Загрузка документа…
Кыргыз республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматынын буйругу
2022-жылдын 21-декабры №35-10/394
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийимдеринин жана буюмдук үлүшүнүн нормаларынын маселелери жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 140-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын Тизмесинин 1-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийимдери жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийимдерин кийүү эрежелери 2-тиркемеге ылайык.
2. Бажы органдарынын кызматкерлери запастар толук пайдаланылганга чейин жана жаңыдан белгиленген формага акырындык менен өткөнгө чейин эски үлгүдөгү формалык кийимдерди жана айырмалоочу белгилерин кийүүгө укуктуу экендиги белгиленсин.
3. Укуктук башкармалык (М. Таштанбеков):
- жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринде киргизүү үчүн жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Маалыматтык технологиялар башкармалыгы (Т. Думанаев) ушул буйрукту МБКнын расмий сайтына жайгаштырсын.
5. Басма сөз катчысы (Г. Чубакова) ушул буйруктун “Эркин-Тоо” гезитине расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
6. Камсыз кылуу бажысы (А.Ишекеев) ушул буйруктан келип чыккан чараларды белгиленген тартипте кабыл алсын.
7. МБКнын 2013-жылдын 20-июнундагы № 5-10/216 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы №72 токтомун ишке ашыруу маселелери жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Иш кагаздарды камсыздоо бөлүмү (А. Токтосун кызы) ушул буйрук менен МБКнын өздүк курамын тааныштырсын.
9. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
10. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022 жылдын 16 декабрындагы № 686 “Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын туусунун жана эмблемасынын сыпаттамасын жана сүрөттөрүн бекитүү жөнүндө” токтому күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | С.С. Исабеков |