Загрузка документа…
| № 1-тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 177-Б буйругу менен бекитилген |
Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жободо өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза (мындан ары – экспертиза) жүргүзүү тартиби, экспертизанын корутундусун тариздөөгө коюлган талаптар, өнөр жай коопсуздугу жаатындагы эксперттерге коюлган талаптар, өнөр жай коопсуздугу жаатындагы эксперттерди (мындан ары – эксперттер) аттестациялоо тартиби белгиленген.
2. Ушул Жобо “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган объектилерге (мындан ары – экспертиза объектилери) экспертиза жүргүзүүдө колдонулат.
2. Экспертиза жүргүзүү
3. Экспертиза объектисине карата коюлган өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарга шайкештигин аныктоо максатында экспертиза жүргүзүлөт жана ал эксперттерди тандоодо альтернативдик принциптер, (жалпы мамлекеттик маанидеги объекттерден тышкары) объективдүүлүк, заманбап илим жана техникалык жетишкендиктерди пайдалануу менен жүргүзүлгөн ар тараптуу жана толук иликтөө принциптери менен негизделет.
4. Экспертиза өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын уруксат берүү иш-милдеттери берилген жана мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ченемдик укуктук жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) буйругу менен дайындалган эксперттери жана (же) өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын көндүмдөргө ээ болгон аттестацияланган эксперттери бар адистештирилген уюмдун эксперттери тарабынан жүргүзүлөт жана ушул Жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келет.
5. Экспертиза жүргүзүүнүн мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган жана (же) адистештирилген уюм тапшырыкчыдан долбоордук материалдардын топтомун алган күндөн тартып бир айдан ашпоого тийиш. Мамлекеттик маанидеги жер казынасынын объектилери үчүн - 3 айдын ичинде.
6. Долбоордук материалдар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- долбоордук чечимдер (түшүндүрмө жазуулар, таблицалар, кооптуу чөлкөмдөрдүн эсептери, зарыл болгон негиздемелер жана эсептөөлөр менен кооптуу өндүрүштүк объектти курууда жумуштардын коопсуздугун камсыздоо боюнча, авариялардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча талаптар жана иш-чаралар, графикалык материалдар) долбоордук чечимдердин аткаруучуларынын, долбоордук материалдарды бекиткен жана макулдаган адамдардын колу менен;
- жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн иштердин, инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн натыйжалары жана корутундулары (зарыл болгон учурда);
- курулуштун өзгөчө татаал геологиялык жана гидрогеологиялык шарттарын, сейсмикалык, жер көчкүлөрдү жана башка табигый коркунучтарды эске алуу менен өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негиздүү жана жетиштүү чечимдерм (зарыл болгон учурда);
- колдонулуучу ченемдик-укуктук актылардын жана методикалык адабияттардын тизмеси.
Долбоордук чечимдерге киргизилеген өзгөртүүлөр жана толуктоолор кайра экспертизадан өткөрүлөт. Техникалык түзүлүш жабдуулардын окшош түрлөрү менен алмаштырылган учурда долбоордук документацияга кайра экспертиза жүргүзүлбөйт.
7. Эксперт экспертиза жүргүзүүгө тиешелүү болгон материалдар менен документтердин топтому тапшырыкчы тарабынан берилгенден кийин экспертиза жүргүзүүгө киришет.
8. Экспертиза жүргүзүп жатканда экспертизанын объектисине тиешелүү долбоордук материалдардын толуктугу текшерилет.
3. Экспертизанын корутундусун тариздөө
9. Экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгы болуп корутунду эсептелет, ага экспертизаны жүргүзгөн эксперт (эксперттер) кол коет.
Экспертизанын корутундусу жетекчи тарабынан бекитилет жана ыйгарым укуктуу органдын же адистештирилген уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
10. Ыйгарым укуктуу орган же адистештирилген уюм берилген эксперттик корутундуларды эсептөө жана алардын көчүрмөсүн сактоону камсыздайт.
11. Экспертизанын корутундусу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ыйгарым укуктуу органдын же адистештирилген уюмдун аталышы, өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертизадан өткөрүлүүчү долбоордук документтердин аталышы;
2) киришүү бөлүгү, анын ичине төмөнкүлөр кирет:
- экспертиза жүргүзүүгө негиз;
- адистештирилген уюмдун эксперттери жөнүндө маалыматтар (өнөр жай коопсуздугунун талаптарын билүүсүнүн аттестациялоосу тууралуу маалымат, квалификациялык аттестатынын номери жана датасы, анын жарактуу мөөнөтү); ыйгарым укуктуу органдын эксперттери жөнүндө маалыматтар (ээлеген кызматы);
- долбоордук докуменациянын тапшырыкчы туурасында маалыматтар (уюмдун аталышы);
- долбоордук уюм туурасында маалыматтар (уюмдун аталышы);
- экспертизанын максаты;
3) экспертиза объектисинин кыскача мүнөздөмөсү жана багыты;
4) экспертиза объектисинин өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарга жооп берээрин баалоого негиз болуп берген өнөр жай коопсуздугу жаатындагы укуктук нормативдик актылардын жоболоруна шилтеме кылуу менен, жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжалары, экспертизанын корутундусунун жыйынтыктары.
