учурда салык органы тарабынан кабыл алынбайт.
2. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасын толтуруу (FORM STI-123)
1-бөлүм. "Салык төлөөчү жөнүндө маалымат"
16. Отчеттун электрондук түрүн толтурууда 001-уячада 0/1 Отчеттун статусуна ылайык келүүчү маанилердин бири киргизилет:
1) "0" (нөл) - алгачкы;
2) "1" - такталган.
17. 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
18. 103-уячада салык төлөөчүнүн уюмдаштыруучу документтерге ылайык толук аталышы, товарларды импорттогон адамдын паспорту боюнча толук аты-жөнү көрсөтүлөт.
19. 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
20. 107-уячада салык төлөөчүнү каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ИУРК коду көрсөтүлөт.
21. 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө турган жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.
22. 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, айыл, шаарча).
23. 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө турган жеринин дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт.
24. 115-уячада салык төлөөчүнүн телефон номери көрсөтүлөт.
25. 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
26. 201-уячада отчет берилген салык мезгили башталган дата көрсөтүлөт: күн, ай жана жыл. Мисалы: "январь", "2021".
27. 202-уячада отчет берилген салык мезгилинин акыркы күнүнүн датасы көрсөтүлөт: күн, ай жана жыл. Мисалы: "с 01.01.2022 тартып 31.01.2022 чейин".
28. Отчетту толтуруу үчүн алгач Отчеттун салык төлөөчүнүн көрсөткүчтөрү бар тиркемелерин толтуруу зарыл.
Отчетту толтуруу толтурулган тиркемелерден көрсөткүчтөрдү көчүрүү менен башталат жана Отчеттун көрсөткүчтөрүн эсептөө менен аяктайт.
2-бөлүм. "Отчет боюнча маалымат"
29. 050-уячада отчеттук мезгил үчүн Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген (ташып келинүүчү) товарлардын салык салынуучу импортунун жалпы наркы КНСтин суммасын эсепке албастан, көрсөтүлөт.
Бул уячага Отчеттун тиркемесинин (FORM STI-123-001) 199-сабынын чоңдугу алып өтүлөт.
30. 051-уячада Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген (ташып келинүүчү) товарлардын салык салынуучу импорту боюнча, анын ичинде транспорт каражаттарынын импорту (жеке жактар тарабынан ишкердик иштин максаттарында эмес импорттолуучу транспорт каражаттарынан сырткары), товарлардын импорту (лизингдин предметтери), ошондой эле иштетип алма чийки затты кайра иштетүүнүн продуктулары болуп саналган товарлардын импорту боюнча кошуп эсептелген КНСтин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
Бул уячага Отчеттун тиркемесинин (FORM STI-123-001) 199-сабынын чоңдугу көчүрүлөт.
31. 052-уячада КНСтен бошотулган импорттолгон товарлардын жалпы наркы көрсөтүлөт.
Бул уячага Отчеттун тиркемесинин (FORM STI-123-005) 399-сабынын чоңдугу көчүрүлөт.
32. 053-уячада импорттолуучу акциздик товарлар боюнча акциз салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
Бул уячага Отчеттун тиркемесинин (FORM STI-123-005) 420-сабынын чоңдугу алып өтүлөт.
33. 054-уячада акциздерди төлөөдөн бошотулган акциздик товарлардын импортунун наркы көрсөтүлөт.
Бул уячага Отчеттун тиркемесинин (FORM STI-123-009) 920-сабынын чоңдугу көчүрүлөт.
34. 055-уячада товардын импортуна шарттуу эсептелген КНС суммасы көрсөтүлөт.
Бул уячага Отчеттун тиркемесинин (FORM STI-123-010) 8-графасынын чоңдугу которулат.
35. Отчет боюнча төлөнүүчү кыйыр салыктардын суммасы контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонууну эске алуу менен товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарын төлөө жөнүндө арызда (арыздарда) эсептелген кыйыр салыктардын суммасына шайкеш келиши керек.
36. Бул бөлүктөгү берилген тиркемелерге шайкеш келген уячаларга Отчеттун электрондук түрүн толтурууда уячада Отчеттун тиркемелерин берүү белгисине шайкеш келген төмөнкү сандык маанилердин бири көрсөтүлөт:
"0" (нөл) - эгерде тиешелүү тиркеме берилбесе;
"1" - эгерде тиешелүү тиркеме берилсе.
37. 056-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 320-беренесине ылайык Отчетко тиркелген товарлардын импортун ырастаган документтердин же алардын көчүрмөлөрүнүн барактарынын жалпы саны көрсөтүлөт.
Эскертүү: Салык төлөөчү Отчет менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тизмекке ылайык документтерди салык органына берет.
38. Электрондук документ түрүндө берилген отчет электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык салык төлөөчүнүн же салык өкүлүнүн электрондук колтамгасы менен ырасталат.
39. Салык органынын маалымат системасынан кагазга басып чагарылган отчетто QR коду болот.
3. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "Импортко КНС" 1-тиркемесин (FORM STI-123-001) толтуруу
40. 1-тиркеменин 102, 103, 103, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар Отчеттун (FORM STI-123) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтарга окшош болушу керек.
41. 150-сапта лизингдин предметтеринин салык салынуучу импортунун наркы жана кошуп эсептелген КНСтин суммасы көрсөтүлөт.
42. 151-сапта иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктулары болуп саналган товарлардын салык салынуучу импортунун наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан КНСтин суммасы көрсөтүлөт.
43. 152-сапта транспорт каражаттарынын импортунун наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан кошуп эсептелген КНСтин суммасы көрсөтүлөт.
44. 153-сапта контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонууну эске албастан Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген (ташып келинүүчү) товарлардын башка салык салынуучу импортунун наркы жана кошуп эсептелген КНСтин суммасы көрсөтүлөт (150, 151 жана 152-саптардан тышкары).
45. 198-сапта контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонууну эске алуу менен, товарлардын наркынын көбөйүшүнөн жана КНС суммасын эсептөөдөн келип чыккан айырмачылыктардын жыйынтык көрсөткүчү чагылдырылат.
Бул сапка "Контролдук баалардын минималдык деңгээли колдонула турган товардык позициялардын реестри" (FORM STI-123-002-1) деген 3-тиркеменин 11 жана 12-графалардын суммалык жыйынтык көрсөткүчү чагылдырылат.
46. 199-сапта Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген (ташып келинүүчү) товарлардын салык салынуучу импортунун жыйынтык наркы жана алар боюнча кошуп эсептелген 150-198-саптарда көрсөтүлгөн КНСтин суммасы көрсөтүлөт.
199-сапта көрсөтүлгөн кошуп эсептелген КНСтин суммасы Отчеттун 2-тиркемесинин 8-графасында (FORM STI-123-002) жана Отчёттун 3-тиркемесинин (FORM STI-123-002-1) 12-графасында көрсөтүлгөн КНСтин суммасына шайкеш келиши керек.
"Салык салынуучу импорттун наркы" 199-саптын көрсөткүчү Отчеттун 050-уячасына (FORM STI-123) көчүрүлөт.
"КНС суммасы" деген 199-саптын көрсөткүчү Отчёттун (FORM STI-123) 052-уячасына көчүрүлөт.
Салык салынуучу импорттун наркы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 311-беренесине ылайык аныкталат.
Салык салынуучу импортко Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин IX бөлүгүнө ылайык КНСтен бошотулган жана КНС боюнча салык салуу объектиси болуп саналбаган импорт киргизилбейт.
4. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын реестри" 2-тиркемесин (FORM STI-123-002) толтуруу
47. Бул форма товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздар (DOC STI-136) (мындан ары - Арыз) боюнча жалпыланган маалыматты көрсөтүү үчүн арналган.
48. "Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын реестри" (мындан ары - Реестр) 2-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун (FORM STI-123) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка окшош болушу керек.
49. 1-графада саптын катар номери көрсөтүлөт.
