Загрузка документа…
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Эмгек, социалдык камсыздоо
жана миграция министрлигинин
2023-жылдын “24” июлундагы
№ 112 буйругу менен
БЕКИТИЛДИ
11-иш күнүнөн баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүү
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-бөлүмүнүн 20-пункту)
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти
1. Жалпы жоболор
1. “11-иш күнүнөн баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин райондук, шаардык жана райондор аралык бөлүмдөрү (мындан ары – аймактык бөлүм) жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти (мындан ары – Департамент) тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү тейлөө стандартынын талаптарына жооп берет (2021-жылдын 21-декабрындагы № 323 редакциясында).
3. Кызмат стандарты тарабынан берилген негизги параметрлер:
1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: 30 мүнөткө чейин.
2.) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн маалыматтардын/ документтердин тизмеги | Маалыматтарды/документтерди берүү форматы | |
Мамлекеттик органдардын МС*/ “Түндүк” ВЭӨТ**/ СЖКМТ*** аркылуу суроо | Арыз ээси/уюм тарабынан берилүүчү документ/ маалымкат | |
Кызматкерлер үчүн | ||
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө юридикалык жактардын өтүнмөлөрү |
| ü |
Эмгекке жарамсыздык баракчасы | ü | ü (“Тундук” ВЭӨТда маалыматтар жок болгон учурда) |
Кызматкердин паспортунун көчүрмөсү |
| ü |
Жеке жактар үчүн | ||
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча арыз | ü |
|
Арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү |
| ü |
Арыз ээсинин жеке маалыматтары | ü |
|
ДФЧнын башчысынын жеке маалыматтары | ü |
|
Эмгекке жарамсыздык баракчасы | ü | ü (“Тундук” ВЭӨТда маалыматтар жок болгон учурда) |
Жеке ишкерди мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө маалыматтар | ü |
|
Патенттин негизинде иштегендер үчүн патенттин маалыматтары | ü |
|
Дыйкан чарба өз ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзсө, жеке ишкерди мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө маалыматтар | ü |
|
Жер участогун (үлүшүн) пайдалануу/менчик укугуна же ижара келишимине карата маалыматтар | ü |
|
Нике тууралуу маалымат (арыз ээсинин фамилиясы өзгөргөн учурда) | ü |
|
Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алуу укугун тастыктаган аймактык бөлүмдүн маалымкаты | ü |
|
*МС – мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын маалыматтык системасы;
**“Тундук” ВЭӨТ – “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму;
***СЖКМС – социалдык жардамдын корпоративдик маалымат системасы.
3) Кызматтын баасы: Акысыз.
4) Кызматтын натыйжасы: 11-жумуш күнүнөн баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөндү.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеси
4. Кызматты өндүрүү төмөнкү жол-жоболорду камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Жеке/юридикалык жактардын арыздарын/өтүнмөлөрүн кабыл алуу, консультация берүү | Юридикалык жактар тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрү мөөр жана кол тамга менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш |
2 | Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо | “Тундук” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдарынан маалыматтарды суроо |
3 | Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө | Жөлөкпулду төлөө алуучунун паспорту менен РСК Банк жана Айыл Банк аркылуу жүргүзүлөт |
3. Жол-жоболордун байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүүдө аткарылган жол-жоболордун логикалык тартиби төмөндөгү схемада сүрөттөлгөн.
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
2-таблицасы
Жол-жоболордун жана аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттер-дин узактыгы | Иш-аракетти жөнгө салуучу документ | Аракеттердин натыйжасы | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
Жол-жобо 1. Жеке/юридикалык жактарды кабыл алуу, консультация берүү | |||||
Иш-аракет 1.1. Жеке/юридикалык жактардын арыздарын/өтүнмөлөрүн кабыл алуу, консультация берүү | Аймактык бөлүмдүн адиси | 15 – 30 мүнөт. | - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; - Кыргыз Республикасынын “Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө” Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 токтому менен бекитилген Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобо
| Арыздар/өтүнмөлөр кабыл алынды. Консультация берилди. | |
Жол-жобонун натыйжасы: Арыздар/өтүнмөлөр кабыл алынды. Консультация берилди | |||||
Жол-жобонун узактыгы: 15 мүнөттөн 30 мүнөткө чейин | |||||
Жол-жобонун түрү: административдик | |||||
Жол-жобо 2. 11-иш күнүнөн баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо | |||||
Иш-аракет 2.1. СЖКМСда арыздарды/өтүнмөлөрдү каттоо | Аймактык бөлүмдүн адиси | 15 мүнөт | - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; - Кыргыз Республикасынын “Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө” Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 токтому менен бекитилген Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобо | Өтүнмө/арыз катталды. СЖКМСда жөлөкпулду эсептөө суммасына текшерүү жүргүзүлдү. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун чектелгендиги жөнүндө билдирме-тил кат арыз ээсине берилди | |
Иш-аракет 2.2. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алуучулардын жеке маалыматтарын текшерүү | Аймактык бөлүмдүн адиси | 30 мүнөт | Жеке маалыматтар текшерилди | ||
Иш-аракет 2.3. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар боюнча өтүнмөлөрдү СЖКМС аркылуу түзүү | Аймактык бөлүмдүн адиси | 10 мүнөт | Түзүлгөн өтүнмө аймактык бөлүмдүн башчысына бекитүүгө берилди | ||
