Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2023-жылдын 22-июну № 01-13/135
Өндүрүштүк кырсыктардан жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча Нускаманы бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамына, «Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 Мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берүү жөнүндө» 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому жана «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Өндүрүштүк кырсыктардан жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча Нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Электр энергетикасындагы мамлекеттик саясат башкармалыгы:
- бул буйрук катталган күндөн тартып үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» 2010-жылдын 26-февралындагы 117 токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо электр энергетикасындагы мамлекеттик саясат башкармалыгына жүктөлсүн.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 23-июнундагы № 50 санында жарыяланды
Министр | Т.Ө. Ибраев |