50. 2-графада Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо ишке ашырылган экспорттоочу өлкөнүн цифралык коду МК (ИСО 3166) 004-97 Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна ылайык (Россия Федерациясы - 643, Беларусь Республикасы - 112, Казакстан Республикасы - 398, Кыргыз Республикасы - 417) көрсөтүлөт.
51. 3-графада салык төлөөчү берген Арыздын номери көрсөтүлөт.
52. 4-графада салык төлөөчү берген Арыздын датасы көрсөтүлөт.
53. 7-графада Арыздын (DOC STI-136) "Жыйынтык" 19-графасында көрсөтүлгөн акциз салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
54. 8-графада Арыздын (DOC STI-136) "Жыйынтык" 20-графасында көрсөтүлгөн КНСтин суммасы көрсөтүлөт.
55. 10-графада Кыргыз Республикасына импорттолуучу товарлар боюнча чегерилүүгө тийиш КНСтин суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 315-беренесине ылайык импорттолуучу товарлар боюнча чегерилүүгө тийиш КНСтин суммасы көрсөтүлөт.
Бул графа салык салынуучу субъекттер болуп саналбаган субъекттер, б.а. КНС боюнча катталышкан субъекттер тарабынан толтурулбайт.
Акыркы барактын "Реестр боюнча бардыгы" сабынын 7-графасынын жыйынтык мааниси "КНС боюнча отчеттун" 3-тиркемесинин (FORM STI-062-003) салык салынуучу жеткирип берүүлөрдү түзүү үчүн пайдаланылбаган материалдык ресурстарды эсепке албаганда ''Евразия экономикалык бирлигинен" сабынын 10-графасынын маанисине шайкеш келиши керек.
56. 5, 7 жана 8-графалар боюнча "Жыйынтык" сабынын мааниси Реестрдин ар бир барагы боюнча чыгарылышы керек.
5. Кыйыр салыктар боюнча отчёттун "Контролдук баалардын минималдык деңгээли колдонула турган товардык позициялардын реестри" 3-тиркемесин (FORM STI-123-003) толтуруу
57. Бул форма товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардан (FORM STI-136) контролдук баалардын минималдык деңгээли (мындан ары - КБМД) колдонула турган товардык позициялар боюнча маалыматтарды чагылдыруу үчүн арналган.
58. "Контролдук баалардын минималдык деңгээли колдонула турган товардык позициялардын реестри" 3-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчёттун (FORM STI-123) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар менен бирдей болушу керек.
59. 1-графада саптын катар номери көрсөтүлөт.
60. 2-графада КБМД колдонулуучу товардын он орундуу ТЭИ ТНдин он орундуу коду көрсөтүлөт.
61. 3-графада КБМД колдонулуучу товардын аталышы көрсөтүлөт.
62. 4-графада КБМД колдонулуучу товар жөнүндө маалыматтар чагылдырылган товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө тууралуу арыздын (FORM STI-136) сабынын номери көрсөтүлөт.
63. 5 жана 6-графаларда КБМД колдонулуучу товар жөнүндө маалыматтар чагылдырылган товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө тууралуу арыздын (FORM STI-136) номери жана датасы көрсөтүлөт.
64. 7-графада келишимде (контрактта) жана/же товар коштоочу документтерде көрсөтүлгөн товардын бирдиги үчүн иш жүзүндөгү баа көрсөтүлөт. Мында, товарды өлчөө бирдигин ЕАЭБдин ТЭИ ТН коддоруна ылайык өлчөө бирдиги көрсөтүлөт.
Мисалы: Унду ташып келүүдө келишимде жана товар коштоочу документтерде 50 кг салмактагы бир кап үчүн 150 сом көрсөтүлсө, ЕАЭБдин ТЭИ ТН коддоруна ылайык өлчөө бирдиги килограмм болуп саналат, демек 7-графасында 3 сом (150 / 50 = 3 сом) деп көрсөтүү зарыл.
65. 8-графада Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте бекитилген жана расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына, ошондой эле ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана ыйгарым укуктуу салык органынын веб-сайттарында жарыяланган КБМДнын белгиленген өлчөмү көрсөтүлөт.
66. 9-графада 7-графада көрсөтүлгөн товарлардын өлчөө бирдигинде, КБМД колдонула турган товарлардын саны көрсөтүлөт.
67. 10-графада алар үчүн КБМД белгилене турган Товарлардын тизмесине ылайык толтурулуучу ченөө бирдиги көрсөтүлөт.
68. 11-графада КБМД колдонулгандан кийин товардын наркынын айырмасы көрсөтүлөт. Айырманы эсептөө төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт: (8-графанын көрсөткүчү - 7-графанын көрсөткүчү) х 9-графанын көрсөткүчү = 11-графанын көрсөткүчү.
69. 12-графада КБМДны колдонууну эске алуу менен кошумча эсептелген КНСтин суммасы 11-графада көрсөтүлгөн товарлардын наркындагы айырмага карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте көрсөтүлөт.
70. 9, 11 жана 12-графалар боюнча "Жыйынтык" сабынын мааниси суммасын чыгаруу аркылуу көрсөтүлөт.
71. 11 жана 12-графалардын жыйынтык маанилери Отчеттун 1-тиркемесинин (FORM STI-123-001) 198-сабына көчүрүлөт.
6. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "Кошумча нарк салыгынан бошотулган импорт" 4-тиркемесин (FORM STI-123-004) толтуруу
72. Бул форма кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан импорттолуучу товарлар боюнча маалыматтарды көрсөтүү үчүн арналган.
73. 3-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун (FORM STI-123) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка окшош болушу керек.
74. 350-сапта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте гуманитардык жардам жана/же грант катарында ташып келинүүчү товарлардын наркы көрсөтүлөт.
75. 351-сапта эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана эл аралык уюмдар тарабынан расмий колдонуу, ошондой эле дипломатиялык агенттиктер, анын ичинде алардын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан жеке колдонуу үчүн ташып келинген товарлардын наркы көрсөтүлөт.
76. 352-сапта ташып келинген жаратылыш газынын наркы көрсөтүлөт.
77. 353-сапта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмекке ылайык импорттолгон дары каражаттарынын наркы көрсөтүлөт.
78. 354-сапта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмекке ылайык айнек кайнатуучу мешти жана конверторду (феррокуйма мешти) куруу жана реконструкциялоо үчүн атайын товарлардын наркы көрсөтүлөт.
79. 355-сапта ТЭИ ТНге ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмекке ылайык алып келинүүчү асыл-тукум айыл чарба малдарынын жана үрөндүк материалдардын, минералдык жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттарынын наркы көрсөтүлөт.
80. 356-сапта ТЭИ ТНге ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмекке ылайык ташып келинүүчү куралдардын, аскер техникасынын, аскер мүлкүнүн, атайын техниканын жана атайын каражаттардын наркы көрсөтүлөт.
81. 357-сапта импорттолгон электр энергиянын наркы көрсөтүлөт.
82. 358-сапта ККМ реестрине киргизилген контролдук-кассалык машиналардын наркы көрсөтүлөт.
83. 359-сапта эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашырган аба кемелерине май куюу үчүн борттук камдыктар катары май куюучу уюмдар импорттогон реактивдүү отундун наркы көрсөтүлөт.
84. 360-сапта социалдык маанидеги объекттер жөнүндө келишим боюнча импорттогон товарлардын наркы көрсөтүлөт.
85. 398-сапта 360-360-саптарда көрсөтүлбөгөн башка товарлар боюнча товарлардын наркы көрсөтүлөт.
86. 399-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297-299, 301-беренелерине жана/же эл аралык келишимдерге ылайык КНСтен бошотулган импорттун жалпы наркы көрсөтүлөт.
Бул сапка 350-398-саптардын маанилеринин жыйынтык суммасы киргизилет. 399-саптын көрсөткүчү Отчеттун 052-уячасына (FORM STI-123) көчүрүлөт.
7. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "Импортко акциз салыгы боюнча отчет" 5-тиркемесин (FORM STI-123-005) толтуруу
87. Отчеттун 5-тиркемесинин уячаларын (FORM STI-123-004) толтуруу төмөнкү тартипте ишке ашырылат.
88. 5-тиркеменин (FORM STI-123-005) 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун (FORM STI-123) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка окшош болушу керек.
89. "Акциз салыгы" 5-тиркемени (FORM STI-123-005) толтуруу үчүн алгач салык төлөөчүнүн көрсөткүчтөрү бар тиркемелерди толтуруу зарыл.
90. Отчеттун "Акциз салыгы" 5-тиркемесин (FORM STI-123-005) толтуруу толтурулган тиркемелерден көрсөткүчтөрдү көчүрүү менен башталат жана 5-тиркеменин көрсөткүчтөрүн эсептөө менен аяктайт.
91. 401-уячага Отчеттун 6-тиркемесинин (FORM STI-123-005) 6-графасынын жыйынтык сабында көрсөтүлгөн алкоголдук жана спирт камтылган продукцияга кошуп эсептелген акциз салыгынын жыйынтык суммасы көчүрүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда, импорттолуучу алкоголдук продукциянын көлөмүн литр менен көрсөтүү керек.
92. 402-уячага Отчеттун 7-тиркемесинде (FORM STI-123-007) көрсөтүлгөн тамеки продукциясына кошуп эсептелген акциз салыгынын жыйынтык суммасы көчүрүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда, сигареттердин жана сигариллалардын саны миң даанада көрсөтүлөт, сигаралар - даана менен, ысытылуучу тамекиси бар буюмдар жана тамеки камтыган башка буюмдар - килограмм менен, никотин камтыган суюктук - миллилитр менен көрсөтүлөт.
93. 403-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген жогорку температурадагы таш көмүр чайырын чыгаруудан чыккан майга жана башка өнүмдөргө; жыпар жыттуу курамдык бөлүктөрдүн салмагы жыпар жыттуу эмес курамдык бөлүктөрдүн салмагынан жогору болгон ушуга окшош өнүмдөргө: отун катары пайдалануу үчүн бензолго акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда жогорку температурадагы таш көмүр чайырын чыгаруудан чыккан майдын жана башка өнүмдөрдүн; жыпар жыттуу курамдык бөлүктөрдүн салмагы жыпар жыттуу эмес курамдык бөлүктөрдүн салмагынан жогору болгон ушуга окшош өнүмдөрдүн: отун катары пайдалануу үчүн бензолдун көлөмдөрүн тонна менен көрсөтүү керек.
94. 404-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген жаратылыш газ конденсатына: тыгыздыгы 20 ºС 650 кг/мЗ кем эмес, бирок 850 кг/мЗ көп эмес жана салмагы 1,0% дан көп эмес күкүрттү камтыган туруктуу газ конденсатына, башкаларга акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда жаратылыш газ конденсатынын: тыгыздыгы 20 ºС 650 кг/м3 кем эмес, бирок 850 кг/м3 көп эмес жана салмагы 1,0% дан көп эмес күкүрттү камтыган туруктуу газ конденсатынын, башкалардын көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
95. 405-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген чийки мунайга жана битумдуу материалдардан алынган чийки мунай заттарына акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда чийки мунайдын жана битумдүү материалдардан алынган чийки мунай заттарынын көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
96. 406-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген мотор бензиндерине, атайын, жеңил жана орто дистилляттарга; башка бензиндерге жана дистилляттарга акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда мотор бензиндеринин, атайын, жеңил жана орто дистилляттардын; башка бензиндердин жана дистилляттардын көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
97. 407-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген башка мунай заттарына (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы) акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда башка мунай заттарынын (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы) көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
98. 408-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отундун санын тонна менен көрсөтүү керек.
99. 409-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген, ТЭИ ТН 2710 19 290 товардык позициясында классификацияланган дизелдик отунга, газойлдорго, оор дистилляттарга, орто дистилляттарга акциз салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда дизелдик отундун, газойлдун, оор дистилляттардын санын тонна менен көрсөтүү керек.
100. 410-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген мазутка акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда мазуттун санын тонна менен көрсөтүү керек.
101. 411-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген майлоочу майларга, башка майларга акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда майлоочу майлардын, башка майлардын санын тонна менен көрсөтүү керек.
102. 412-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген мунай заттар сыяктуу эле максаттарда колдонулуучу коргошундун кошулмаларынын негизиндеги башка антидетонаторлорго акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда мунай заттар сыяктуу эле максаттарда колдонулуучу коргошундун кошулмаларынын негизиндеги башка антидетонаторлордун санын тонна менен көрсөтүү керек.
103. 413-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген битумдук породалардан алынган мунайды же мунай заттарын камтыган майлоочу майларга кошундуларга акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда битумдук породалардан алынган мунайды же мунай заттарын камтыган майлоочу майларга кошундулардын санын тонна менен көрсөтүү керек.
1031. 414-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык сергитүүчү (алкоголсуз) энергетикалык суусундуктарга акциз салыгын эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында бул маалыматтарды чагылдырууда сергитүүчү (алкоголсуз) энергетикалык суусундуктардын саны литр менен көрсөтүлөт.
104. 420-сапта 401-414-саптарда көрсөтүлгөн акциз салыгын кошуп эсептөөнүн суммаланган жыйынтыгы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасынын жыйынтык маанилери өлчөө бирдигине (даана, миң даана, кг, миллилитр, литр, тонна) ылайык көрсөтүлөт.
105. "Депозит" II бөлүмүнүн 421-423-уячаларын толтуруу иштетип алма негизде акциздик товарларды өндүргөн салык төлөөчү акциз салыгын төлөөдөн бошотулган учурларда, акциздик продукцияларды Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кийин экспорттоо менен, иштетип алма негизде акциздик товарларды өндүрүү үчүн чийки затты импорттогон субъект тарабынан ишке ашырылат.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 331-беренесинин ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик товарларды, анын ичинде аларды иштетип алма негизде өндүргөн жана (же) акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттогон субъект акциз салыгын төлөөчүлөр болушат.
Иштетип алма негизинде акциздик товарларды өндүрүү бөлүгүндө субъекттер акциз салыгын төлөөдөн бошотулган учурда, акциз салыгын төлөөчү болуп иштетип алма чийки заттын ээси саналат.
106. 421-423-уячаларды толтурууда отчеттук айдагы маалыматтарды көрсөтүү керек. 421-уячада отчеттук мезгилдин ичинде депозиттик эсепке төлөнгөн акциз салыгынын суммалары көрсөтүлөт. 422-уячада мурда депозиттик эсепке төлөнгөн, алар боюнча акциздик продукцияны экспорттоону ырастаган документтер берилбеген жана аларды берүү мөөнөтү бүткөн акциздин суммасы көрсөтүлөт. 423-уячада акциздик продукцияны экспорттоону ырастаган тиешелүү документтер берилген отчеттук мезгил боюнча акциздин суммасы көрсөтүлөт.
8. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "Спирт, алкоголдук жана спирт камтылган продукциялар боюнча операциялар" 6-тиркемесин (FORM STI-123-006) толтуруу
107. Кыйыр салыктары боюнча отчеттун "Спирт, алкоголдук жана спирт камтылган продукциялар боюнча операциялар" 6-тиркемесинде (FORM STI-123-006) (мындан ары - 6-тиркеме) Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон алкоголдук жана спирт камтылган ичимдиктер тууралуу маалымат көрсөтүлөт. 6-тиркемени толтуруу төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат.
108. 6-тиркеменин (FORM STI-123-006) 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун (FORM STI-123) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка окшош болушу керек.
109. 1-графада отчеттук мезгилдин ичинде ташып келинген алкоголдук жана спирт камтылган ичимдиктердин түрлөрү көрсөтүлөт.
110. 2-графада импорттолуучу акциздик товарлардын ТЭИТНдин он сандуу кодун көрсөтүү керек.
