Загрузка документа…
Тиркеме 3
Кыргыз Республикасынын
Айыл чарба министрлигинин
2023-жылдын 27-июнундагы
№ 248-ни буйругу менен
бекитилген
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН
АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 5-главасынын 21-пункту - Экспортко чыгарууда ветеринардык коштоочу документтерди берүү менен клиникалык кароо жана термометрия жүргүзүү
1. Жалпы жоболор
Ушул мамлекеттик кызматты көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы (мындан ары – Ветеринардык кызмат) тарабынан көрсөтүлөт.
2. Бул кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 6-июнундагы № 223-НИ буйругу менен бекитилген Кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына ылайык келет.
Кызмат көрсөтүү стандарты тарабынан белгиленген негизги параметрлер.
1) Ветеринардык кызматтардын мөөнөтү изилдөөнүн тартибине жана изилдөө ыкмасына жараша болот, орточо эсеп менен 30 мүнөттөн 120 мүнөткө чейин созулат.
2) Документтерди кабыл алуунун чектөө убактысы 10 мүнөттөн 30 мүнөт.
3) Жыйынтыкты чыгаруунун мөөнөтүнүн чеги 120 мүнөткө чейин.
4)Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бекиткен форма боюнча арыз;
– өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү (жеке жак үчүн);
– каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү (юридикалык жак);
– арыз ээсинин өкүлү кайрылган учурда - нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;
– көрсөтүлгөн кызмат үчүн төлөмдү тастыктаган квитанция;
– импорттоочу өлкө тарабынан жүккө коюлган ветеринардык-санитардык талаптар (мамлекеттик же расмий тилге түп нуска жана расмий котормосу менен).
– импорттоочу менен келишимдин көчүрмөсү;
– аймактын эпизоотиялык абалы жөнүндө маалымат;
– лабораториялык сыноо протоколдору;
– тиешелүү ветеринардык коштоочу документтер;
- жергиликтүү ветеринардык врачтын колу, мөөрү менен ветеринардык күбөлүк.
5) Арыз ээсинен төмөнкү документтерди талап кылууга тыюу салынат:
-«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон документтер.
4. Кызматтын баасы: Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы (баалардын прейскуранты) Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
1. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарыла турган жол – жоболордун тизмеси
5. Кызмат көрсөтүүнү өндүрүү төмөндөгү жол-жоболор топтомун камтыйт:
Таблица 1
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертүү |
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө табыштамачынын арызы | «Ветеринария жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын жобосу. КМШга мүчө-мамлекеттердин ветеринария тармагындагы кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңеши 1998 – жылы , Ташкент шаары. "Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлгө алынган товарларга ветеринардык коштоочу документтерди берүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү жөнүндө" 1998 - жылдын 22- октябрындагы чечими. Союлуучу малды ветеринардык текшерүүнүн жана эт жана эт азыктарын ветеринардык-санитардык экспертизадан өткөрүүнүн эрежелери. Ашхабад келишими. Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын 2021-жылдын 22-сентябрындагы №181 “Ветеринардык санитардык экспертизанын лабораториялары маселелери жөнүндө” буйругу |
2 | Ишкерлердин/өндүрүүчүлөрдүн (юридикалык же жеке жактардын) 3 мамлекеттерге же ЕАЭБге Кыргыз Республикасынын ветеринардык контролдоого (көзөмөлгө) туура келген товарлардын каттоосунун бар болуусун текшерүү | |
3 | 3 мамлекеттерге же ЕАЭБге ветеринардык контролго (көзөмөлгө) жаткан жүктөрдү экспорттоо, импорттоо мүмкүнчүлүгүн Ветеринардык кызматынын борбордук аппараты менен макулдашуу | |
4
| Тиешелүү документтерди тариздөө менен үлгүлөрдү тандоо боюнча арызды кароо үчүн жерине баруу. | |
5 | Ветеринардык күбөлүктү № 2, 3 формасы боюнча, тастыктаманы № 2.3 формасы боюнча тариздөө |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
6. Кызматты көрсөтүүдө аткарылуучу жол – жоболордун логикалык тартиби төмөндөгү блок - схемада көрсөтүлгөн.
