Загрузка документа…
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Эмгек, социалдык камсыздоо
жана миграция министрлигинин
2023-жылдын “24” июлундагы
№ 112 буйругу менен
БЕКИТИЛДИ
“16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестринин (тизмеси) 3-глава, 18-пункту)
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнун административдик регламенти
1.Жалпы жоболор
1. “16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктары (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-июлундагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык) “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык келет.
3. Тейлөө стандарттарына белгиленген негизги параметрлер:
Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: арыз келип түшкөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде.
Мамлекеттик кызматты алуучулар - Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары болгон;
- тарыхый мекенине кайтып келген жана "кайрылман" статусун алган этностук кыргыздардын;
- эгерде алар менен жөлөкпулдарды берүү чөйрөсүндө эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген өлкөлөрдүн жарандары болуп саналса, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандардын он алты жашка чейинки балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр.
3). Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
№ | “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөө үчүн зарыл болгон маалыматтардын/документтердин/ маалым каттардын тизмеги | Маалыматтарды/документтерди берүү форматы |
| |||||
"Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик opгандардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларына | Арыз ээси тарабынан берилүүчү документ/маалым кат |
| ||||||
1 |
|
√
√ | √ √ МСда маалыматтар жок болгон учурда*
√
√ |
| ||||
| ||||||||
| ||||||||
| ||||||||
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөө үчүн кошумча документтер |
| |||||||
1 | Кайрылмандын күбөлүгү - кайрылман же анын үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттик жөлөкпулга кайрылган учурларда | √ |
| |||||
2 | Жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адамга камкорчу/көзөмөлчү дайындоо тууралуу соттун чечими - арыз камкорчу/көзөмөлчү тарабынан берилген учурларда | √ |
| |||||
3 | Жарандык мыйзамдардын талаптары боюнча таризделген ишеним кат - арыз ишеним көрсөтүлгөн жак тарабынан берилген учурларда | √ |
| |||||
4 | Никеге туруу/ажырашуу тууралуу күбөлүк/маалымат же никеге туруу/ажырашуу тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө - арыз ээси тууралуу маалыматтар бала төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн маалыматтарына дал келбеген учурларда | √ | √ МСда маалыматтар жок болгон учурда* |
| ||||
5 | Банктык реквизиттер – “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучунун банктык эсебине которулууга тийиш болгон учурларда | √ |
| |||||
6 | “Жалгыз бой эне” расмий статусу бар аял "үй бүлөгө көмөк'' - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул үчүн кайрылган учурда 9 формасындагы маалым кат | √ |
| |||||
7 | Жашай туруу укугу –“үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуу үчүн жөлөкпул берүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген өлкөлөрдүн жарандары болгон Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар кайрылган учурда | √ | √ МСда маалыматтар жок болгон учурда* |
| ||||
8 | Жумушсуз катары каттоого тургандыгы жөнүндө маалым кат (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардан жана улгайган жарандардан башкалар үчүн) - "үй бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алууга үй-бүлөсүндө жумушсуз жарандар бар адамдар кайрылган учурда | √ |
| |||||
9 | Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыкты ырастаган маалым каты - "үй бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алууга үй-бүлөсүндө ДМЧА бар адамдар кайрылган учурда | √ |
| |||||