111. 3-графада ташып келинген алкоголдук продукциянын 1 литриндеги суу кошулбаган этил спиртинде спирттин камтылышын, башкача айтканда көлөмдүү пайыздарда көрсөтүлгөн ичимдиктин күчтүүлүгүн көрсөтүү зарыл.
Мисалы, эгерде ликер арак ичимдигине акциздин колдонуудагы ставкасы күчтүүлүгү спирттин 40 көлөм пайызында болгон 1 литр ичимдик үчүн 120 сомду түзсө, анда күчтүүлүгү спирттин 45 көлөм пайызында болгон ташып келинүүчү ликер арак ичимдиктери, күчтөндүрүлгөн суусундуктар, күчтөндүрүлгөн ширелер жана бальзамдар үчүн акциздин ставкасы 135 сомду (= 120 сом / 40 көлөмдүү пайыз = спирттин 3,0 * 45 көлөм пайызын) түзөт. Ошентип, ликер арак ичимдиктерине, күчтөндүрүлгөн суусундуктарга, күчтөндүрүлгөн ширелерге жана бальзамдарга акциздин ставкасын эсептөө импорттолуучу суусундукта спирттин камтылышына жараша жүргүзүлөт.
112. 4-графада ташып келинүүчү алкоголдук жана спирт камтылган продукциялардын салык салынуучу көлөмүн литр менен көрсөтүү керек.
Эскертүү: "Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-октябрындагы № 269 Мыйзамынын 1-бөлүгүнүн ченемдерине ылайык этил спиртинин (коньяк спиртинен тышкары) импорту төмөнкү учурларда гана жол берилет:
- Кыргыз Республикасында этил спиртин өндүрүүнү токтоткондо же убактылуу токтоткондо;
- республикада өндүрүлүүчү этил спиртинин көлөмү кыскартылганда жана алкоголдук өнөр жай ишканаларынын этил спиртине болгон керектөөлөрүн камсыз кылуу мүмкүн болбогондо;
- Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн этил спиртинин түрлөрү колдонулган алкоголдук продукцияны өндүрүүдө.
113. 5-графада алкоголдук жана спирт камтылган продукциялардын ар бир түрүнө акциз салыгынын колдонулган ставкасы көрсөтүлөт.
114. 6-графада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 43-беренесине ылайык кошуп эсептелген акциз салыгынын суммасын көрсөтүү зарыл. 6-графанын жыйынтык мааниси Кыйыр Отчеттун "Акциз салыгы боюнча отчет" 5-тиркемесинин (FORM STI-123-004) 401-уячасына көчүрүлөт.
9. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "Тамеки продукциясы боюнча операциялар" 7-тиркемесинин формасын (FORM STI-123-007) толтуруу
115. Отчеттун "Тамеки продукциясы боюнча операциялар" 7-тиркемесинде (FORM STI-123-007) (мындан ары - 7-тиркеме) Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон тамеки буюмдары жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. "Тамеки буюмдары боюнча операциялар" 7-тиркеменин (FORM STI-123-007) уячаларын толтуруу төмөнкү тартипте ишке ашырылат.
116. 7-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун (FORM STI-123) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка окшош болушу керек.
117. 1-графада отчеттук мезгил ичинде ташып келинген тамеки буюмдарынын түрлөрү (чыпкалуу сигареттер, чыпкасыз сигареттер жана папирос, сигаралар, сигариллалар, түтүк тамеки, чегүүчү, чайноочу, соргуч тамекилер, кальян тамекилери), тамеки буюмдарын өндүрүү үчүн чийки зат), ысытылган тамеки бар продукциялар (ысытылган тамеки таякчасы (таякча), жылытылган цилиндр түрүндөгү тамеки капсуласы), борпоң түрдөгү жылытылган тамеки, картридждердеги, резервуарлардагы жана электрондук тамекилерде колдонуу үчүн башка идиштердеги никотинди камтыган суюктук, бир корпуста никотин суюктугу бар бир жолу колдонулуучу электрондук никотин жеткирүү системалары, электрондук тамекилер жана ушул сыяктуу жеке электр бууландыргыч аппараттары (никотинди жеткирүүнүн электрондук системалары) көрсөтүлөт.
118. 2-графада импорттолуучу акциздик товарлардын ТЭИ ТН он орундуу коду көрсөтүлөт.
119. 3-графада өлчөө бирдиги көрсөтүлөт (1000 даанада, килограммда, миллилитрде).
120. 4-графада тамеки продукциясынын ар бир түрүнө акциз салыгынын ставкасы көрсөтүлөт.
121. 5-графада алып келинүүчү тамеки продукциясынын салык салынуучу көлөмү көрсөтүлөт.
122. 6-графада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген акциз салыгынын суммасы чагылдырылат. 5 жана 6-графалардын жыйынтык мааниси Отчеттун "Акциздик салык боюнча отчет" 5-тиркемесинин (FORM STI-123-005) 402-уячасына көчүрүлөт.
10. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "Атайын эсеп (депозит)" 8-тиркемесинин формасын (FORM STI-123-008) толтуруу
123. "Атайын эсеп (депозит)" 8-тиркеме (FORM STI-123-008) иштетип алма негизде акциздик товарларды өндүрүүнү ишке ашырган салык төлөөчү акциз салыгын төлөөдөн бошотулган учурларда, акциздик продукцияларды Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кийин экспорттоо менен, иштетип алма негизде акциздик товарларды өндүрүү үчүн чийки затты импорттогон салык төлөөчү тарабынан толтурулат.
124. "Атайын эсеп (депозит)" 8-тиркеменин (FORM STI-123-008) уячаларын толтуруу төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат.
125. 8-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун (FORM STI-123) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка окшош болушу керек.
126. 1-графада катар номери көрсөтүлөт.
127. 2-графада отчеттук мезгилдин ичинде ташып келинген иштетип алма чийки заттын аталышын көрсөтүү зарыл.
128. 3-графада ташып келинген иштетип алма чийки заттын ТЭИТНдин он сандуу кодун көрсөтүү керек.
129. 4-графада ташып келинген иштетип алма чийки заттын санын көрсөтүү керек. Мында, спирт, спирт камтылган суюктуктар, жүзүм суслосу литр, мунай жана мунай продуктылары - тонна менен көрсөтүлөт.
130. 5-графада отчеттук мезгилдин ичинде кайра иштетилген иштетип алма чийки затынын көлөмүн көрсөтүү керек. Көлөм литр (спирт жана жүзүм суслосу үчүн), тонна (чийки мунай жана мунай продуктылары үчүн) менен көрсөтүлөт.
131. 6-графада мурдагы мезгилдердеги калдыктарды эсепке алуу менен, кампадагы иштетип алма чийки заттын жалпы калдыгын көрсөтүү зарыл. Иштетип алма чийки заттын калдыктарын ушул Тартиптин 129-пунктуна ылайык бирдиктер менен көрсөтүү керек.
132. 7-графада иштетип алма чийки заттан өндүрүлгөн жана экспортко жөнөтүлүүгө тийиш акциздик товардын аталышы көрсөтүлөт.
133. 8-графада иштетип алма чийки заттын өндүрүлгөн жана экспортко жөнөтүлүүгө тийиш акциздик товардын саны көрсөтүлөт. Акциздик товардын санын алкоголдук жана спирт камтыган продуктулар үчүн литр жана КММ үчүн тонна менен көрсөтүү керек.
134. 9-графада өлчөө бирдигин көрсөтүү керек.
135. 10-графада акциз салыгынын колдонулуудагы ставкасы көрсөтүлөт.
136. 11-графада депозиттик эсепке киргизүүгө тийиш акциз салыгынын суммасын көрсөтүү керек.
137. 12-графада отчеттук мезгилдин ичинде депозиттик эсепке иш жүзүндө киргизилген акциз салыгынын суммасын көрсөтүү керек. 12-уячанын жыйынтык мааниси Отчеттун "Акциз салыгы боюнча отчет" 5-тиркемесинин (FORM STI-123-004) 421-уячасына көчүрүлөт.
