Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2023-жылдын 27-июну № 248-ни
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын административдик регламентин бекитүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө жобонун 15-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
– “Ветеринардык-санитардык иш-чараларды өткөрүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти 1 - тиркемеге ылайык;
– “Жаныбарлардын ооруларын лабораториялык диагностикалоо жана жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукттарга ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти 2 - тиркемеге ылайык;
– “Экспорттоо учурунда клиникалык кароо жана ветеринардык коштоп жүрүүчү документтерди берүү менен термометрия” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти 3 - тиркемеге ылайык;
– “Экспорттоодо мал чарба азыктарына, сырьелоруна, тоюттарга, тоют кошулмаларына, ветеринардык дары каражаттарга жана препараттарга ветеринардык кароо жүргүзүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти 4 - тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмү, ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык, расмий жарыялоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин реалдуу сектор башкармалыгынын мал чарба жана ветеринария бөлүмү:
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– буйрук күчүнө киргенден кийин үч жумуш күндүн ичинде, көчүрмөсүн, маалымат иретинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин ветеринария маселесин тейлеген орун басарына жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 30-июнундагы № 52 (3501) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри |
А.С. Джаныбеков |