10 | Үй-бүлө мүчөсүнүн өлгөндүгү тууралуу күбөлүк/маалымат же үй-бүлө мүчөсүнүн өлгөндүгү тууралуу көбөлүк жоголгондо өлгөндүгү тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө - "үй бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алууга жолдошу (жубайы) каза болгон адамдар кайрылган учурда | √ | √ МСда маалыматтар жок болгон учурда* |
| ||||
11 | Жердин (бар болсо) өлчөмүн жана сапатын көрсөтүү менен жер үлүшүнүн жана үйгө караштуу жер участогунун бар экендиги/жоктугу тууралуу маалымат | √ |
| |||||
12 | Айыл чарба жаныбарларынын түрлөрү жана саны тууралуу маалымат/маалым кат | √ | √ МСда майда жандыктар** жана жылкы боюнча маалыматтар жок болгон учурда |
| ||||
13 | Жеңил автомобилдин (чыгарылган жылын көрсөтүү менен), айыл чарба техникасынын (трактор, комбайн), жүк ташуучу автомобилдин, чакан автобустун бар экендиги/жоктугу тууралуу маалымат | √ |
| |||||
14 | Салыктык каттоосу же катталбагандыгы тууралуу салык органынын маалыматы/маалым каты - иш менен камсыз болуу жана жумушсуз статусу ырасталбаган үй-бүлөлөрдүн ишке жарамдуу мүчөлөрү үчүн | √ |
| |||||
15 | Алынуучу алименттердин өлчөмү жөнүндө аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде берилген маалым кат | √ |
| |||||
16 | Атасы же энеси республиканын чегиндеги же чегинен сырткарындагы жаза аткаруу жайларында экендигин ырастаган маалым кат | √ |
| |||||
17 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ижара акысынын суммасын көрсөтүү менен жер үлүшүнүн ижарага берилишин ырастаган маалыматы/маалым каты - эгерде жер үлүшү иштетилбей, ижарага берилсе | √ | √ МСда маалыматтар жок болгон учурда |
| ||||
18 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер үлүшү/же анын бөлүгү иштетилбей тургандыгын жана/же ижарага берилбей тургандыгын ырастаган маалыматы/маалым каты - жер үлүшүнүн бардык аянтын же анын кандайдыр бир бөлүгүн иштетүүгө мүмкүн болбогон учурда | √ | √ МСда маалыматтар жок болгон учурда |
| ||||
(*) MC - мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын маалыматтык системасы;
**ЖӨАБО – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
(**) майда жандыктар - майда мүйүздүү мал;
(***) ДМЧА - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам.
***ЭВӨАС – электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы;
4) Кызматтын наркы: мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт.
5) Кызматтын акыркы жыйынтыгы: “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун төлөөнү ишке ашыруу.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
1-Таблица
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертме | ||
1. | Арызды кабыл алуу жана документтерди каттоо |
| ||
2. | “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун дайындоо (документти жол жоболоштуруу жана өтүнмөнү тариздөө) | "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдарынан маалыматтарды суроо
| ||
3. | “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун төлөө | “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун төлөө банк/ «Кыргыз почтасы» МИ тарабынан жүргүзүлөт |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блогу-схемасы
5. Кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
2-таблицасы
Жол жоболордун жана иш аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Иш аракетти жөнгө салуучу документ | Аракеттин жыйынтыгы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол- жобо . “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоого арызды кабыл алуу жана документтерди каттоо
| ||||
1.1 Иш аракети Документтерди кабыл алуу, консултация берүү
| “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо боюнча аймактык бөлүмдүн жооптуу кызматкери | 20 мүн. | - Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар” жөнүндө Мыйзамы
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” токтому
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 133 “Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун механизмин өркүндөтүү жөнүндө” токтому | Журналды электрондук каттоо
Баардык зарыл документтердин болуусу |