Иш-аракет 2.4. СЖКМС аркылуу өтүнмөлөрдү бекитүү | Аймактык бөлүмдүн башчысы | 10 мүнөт | СЖКМСке өтүнмө аймактык бөлүмдүн башчысы тарабынан бекитилди | ||
Жол-жобонун жыйынтыгы: СЖКМСда каттоо. Арыз ээсине кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун чектелгендиги жөнүндө билдирме-тил кат берилди. СЖКМСда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөөгө өтүнмө түзүлдү жана бекитилди | |||||
Жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөттөн 30 мүнөткө чейин | |||||
Жол-жобонун түрү: административдик | |||||
Жол-жобо 3. 11-иш күнүнөн баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө | |||||
Иш-аракет 3.1. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду каржылоого болжолдуу талап кылынган өтүнмөнү берүү | Департаменттин адиси | 10 мүнөт | - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; - Кыргыз Республикасынын “Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө” Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 токтому менен бекитилген Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобо
| Чечимдердин аткарылышын контролдоо башкармалыгына каржылоого керектүү өтүнмө берилди | |
Иш-аракет 3.2. СЖКМС порталында өтүнмөлөрдү түзүү | Департаменттин адиси | 10 мүнөт | Өтүнмө СЖКМС порталында түзүлдү | ||
Иш-аракет 3.3. Төлөм табыштамасын дайындоо
| Департаменттин адиси | 5 мүнөт | Төлөм табыштамасы Департаменттин бухгалтерине тастыктоо үчүн жөнөтүлдү | ||
Иш-аракет 3.4. Төлөм табыштамасын ырастоо | Департаменттин жетекчиси/ бухгалтери | 5 мүнөт | Акча каражаттары банктын транзиттик эсебине которулду | ||
Иш-аракет 3.5. Ведомостту “Түндүк” ЭВӨТ аркылуу банкка жөнөтүү | Департаменттин адиси | 5 мүнөт | Алуучулардын төлөм билдирүүсү банкка жөнөтүлдү | ||
Жол-жобонун жыйынтыгы: 11-иш күнүнөн баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул банктагы транзиттик эсептер аркылуу төлөндү | |||||
Жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн 30 мүнөткө чейин | |||||
Жол-жобонун түрү: административдик | |||||
Кызмат параметринин аталышы | Сандык маалыматтар |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы: анын ичинде: - административдик жол-жоболор; -уюштуруу-башкаруу жол-жоболор; - көмөкчү жол-жоболор; - атайын жол-жоболор | 3
3 |
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы (мүнөт, саат, күн) | 30 мүнөткө чейин |
3. Электрондук форматта аткарылуучу жол-жоболордун саны | 2 |
4. Керектөөчүдөн суралуучу документтердин саны: Кызматкерлер үчүн Жеке жактар үчүн | 4 2 2 |
5. Кызмат көрсөтүүгө катышкан башка уюмдардын саны, бардыгы: анын ичинде: - ички ведомстволук өз ара аракеттеги; - ведомстволор аралык өз ара аракеттеги | 6
2 4 |
6. Кызмат өндүрүүгө катышкан жактардын саны | 5 |
7. Кызмат өндүрүүнү жөнгө салуучу документтердин саны | 3 |
8. Башкалар |
5. “11-иш күнүнөн баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүү – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 3-бөлүмүнүн 20-пункту” мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритми) (тиркемени караңыз)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (учурдагы) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөлдү райондор аралык, райондук жана шаардык башкармалыктардын жана Департаментинин жетекчилери жүргүзөт.
2) Ички көзөмөл кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан администрациялык регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
3) Текшерүү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү арыз ээси кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду чектөө үчүн кайрылган сайын туруктуу негизде ишке ашырылат.
Пландан тышкары текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды четтетүү боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын аткарылышын тышкы көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чечими менен түзүлүүчү комиссия, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары берилген башка органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыктары маалымкат түрүндө таризделет, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлган учурдан тартып 3 жумушчу күндүн ичинде ал ушул кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалымкат келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган тартип бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралар, мындай бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик мүнөздөгү чаралар көрүлүүгө тийиш.
Зарыл болгон учурда административдик регламентке үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилде өзгөртүүлөрдү киргизүү белгиленген тартипте демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы көзөмөл жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн райондор аралык, райондук жана шаардык башкармалыктардын, Департаментинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, банк мекемелеринин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүүнү же анын бөлүгүн жеке жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берген учурда кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеде сакталат.
8. Корутунду жоболор
10. Кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ведомстволук (түзүмдүк жана аймактык) бөлүмдөр менен макулдашылган, алар менен бул мамлекеттик кызматты акыркы керектөөчүгө көрсөтүү максатында өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылат.
11. Административдик регламент кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароо менен бир убакта жана зарылдыгына жараша кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Активдүү чараларды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгы.