Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 24-июлу № 112
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10 - февралындагы № 85 токтому менен бекитилген, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине) киргизилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтомунун 2-пунктуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары – Министрлик) жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө жобонун 12-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10- февралындагы № 85 токтому менен бекитилген, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине) киргизилген, Министрлик тарабынан көрсөтүлүүчү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү административдик регламенттери бекитилсин:
- “16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо Министрликтин аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө жобонун 3-глава, 18-пункту) 1-тиркемеге ылайык;
- 11-иш күнүнөн баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүү Министрликтин аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө жобонун 3-глава, 20-пункту) 2-тиркемеге ылайык;
- Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүү Министрликтин аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө жобонун 3-глава, 21-пункту) 3-тиркемеге ылайык.
2. Санариптик өнүктүрүү жана сатып алууну уюштуруу башкармалыгы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” № 117 токтомуна ылайык “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб сайтына расмий жарыялоону камсыз кылсын.
3. Министрликтин аймактык бөлүмдөрү:
- жогоруда көрсөтүлгөн административдик регламентке ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштурсун;
- Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жооптуу кызмакерлерине жогоруда аталган административдик регламенттерди сактоо боюнча жеке жоопкерчилик белгиленсин.
4. Документтик камсыздоо жана административдик колдоо бөлүмү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинин эмгек боюнча чечимдерди даярдоо жана активдүү чараларды өнүктүрүү башкармалыгы менен бирдикте:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилде, кагаз жана электрондук түрдө, жарыялоо булактарын белгилөө менен укуктук ченемдик актылардын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
5. Документтик камсыздоо жана административдик колдоо бөлүмү бул буйрукту Министрликтин мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү жооптуу түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана кызматкерлерине жеткирсин.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары Ж.А.Полотовага жүктөлсүн.
Министрдин милдеттерин убактылуу аткаруучу | Н.С. Базарбаев |