1.2. Иш аракети Социалдык жардамдын корпоративдик маалымат системасына маалыматтарды киргизүү (мындан ары – СЖКМС) | 10 мүн. | Айрыма тил кат-кабарламаны арыз ээсине берүү | ||
1.3. Иш аракети Чектөөдө же чектөөдөн баш тартууда документтерди электрондук каттоо жана эсепке алуу (зарыл учурда үйүнө баруу менен жүргүзүлөт) | 15 мүн. (үйүнө баруу менен текшерүү арыз кабыл алынган күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт) |
Чектөө тууралуу же чектөөдөн баш тартуу тууралуу арыз ээсине электрондук кабарлама жиберүү
| ||
3 - иш аракет | 1 адам | 45 мүн. (зарыл болгон учурда 7 күн) | 3 ЧУА |
|
1-жол-жобонун жыйынтыктары: а) Арыз ээсине мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө оозеки түшүндүрмө берилди; б) “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо боюнча арыз кабыл алынды; в) Арыз ээси жөлөкпул чектелген күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен жөлөкпулду чектөө тууралуу же чектөөдөн баш тартуу тууралуу ага билдирүү жиберүү аркылуу же электрондук почта же мобилдик байланыш аркылуу кабарланды. г) үйүнө баруу менен текшерүү жүргүзүлдү (зарыл болгон учурда) Арыз ээси тарабынан “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоого зарыл болгон документтер берилген учурда, жөлөкпул пул дайындоо боюнча адис 2- жол-жобого өтөт. | ||||
жол-жобонун узактыгы 1:45 мүнөткө чейин (зарыл болгон учурда 7 күн) | ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2. | ||||
2-жол-жобо “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо | ||||
2.1-иш-аракет. Электрондук протоколду түзүү
| “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо боюнча аймактык бөлүмдүн жооптуу кызматкери
| 10 мүн.
| - Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республиксындагы мамлекеттик жөлөкпулдар” жөнүндө Мыйзамы
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” токтому
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 133 “Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун механизмин өркүндөтүү жөнүндө” токтому
| “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу дайындалды, Протокол СЖКМСна түзүлүп жана ага аймактык бөлүмдүн башчысы же орун басары кол коюп, бекитти. Документтер арыз ээсинин өздүк делосуна тиркелди
|
2.2-иш-аракет. Билдирүүнү түзүү | 15 мүн.
| Бекитилген протоколдордун негизинде билдирүүлөр түзүлдү жана чектөө бөлүмүнүн жетекчиси тарбынан бекитилди, маалымат СЖКМС нан төлөө бөлүмүнүн адисине жеткиликтүү болот | ||
2.3-иш-аракет. Жеке эсептерди электрондук түрдө түзүү | 15 мүн. | Биринчи жолу дайындалып жаткан адамдарды гана каттоо | ||
3 –иш-аракет | 1 адам | 40 мүн | 3 ЧУА |
|
2-жол-жобонун жыйынтыгы: “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөө жөнүндө СЖКМС те түзүлгөн протоколдун негизинде чектөө бөлүмүнүн адиси тарабынан ар айдын 10-числосунда СЖКМС аркылуу дайындалган жөлөкпулдар жөнүндө электрондук билдирүүлөр түзүлгөн. | ||||
Жол-жобонун узактыгы 2: 40 мүнөт | ||||
Жол-жобонун тиби 2: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
3-жол-жобо .”Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун төлөө | ||||
3.1-иш-аракет. Тапшырмаларды электрондук түрдө тариздөө жана протоколду “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөө боюнча адиске өткөрүп берүү
| “Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо боюнча аймактык бөлүмдүн жооптуу кызматкери
| 20 мүн.
| - Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” токтому | Келип түшкөн протоколдорго ылайык билдирүүлөрдү салыштыруу жүргүзүлдү, почта/банк тапшырмасы түзүлдү жана катталды, жеке эсеп номери СЖКМС на катталды
|
3.2-иш- аракет. Реестрди электрондук каттоо жана жөнөтүү | 15 мүн. | Жаңы протоколдорго (банк/почта) тапшырмалары түзүлдү. Билдирүүлөр бекитилди жана чектөө бөлүмүнө жеткиликтүү болду. СЖКМС аркылуу протоколдор өткөрүлүп берилди | ||
3.3-иш- аракет Реестрди электрондук каттоо жана жөнөтүү | “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо боюнча аймактык бөлүмдүн жооптуу кызматкери
| 15 мүн.