138. 13-графада мурдагы салык мезгилдерде акциздик товарлардын экспортун ырастаган тиешелүү документтерди берүүнүн мөөнөтү келген, бирок документтер берилбеген акциз салыгынын суммасын көрсөтүү зарыл. 13-графанын жыйынтык мааниси Отчеттун "Акциз салыгы боюнча отчет" 5-тиркемесинин (FORM STI-123-005) 422-уячасына көчүрүлөт.
139. 14-графада акциздик товарлардын экспортун ырастаган, салык төлөөчүгө кайтарылууга тийиш болгон тиешелүү документтер берилген акциз салыгынын суммасын көрсөтүү керек. 14-уячанын жыйынтык мааниси Отчеттун "Акциз салыгы боюнча отчет" 5-тиркемесинин (FORM STI-123-005) 423-уячасына көчүрүлөт.
11. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "Акциз салыгы салынууга тийиш эмес акциздик товарлар" 9-тиркемесинин формасын (FORM STI-123-009) толтуруу
140. Отчеттун "Акциз салыгы салынууга тийиш эмес акциздик товарлар" 9-тиркемесинде (FORM STI-123-009) (мындан ары - 9-тиркеме), Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон, акциз салыгы салынууга тийиш эмес акциздик товарлар тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт. 9-тиркеменин (FORM STI-123-009) уячаларын толтуруу төмөнкү тартипте ишке ашырылат.
141. 9-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун (FORM STI-123) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка окшош болушу керек.
142. 1-графада отчеттук салык мезгилинин ичинде импорттолгон жана акциз салыгы салынууга тийиш эмес акциздик товарлардын түрлөрүн көрсөтүү керек.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 347-беренесинин ченемдерине ылайык, акцизди төлөөдөн төмөнкү импорттолуучу товарлар бошотулат:
1) жолдо жүргөн убагында жана аралык токтоо пункттарында жүктөрдү, жол жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташууларды ишке ашырышкан транспорт каражаттарын пайдалануу үчүн зарыл болгон товарлар;
2) "Ички керектөө үчүн товарларды чыгаруу" бажы жол-жобосунан сырткары, Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдары менен белгиленген бажы жол-жоболорунун алкагында бошотулган, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу ташылып өтүүчү товарлар;
3) конфискацияланган, ээси жок баалуулуктар, ошондой эле мурастоо укугу мамлекетке өткөн баалуулуктар;
143. 5-графада акциз салыгы салынууга тийиш эмес импорттолгон акциздик товарлардын санын көрсөтүү зарыл. 5-графаны толтурууда акцизделүүчү товарлардын санын:
- КММ үчүн тонна менен;
- алкоголдук жана спирт камтылган ичимдиктер үчүн литр менен;
- чыпкалуу же чыпкасыз сигареттер, сигариллдер үчүн 1000 даанада;
- сигарлар үчүн даана менен;
- башка тамеки буюмдары үчүн миллилитр же килограмм менен көрсөтүү керек;
- сергитүүчү (алкоголсуз) энергетикалык суусундуктар үчүн литр менен.
144. 6-графада коштоочу документтерге (келишим, инвойс, эсеп-фактура) ылайык акциз салыгы салынууга тийиш акциздик товарлардын наркын көрсөтүү зарыл.
145. "Импорттолгон акциздик товарлардын наркы" 6-графанын жыйынтык мааниси Отчеттун 054-уячасына көчүрүлөт.
12. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "Товарлардын импортуна КНС шарттуу эсептөө режими колдонулган товарлардын реестри" (FORM STI-123-010) 10-тиркемесинин формаларын толтуруу
146. "Товарлардын импортуна КНС шарттуу эсептөө режими колдонулган товарларын реестри" отчетунун 10-тиркемесинде (FORM STI-123-010) (мындан ары - 10-тиркеме) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. 10-тиркеменин (FORM STI-123-010) уячаларын толтуруу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт.
147. 10-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар Отчеттун (FORM STI-123) тийиштүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтарга окшош болушу керек.
148. 1-графасында саптын катар номери көрсөтүлөт.
149. 2-графасында отчеттук салыктык мезгилдин ичинде импорттолгон товардын аталышын көрсөтүү керек.
150. 3-графасында импорттолуучу товарлардын ТЭИ ТН он сандуу кодун көрсөтүү керек.
151. 4-графасында товарларды эсепке алуу күнү көрсөтүлөт.
152. 5-графасында товарлардын өлчөө бирдиги көрсөтүлөт.
153. 6-графасында импорттолгон товарлардын санын көрсөтүү керек.
154. 7-графасында коштоочу документтерге (келишим, инвойс, эсеп-фактура) ылайык товарлардын наркы көрсөтүлөт.
155. 8-графасында товарлардын импортуна КНС шарттуу эсептөө суммасы көрсөтүлөт.
156. 7, 8-графаларында "Жыйынтык" сабынын мааниси кошуу жолу менен толтурулат.
157. "КНС шарттуу эсептөө суммасы" 8-графасынын жыйынды мааниси Отчеттун 055-уячасына которулат.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесине ылайык белгиленген мөөнөттө товарлардын экспорту ырасталбаган учурда депозиттик эсепке төлөнгөн импортко КНС суммасы бюджетке которулат жана салык төлөөчү такталган Отчетту берүүгө милдеттүү, мында салык салынган импорттун наркы жана импортко КНС суммасы ушул Тартиптин 30-пунктуна ылайык Отчеттун 050 жана 051-уячасында көрсөтүлөт.
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 11-февралындагы № 1 буйругуна № 2 тиркеме |
FORM STI-136
Тиркелген файлды караңыз.
Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө АРЫЗ
FORM STI-137
Товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө мурда берилген арызды кайра сурап алуу жөнүндө КАБАРЛОО
Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды толтуруу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 320-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Евразия экономикалык бирлигинде товарларды импорттоо учурунда товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды (мындан ары - Арыз) (FORM STI-136) толтуруу тартибин, ошондой эле аны берүү жана кайра сурап алуу тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте пайдаланылган түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
3. Арыз (FORM STI-136) ЭСК менен электрондук форматта кыйыр салыктар боюнча салык отчету менен бир убакта салык төлөөчүнүн - товарларды сатып алуучунун катталган жери боюнча салык органына берилет.
4. Арыз (FORM STI-136) товарларды ташып келүү жөнүндө жана салык милдеттенмесин эсептөө жөнүндө маалыматтарды толук көрсөтүү үчүн арналган үч бөлүктөн жана анын тиркемесинен турат. Арыздын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүн жана анын тиркемесин салык төлөөчү, экинчи бөлүгүн салык органы толтурат.
5. Арызды электрондук форматта толтурууда - ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген форматта толтурулат.
6. Электрондук түрдөгү Арыз (FORM STI-136) салык отчетторун кабыл алуу жана иштеп чыгуу системасынын жардамы аркылуу берилет.
7. Арыз салык төлөөчү же анын өкүлү тарабынан электрондук түрдө салыктык катталган жери боюнча салык органына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмекте каралган документтерди тиркөө менен берилет.
8. Арызды (FORM STI-136) электрондук форматта берүү учурунда салык салынуучу субъект салык органынын электрондук түрдө Арызды алгандыгы жөнүндө маалыматты алууга укуктуу.
9. Эгерде салык төлөөчүдө төмөнкү электрондук билдирүүлөр болсо, Арызды берген факты таанылат:
- сервистин адистештирилген операторунун ырастамасы (салык төлөөчү тарабынан салык отчету жиберилген убакытты жана датаны камтыган электрондук документ);
- салык кызматынын отчетту алгандыгы жөнүндө ырастамасы (кириш контролунун протоколу).
10. Электрондук түрдө берилген Арызга (FORM STI-136) салыктык башкаруунун маалыматтык системасында каттоо номери ыйгарылат.
11. Арыз (FORM STI-136) салык органы тарабынан электрондук түрдө берилген Арызга салыктык башкаруунун маалыматтык тутуму тарабынан ыйгарылган каттоо номери менен Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздарды каттоо журналында (мындан ары - Журнал) катталат.
