Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ
ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ КЫЗМАТЫ
БУЙРУК
2023-жылдын 18-июлу № 399
«Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана режимдик талаптар белгиленген ага чектеш аймактарда жүргөн адамдарды, алардын буюмдарын, транспорттук каражаттарын карап чыгуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» №115 токтомун аткаруу максатында, 2021-жылдын 21-июнундагы №33 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы жөнүндө» жобонун 17-пунктун жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана режимдик талаптар белгиленген ага чектеш аймактарда жүргөн адамдарды, алардын буюмдарын, транспорттук каражаттарын карап чыгуунун тартиби жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №1,2,3,8,10,14,16,19,21,23,24,25,27,31,50 жана 53 мекемелеринин начальниктери өздүк курамдын жогоруда аталган нускаманы окуп-үйрөнүүлөрүн камсыз кылышсын.
3. ЖАКтын Финансы-чарбалык башкы башкармалыгынын начальниги бекитилип жаткан нускаманын керектүү сандагы нускаларын даярдоо (типографиялык ыкма менен) чараларын көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2018-жылдын 18-декабрындагы «Режимдик талаптар белгиленген жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана ага четкеш башка аймактарда жүргөн, адамдарды, алардын буюмдарын транспорттук каражаттарын, карап чыгуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө» №581 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө ЖАктын Ыкчам-режимдик башкы башкармалыгынын начальнигине жүктөлсүн.
Төрага и/к генерал-майору |
А. Эгембердиев |