12. Экспертиза корутундулары экспертиза объекттин өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарга жооп берээри туурасында төмөнкү жыйынтыктардын бирин камтыйт:
- долбоордук чечимдерде бузуулар болбогон учурда “практикалык колдонууга сунушталат” деген корутунду чыгарылат. Ошол эле учурда эксперттер долбоордук чечимдерди андан ары ишке ашыруу үчүн шарттарды коюуга укуктуу. Тапшырыкчы жана (же) долбоордук уюм шарттардын аткарылышы жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга же адистештирилген уюмга берет;
- эгерде аныкталган бузуу кооптуу өндүрүштүк объектте аварияларга, инциденттерге жана жаракаттарга алып келиши мүмкүн болсо, “практикалык колдонууга сунушталбайт” деген корутунду эксперт тарабынан чыгарылат.
13. Адистештирилген уюм ыйгарым укуктуу органга өнөр жай коопсуздугунун экспертизасын жүргүзгөндүгү тууралуу кат жүзүндө кабарлайт, каттоо номерин жана бекитилген күнүн көрсөтүү менен бекитилген экспертизанын корутундусунун көчүрмөсүн жиберет.
4. Экспертке коюлуучу талаптар
14. Эксперт болуп төмөнкүлөргө ээ Кыргыз Республикасынын жараны болушу мүмкүн:
- жогорку техникалык билимге жана кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жаатында иш тажрыйбага;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, экспертиза жүргүзүлүүчү объекттер менен байланышкан кооптуу өндүрүш объекттеринде өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү маселелери боюнча техникалык документтерди билүүгө.
15. Экспертке анын менчиги болгон же башка мыйзамдардын негизинде ал уюм менен эмгек мамилеси бар болсо, ал кооптуу өндүрүш объектисине экспертиза жүргүзүүгө катышууга тыюу салынат.
16. Эксперт төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өнөр жай коопсуздугунун экспертиза объектилеринин өнөр жай коопсуздугунун талаптарына жооп берээрин материалдарды талдоо жолу менен аныктоо, өнөр жай коопсуздугу экспертизасынын корутундусун даярдоо, экспертиза жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдын жана (же) адистештирилген уюмдун жетекчисине бекитүүгө берүүгө;
- экспертизанын корутундусунун жыйынтыктарынын калыстыгын жана негиздүүлүгүн камсыздоо.
5. Адистештирилген уюмдун экспертин аттестациялоо
17. Адистештирилген уюмдун экспертин аттестациялоо объекттер жана (же) ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча тиешелүү эксперттик иштерди жүргүзүү үчүн зарыл болгон анын кесиптик билиминин, теориялык жана практикалык даярдыгынын, тажрыйбасынын, компетенциясынын, экспертиза чөйрөсүндөгү көндүмдөрүнүн жетиштүүлүгүн тастыктоо максатында жүргүзүлөт.
18. Экспертти аттестациялоо ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен түзүлүүчү аттестациялык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так болушу керек.
Экспертке кандидаттын аттестацияланышы жөнүндө чечим аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
19. Экспертти аттестациялоо жол-жобосу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- эксперттикке талапкер тарабынан ушул Жобонун № 1-тиркемесине ылайык аттестацияга арыз жана ага тиркелген документтерди берүү;
- арызды, ага тиркелген документтердин жетиштүүлүгүн жана толуктугун анализдөө, арыз ээсине аттестациялоо мөөнөттөрү жөнүндө билдирүү жөнөтүү;
- квалификациялык экзаменди өткөрүү, экзамендин жыйынтыгы боюнча баа коюу;
- аттестациялоо (аттестациялоодон баш тартуу) мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алуу жана экспертке талапкерге экспертизанын объектисине ылайык келген эксперттик иштин түрү боюнча квалификация ыйгаруу;
- квалификациялык аттестатты тариздөө, каттоо жана экспертке берүү;
- терс чечим кабыл алынганда - себептерин көрсөтүү менен аттестациялоодон баш тартуу жөнүндө экспертке талапкерге жазуу жүзүндө билдирүү.
20. Экспертке талапкер өзү туурасындагы маалыматтардын аныктыгын документалдуу түрдө тастыктайт.