| П3 формасынын реестри (кабыл алууга жана чыгарып салууга) /ведомосттор СЖКМСна түзүлдү. Тапшырма менен салыштыруу жүргүзүлдү, “Кыргыз почтасы” МИ / банктарга жөнөтүлдү | |
3.4- иш-аракети Электрондук эсептөө жана каржылоо үчүн зарыл болгон сумма жана саны жөнүндө маалымат даярдоо
| “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо боюнча аймактык бөлүмдүн жооптуу кызматкери
| 30 мүн.
| Аймактык бөлүмдөрдүн документтери ар айдын 25-числосунан баштап даярдалат | |
3.5-иш-аракети Төлөмдөр жөнүндө маалыматты салыштыруу жүргүзүү | 30 мүн. | Чектөө жөнүндө маалыматтарды чектөө жана төлөө бөлүмдөрүнүн ортосунда салыштыруу | ||
3.6-иш -аракети Тапшырыктарды СЖКМС на түзүү | 15 мүн. | Социалдык коргоо департаментине (мындан ары-СКД) ар айдын 25-числосунан баштап берүү
| ||
3.7-иш-аракети Каржылоо үчүн жалпыланган тапшырыкты түзүү
| СКД нин жооптуу кызматкери | 50 мүн.
| Министрликтин Чечимдердин аткарылышын контролдоо башкармалыгына (мындан ары-ЧАКБ) ар айдын 1-числосуна чейин өткөрүлүп берилди | |
3.8 –иш -аракети Бюджетти борбордук казынага -электрондук казына АМС нан жөнөтүү |
| 20 мүн. | Борбордук казына аркылуу акча каражатынын которулгандыгын ырастоо
| |
3.9 –иш-аракети Борбордук казына аркылуу казынанын райондук бөлүмдөрүнө акча каражатын которуу | Борбордук казынанын жооптуу кызматкери | 40 мүн. | Аймактык башкармалыктардын жеке эсебинде каражаттын болушу | |
3.10 -иш-аракети Аймактык башкармалыктарга төлөө тапшырмаларды жана өтүнмөлөрдү даярдоо, казынанын райондук бөлүмдөрүнө өткөрүп берүү | Аймактык башкармалыктын жооптуу кызматкери | 10 мүн.
| Акча каражаты түшкөн күнү, төлөө тапшырмасынын жана өтүнмөнүн болушу
| |
3.11 - иш-аракети Казына бөлүмдөрү тарабынан АМС казынанын кассалык аткарууларын каттоо жана көзөмөлдөө -бюджеттин реалдуу убактысындагы режими | Казына бөлүмүнүн жооптуу кызматкери (куратор)
|
| Бюджеттик процесстин катышуучуларынын ортосунда, электрондук колтамга жана документтердин электрондук формасын колдонуу менен маалымат алмашуу | |
3.12-иш-аракети “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун арыз ээсине “Кыргыз почтасы” МИ/банкттардын райондук филиалдары аркылуу төлөө
| “Кыргыз почтасы” МИ/ банктын жооптуу кызматкери
| 5 мүн. / автоматтык түрдө
| Акча каражатынын болушу, арыз ээси тарабынан жөлөкпулду алуу
| |
3.13 – иш-аракети Төлөнгөн жөлөкпулду көзөмөлдөө (ар 5 күндө) | “Кыргыз почтасы” МИ нын филиалдары жана аймактык бөлүмдөр | 60 мүн. | “Кыргыз почтасы” МИнын филалдары тарабынан 57 а формадагы тизмекти, 10 а формадагы реестрлерди (төлөнгөн жөлөкпулдарга) берүү | |
3.14 -иш-аракети Төлөмдөр жөнүндө маалыматты салыштыруу | Аймактык бөлумдөрдүн бухгалтерлери, “Кыргыз почтасы” МИ нын филиалдары
| 60 мүн. | Ар айдын 5- числосуна чейин аймактык бөлүмдөр “Кыргыз почтасы” МИ сы менен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун каржылоо жана төлөө боюнча салыштыруу-актысын түзүү
| |
| ЧАКБ жана “Кыргыз почтасы “ МИ сы | 10 мүн | Ар айдын 20-числосуна чейин ЭСКММ “Кыргыз почтасы” МИ сы менен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун каржылоо жана төлөө боюнча салыштыруу-актысын түзүү | |
| 5 адам | 6 адам 60 мин. | 2 ЧУА |
|
3-жол жобонун жыйынтыгы :Акча каражатынын болушу, арыз ээси тарабынан жөлөкпулдун алуусу. Эскертүү: СЖКМСда техникалык мүчүлүштүктөр болгон учурда,”үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоого документтер кагаз түрүндө даярдалат. СЖКМСсынын иштөөсү калыбына келтирилгенден кийин маалыматтар электрондук форматта СЖКМС ке киргизилет. | ||||
Жол- жобонун узактыгы: 6 саат 60 мүнөт | ||||
Бул жол жобонун тиби: административдик | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: жол-жобонун аягы | ||||