12. Бул каттоо номери салык органы тарабынан Арыздын нускаларынын экинчи бөлүмүнө коюлат.
2. Арызды толтуруу
13. Арызды электрондук форматта толтурган учурда 001-уячада отчеттун статусуна ылайык келүүчү маанилердин бири киргизилет: "0" (нөл) - алгачкы, "1" - такталган.
Арызды кайрадан тактаган учурда такталган Арыздын электрондук форматында Арыздын тактоолор киргизилүүчү "номер" жана "дата" графаларында такталган акыркы Арыздын номерин жана датасын көрсөтүү зарыл.
Мисалы: биринчи такталган Арызда алгачкы Арыздын номерин жана датасын көрсөтүү зарыл, экинчи такталган Арызда - биринчи такталган Арыздын номерин жана датасын, үчүнчү такталган Арызда - экинчи такталган Арыздын номерин жана датасын, ошентип ар бир кийинки тактоодо мурунку такталган Арыздын номерин жана датасын көрсөтүү зарыл.
14. "Такталган" белгилерин тандоо учурунда Арызда кийинки графаларды, ошондой эле жогорку сол бурчунда жайгашкан алгачкы Арыздын датасын жана номерин толтуруу зарыл.
15. Импорттолгон товарларды толук же жарым-жартылай кайтарууда салык төлөөчү бул тууралуу салыктык катталган орду боюнча салык органына жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын аймактык бөлүгүнө (мындан ары - СӨП) товарларды кайтарган датага чейин 15 календарлык күндөн кем эмес мөөнөттө билдирет.
16. Товарлардын жарым-жартылай же толук кайра кайтарылуусу төмөндөгүлөр менен ырасталышы керек:
1) кайра кайтарылуучу товарлар жөнүндө акт (СӨП жана салык органынын өкүлдөрү менен бирге түзүлгөн);
2) келишимдин (контракттын) катышуучулары менен макулдашылган, кайра кайтарылуучу товарларды кайтаруунун себебин, аталышын, санын жана наркын ырастаган документтер;
3) товарларды өткөрүү-кабыл алуу актысы, коштомо кагазы сыяктуу товарларды өткөрүп берүү жөнүндө документтер;
4) товарларды ташуу учурундагы товарды коштоочу документтер.
17. Товарларды эсепке алган айда толук же жарым-жартылай кайра кайтарууда Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда (FORM STI-136) жана Кыйыр салыктар боюнча отчетто (FORM STI-123) кайра кайтарылган товарлардын импорту чагылдырылбайт.
18. Импорттолгон товарларды эсепке алгандан бир ай өткөндөн кийин жарым-жартылай кайра кайтарууда салык төлөөчү такталган Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды (FORM STI-136) жана Кыйыр салыктар боюнча отчетту (FORM STI-123) ушул тартиптин 19-1-пунктунда аталган документтердин көчүрмөсүн тиркөө менен салык органына тапшырат. Такталган Арыздын таблицасында төмөнкүдөй жазуу жазылат: "Салык органына мурда берилген жана катталган 20__-жылдын ___- ____________ № ____ арыздын ордуна". Датасы жана номери Арыздын 2-бөлүмүнөн көрсөтүлөт. Арыздын 1-таблицасында жарым-жартылай кайра кайтаруу жөнүндө маалымат көрсөтүлбөстөн көрсөткүчтөрдүн мааниси берилет. Мында Арыздын 1-бөлүмүнүн таблицасынын 1-графасында тийиштүү Арызда көрсөтүлгөн товардык позициянын катар номери көрсөтүлөт.
19. Эгер Арызды тактоо салык милдеттенмелеринин өзгөрүшүнө алып келсе, анда такталган арыз менен бирге салык төлөөчү алгачкы арыз таандык болгон салык мезгили үчүн кыйыр салыктар боюнча такталган отчетту берүүгө милдеттүү.
20. Арыздын ар бир бетинин жогорку оң бурчуна салык төлөөчү тарабынан арыздын номери, анын толтурулган күнү, айы жана жылы коюлат (салык төлөөчүнү ички эсепке алуу үчүн номер).
21. Арыздын "Сатуучу/Сатып алуучу" саптарында салык төлөөчүнүн идентификациялык коду (номери), юридикалык жактын аталышы же жеке ишкердин, жеке жактын аты-жөнү көрсөтүлөт.
22. 1-бөлүмдү толтуруу.
01-сапта (Сатуучу) 02-сапта көрсөтүлгөн Сатып алуучу же сатып алуучунун кызыкчылыгында иш алып барган комиссионер же ишеним берилген өкүл же агент менен келишим (контракт) түзгөн жактын маалымдаректери көрсөтүлөт.
02-сапта (Сатып алуучу) товарларды импорттогон жана салыктык катталган жери боюнча салык органына арыз берген Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн маалымдаректери көрсөтүлөт.
03-сапта Сатуучунун өлкөсүнүн коду, жайгашкан дареги (салыктык катталган жери) көрсөтүлөт. Сатуучунун өлкөсүнүн коду Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна ылайык үч орундуу цифралык мааниден турат.
04-сапта Сатып алуучунун өлкөсүнүн коду, жайгашкан дареги (салыктык катталган жери) көрсөтүлөт. Сатып алуучунун өлкөсүнүн коду Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна ылайык үч орундуу цифралык мааниден турат.
1-бөлүм товарларды Сатып алуучулар, ошондой эле комиссионерлер, ишеним берилген өкүл тарабынан толтурулат.
05-сапта Сатуучу менен Сатып алуучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин (контракттын) номери жана датасы көрсөтүлөт.
Тапшыруу келишими (контракт) же агенттик келишим боюнча товарларды комиссионер, ишеним берилген өкүл же агент аркылуу алууда:
а) "сатуучу" 01-сабында сатып алуучу менен түзүлгөн келишим (контракт) боюнча комиссионер, ишеним берилген өкүл же агент болуп саналган адамга товарларды саткан адам көрсөтүлөт;
б) "сатып алуучу" 02-сабында ушул пункттун "а" пунктчасында көрсөтүлгөн комиссионер, ишеним берилген өкүл же агент менен түзүлгөн келишим (контракт) боюнча комитент, ишеним көрсөтүүчү же принципал болуп саналган адам көрсөтүлөт;
в) 05-сапта ушул пункттун "б" пунктчасында көрсөтүлгөн сатып алуучу менен комиссионердин, ишеним берилген өкүлдүн же агенттин ортосундагы келишимдин (контракттын) маалымдаректери көрсөтүлөт;
г) 06-сапта анын ичинде "д" пунктчасындагы келишим боюнча комиссионер, ишеним берилген өкүл же агент болуп саналган уюмдун толук аталышы (жеке ишкердин аты-жөнү) көрсөтүлөт;
д) 07-сапта ушул пункттун "в" пунктчасында көрсөтүлгөн комиссионер, ишеним берилген өкүл же агент менен ушул пункттун "а" пунктчасында көрсөтүлгөн сатуучунун ортосундагы келишимдин (контракттын) маалымдаректери көрсөтүлөт.
23. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан башка мүчө мамлекеттин аймаганда сатып алынган жана үчүнчү мүчө мамлекеттин аймагында кайра иштетилген иштетип алма чийки заттын кайра иштетилүүчү продукту болуп саналган товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген учурда 2 (эки) арыз толтурулат, мында:
1) товарларды (иштетип алма чийки зат) Сатуучуга жиберилүүчү Арыздын графаларын толтурууда таблицанын 2 жана 6-графаларында тиешелүү түрдө иштетип алма чийки заттын аталышы жана наркы көрсөтүлөт;
2) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарды Сатуучуга жиберилүүчү Арыздын графаларын толтурууда таблицанын 2 жана 6-тилкелеринде тиешелүү түрдө кайра иштетүү продукту болуп саналган товардын аталышы жана иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштардын наркы көрсөтүлөт.