Эгерде жалган маалыматтар аныкталса, экспертке талапкерге аттестациялоодон өтүүгө жол берилбейт.
21. Арызды жана ага тиркелген документтерди талдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан алардын жетиштүү жана толук камтылышын текшерүү максатында жүргүзүлөт.
Документтерди кароо мөөнөтү 15 жумушчу күндөн ашпашы керек.
22. Квалификациялык экзамен төмөнкүдөй эки бөлүктөн турат:
I бөлүк – жазуу түрүндөгү жалпы экзамен;
II бөлүк – жазуу түрүндөгү атайын экзамен.
Экзамендин бардык бөлүктөрү бир убакытта өткөрүлөт.
23. Жазуу түрүндөгү жалпы экзамен (I бөлүк) ченемдик укуктук актыларды, эксперттик корутундунун курамына жана мазмунуна негизги талаптарды билүүсүн текшерүү үчүн суроолорду камтыйт.
24. Жазуу түрүндөгү атайын экзамен (II бөлүк) арыз берилген аттестация тармагына ылайык объекттер жана (же) ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча техникалык жана усулдук документтердин талаптары боюнча суроолорду камтыйт.
25. Экзамендик билеттер кеминде 4 жана 8ден көп эмес арыз берилген аттестация тармагына ылайык суроолордон турат.
Экзамендик билеттердин суроолору экзамендик суроолордун жыйнагынан туш келди тандалып алынат.
Экзамендик суроолордун жыйнагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Экзамендик суроолордун жыйнактары эксперттердин ишинин өзгөчөлүктөрүн толук камтышы керек жана эксперттикке талапкерлердин компетенттүүлүгүн баалоого мүмкүндүк берүүчү суроолорду камтууга тийиш.
26. Квалификациялык экзамендин жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык протокол түзүлөт (экспертке талапкер берген квалификациялык экзамендин жыйынтыгы көрсөтүлөт). Экспертке талапкер квалификациялык экзаменди тапшыруунун жыйынтыктары менен кол коюу менен таанышат.
27. Эксперттикке талапкер экзамендин ар бир бөлүгү боюнча суроолордун 66% кем эмесине жооп берсе, квалификациялык экзаменден өттү деп эсептелет.
28. Квалификациялык экзаменден өтпөй калган (суроолордун 66% дан азына жооп берген) эксперттикке талапкерге үч айдан эрте эмес экзаменди кайра тапшырууга уруксат берилет.
29. Аттестациялоо (аттестациялоодон баш тартуу) жөнүндө чечим квалификациялык экзаменди тапшыруунун жыйынтыктарын анализдөөнүн (аттестациялык комиссиянын жыйынынын протоколунун) жана өнөр жай коопсуздугу боюнча эксперттерге коюлган талаптарга ылайык берилген документтерди кароонун жыйынтыгынын негизинде эксперттин квалификациясын баалоонун негизинде аттестациялык комиссия тарабынан кабыл алынат.
30. Аттестациялык комиссиянын жыйынынын жыйынтыгы ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн протоколдо чагылдырылат.
31. Аттестациялык комиссиянын оң чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган аттестациялык комиссиянын отурумунун протолуна кол коюлгандан тартып беш жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча квалификациялык аттестатты тариздейт, анда аттестация тармагы көрсөтүлөт жана экспертизанын объектиси (объекттери) боюнча өнөр жайлык коопсуздук тармагындагы тийиштүү квалификация (эксперт) ыйгарылат.
Квалификациялык аттестат 3 жыл жарактуу.
32. Аттестациялык комиссиянын аттестациялоодон баш тартуу жөнүндө чечими ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
33. Экспертке талапкер квалификациялык аттестаттын жарактуу мөөнөтү бүтө электе кошумча тармак боюнча аттестациядан өтсө, ага жаңы өзүнчө номери бар квалификациялык аттестат берилет.
34. Колдонуу мөөнөтү бүтө элек квалификациялык аттестат жоголгон же бузулган учурда ыйгарым укуктуу орган аттестацияланган эксперттин арызы боюнча “Дубликат” деген белги коюлган жаңы квалификациялык аттестат берет.
35. Кайрадан аттестациялоодо (аттестаттын жарактуу мөнөтү бүткөндөн кийин) эксперт ушул главада бекитилген тартипте аттестациядан өтөт.
36. Кайра аттестациядан өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу орган экспертке 3 жылдык мөөнөткө жаңы квалификациялык аттестат берет.
37. Квалификациялык аттестат ал берилген мөөнөт аяктаган учурдан тартып күчүн жоготот. Квалификациялык аттестат мөөнөтү бүткөнгө чейин төмөнкү учурларда жараксыз деп таанылат:
- эксперттин аттестация тармагына байланыштуу мыйзам бузуу фактылары бар болсо;
- квалификациялык аттестаты жайылтылган тармагындагы эксперттин жумушунда олуттуу тыныгуу (бир жылдан ашуун) аныкталган болсо.