Кызмат көрсөтүүнүн параметринин аталышы | Сандык маалыматтар |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы болуп: анын ичинде:
- административдик жол-жоболор; - уюштуруу-башкаруу жол-жоболору; - көмөкчү жол-жоболор; - атайын жол-жоболор
| 3
3
|
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы (мүнөт, саат, күн) | 10 күн |
Электрондук форматта аткарылуучу жол-жоболордун саны | 2 |
4. Керектөөчүдөн суралуучу документтердин саны | 2 |
5. Кызмат көрсөтүүнү жүргүзүүгө катышкан башка уюмдардын саны, бардыгы: анын ичинде: - ведомство ичиндеги өз ара аракеттенүүдө; - ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүдө
| 7
1 6 |
6. Кызмат көрсөтүүгө катышкан адамдардын саны | 3 |
7. Кызмат көрсөтүүнү жөнгө салуучу документтердин саны | 4 |
8. Башкалар |
|
5. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча жол-жобону аткаруунун схемасы (алгоритм)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарын аткаруу үчүн ички (күнүмдүк) жана сырткы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контролду аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери жана социалдык коргоо Департаменти жүргүзөт.
2) Ички (күнүмдүк) контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорун жана ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдерди сактоосун жана аткаруусун үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен ишке ашырылат.
3) “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо үчүн ар бир кайрылганда, текшерүүнү жүргүзүү үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.
Пландан тышкары текшерүүлөр керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган административдик регламенттин талаптарын бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилигин кароо маселеси каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарын аткаруунун сырткы контролун Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чечими менен түзүлүүчү комиссия, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контроль жана көзөмөл жүргүзүү функциясы жүктөлгөн башка органдар тарабынан ишке ашырылат.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, анда административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлгандан тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде, ал ушул кызматты көрсөтүүчү мекемеге жиберилет.
Маалымкат келген күндөн тартып 1 (бир) айдын ичинде табылган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу чаралары, тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарын жана кызматчыларды тартипке чакыруу жана административдик чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле, зарылдыгына жараша, административдик регламентке үч жылды бир жолудан кем эмес өзгөртүүлөрдү киргизүү белгиленген тартипте демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль жылына бир жолудан кем эмес убакыт аралыгында жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн, Министрликтин ведомстволук, аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, “Кыргыз почтасы” МИнын, банк мекемелеринин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү жеке жана/же юридикалык жактарга аткарууга берилген учурда, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги ушул кызматты берүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Ушул мамлекеттик кызматты акыркы керектөөчүгө жеткирүү максатында, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ведомстволук (түзүмдүк жана аймактык) бөлүмдөрү менен макулдашылды.
11. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандарттары менен бир убакта жана зарылдыгына жараша кайрадан каралып чыгууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Активдүү чараларды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгы.
Тиркеме