Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 19-апрели № 66
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жобосунун 7 пункту жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктары жана мекемелери мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча төмөнкү административдик регламенттери бекитилсин:
- Кесиптик окутууга, кайра окууга, квалификациясын жогорулатууга жолдомо берүү 1-тиркемеге ылайык;
- Эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге жарандарды республикалык бюджеттин эсебинен окутуу (бюджеттик окутуу) 2-тиркемеге ылайык;
- Эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге ишкананын жана жеке каражатынын эсебинен жарандарды окутуу (контракттык/акы төлөнүүчү окуу) 3-тиркемеге ылайык;
- Жумушсуздук боюнча жөлөк пулдарды белгилөө жана төлөп берүү 4-тиркемеге ылайык;
- Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу боюнча программанын алкагында жарандарды убактылуу жумуш орундары менен камсыз кылуу 5-тиркемеге ылайык;
- Жумушсуз катары каттоо жана тийиштүү маалымдама берүү 6-тиркемеге ылайык;
- Ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү 7-тиркемеге ылайык.
2. Санариптик өнүктүрүү жана сатып алууну уюштуруу башкармалыгы:
- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтында расмий жарыялоону камсыз кылсын;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдеги эки нускадагы көчүрмөсүн кагаз жана электрондук түрдө расмий жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 35-36 (3484-3485) жарыяланды
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдеги эки нускадагы көчүрмөсүн маалымат катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2019-жылдын 9-июлунда № 84 “Административдик регламенттерди бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Документтик камсыздоо жана администрациялык колдоо бөлүмү бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аткаруучуларына жана кызыкдар аймактык бөлүмдөрүнө, ведомстволук мекемелерге жеткирсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Министрдин орун басары Ж.А.Полотовага жүктөлсүн.
Министри | К.Б. Базарбаев |