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Таблица №2
Жол-жоболордун жана аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы (мөөнөтү) | Аракеттин натыйжасы | Иш-аракеттерди жөнгө салуучу документтер |
№ 1 жол – жобо. Үлгүлөрдү баалоо (жарактуулук) жана коштоочу документтерди баалоо, үлгүлөрдү кабыл алуу | ||||
1.1- иш-аракет. Мамлекеттик кызматтын түрүнө табыштамачынын арызы |
|
| - керектөөчүнүн (ыйгарым укуктуу жактын) инсандыгын тастыктаган күбөлүк же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; - юридикалык жак үчүн - каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; | «Ветеринария жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын жобосу. |
№ 2 жол – жобо. Ветеринардык коштоочу документтердин бар болуусуна жана туура таризделишине текшерүү жүргүзүү | ||||
2.1- иш-аракет. Ишкерлердин/өндүрүүчүлөрдүн (юридикалык же жеке жактардын) 3 мамлекеттерге же ЕАЭБге Кыргыз Республикасынын ветеринардык контролдоого (көзөмөлгө) туура келген товарлардын каттоосунун бар болуусун текшерүү | Ветеринардык кызматтын райондук жана шаардык башкармасынын инспектору | 5 мин | Коштоочу документтерди толтуруунун тууралыгын жана анын ветеринар врачтын үлгүгө болгон мөөрү жана колтамгасы менен күбөлөндүрүлгөнүн текшерүү (үлгү алынган датасы жана убактысы, үлгүлөрдүн саны, үлгүнүн номери, малдын идентификациялык номери, эмдөө датасы, вакцинанын түрү, дегельминтизация ж.б.). Сатып алуу-сатуу келишими (контракт), Товарды коштоочу документтери, Тиешелүү ветеринардык тастыктама (№ 2а, 3а формалары) | Ветеринария жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын жобосу. КМШга мүчө-мамлекеттердин ветеринария тармагындагы кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңеши 1998 – жылы, Ташкент шаары. "Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлгө алынган товарларга ветеринардык коштоочу документтерди берүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү жөнүндө" 1998 - жылдын 22- октябрындагы чечими. |
№ 2 жол-жоболордун натыйжасы: коштоочу документтерди текшерүү | ||||
№2 жол-жобонун узактыгы - 5 мин | ||||
№2 жол-жобонун түрү: административдик жол-жоболор | ||||
№ 3 жол - жобо. Ветеринардык контролго (көзөмөлгө) жаткан жүктөрдү экспорттоо, импорттоо мүмкүнчүлүгүн макулдашуу | ||||
3.1- иш-аракет. 3 мамлекеттерге же ЕАЭБге ветеринардык контролго (көзөмөлгө) жаткан жүктөрдү экспорттоо, импорттоо мүмкүнчүлүгүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматынын борбордук аппараты менен макулдашуу | Ветеринардык кызматтын райондук же шаардык башкармасынын инспектору | 10 мин | 3 мамлекеттерге же ЕАЭБге ветеринардык контролго (көзөмөлгө) жаткан жүктөрдү экспорттоо, импорттоо мүмкүнчүлүгүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматынын борбордук аппараты менен макулдашуу | «Ветеринария жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын жобосу. |
№ 3 жол-жоболордун натыйжасы: - | ||||
№3 жол-жобонун узактыгы - | ||||
№3 жол-жобонун түрү: Административдик жол-жоболор | ||||
№ 4 жол – жобо. Тиешелүү документтерди тариздөө жана продукциянын үлгүлөрүн алуу менен арызды текшерүү үчүн жерине баруу | ||||
4.1- иш-аракет. Арыз ээсинин продукциянын үлгүлөрүн тандоо үчүн жерине баруу жана коштомо документтер менен лабораторияга жөнөтүү. | Ветеринардык кызматтын райондук же шаардык башкармасынын инспектору | 21 күн | бардык үлгүлөрү менен контейнерлердин бүтүндүгүн текшерүү. Берилген үлгүлөрдүн шайкештигин визуалдык баалоо (сырткы көрүнүшү, саны ж.б.). Үлгүлөрдүн идентификациялык номерлерин (сериялык номерлерин) коштоочу документтердеги маалыматтар менен салыштыруу | «Ветеринария жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын жобосу. |
№ 4 жол-жоболордун натыйжасы: изилдөө/талдоо үчүн азыктын түрү боюнча үлгүлөрдү алуу үчүн | ||||
№ 4 жол-жобонун узактыгы: 21 күн | ||||
№ 4 жол-жобонун түрү: административдик жол-жоболор | ||||
№5 жол – жобо. Таризделген ветеринардык коштомо документтерди берүү | ||||
5.1- иш-аракет. Табыштамачыга катар номери менен ветеринардык коштоочу документтерди берүү жана журналга каттоо.