24. Сатуучу менен Сатып алуучунун (комиссионер, ишеним берилген өкүл) ортосунда түзүлгөн келишим (контракт) жок болгон учурда чекене сатып алууда-сатууда Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарларды алгандыгын (же сатып алгандыгын) ырастаган документтин (анын ичинде контролдук-кассалык машиналардын чектери, товардык чектер, сатып алуу актылары) номери жана датасы көрсөтүлөт.
25. Лизинг келишими түзүлгөн учурда Арыздын электрондук версиясын толтурууда уячага отчеттун статусуна ылайык келген төмөнкү маанилердин бири киргизилет:
"0" (нөл) - лизинг келишиминин белгиси белгиленген эмес;
"1" - лизинг келишиминин белгиси белгиленген.
26. Иштетип алма чийки затты кайра иштетүү келишимин түзгөн учурда Арыздын электрондук түрүн толтурууда уячага отчеттун статусуна ылайык келүүчү төмөнкү маанилердин бири киргизилет:
"0" (нөл) - иштетип алма чийки затты кайра иштетүү келишиминин белгиси белгиленген эмес;
"1" - иштетип алма чийки затты кайра иштетүү келишиминин белгиси белгиленген.
27. Жеке ишкер болуп саналбаган жеке жактан товарларды сатып алуу жөнүндө келишим түзгөн учурда, Арыздын электрондук түрүн толтурууда уячага отчеттун тийиштүү статусуна ылайык келүүчү төмөнкү маанилердин бири киргизилет:
"0" (нөл) - сатуучу - юридикалык жак же жеке ишкер;
"1" - сатуучу - жеке жак.
28. Товарларды импорттоо учурунда кыйыр салыктардын суммасын аныктоо үчүн салык төлөөчү тарабынан төмөнкүлөр көрсөтүлүүчү таблица толтурулат:
1) 2-графада - эсеп-фактуранын же транспорттук (товарды коштоочу) документтердин негизиндеги товардын аталышы;
2) 3-графада - БС ТЭИнин бирдиктүү товардык номенклатурасы боюнча товардын коду (10 белги);
3) 4-графада - импорттолгон товарды сатып алууну ырастаган эсеп-фактурада же транспорттук (товарды коштоочу) документте же башка документте көрсөтүлгөн товардын санын өлчөө бирдиги;
4) 5-графада - 4-графада көрсөтүлгөн өлчөө бирдигиндеги товарлардын саны;
5) 6-графада - импорттолгон товарды сатып алууну ырастаган эсеп-фактураларындагы же транспорттук (товарды коштоочу) документтердеги же башка документтеги маалыматтардын негизиндеги товардын (жумуштун) наркы;
6) 7-графада - валютанын коду. Валютанын кодун www.sti.gov.kg сайтында "Салык төлөөчүлөр үчүн маалымат" бөлүмүндө жайгаштырылган "Валютанын коду" маалымдамасына ылайык толтуруу зарыл;
7) 8-графада - импорттолгон товарларды эсепке алуу датасына карата эсеп-фактурада же транспорттук (товарды коштоочу) документтерде көрсөтүлгөн валютага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген сомдун курсу;
8) 9-графада - транспорттук (товарды коштоочу) документтердин сериясы, номери;
9) 10-графада - транспорттук (товарды коштоочу) документтердин датасы;
10) 11-графада - эсеп-фактуранын номери;
11) 12-графада - эсеп-фактуранын датасы;
12) 13-графада - салык төлөөчү тарабынан товар эсепке алынган дата;
13) 14-графада - импорттолгон товардын накталай көрсөтүлгөн көлөмүнө жараша акциздик товарлар боюнча салыктык база. Чыпкалуу же чыпкасыз сигареттин санын көрсөткөн учурда 1000 даанага эселенүү колдонулбастан (акциздин суммасын эсептөө учурунда колдонулуучу) толук саны көрсөтүлөт;
14) 15-графада - Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында КНС боюнча салыктык база. Салыктык база 6 жана 8-графаларды жүргүзүлгөндөй эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдеринин талаптарын эске алуу менен эсептелинет. КНС боюнча салыктык базанын өлчөмүнө 19-графада көрсөтүлгөн акциздик товарлар боюнча акциздердин суммасы кошулат;
15) 16 жана 18-графаларда - акциз жана КНС боюнча колдонулуудагы салыктык ставкалар көрсөтүлөт, 17-графада сызык коюлат. Эгерде, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген товарлар боюнча КНСти жана (же) акцизди төлөөдөн бошотуу каралса, 16-17-18-графаларда "жеңилдик" сөзү жазылат, 19-20-графаларда "0" цифрасы коюлат;
16) 19-графада - 16-графада көрсөтүлгөн колдонулуучу салыктык ставкаларга жараша товарларды Сатып алуучу тарабынан эсептелинген акциздердин суммасы;
17) 20-графада 15-графадагы салык базасына карата 18-графада көрсөтүлгөн колдонулуудагы ставкага жараша эсептелинген КНСтин суммасы көрсөтүлөт.
29. Эгерде, товарларды бир мүчө мамлекеттин аймагынан экинчи мүчө мамлекеттин аймагына ташып өтүүнү ырастаган товардык транспорттук (товарды коштоочу) документте жыйынтык caп болсо, ташып келинүүчү бири-бирине окшош товарлардын жалпы аталыштарын көрсөтүү менен транспорттук (товарды коштоочу) документтин жыйынтыктоочу сабынын маалыматтарын Арыздын бир сабына көчүрүүгө жол берилет.
30. Эгерде, транспорттук (товарды коштоочу) документте акциздик товарлар көрсөтүлсө же ар түрдүү ставкалар боюнча кыйыр салыктар салынуучу же ар түрдүү өлчөө бирдиги бар товарларга тийиштүү көрсөткүчтөр келтирилсе, анда Арызга транспорттук (товарды коштоочу) документтен товарлардын бардык аталыштары (ар бир позициясы) көчүрүлөт.
31. Эгер бири-бирине окшош бир нече товарлар көрсөтүлгөн транспорттук (товарды коштоочу) документте жыйынтыктоочу caп жок болсо, анда товарды коштоочу (транспорттук) документтин ар бир сабында көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр Арызга көчүрүлөт. Мында, Арыздын 9 жана 10-графаларында бир эле транспорттук (товарды коштоочу) документтин маалыматтары көрсөтүлөт.
32. Эгерде, эсеп-фактурада бир нече транспорттук (товарды коштоочу) документтерде көрсөтүлгөн товарлар саналып өтсө, анда Арызга жогоруда баяндалган талаптарды эске алуу менен ар бир транспорттук (товарды коштоочу) документтердин позициялары көчүрүлөт. Мында, Арыздын 11 жана 12-графаларында мындай эсеп-фактураларынын маалыматтары кайталанат.
Эгерде, эсеп-фактураны коюу (жазып берүү) мүчө мамлекеттин мыйзамдарында каралбаса же товарларды сатып алуу мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан ишке ашырылса, Арыздын 1-бөлүмүнүн таблицасынын 4, 6-8, 11 жана 12-графаларында сатуучу тарабынан коюлган (жазып берилген), импорттолгон товардын наркын ырастаган башка документтин маалыматтары көрсөтүлөт.
33. Эгерде, импорттолгон товар жеке ишкер болуп саналбаган жеке адамдан сатып алынса, анда салык төлөөчүнүн идентификациялык кодунун (номеринин) маалымдареги ал болгон учурда көрсөтүлөт.
34. Арыздын 3-бөлүмү толтурулат, анын ичинде төмөнкү учурларда:
1) эгерде, Арыздын 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн Сатуучу тарабынан Арыздын 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн сатып алуучуга товарларды сатуу боюнча жүгүртүүлөр (операциялар) мындай товарлар сатылуучу жер катары Сатуучунун мүчө мамлекетинин аймагы тарабынан таанылбагандыктан, Сатуучунун мүчө мамлекетинин мыйзамдарына ылайык кыйыр салыктарды салуунун объектиси болуп саналбаса. Мында, "Сатуучу (комитент, ишеним көрсөтүүчү, принципиал)" 08-сабында товарларды сатуу учурунда КНСтин 0 пайыз өлчөмүндөгү ставкасы (акциз боюнча бошотуу) колдонулган товарлар аймагынан ташып кетилген мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү көрсөтүлөт. 12-сапта 08 жана 09-саптарда көрсөтүлгөн Сатуучу менен Сатып алуучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин (контрактын) маалымдаректери (келишимдин (контрактын) номери жана датасы, спецификациялардын номерлери жана даталары) көрсөтүлөт.