38. Квалификациялык аттестаттын колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди аттестациялык комиссия документтерди карап чыккандан кийин төмөнкү учурларда кабыл алат:
- квалификациялык аттестаттан өз ыктыяры менен баш тартса;
- өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы боюнча иштерди жүргүзүүгө медициналык каршы көрсөтмөлөр болгон жагдайлардын келип чыгышы;
- соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- эксперт бир жылдан ашуун убакыт бою экспертиза жүргүзүүгө тартылбаса.
39. Квалификациялык аттестаттын колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим экспертке жөнөтүлөт.
| Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого № 1-тиркеме |
| Форма |
АРЫЗ
_____________________________________________________________________ (арыз берүүчүнүн аты-жөнү) _____________________________________________________________________ (юридикалык дареги, почта дареги, телефон, факс, е-mail)
Экспертизанын төмөндөгү объекттери боюнча өнөр жай коопсуздугу тармагындагы эксперттик квалификациясын алуу үчүн аттестация өткөрүүнү
____________________________________________________________________ өтүнөт. (ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
Жеке жактын ИСН __________________________________________________________ ___________________________________________________________________________ (паспорттук маалыматтары: паспорттун № жана сериясы, ким жана качан берген; жашаган жери)
Тиркеме: - билимин тастыктаган документтердин көчүрмөсү; - күбөлүктөрдүн көчүрмөсү; - паспорттун көчүрмөсү; - эмгек китепчесинин көчүрмөсү - эки түстүү сүрөт (3х4 см).
________________________ (арыз берүүчүнүн колу) |
| Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого № 2-тиркеме |
| Форма |
Экзамендик комиссиянын жыйынынын
№ ____________ протоколу
_______________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
_________________ (дата)
Комиссиянын курамы: Комиссиянын төрагасы: _______________________________________________ Комиссиянын мүчөлөрү: _______________________________________________ ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________ шайкештикти баалоону (шайкештикти баалоо түрүн көрсөтүү керек) экспертке талапкерлер арасында квалификациялык экзамен өткөрдү ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________ (тармактык спецификаны көрсөтүү, мисалы: мунай жана газ өнөр жайы) |
№ | Экспертке талапкердин аты-жөнү | Кызматы | Уюму | Аттестация тармагы | Квалификация деңгээли (эксперт) | Экзамендин жыйынтыгы (өттү/ өткөн жок) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
Комиссиянын төрагасы _______________________________________
(колу)
Комиссия мүчөлөрү ________________________________________
________________________________________
________________________________________
________________________________________
(колдору)
| Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого № 3-тиркеме |
| Форма |
Аттестациялык комиссиянын жыйынынын
№_______________ протоколу
____________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
_________________ (дата)
Комиссиянын курамы: Комиссиянын төрагасы: _______________________________________________ Комиссиянын мүчөлөрү: _______________________________________________ ___________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________ шайкештикти баалоочу (шайкештикти баалоо түрүн көрсөтүү керек) экспертке талапкерлердин шайкештигин баалады ___________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________ (тармактык спецификаны көрсөтүү, мисалы: мунай же газ өнөр жайы)
|
№ | Экспертке талапкердин аты-жөнү | Кызматы | Уюму | Аттестация тармагы | Квалификация деңгээли (эксперт) | Күбөлүгүнүн № |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
Комиссиянын төрагасы _______________________________________
(колу)
Комиссия мүчөлөрү ________________________________________
________________________________________
________________________________________
________________________________________
(колдору)
| Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого № 4-тиркеме |
| Форма |
(сырткы бети)
Өнөр жай коопсуздугу тармагындагы шайкештикти баалоо
__________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
№ ХХXХ
Эксперттин квалификациялык аттестаты
№ХХХХ
Сүрөт
| _______________________________ (фамилиясы) _______________________________ (аты) _______________________________ (атасынын аты) _______________________________ эксперттин ИСН |
(арткы бети)
Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык аттестациядан өткөрүлдү ___________________________________________________________________________ (шайкештикти баалоо түрү жана тармактык адистиги көрсөтүлөт)
№ _____ квалификациялык аттестаттын колдонуу мөөнөтү (20__-ж. “___” ______ №___) протоколго ылайык 20___-ж. “___” ________________________ чейин.
Аттестация тармагы: __________________________________ ___________________________________________________ ___________________________________________________ (аттестация тармагы көрсөтүлөт)
Аттестациялык комиссиянын төрагасы _________________ ____________ (аты-жөнү) (колу) Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси _________________ ____________ (аты-жөнү) (колу) М.О. | |