| Ветеринардык кызматтын райондук же шаардык башкармасынын инспектору | 5 мин | Ветеринардык тастыктаманы берүү | Ветеринария жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын жобосу. КМШга мүчө-мамлекеттердин ветеринария тармагындагы кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңеши 1998 – жылы, Ташкент шаары. "Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлгө алынган товарларга ветеринардык коштоочу документтерди берүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү жөнүндө" 1998 - жылдын 22- октябрындагы чечими. |
№ 5 жол-жоболордун натыйжасы: ветеринардык тастыктаманы берүү | ||||
№ 5 жол-жобонун узактыгы: 5 мин | ||||
№ 5 жол-жобонун түрү: административдик жол-жоболор | ||||
№ 1 жол-жобонун аткаруу схемасы (алгоритм).
№ 2 жол-жобонун аткаруу схемасы (алгоритм).
№ 3 жол-жобонун аткаруу схемасы (алгоритм).
№ 4 жол-жобонун аткаруу схемасы (алгоритм).
№ 5 жол-жобонун аткаруу схемасы (алгоритм).
5. Административдик регламенттин талаптарын аткарууну контролдоо
7. Административдик регламенттин талаптарын аткаруу үчүн ички (учурдагы) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Административдик регламенттин талаптарын аткаруу үчүн ички (учурдагы) контроль дайыма шаар же райондук ветеринардык башкармалыктын башчысы же орун басары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2) Ички (учурдагы) контроль кызматкерлердин (кызмат адамдарынын) административдик регламенттин жоболорун, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жоболорунда кабыл алынган чечимдерди сактоо жана аткаруусун үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат.
Ички (учурдагы) контролдун максаты мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн укуктарын бузууларды аныктоо жана жоюу, чечимдерди кароо жана кабыл алуу, адистердин жана кызмат адамдарынын аракетине (аракетсиздигине) карата түшкөн даттанууларга жоопторду даярдоо (анын ичинде ишеним телефону аркылуу) болуп саналат.
Текшерүүлөрдү жүргүзүү туруктуу негизде, жана арыз ээси ар бир кайрылганда ишке ашырылат.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн конкреттүү керектөөчүсүнүн арызы боюнча пландан тышкары текшерүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
3) Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча административдик регламенттин талаптарын бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги каралат.
9. Административдик регламенттин талаптарын аткарууну тышкы контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Комиссиянын ишинин жыйынтыктары маалымат кат түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет. Ошондой эле, мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жобосунун оптималдаштыруу максатында административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
Бул маалымкат Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директору тарабынан белгиленген мөөнөттө каралышы керек жана бузууларды, кемчиликтерди жоюу боюнча көрүлгөн чечимдер жана чаралар жөнүндө тиешелүү маалыматты комиссиянын төрагасынын дарегине жөнөтүлүп жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдалышы керек.
Административдик регламенттин талаптарын аткарууну комиссиялык текшерүү жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
10. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын адамдары кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө алар кабыл алган чечимдер, жүзөгө ашырган аракет (аракетсиздик), анын ичинде документтерди кабыл алуу, аларды тариздөө жана чечимдерди кабыл алуу мөөнөтүн жана тартибин сактоо, арыз ээсине мамлекеттик кызмат көрсөтүү тартиби жөнүндө маалымдоонун тууралыгы жана толуктугу үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын кызмат адамдарынын аракети же аракетсиздиги, ошондой эле, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө алар кабыл алган чечимдер арыз ээси тарабына мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
11. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун кызмат адамы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызматжана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө Кодексине” ылайык жоопкерчилик тартат.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгүнө ылайык дайыма кайра каралып туруусу зарыл , бирок үч жылда бир жолудан кем эмес убакытта.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
Шарапов Б.Д., Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директордун орун басары;
Сазбаков А.Т., Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын укук коргоо бөлүм башчысы;
Сыдыков Ш., Бишкек шаардык ветеринардык башкармалыгынын улук инспектору;
Кенжебаев М., Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын улук инспектору.