Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 29-апрели № 01-13/113
2023-2028-жылдарга карата Токтогул ГЭСтеринин каскадынын, Таш-Көмүр ГЭСтеринин каскадынын жана Ош шаарынын ЖЭБинин жылуулук тармактары үчүн жылуулук изоляциясынын эскирүү коэффициенттеринин ченемдерин бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жындын 5-мартындагы № 1/1 буйругу менен бекитилген Имараттардын жылуулук энергиялык керектөөсүн эсептөө боюнча Методикасына ылайык, буйрук кылам:
1. 2023-2028-жылдарга карата Токтогул ГЭСтеринин каскадынын, Таш-Көмүр ГЭСтеринин каскадынын жана Ош шаарынын ЖЭБинин жылуулук тармактары үчүн жылуулук изоляциясынын эскирүү коэффициенттеринин ченеми тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин отун, газ жана жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнө:
- бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык, аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук булактарда, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилсин.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 5-майындагы № 37 (3486) саны менен жарыяланды
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин отун, газ жана жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Министрдин м.а., министрдин орун басары |
М.М. Жакыпов |