2) Сатып алуучуга товарды комиссионер, ишеним берилген өкүл же агент аркылуу сатуу учурунда. Мында 12-сапта комиссиянын келишиминин (контрактын), тапшыруу же агент келишиминин (контрактын) маалымдаректери, ал эми 08 жана 09-саптарда - бул келишимдин (контрактын) тараптары көрсөтүлөт.
3) мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттин салык төлөөчүсү менен түзүлгөн келишимдин негизинде бул башка мамлекеттин салык төлөөчүсү (сатып алуучу) тарабынан сатып алынуучу товарларды бир мүчө мамлекеттин аймагынан башка мүчө мамлекеттин аймагына импорттоо учурунда. Мында 08 жана 09-саптарда мамлекетинин аймагына товарлар импорттолгон Сатып алуучу болуп товарларды сатуу учурунда КНСтин 0 пайыз өлчөмүндөгү ставкасы колдонулган (акциздер боюнча бошотуу) товарлар аймагынан экспорттолгон мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү көрсөтүлөт, 10 жана 11-саптарда көрсөтүлгөн адамдар салык төлөөчүсү болуп саналган мамлекеттердин коду көрсөтүлөт. 12-сапта көрсөтүлгөн адамдардын ортосунда түзүлгөн келишимдин маалымдаректери көрсөтүлөт. Мындай учурда 09-саптагы (ошондой эле 1-бөлүктүн 01-сабындагы) "салык төлөөчүнүн идентификациялык кодунун (номеринин)" маалымдареги толтуруу үчүн милдеттүү болуп саналбайт.
35. Товарларды жеткирип берүүгө үчтөн ашык адам катышкан учурларда, салык төлөөчү Тиркемеде Сатуучудан (аймагынан товарлар ташып кетилген жана КНСтин 0 пайыз өлчөмүндөгү ставкасын колдонуунун жана акциздерди төлөөдөн бошотуунун мыйзамдуулугун ырастаган документтердин топтомун салык органына берген мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү) Сатып алуучуга (арыз берген салык төлөөчүгө) чейин товарларды сатуу боюнча (товарлардын ташылышы) бүтүмдөр жөнүндө маалыматтар тиешелүү бүтүмдөрдүн катышуучуларын, ошондой эле келишимдердин маалыматтарын: аталышын (салык төлөөчүнүн идентификациялык коду (номери), өлкөнүн кодун, анын жайгашкан жерин (жашаган жерин), келишимдин (контракттын) номерин жана датасын, спецификациялардын номерлерин жана даталарын көрсөтүү менен көрсөтүлөт.
3. Салык төлөөчүнүн арызын кайра сурап алуусу
36. Салык төлөөчү төмөнкү документтерди берүү учурунда Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды кайра сурап алууга жана иш жүзүндө ташып келинген товарлар боюнча Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө жаңы арызды берүүгө укуктуу:
1) салык төлөөчү-экспорттоочу жана салык төлөөчү-импорттоочу менен макулдашылган саны боюнча талаптарды (кабыл алуу актысы);
2) талаптагыдай эмес сапатын жана (же) комплектелишин ырастаган көз карандысыз экспертизанын корутундусу (акты).
37. Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, салык төлөөчү тарабынан бир эле убакта жаңы Арызды берүү менен, мурда берилген Арызды кайра сурап алуу жолу менен жүргүзүлөт.
38. Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен бир эле убакта салык төлөөчү импорттолгон товарлардын кыйыр салыктар боюнча такталган декларацияны берүүгө милдеттүү.
Ушул пункттун максаттары үчүн импорттолгон товарлардын кыйыр салыктары боюнча такталган декларация болуп импорттолгон товарлардын кыйыр салыктары боюнча ушул өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор кирген мезгил үчүн мурда берилген салык отчетуна өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү учурунда салык төлөөчү болуп саналган адам тарабынан берилген салык отчету саналат.
Мында, кабарлоо боюнча импорттолгон товарлардын кыйыр салыктары боюнча такталган декларация болуп салык органы тарабынан импорттолгон товарлардын кыйыр салыктары боюнча камералдык контролдун жыйынтыктары боюнча бузуулар аныкталган мезгил үчүн мурда берилген салык отчетуна өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү учурунда салык төлөөчү болуп саналган адам тарабынан берилген салык отчету саналат.
39. Салык төлөөчү тарабынан Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызга өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун киргизилишине төмөнкү учурларда жол берилбейт:
1) текшерилүүчү салыктык мезгилде - көчмө салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү мезгилинде;
2) даттанылуучу салыктык мезгилде - көчмө салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө чечимине даттануу берүү жана кароо мөөнөтүнүн мезгилинде.
40. Мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарларды талаптагыдай эмес сапатынан жана (же) комплектелишинен улам мындай товарлар ташып келинген ай аяктаганга чейин кайтаруу ишке ашырылган учурда, импорттолгон товарлардын кыйыр салыктары боюнча декларацияда мындай товарлар боюнча маалыматтар көрсөтүлбөйт.
41. Ушул Тартиптин 39-пунктунда көрсөтүлгөн товарлар кайтарылган учурда мындай товарлар ташып келинген ай аяктагандан кийин мындай товарлар боюнча маалыматтар импорттолгон товарлардын кыйыр салыктары боюнча такталган декларацияда көрсөтүлүүгө тийиш:
1) товарлар талаптагыдай эмес сапатынан жана (же) комплектелишинен же импорттолгон товарлардын баасынын төмөндөшүнөн улам жарым-жартылай кайтарылган учурда салык органына жарым-жартылай кайтарылган товарлар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлбөстөн такталган (мурда берилгендин ордуна) Арыз берилет. Аталган Арыз кагаз жүзүндө (төрт нускада) жана электрондук түрдө, же болбосо салык төлөөчүнүн электрондук колу менен (электрондук-санариптик) электрондук түрдө берилет;
2) маалыматтары мурда берилген Арызда көрсөтүлгөн бардык товарлар талаптагыдай эмес сапатынан жана (же) комплектелишинен улам толук кайтарылган учурда салык органына такталган (мурда берилгендин ордуна) Арыз берилбейт. Салык төлөөчү толук кайтарылган товарлар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн мурда берилген Арыздын маалымдаректери жөнүндө салык органына маалымат берет;
3) талаптагыдай эмес сапатынан жана (же) комплектелишинен улам товарлар жарым-жартылай же толук кайтарылган учурда бул товарлар импорттолгондо мурда төлөнгөн жана чегерүүгө кабыл алынган КНСтин суммасынын ордун толтуруу товарлар кайтарылган салык мезгилинде жүргүзүлөт.
42. Ушул Тартиптин 40-пунктунда көрсөтүлгөн учурда салык төлөөчү Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда ташып келинген товарлар жөнүндө (анын ичинде талаптагыдай эмес сапатынан жана (же) комплектелишинен улам кайтарылган товарлар жөнүндө) маалыматтарды көрсөтүшү керек.
42. Импорттолгон товарлар толук кайтарылган учурда эсепке алынгандан бир ай өткөндөн кийин салык төлөөчү Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө толукталган арызды (FORM STI-136) толтурбастан, салык органына толугу менен кайтарылган товарлар жөнүндө маалыматты чагылдырган мурда берилген Товарларды импорттоого жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын (FORM STI-136) реквизиттерин көрсөтүү менен, Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө мурда берилген арызды кайра сурап алуу жөнүндө билдирүү (FORM STI-137) берет.